СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жааматчылдык, кен пейилдик, жоомарттык

Нажмите, чтобы узнать подробности

              Улуу кыргыз эли эзелтеден ынтымакташып, жамаат болуп жашап жана аны улуттук пейил катары кɵрсɵтүп келген. Жааматчылдык- бул кыргыз улутун таануудагы чоң белги. Буга баарыбыздын кɵкүрɵгүбүзгɵ жат болгон «Бɵлүнгɵнду бɵрү жейт» деген макалдын ɵзү анык далил болот.

Просмотр содержимого документа
«Жааматчылдык, кен пейилдик, жоомарттык»

1.5. Жамаатчылдык, кең пейилдик, жоомарттык.

Улуу кыргыз эли эзелтеден ынтымакташып, жамаат болуп жашап жана аны улуттук пейил катары кɵрсɵтүп келген. Жааматчылдык- бул кыргыз улутун таануудагы чоң белги. Буга баарыбыздын кɵкүрɵгүбүзгɵ жат болгон «Бɵлүнгɵнду бɵрү жейт» деген макалдын ɵзү анык далил болот. Элибиздин ушундай улуу наркы бар. Ушунусу менен башка элдин алдында барктуу экенин, башка улуттагы туугандарыбыз муну моюндарына алып, биздин бул ишибизге суктанып баа берип айткан сɵздɵру бар. «Бирɵɵңɵрдүн башыңарга иш түшсɵ, баарыңар жабыла чогуу келип, чогуу кɵторɵсүңɵр»-дешет. Бир күнү кошуна адам каза болду эле. Каза болгон кошунабыздын үйүнɵ эртең менен эл чогулуп келишип, короого батпай кетишти. Заматта боз үй таап келишип, жигиттер казан, очок, отун жүктɵп келишип, уюшкандыкта аракеттенип жатышты. Адамдар топ-топ болуп келишип, кезек менен боз үйгɵ маркумдун жакындарына киришип, аларга кайрат айтып, кайгыларын бɵлүшүп, кɵңүл айтып жатышты. Башка улуттагылар биздин ынтымактуулугубузду кɵрүшүп, чоң баа беришип, чын дилден суктанышкандыктарын билдиришип, бизге рахмат айтып жатышты.

Мээге чабуул

Эл менен даңкка жетесиң,

Эл болсо ишти чечесиң.

Жалгыз гана «мен» десең,

Желге да учуп кетесиң.

Ɵзүмчүл болбо жер карап,

Бардыгын барктап сыйлагын.

Бийлесе элиң бийлегин,

Ырдаса элиң ырдагын.