Тема: Сезүү процесси.
План:
1.Сезүү жөнүндө жалпы түшүнүк.
2.Сезүүнүн физиологиялык негизи.
3.Сезүүнүн түрлөрү.(классификациялоо)
Колдонулган адабияттар.
1.К.Минбаев. А.Закиров. Психология.Ош 2010 11-113бет,116 бет
2.К.Минбаев. А.Закиров. Психология.Ош 2000
3. Р.С Немов Психология М.,1998.
Тм 1. Сезүү жөнөндө жалпы түшүнүк.Сезүү материлдык дүүлүктүргүчтөрдүн сезүү органдарына түздөн–түз таасир этишинен пайда болгон организмдин ички абалын жана тышкы заттардын айрым касиеттерин чагылдыруучу жөнөкөй психикалык процесс.
Сезүү жөнүндөгү окуу алгач таануу теориясынын бир бөлүгү катары философия илиминин тутумунда пайда болгон жана өнүккөн. Философиялык көз карашта сезүү көп мааниде кабыл алуу, чагылуу сыяктуу кубулуштардын составында каралат. Биздин эрага чейин V кылымда, Гераклит, Протогорлор сезүүнү адам таануунун булагы катары эсептешкен.18-кылымдарда болсо ал эмприкалык психологдордун негизги дискуссиялык темасына айланган.
Сезүү механикалык мааниде элементардык психикалык «кышчалар» катары эсептелип, ассоциациялык психологияда өзгөчө орунда турган.Сезүүсүз заттардын жана кыймылдардын ар түрдүү формаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.
Бирок сезүүнүн таануу процессине киргендигине жана баш мээде анын физиологиялык табиятынын аныкталганына карабай,окумуштуулар ал кубулушка ишенбөөчүлүк менен карашкан. Сезүүдө ар качан кандайдыр бир белгисиздик, бүтпөгөндүк өкүм сүргөндүктөн, сезүү аркылуу жаратылыштын мыйзам ченемдерин аныктоого мүмкүн эмес дешкен.Анын себеби, биринчиден сезүү заттардын элементардуу айрым элементи менен иш жүргүзгөндүгүнө,экинчиден сезүүнү илимий теориялык абстракциялоонун бир жолу гана катары эсептегендикте.
Адамдын таануу процесси ар дайым сезүүдөн башталат. Ал адамдын эсин,кабыл алуусун,кыялдануусун«курулуш» материалдар менен камсыз кылат.Алсак,оператор локатордун экранынан ак такты көрөт(сезет).Ал так–асмандагы белгисиз объектилердин бир касиети.Оператор көргөн(сезген) ак так аркылуу асмандагы объектиге толук мүнөздөмө берүүгө мүмкүндүк алат.
Заттардын айрым касиеттеринин адамдын тийиштуу сезүү анализаторлоруна таасир этип, чагылышынын натыйжасында сезүү пайда болот.Мисалы,адам бир секунданын 1/100 үлүшүндө тартылган нерсенин өзүн көрө албайт,бирок аны кандайдыр бир так,шоола түрүндө көрүү сезими менен туюуга үлгүрөт же адам өзүнө тааныш эмес бир тилди укканда, аны түшүнбөсө да, ал тилдин тыбыштык айрым касиеттерин (тембрин, интонациясын ж.б.) угуу органы аркылуу сезет.
Сезүү алгачкы,эң жөнөкөй таануу процессине кирүү менен жаш баланын психикалык жактан калыптануусуна чоң таасирин тийгизет.Окумуштуулар жаш балдардын жана айбандардын дүйнө таануу аракеттерин изилдеп,сезүү аларды курчаган чөйрөгө карата багыт алышынын эң алгачкы формасы экендигин далилдешкен.Жаңы төрөлгөн бала өзүнүн жашоосунун алгачкы күндөрүндө дүүлүктүргүчтөрдүн айрым гана касиеттерине жооп берет.Ошондой эле жаныбарлар предметтердин,кубулуштардын кээ бир касиеттерин чагылдыруу менен жашайт.Сезүү процессинде предметтердин тигил же бул жеке касиеттери кабыл алынат.Алсак,заттардын катуулугун, жумшактыгын, сыйдамдыгын, одур–бодур, салмагын, температурасын, жытын, үнүн,түсүн,
адам өзүндөгү ооруну, ачкалууну ж.б.
Сезүү өзүнөн татаалыраак кабыл алуу,эс,ойлоо сыяктуу психикалык процесстердин пайда болушуна түрткү берет.
Тм 2. Сезүүнүн физиологиялык негизи.
