СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалпы тил илиминин тарыхы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалпы тил илминин тарыхы, калыптанышы жана өнүгүшү

Просмотр содержимого документа
«Жалпы тил илиминин тарыхы»

Унутпай улут уёгусун

Ъз\ёд\ тааны кыргызым


Өз ара башка тилде сүйлөшкөн кыргыздарды,

венгерлер сыяктуу улуттун

чыккынчылары катары баалабайлыбы?!

Т.ТУРГАНБАЕВ


Аңтарып адам баарын билип бүттү,

Бир гана өзүн-өзү билбей келет.

О.СУЛТАНОВ

Жалпы тил илими курсу

Жалпы тил илими курсу – филолог адисти даярдоочу лингвистикалык курстун жыйынтыктоочусу б.с. Жалпы тил илими конкретт\\ кайсы бир тил жън\ндъг\ илим эмес. Ал адамзат пайдаланган ъл\\ жана азыр жашап жаткан тилдердеги мыйзам ченемд\\л\ктърд\ жалпылаган илим б.с. Жалпы тил илими предмет катары ХIХ кылымдын башынан баштап ъз\н\н изилдъъ обьектисин жана милдетин аныктап-тактады. Жалпы тил илими- филологдун жалпы философиялык даярдыгын тереёдетет жана бардык эле тил илими органикалык бирдикке ээ экендигин \йрътът. Тил илими негизги эки топко бъл\нът: Жеке тил илими; Жалпы тил илими

Жалпы тил илими илим катары ъз\н\н тарыхына, изилдъъ обьектисине, методддоруна ээ.

1. Жалпы тил илими б.з.ч. V кылымдан бери тил илими ъз\н\н тарыхына ээ жана ън\г\ш этаптарын, багыттарын философия ичине камтып келген.

2. Жалпы тил илиминин илим катары изилдъъ предмети – жалпы тил. Изилдъъ обьектиси тил илимдеринин ън\ш\н сыпаттоо.

3. Жалпы тил илиминин методдору- салыштырма, сыпаттама, анализ жана синтез методдору.

4. Лингвистиканын башка илимдери сыяктуу жалпы тил илими тарых, археология, физиология, социология, психология жана сыяктуу илимдер менен тыгыз карым-катышта.

Жыйынтыктап айтканда жалпы тил илими – коомдук кубулуш иретинде тилге м\нъзд\\ болгон жалпы ъзгъчъл\ктърд\ жана мыйзамдарын изилдъъч\ илим.



Тапшырма: жалпы тил илими, жеке тил илими деген эмне?










Байыркы Индия тил илими.

Байыркы Индия тил илими \ч традициянын эё байыркысы болуп эсептелет. Байыркы Индия тил илими Европа окумуштууларына Индия Англияга калония болгондон кийин, же Индияга суу жолу ачылгандан кийин малым болгон. Байыркы Индия лингвистикалык традициясы 3000 жылдык тарыхы бар. Байыркы Индиянын лингвист-окумуштуулары диний эмгектердин фонетика, орфография, грамматика, этимология жана лексика сыяктуу маселелерин карашкан. Пракрит тилинин таасиринен диний гимндердин тили вед тилин сактоого аракеттенишкен. Байыркы Индия тил илиминде б.э.ч. V-IV кылымдарда 2 тил басымдуулук кылган: пракрит, санскрит тили

Байыркы Индияда адабий тил катары санcкрит тили эсептелген. Ал эё биринчи оозеки формада ън\г\п, кийин жазуусу пайда болгон. Ал менен диний гимндер жазылган. Байыркы Индия тил илиминде санскрит тилинин морфологиясы жакшы негизделген. Санскрит тилинин биринчи грмматикасын т\згън автор Панини, анын эмгеги «Восьмикнижие» деп аталып, анда търт миёдей эрежелер ыр т\р\ндъ берилген. Байыркы Индиялыктар грамматикасын гана эмес лексикологиясын да т\з\шкън. Булардын лексикологиясы създ\ктън куралган. Панинин ишин улантуучу б.з.ч. III кылымда Вараручи Катьяна пракрит тилинин биринчи грамматикасын т\згън, бирок изилдъъс\н\н жыйынтыгында пракрит тили т\пк\л\г\ндъ санскрит тилинен келип чыккандыгын айткан. Байыркы Индиялыктар тил илиминин тъмъндъг\дъй теориялык факторлорун белгилешкен:

