Сабактын темасы: Жакшылыкка жакшылык ар кишинин ишидир,
жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир.
Сабактын максаты: 1. Окуучулар жамандыкты жакшылык менен жеңүүнүн
этикасы тууралуу маалыматка ээ болушат.
2. Кофликттерге туура мамиле жасоо, топтордо иштөө
жөндөмдүүлүктөрү жана ой жүгүртүүлөрү өнүгөт.
3. Адамдардагы асыл сапаттарга: сабырдуулукка,
чынчылдыкка, тактыкка, турмуштагы терс
көрүнүштөрдүн алдын алууга жана алган
билимдерин турмушта пайдалана билүүгө
тарбияланат.
Керектелүүчү ресурстар: проектор, слайд, ватман, маркерлер,
цитаталар,плакаттар.
Сабактын ыкмасы: Топтор менен иштөө, “Эки бөлүктүү күндөлүк” ыкмасы.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу:
Мугалим: -Саламатсыздарбы, урматтуу биздин коноктор, саламат-сыңарбы балдар!
Бүгүнкү тарбиялык саатыбызды жагымдуу маанай менен баштасак.Өзуңөр билгендей бүгүн кыштын эң акыркы күнү,эртең көптөн күткөн жаз кирип келет. Ошондуктан “Ж” тамгасынан башталган бирден жагымдуу сөздөрдү айтып маанайыбызды көтөрүп алсак.
Окуучулар сөздөрдү айта башташат. Мисалы: Жаз - жакшылыктын,жылуулуктун,жыргалдын,жашоонун,жаштыктын, жыпардын ........ жышааны.
Бүгүн биздин сабакта 3 топ таймашат.Таймаш болгон соң,албетте упай топтойбуз.Туура жооптор жаздын символу болгон гүлдөр менен бааланат,андыктан кайсы топ көп гүл чогултса, ошол топ жеңүүчү болот.
Эмесе кезекти топтор менен таанышууга жана атын жактоого берсек.
1.”Фемида”тобу.
Топтун атын “Фемида” деп атаганыбыздын себеби, баарыбыз билгендей эле Фемиди дээрлик бардык өлкөлөрдүн сот системасында акыйкаттын мыйзамдардын символу катары эсептелинет. Фемиданын негизги атрибуттары болуп сол колуна кармаган тараза, кылыч, кездеме жабылган көздөрү. Мында ар бир атрибуттун өзүнүн мааниси бар. Анда: Таразалар – адилеттүүлуктү жана чен өлчөмдү билдирет. Таразанын жардамы менен ал жамандыкты жана жакшылыкты, күнөөсүз менен күнөөлүүнү таразалайт. Кылыч – күнөөлүүнү жазалоону жана руханий күчтү билдирет. Көзүнө тагылган тасма – чындыкты , акыйкатты, адилеттүулүктү чагылдырат. Ал эч бир тарапка тартпайт, эки жакка тең бирдей адилеттүү мамиле кылат. Анткени ар бир адамдын келбети,анын ишеними, дини, статусу, материалдык абалы жана улуту мыйзам алдында бардыгы бирдей деген мааниде.
2.”Толерант”тобу.
Биз топтун атын “Толерант”деп койдук. Толерант деп койгонубуздун себеби:
Айдос:Толерант деген эмне?
Татына:Латын тилинен которгондо
Сайкал:Сабырдуулук
Айдана:Чыдамкайлык
Диана:Көтөрүмдүүлүк дегенди билдирет.
Кыргыз элинде “Сабырдын түбү сары алтын”деп бекеринен айтылбаса керек.Ар бир ишти кылдаттык, сабырдуулук,чыдамкайлык менен чечели деген ишенимде топтун атын “Толерант” деп атадык.
3.”Бакай”тобу.
Биз топтун атын “Бакай” деп койгонубуздун себеби,Бакайдын эң башкы сапаттарынын бири-акылмандык,мекенчилдик,сабырдуулук,калыстык, даанышмандык,кыраакылык.
“Туйгун Бакай олуя,
Акылы терең кеменгер,
Айла тапкыч акылман,
Караңгы түндө көз тапкан,
Капилет жерден сөз тапкан”.
Азаматсыңар, топтун атын жакшы тандап, эң сонун жактап бердинер. Эми силер менен бирдикте сабактын темасын ачып алалы. Темабыз макалдардын арасында катылаган. Кыргыздын ар бир макалы таамай айтылып , бүгүнку күндө алардын таасири зор. Анда кезекти макалдарга берсек. Макалдардагы өзөктүү сөздөрдү алып салгам, силер ошол сөздөрдү таап, толуктагыла.
Макалдар:
Жакшылыкка жакшылык .... кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык .... кишинин ишидир.
Акылмандын өзү өлсө да, ..... өлбөйт.
Атадан каргыш алган ..... .
Абийир тапса баласы, атасына ... конот.
Өз агасын агалай албаган, душманын .... .
Ачууну .... жеңет.
Жакшы сөздү .... сүйлөйт, жаман .... сүйлөйт.
Оң колуңдун ... сол колуң менен бас.
Жаман болсоң- ..... кишисиң, жакшы болсоң - .... кишисиң.
10.Кемчилик - менден, ...... сенден.
11. Жакшы адамдын ачуусу бар, ... жок.
12. Кылычынан кан тамганды, тилинен .... тамган жеңет.
13. Сөөмөй менен түртсөң , .... менен жооп аласың.
Эмесе, алгачкы макалыбыз –бүгүнкү сабагыбыздын темасы.