Сезүүнүн физиологиялык негизи болуп анализатордун иш системасы саналат. Анализатор-адамдарды курчап турган чөйрөнүн айрым касиеттерин үйрөнүүгө мүмкүндүк берүүчү аппарат.Ал сырткы жана ички чөйрөдөгү татаал кубулуштарды айрым элементтерге ажыратат.Анализатор төмөндөгүдөй үч бөлүктөн турат:
1. Кабыл алуучу тышкы аппарат (рецептор,бул-реципио деген латын сөзү, кыргызча «кабыл алуу»). Рецепторлор адамдын денесинде ар түрдүү жыштыкта жайланышкан. Бүткүл денесинде тери аркылуу басымдарды, таасирлерди кабыл алуучу 500000 рецептор бар. Бул ар бир см2 аянтка 25 рецептордон туура келет. Алардын дене бөлүктөрүндөгү жыштыгы ар башка: шыйрактын 1 см2 да 9 – 10, баштын 1 см2 да 165 – 300 рецептор орун алган.Колдун алаканы рецепторлорго айрыкча бай. Жылуулукту, сууктукту кабыл алуучу рецепторлордун саны – 280000. Булардын 30000 жылуулукту, 250000 и сууктукту кабыл алат.Теринин сырткы бетинин1 см2ында орто эсеп менен 6-23 рецептор бар.Алардын божомолдуу түрдө 6 – 23 ү сууктук, 3 ү жылуулук рецептору. Ооруну кабыл алуучу рецепторлор 1 см2та 100 рецепторго чейин жетет.
Тм 3. Сезүүнү классификациялоо
Сезүүнүн пайда болушундагы анализаторлорго жана алардын иш -аракетинен карай сезүүнүн беш түрү кездешет.
1. Көрүү,сезүү.Көрүү-сезүү рецептордун кызматын аткарган жарык толкунунун карек аркылуу көздүн торчосуна таасир этишинен пайда болот.Анын жардамында заттын түрү,формасы,өлчөмү,аралыгы кыймылы жана мейкиндик жөнүндө маалымат алынат.
2. Угуу, сезүү. Кулак сырткы, ортоңку жана ички кулак деп аталган бөлүктөрдөн турат.Ички кулактын ичинде болжолу 24000 туурасынан жаткан булалардан турган мембрана жайланышкан. .
3.Тери сезүү. Териде жана ооздун,мурундун былжыр челдеринде туюндургуч рецепторлор бар. Алар аркылуу адам жылуулукту, сууктукту, ооруну сезет.
4. Даам сезүү. Даам таттыргыч рецепторлордун жыйындысы даам таттыргыч бүчүрлөрдө жатат.Бул бүчүрлөр тилдин былжыр челинин быдырларында – даам таттыргыч бүдүрлөрдө жайгашкан.
5. Жыт сезүү. Мурун көңдөйүнүн былжыр челинде көптөгөн жыт сезүүчү рецепторлору жайгашкан. Булар газ түрүндөгү жыттуу заттар менен дүүлүгөт. Аба аркылуу мурун көңдөйүнүн былжырлуу челдерге өткөн жыт нерв клеткаларына таасир анда таанылат
Угуу сезүү | | Даам сезүү | | Көрүү Сезүү | | Тери сезүү | | Жыт сезүү |
II. Адамдын – жүрүш – турушун башкарууга, дүйнө образдарын түзүүсүнө карай сезүү төмөндөгүдөй бөлүнот:
Экстероцептивдүү (латын сөзү, экстеро, рецептор деген эки латын сөзүнөн турат,кыргызча «сырткы»,«кабыл алуучу»(маанилерин беpeт)сезүү. Англиялык физиолог Ч.Шерингтон психология илимине сезүүнүн үч түрүн киргизген. Алардын бири–экстроцептивдүү сезүү.Мында адамдын денесинин сыртында жаткан рецепторлорго тышкы дүүлүктүргүчтөр таасир этип,сезүү пaйда болот.Сезүүнүн бул түрү жанашадан (контрактуу) сезүү жана обочодон(дисттактуу)сезүү болуп экиге бөлүнөт.Жанашадан сезүүдө таанылуучу,үйрөнүлүүчү объектилер рецепторлорго түздөн-түз таасир этет,аны менен жанаша турат.Буга даам татуу,терисезүүлөрү кирет
Обочодон сезүүдө дүүлүктүргүчтөрдө пайда кылуучу объектилер сездиргич анализаторлордон обочо,белгилүү бир аралыкта турат,жанашкан түрдө келбейт.Буга көрүү,угуу,ж.б. сезүүлөр кирет.
2.Интероцептивдүү (ички сезүү).Бул адам организминин абалы жөнүндө маалымат берет.
3.Проприоцептүү сезүү-адамдын организминин жайгашкан ордун жана кыймылдатуучу аппараттардын абалдарын анализдейт.(тен салмактуулукту)
4.Органикалык сезүү–адамдын ички органдарынын абалын (алгачкы суусагандыкты,абанын жетишпей калышын) чагылдырат.