1.Этиштин формаларын кассификациялаган;

2. Тилдик бирдикти тыбышты эмес, с\йлъмд\ аныкташкан, анткени с\йлъм гана ой-пикирди билдирет дешкен. Създъ мындай касиет болбойт жана с\йлъмс\з съз да айтылб айт дешип, създъ мазмун жагынан да, форма жагынан да ъз\нчъл\к касиет жок деп эсептешкен;

3. Създърд\ уёгу жана м\чъгъ ажыратышкан;

4. Търт съз т\рк\м\н: атооч, этиш, предлог жана бъл\кчъ деп аныкташкан;

5.Създърд\ морфемага ажыратышкан;

6. Зат атооч създър 7 жъндъмъ боюнча жъндългън;

7. Тыбыштын табияты физиологиялык негизде т\ш\нд\р\лгън;

8. Веет жана санскрит тилдеринин айырмалоо \ч\н алардын тыбышынын артикуляциялык ъзгъчъл\г\нъ къб\ръък маани беришкен;

9 Кеп агымындагы тыбыштардын ъз ара таасирин аныкташкан;

10. Тыбыштарды \нд\\лър жана \нс\здър деп бъл\шкън;

11. Муун жън\ндъг\ окууну негиздешкен, б.а. \нд\\ тыбыштардан муун т\з\л\п, \нс\з тыбыштардын элемент катарында колдонулушун белгилешкен.

Байыркы Индиялык тилчилердин кемчиликтери тъмънк\лър болгон:

  1. Ат атооч жана тактооч съз т\рк\м\н белгилей алышкан эмес. Буларды атооч жана этиш създърд\н ортосундагы ъзгъчъ създър дешкен.

  2. Уёгуну табууда чаташууларга жол берилген.

Тапшырма: Байыркы Индия тил илиминде кетирилген кемчиликтер






Байыркы Греция жана Байыркы Римдик тил илими.


Байыркы Греция тил илими Байыркы Индия тил илими менен удаалаш ън\ккън. Ал тилдин маселелерин философиялык аспектиде караган.

Байыркы Греция жана Рим тил илими жаратылышты, космосту жана адамды бир б\т\нд\к деп караган философиянын бир бъл\г\ болгон. Мына ошол антикалык тил илиминин негизги теориясы - атоо теориясы болгон. Мында тилчилер 2 чоё топко бъл\н\шкън: 1) «Physei» (фюзей) «жаратылыштан» (по природу) деген термин менен аталышкан, башкача айтканда, заттарга, буюмдарга ат жаратылыштан тубаса берилгенби, б. а. създър тубаса пайда болобу? 2) «Thesei» (тезей) абал-ыёгайга карай б. а. заттардын, бумдардын аттары келиш\\ аркылуу коюлганбы же създър адат боюнча пайда болгонбу?

Аристотель тил маселелерин логикалык планда текшерген. Ал «Поэтика» деген эмгегинде тил бирдиктерди: элемент, муун, байламта, атооч, этиш, м\чъ, жъндъмъ, с\йлъм формасында т\ш\нд\ргън. Ал элементти «тыбыш», ал эми «муун \нд\\ жана \нс\з элементтердин айкашы деп эсептеп, м\чъ жана байланыш ортосунда \ч\нч\ съз т\рк\м\ - байланыштыргычты кошуп, аны кызматчы съз» деп атаган.