( тема илинет)
Кийинки тапшырманын алдында силерге багыт катары мен бир уламыш айтып берейин.
Түгөл бай менен Эр Эшим
Кечээ жакынкы эле заманда Түгөл деген бир тарыхый инсан жашап өткөн. Бүгүн Жумгал жергесинде турмушта реалдуу жашаган ошол тарыхый инсандын наамында “Түгөл –Сай” деп аталаган жер бар. Тугөлдун төрт тулүк малы Окторкой, Сандык жайлоолоруна, кең Суусамырга батпай , эсепсиз болуп жайылып жатчу. Күндөрдүн биринде Эр Эшим аттуу бир белгилүү баатыр Талас тараптан көп жигиттерин жиберип, Түгөл байдын миңдеген жылкыларынын бир чоң тобун четинен бөлдурүп, өзү жакка айдаттырыпт кетет. Жылкычылары, жигиттери артынан кууп баралы деп жулунушса,Түгөл :”Кайгырбаңар балдарым,калганын багып жейли, бастырып бириң барба”деп тыйып коет.”Топук кылып Түгөл бай,кеткен малга кейибейт,канагаат карын тойгузат,калганы болот деги дейт”.
Эр Эшим жигиттерине айдаттырып кеткен малдын артынан суроо салып, эч кимдин келбегенине бир чети таңданып,бир чети тынчсызданат да, акыры,иштин жайын билейин деп Таластан аттанып,жигиттери менен Түгөлдүн айылына келип түшөт.Жайланып олтургандан кийин Эр Эшим жылкы тийип алгандыгы жөнүндөгү чындыкты ачык айтып, эмне үчүн куугун салып,жок сурап,арттан барбагандыгын Түгөлдөн сурайт.Ошондо Түгөл мындай деп жооп берет: “Ой Эшим ханым ай, ой тоо менин малым ай,кайсы бирин жоктоймун,кайгыртып азиз жанымды ай,жетишет го өмүргө ,калган-каткан дүнүйөм,карышкыр жесе канчасын, кай бирине күйүгөм,сурабай бирөө мал алса,каткырып күлүп сүйүнөм,мейман келсе куштаймын,берекелүү үйүмдөн”,
Түгөл Эр Эшимге дүнүйө,көр оокат жерге кирсин,керек болсо малымдан дагы алыңыз дегенде,Эшим ичинен катуу уялып,байдын айкөл даанышмандыгын баамдайт.Түгөл сегиз канат ак бозүйдө Эр Эшимди төгүлүп-чачылып коноктойт.Болгон сыйын көрсөтүп,анан бул аз келгенсип, акырында өтүнүч боюнча өзүнүн эң жакшы көргөн,баалаган,айланага атагы чыккан даңктуу күлүгү Шарп Куланы баатырга тартуулайт.Мейманга күлүгүн мингизип,акырын Таласка узатып коет.
Эр Эшим Түгөлгө ичинен терең ыраазы болуп,катуу ойлонгон бойдон жерине кайтат.Түгөл бай эл-жерибизди душмандардан коргоп жүргөн Эшим баатырга Шарп Куланы суратпай мурда эле берсем болмок экен,”ат эми ээсин тапты”деп,жайкалган сакалын дембе-дем сылап,айылында кала берет.
Мал-мүлктөн, көр дүнүйө-байлыктан жогору тура билип,дүйнөгө,жашоого кеңири көз караш менен караган Түгөл байдын жоомарттыгы,кең пейилдүүлүгү,жан дүйнөсүнүн,акыл оюнун философиялык кенендиги бизди суктандырбай койбойт.Түгөлдүн”Таш менен урганды аш менен ур”деген элдик даанышмандыкты карманып,ортодо болчу кандуу кагылышууну болтурбай, Эр Эшимди күч колдонбогон жакшылык мамиле менен багындырганы жана тарбия бергени өзүнчө бир улуу сабак.
Топторго төмөндөгүдөй тапшырма берилет:
Мугалим: Топ башчылары келип, бирден конверт алып, ичиндеги сөзгө жараша, жогорудагы мен айтып өткөн уламышка таянып, бир кырдаалды чагылдырып бергиле. Тапшырманы өз чыгармачылыгыңарга жараша аткарсаңар болот. Жыйынтыгын ватманга жазып, презентация жасайсыңар:
1.Уурулук
2.Кемсинтүү
3. Мушташ
Жамандыкка - жамандык | Жамандыкка - жакшылык |
| |
3-тапшырма:Гүгдө катылган терминдердин мааниси эмнени түшүндүрөт?
1.Медиатор-ортодогу адам; конфликтти чечүүнүн эң жумшак жолу
2. Компромисс-ар бирибиз жеңиш үчүн, ар бирибиз бир нерседен
жеңилишибиз керек.
3. Вербалдуу-сөз менен сүйлөшүү.
Вербалдуу эмес-сөзү жок баарлашуу (эмоция, мимика)
4. Конфликт-максаттары,кызыкчылыктары дал келбеген адамдардын
кагылышуусу.
5. Оптимизм-(лат.тилинен) эң жакшы дегенди билдирет
6. Пессимизм-(лат) өтө начар дегенди билдирет
7. Альтруизм-адамзатты сүйүү, арам ойсуздук
Азаматсыңар ,келгиле эми топтогон гүлдөрдү эсептейли.Кайсы топ жеңишке жетти экен?(упайларды эсептеп, жыйынтык чыгаруу)
Ушуну менен сабагыбыз аягына жетти. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат. .