Антикалык лингвистикалык традиция Александрия доорунда улантылган (б.э.ч. 3-2-к.), б.а. гректердин Александрияга (Египеттин борбору) жана Пергамга (Кичи Азиянын жээгиндеги) колония болгон учурдан баштап (б.э.ч. 334-31 жж.) Александрия шаары ар тараптуу ън\г\п, бул жерде грек тилчилеринин зор тобу эмгектенип, филология д\рк\ръп ън\ккън. Тил илиминин александриялык доорунда лингвистика философиядан бөлүнө баштайт. Мурунку философтор тил маселеси боюнча “жаратылыштан” же “адат” боюнча деген түшүнүктүн астында изилдөө жүргүзүшкөн. Б.а., тилдин пайда болушун жана зарылдыгын алар жаратылыштык деп эсептешип, тилдин коомдук өзгөчөлү гүн таба алышкан эмес. Эми александриялык тилчилер “аномалия” (окшоштук) деген ураан астында күрөшө баштайт. Ошентип, алар буюмдар, түшүнүктөр менен аны атаган сөздөрдүн ортосунда эч кандай байланыш жок деген пикирге келишет. Александрия жана Пергамда гректердин илимий жана къркъм адабий чыгармаларынын, батыш адабиятынын котормолорунун негизинде ътъ ири кол жазмалар сакталып, Александрия жана Пергам китепканасы т\з\лгън. 642-жылга чейин, б.а. Александрияны арабдар талкалаганга чейин Александрия китепканасында 700 000 кол жазма свитогу болгон. Бул жерде къпч\л\к грек грамматисттери эмгектенип, алар грек адабий тилинин нормасын, грек адабиятын сактап калуунун максат кылышкан. Анын негизинде Гомердин, Софоклдын, Эсхилдин жб. авторлордун чыгармаларын лексикалык жана грамматикалык талдоого алышкан.

Александриялык тилчилерге Арисс (б.э.ч. 200-150), Кратесс, Дионисий Фракийский, Аполлоний Дискол жана анын уулу Геродианды кошууга болот.

Александриялык тилчилердин эмгектеринде, илимий изилдъълър\ндъ тилдин тыбыштык жагын акустикалык принцип боюнча текшеришкен. Бирок, физиологиялык ъзгъчъл\г\нъ къё\л бурушкан эмес. Тыбыш жана тамганын ортосундагы чекти ажыратышпаган. Тыбыштарды \нд\\, \нс\з деп бъл\шт\р\ш\п, \нд\\лър 7, \нс\здър 14 деп эки категорияга бөлүштүрүшкөн. Үндүү тыбыштардын муун түзөрүн белгилешкен. Тилдик эң кичине бирдик катары сөздү эсептешкен. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн айкалышын тил илиминде биринчи болуп белгилешкен. Сөз түркүмдөрдү дээрлик толук аныкташкан. Аристарх самофракийский 8 сөз түркүмүн: атооч, этиш, атоочтук, мүчө, ат атооч, предлог, тактооч жана байламта деп бөлүштүргөн. Ушул классификация бүтүндөй Европага, андан ары дүйнөгө тараган. Аристарх Гомердин чыгармаларынын бардык топтомун түзгөн. Анын окуучусу Дионисий Фракийский “Грамматиканын искусствосу” деген римдиктер үчүн биринчи грамматиканы түзгөн. Дискол “Синтаксис жөнүндө” деген эмгегин жазган.

Тилдин теориялык маселелерине эң чоң салымды Хрисипп (б.з.ч. 280-208-жж.) жана Кратесс Малосский (б.з.ч. 2-к.) кошкон.



Байыркы Рим тил илими

Байыркы рим тил илими александриялык тил илиминин уландысы болуп саналат. Грамматиканы түзүүдө алар түздөн-түз гректерди туурашкан. Тил илиминде зор ачылыштарды жасай алышпаган. Рим грамматисттеринин ичинен эң белгилүүсү Мар Теренций Варрон (б.з.ч.116-27-жж.) 25 китептен латын тили эмгегинин автору, анын бизге алтоосу гана сакталып жеткен. Варрон грек грамматисттеринин үлгүсүндө латын тилинин грамматикасын түзгөн. Байыркы Римдик Донат (б.з.ч. 4-к.) латын грамматикасын түзүүчү, Присциан (б.з.ч. 6-к.) – 18 китептен турган “Грамматикалык окуу” аттуу эң кеңири латын тилинин грамматикасынын түзгөн. Булар түзгөн грамматикалык терминдер акыркы учурда да тил илиминде колдонулат.

Латын тили өз кезегинде (б.з.алгачкы кылымында) эл аралык тил катары колдонулган. Окумуштуулар жана дин ишмерлери бул тилди кеңири пайдаланышкан. Ошондуктан латын тилинде түшүнүктүү жазылган лингвистикалык эмгектер бат эле башка элдердин да илимий энчисине айланган. Бул тилдик система 19-кылымга чейин Европада универсалдуу түрдө кеңири пайдаланылган.

Байыркы грек, александриялык жана римдик тил илиминин кемчиликтери булар:

  1. Тилди изилдөөдө философияга болгон көз карандылык биротоло жоюлган эмес;

  2. Тил илиминде тил маселеси тарыхый жактан каралбаган;

  3. Грек жана латын тилдери салыштырылбаган.

Тапшырма: тил, кеп деп эмнени айтабыз?

Жообу:

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________















Орто кылымга чейинки Араб тил илими

Лингвистикалык үчүнчү традиция Араб тил илими. Бул 7-13-кылымдагы Араб халифаты аталып, ага аравия, азия, Түндүк Африка жана Пиренейский жарым аралдарында жашаган көп улуттар кирген жана күчтүү өнүккөн. Араб тил илиминин негизги пайда болуу себеби - жаңы динди, Ислам дининин тилин сүйлөшүү тилинин таасиринен сактоо эле. Араб тил илимин түптөөчүлөрдүн бири 8-кылымдагы тилчи (718-793-ж.) Басрылык аль-Халил ибн Ахмед араб сөздөрүнүн морфологиялык курулушун изилдеп, биринчилерден болуп “Айн ариби жөнүндө китеп” (“Книга Айна”, “Айн харфи китоби”) деген араб сөздүгүн түзгөн. О.э. анын “Башкаруучулар китеби” деген чыгарма жазган. Анын окуучусу, тилчи Амир ибн Усман Сибавейхи (793-ж.) “Аль-Китаб” деген көлөмдүү эмгегин жазган. Бул китепте ал араб тилинин толук грамматтикасын түзгөн. Анда тыбыштын бир нече орундан жасалышын көрсөтүп, анын негизинде классификациялаган.

Бул тил илими төмөндөгүдөй милдеттерди аткарган:

  1. Халифаттын расмий тили болгон;

  2. Куран баш болгон бардык диний китептер ушул тилде жазылган;

  3. Динди жайылтуу үчүн кызмат кылган;

Ал эми жетишкендиктери төмөнкүлөр болгон:

  1. Тил илиминде тамга менен тыбыштын, сөздүн жазылышы менен айтылышындагы айырмачылыкты биринчи жолу аныкташкан.

  2. Тыбыштарды физиологиялык жана акустикалык жактан талдашкан.

10-кылымдын башында араб тил илими кыйла түшүнүктүү болуп, терминологиясы түзүлүп, системага келет. Араб тил илими сөзгө чоң маани беришкен, т.а., алардын изилдөөлөрүнүн борборун лексикография түзгөн. Алар көп сөздүктөрдү түзүшкөн. М.: Сагандын (1181-1252-ж.) “Разлив волн” аттуу 13-кылымда түзгөн сөздүгү 20 томдон турган, Шираздык Фирузабади (1329-1414-жж.) 60 томдук (айрым маалыматтарга караганда 100 томдук) сөздүк түзгөн. Бирок бул эмгек бизге жетпеген. Анын негизинде автор “Комус” (“Океан”) деген сөздүгүн түзгөн. Араб тилчилери түрк, фарсы, монгол тилдерин жеке тил катары изилдешкен, б.а., ал тилдерди башка тилдер менен салыштырышкан. О.э. алар синоним сөздөргө көңүл бурушкан. М.: кылыч деген сөздүн 500, арстандын 500, төө деген сөздүн 1000 синоними бар экенин көрсөтүшкөн. Бул учурдагы сөздүктөрдү түзүүдө анык катар ирет жок эле. Ошондой болсо да иретке келтирүүгө аракеттенишкен. М.: Аль-Жавхаринин 40 миң сөздөн турган “Сихох” (акыйкат, туура) деген сөздүгүАль-Гаровийдин 10 томдук сөздүктөрү ошол мезгилдеги алфавит тартибинде берилген.

Тил илиминдеги дагы бир философиялык маселе “тил кантип пайда болду?” деген суроо. Бул боюнча үч көз караш пайда болгон, биринчиси – тилди Кудай жараткан, экинчи көз караш – адамзат пайда болуп келе жаткандагы мамиледен, келишүүдөн пайда болгон, ал эми үчүнчү көз караш – жогорудагы эки пикирди бириктирүү ниетин көздөгөнсүйт, себеби тил кудай тарабынан жаратылган да, адамдар тарабынан өнүктүрүлгөн дешет.

Араб тил илиминдеги өзгөчө орунду “Дивани лүгат ат-тюрк” сөздүгү жана анын автору Махмуд ибн аль-Кашкари (11-к.) ээлейт. Бул эмгек түрк тилинин энциклопедиясы болуп эсептелинет, анда түрк тилинин салыштырма грамматикасы жана лексикологиясы, түрк диалектилери ж.б. берилген.

Ислам башка элдерге таңуулангандыгына байланыштуу ал элдин тили менен араб тили салыштырылган. Ошентип араб тил илиминин классикалык өнүгүү доору 1258-жылы, б.а., монголдор басып алгандан токтоп, солгундаган. Ошентсе да классикалык араб тил илими Байыркы Индия жана Байыркы Грек, Рим тил илимдери сыяктуу тил илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Тапшырма: үч лингвистикалык традиция боюнча концептуалдык таблица түз


Орто кылымдагы тил илими

Орто кылым кайсы мезгилди кучагына алат? Орто кылым деп бүгүнкү күндөгү хронологдор миң жылдык аралыгындагы мезгилди белгилеп жүрүшөт, б.а., 476-жылы варварлар Рим империясын талкалап-тоногон мезгилден 1492-жылы Колумба Американы ачкан мезгилге чейинки аралыкты шарттуу түрдө орто кылым деп белгиленип жүрөт да, ал төмөнкүдөй үч этапка бөлүнөт:

1-этап: феодализмдин жаралышы, б.а., V-VII кылымдар;

2-этап: феодализмдин жогорку деңгээлге өнүгүшү, б.а., VIII-XII к.

3-этап: феодализмдин кыйрашы, б.а., XII -XIV к.

Бул мезгил духовный, руханий турмуштун бардык жагында илим-билимдеги, маданияттагы ири солгундоо-солуу мезгили катары мүнөздөлөт. Буддизм, христиан диндери дүйнөлүк масштабдагы динге айланды. Ушул мезгилде ислам пайда болуп, дүйнөлүк диндердин катарынан орун алды. Орто кылымда дин өзүнүн концепциясын түздү: коомдун пайда болушун, өнүгүп өркүндөшүн, жашоону, ар бир кубулушту дин өз көз карашында түшүндүрө баштады.

Орто кылымда көптөгөн жаңы жазма тилдер пайда болуп, алар жаңы алфавитке ээ боло баштайт. Мурдатан колдонулуп келген графикалык системанын негизинде пайда болгон тилдер үчүн графикалык жаңы система жаралып, көптөгөн тилдер үчүн жазуу практикалана баштайт. Гот, армян, ирланд, байыркы англис, байыркы немис, байыркы славян тилдерине библия которулуу менен, ушул тилдерде жазманын жаралышы, пайда болушу шартталат, анткени библияны жана анын бөлүмдөрүн ар бир элге өз тилинде жеткирүү негизги маселелердин бири катары эсептелген.

Орто кылымда көптөгөн жаңы тилдердин белгилүү боло баштагандыгына, ал тилдердин жазуу системасынын жаралгандыгына карабай, иликтөө-изилдөөгө, анализге алынып, окуп-үйрөнүүгө арзый турган тил катары жалгыз латын тили эсептелген. Латын тили орто кылымдын алгачкы мезгилинде билимдүүлүктүн, маданияттуулуктун тили катары бааланып, ал тилде эркин сүйлөп, эркин жаза билүү гана рухий, маданий өнүгүүгө жол ачкан, илим-билидүү болууга мүмкүнчүлүк берген, илим-билим жана жогорку катмардагылардын талабына ылайык таалим-тарбия алуунун куралына айланган. Ошол эле учурда латын тили логикалык ой-жүгүртүүнү калыптандыруунун каражаты катары да каралган. Бирок латын тили орто кылымда эле өлүү тил катары жазуу формасында гана жашагандыктан , анын тыбыштык жагы каралбаган. Өлүү латын тилинин Европада үстөмдүк кылышы башка тилдердин изилденишине терс таасирин тийгизди.

Орто кылымда (11-12-кк.) тил илиминде номиналисттердин жана реалисттердин карама-каршы агымдары өкүм сүрдү. Номинализм (лат.-ат деген түшүнүк) жалпы түшүнүктөрдү жеке предметтердин аттары деп эсептеген орто кылымдагы филослофиялык агым болуп саналат. Анын көрүнүктүү өкүлү-француз Иоанн Росцелин. Номинализмдин тарапкердери жалпы түшүнүктөргө караганда заттар мурда пайда болот, ал эми жалпы түшүнүк төр буюмдардын аттарын гана билдирет деген туура пикирге келишкен. Номинализм материализм менен тыгыз байланыштуу, себеби ал да заттын (предметтин) биринчилигин, түшүнүктүн экинчилигин моюнга алат.К.Маркстын сөзү менен айтканда номинализм орто кылымдагы – материализм.

Реализм – орто кылымдагы схоластикалык агым. Анын бул мезгилдеги көрүнүктүү өкүлү – Анселмь Контерберийский, ал ири дин өкүлү болгон. Реализм окуусунун негизги жобосу мындай: сөздөр (б.а. заттардын, буюмдардын, түшүнүктөрдүн аттары) өзү атаган заттардан, буюмдардан жана түшүнүктөрдөн мурда пайда болот жана ал тилде жашай берет. Бул пикир б.э.ч. Платондун идеалисттик философиясынын орто кылымда дин менен чүмбөттөлгөн өзгөчө формасы эле.

Орто кылымда Орто Азия регионунда жашаган окумуштуулар энциклопедиялык билимге ээ болушкан. М., Ибн Сина бир эле мезгилде врач, музыка таануучу, биолог, фармацевт, тилчи да болгон. Мындан сырткары Абу Насыр аль Фараби, Абу Райхан Беруни, Махмуд Кашкари ж.б.улуу окумуштуулардын мурастары азыркы күнгө чейин адамзатка кызмат кылып келүүдө.

Кайра жаралуу доорундагы тил илими.

Кайра жаралуу доору XIV-XVII кылымдар аралыгын камтыйт да феодализмдин кыйрашы, капитализмдин өнүгө башташы менен акыл-эстин жана маданияттын үч багытынын – ренессанс, реформация жана агартуу-жаралышы аркылуу мүнөздөлөт. Бул мезгилде гуманизм идесы күчөп, улуттук аң-сезим өнүгүп-өөрчүп, өнөр, маданият, адабият гүлдөйт, илимде жандануу пайда болот. Байыркы гректердин, римдиктердин бай адабиятын, грек, латын тилдерин изилдөө, бул тилдердеги чыгармаларды изилдөө, текстологиялык анализ жасоо сыяктуу иштер классикалык филологиянын жаралышына жана өнүгүшүнө шарт түздү.

Илимде жаңы ачылыштар пайда болду. Америка материгине европалыктар жетти. Жердин шар формасында экендиги делилденди. Физика илиминде чоң ачылыштар башталган. Кайра жаралуу доорунда тил илиминде 3 негизги маселе ишке ашкан: 1. Орто кылымда классикалык тил катары латын тили кызмат кылса, Кайра жаралуу доорунда грек тили классикалык тил катары кызмат кылат; 2. Европалык окумуштуулар тилдин тарыхынын алгачкы булагы катары араб, жөөт, сирия тилдеринин материалдары менен таанышат; 3. Батыш европалык италян, француз, англис ж.б. тирүү тилдер лингвистикалык илим изилдөөгө алынган.

кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү тилчилери Иосиф Юстас Скалигер, Генрих Стефанус, Рейхлин ж.б. болушкан. Европа тилчилери уңгунун баштапкы сөзгө жатарын, мүчөнүн грамматикалык кызмат аткарарын, семит тилчилери этиштин жак мүчөлөрү атоочтун жак мүчөчөрүнөн келип чыгарын, бул идея аркылуу Ф.Бопп агглютинация теориясын негиздеген.

Кайра жаралуу доорунда араб тили түрк тилинин илимде орун алышына негиз болгон. Түрк тили (чагатай тили) боюнча А.Новои изилдөө ишин жүргүзгөн. Анын “Мухокаматул лугатайн” (“Эки тил жөнүндө талкуу”) аттуу эмгегинде төмөнкүлөрдү белгилеген: Көркөм чыгарма жаратууда түрк тилдеринин фарс тилдеринен кем эместиги; Сөз жана анын мааниси; Тил менен ойлоонун ортосундагы катыш; Тилдеги форма менен мазмундун катышы; Тилдердин келип чыгышы; Синонимия, омонимия жана сөз жасоо маселелери;

Тилдин пайда болуу маселесинде А.Новои схоластикалык көз караштын таасиринде болгон. Б.а., сүйлөө мүмкүнчүлүгүн Кудай адамга гана ыйгарган. Ал эми сөздү адам өзү жаратат. Навоинин тилдик табылгалары төмөнкүлөр: Этишке, анын формаларына, сын атоочко, айрым сөз жасоочу мүчөлөргө кеңири талдоо жүргүзгөн; Чагатай тилинин тыбыштарына, айрыкча үндүүлөргө, алардагы сингармонияга маани берген; Үндүүлөрдүн 9 экендигин көрсөткөн; араб тилиндеги үнсүздөргө 3 үнсүздүкошумчалап, чагатай тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүн туура белгилеген; Тилдердин көптүгүн Нух пайгамбар жөнүндөгү легенда менен байланыштуу түшүндүргөн; Тил маселесин грек философторунун таасиринде болгон.

А.Новоиден кийин анын чыгармаларына арналып жазылган лингвистикалык бир катар чыгармалар жаралды. Алардын бири автору белгисиз болгон чагатай-түрк “Абышка” сөздүгү. Сөздүк 1560-жылы жазылган. Сарыбарагы болбогондуктан, бул сөздүк өзүнүн биринчи сөзү менен аталган. 1862-жылы венгер Герман Вамбери тарабынан кыскартылган, 1868-жылы В.В.Вельяминов –Зернов тарабынан Петербургда толук варианты басылган.










ХVI-ХVIII кылымдагы лингвистикалык окуулардын ън\г\ш\.

Лингвистикалык изилдъълърд\н негизинде материалдар топтолуп, ХVII-ХVIII кылымдарда грамматика боюнча философиялык жактан жыйынтыктоо жана жалпылоо милдети келип чыгат. Ошентип, бул мезгилде тилдер \ч\н жалпы логикалык принципке нгизделген рационалдык грамматиканы т\з\\ идеясы пайда болот. Рационалдык грамматиканы философиялык грамматика деп да аташат. Ал белгил\\ бир принциптин негизинде т\з\лът жана ага логикалык категориялар таяныч чекит болот. Ал латындын “rationus” “разум” “акыл-эс” деген съз\нън келип чыгат. Рационалдык грамматиканын негизги жоболору тъмънк\лър: тил ойлоону билдирет, ойлоону логика, тилди грамматика текшерет. Текшер\\н\н обьектиси болгон ойлоо менен тил ички жактан ъз ара байланыштуу.

Логика менен грамматика да ъз ара байланышту болууга тийиш, б.а. грамматикалык категориялар логиканын категориялары катары каралууга тийиш. Мына ошентип рационалист-тилчилер ойлоо менен тилдин ъз ара байланышына карата логика мнен грамматиканын ъз ара байланышы аныкталат дешет. Алардын пикири боюнча, логика бар болгондуктан, грамматика да бир болууга тийиш жана конкретт\\ бир тилдин грамматикасы болбостон, тилдердин жалпы грамматикасы болууга тийиш деп эсептешкен. Рационалист тилчилердин эё негизги кетирген кемчиликтери мына ушул болгон. Б.а. жалпы адам баласынын ойлоо жагы бирдей болгон менен, ар бир элдин тилинин грамматикалык т\з\л\ш\ ар башка. Алар ар бир тилдин бътънчъл\г\н эске алышкан эмес. Экинчиден, рационалдык же жалпы грамматика тилдик категориялар логикалык категориялар сыяктуу такыр ъзгърбъй турган туруктуу деп эсептеген. Бул да туура эмес болгон. Анткени, тил жандуу кър\н\ш, ал стихиялуу ън\г\\дъ болуп турат. Бул дегендик – тарыхка, коомго карама-каршы келип, тилдин ън\г\ш\н, ъзгър\ш\н танган къз караш. Демек, рационалист-грамматисттер тилди илимий жактан таанууга жана \йрън\\гъ каршы болгон идеалисттик грамматиканын ък\лдър\ болушат.

ХVII кылымда Францияда француз тилинде К.Лонселло жана А.Арнолор тарабынан “Пор Рояль грамматикасы” т\з\лът. Бул эмгек грамматиканын мыкты \лг\с\ болуп саналат да, бул да логикалык принципке негизделип т\з\лът жана жалпы грамматика деп аталат.

Немец философу В.Г.Лейбниц (1646-1716) тектеш тилдердин ъз ара катышынын жалпы теориялык маселелери жън\ндъ эмгектенип, француз окумуштуусуна салыштырмалуу бир топ алгылыктуу изилдеген. Ал ар т\рд\\ семьядагы тилдер боюнча фактыларды чогултуп, алардын ъз ара тектештиги жън\ндъг\ маселелерди чеч\\гъ аракет жасап къргън. Тилдердин бардыгы еврей тилинен таралган деген библиялык натуура пикирди Лейбниц биринчилерден болуп айткан. О.э. създърд\н этимологиясы, тыбыш менен създ\н маанисин ажыратуу сыяктуу маселелерди аныктоого аракеттенген.

М.В. Ломоносов жана тил илими.

Орус элинин улуу окумуштуусу М.В. Ломоносов (1711-1765) илимдин къп тармактары боюнча иш алып баруу менен бирге, ал тил илими боюнча, анын ичинде орус тил илими боюнча да илимий иш ж\рг\згън. Ал илимде гигант, новатор окумуштуу катары белгил\\.

Тилди текшер\\ жън\ндъг\ илимий пикири Россияда филологиялык илимдердин ън\г\ш\нъ чоё таасир тийгизген. Орус тил илиминде М.В.Ломоносов орус тилинин илимий грамматикасын биринчи т\з\\ч\ жана \ч стиль (штиль) жън\ндъг\ теориянын автору. Ал илимий грамматиканы т\з\\дъ орус элинин с\йлъш\\ речин негизге алган. /ч т\рд\\ стиль жън\ндъг\ теорияда тил маселесине тарыхый жактан кароо керек деп эсептеген. Ломоносовдун эмгектеринде тил маселелерин изилдъъ методдору илимий жактан туура коюлган. Анын “Российская грамматика” аттуу эмгегиндеги изилдъъс\нъ караганда ал изилдеп жаткан тил маселесине кайдыгер мамиле кылган эмес. Тескерисинче ар бир эрежени къп фактылар менен т\ш\нд\ргън.


ХVIII-ХIХ кылымдагы лингвистикалык окуулар жана салыштырма тил илиминин ън\г\ш\.

Салыштырма-тарыхый метод эё башта индоевропалык тилдерди салыштырып текшер\\н\н негизинде пайда болгон. Бир тил менен экинчи тил, же бир нече тил ъз ара салыштырылып изилденгендиктен жана тил маселеси тарыхый къз карашта \йрън\лгънд\ктън изилдъъ методу салыштырма-тырыхый метод деп аталып, ал жън\ндъг\ тил илими салыштырма-тарыхый тил илими деп аталган. Лингвистикалык традицияда салыштырма-тарыхый тил илминин башатында немец окумуштуусу, тилчи-санскритолог, академик, Берлин университетинин профессору жана салыштырма-тарыхый методдун негиз салуучусу Франц Бопп турат. 1816-жылы Бопптун “Система спряжения в санскрите в сравнении с греческим, латинским, персидским и германскими языками” аттуу биринчи эмгеги жарыкка чыгып, мында бир тил менен экинчи тилди салыштырып, ошол тилдердеги этиштердин ъзгър\\ системасын изилдеген. Изилдъъ ишинин натыйжасында этиш създърд\н ъзгър\\ системасындагы жакындыктарына таянып, Бопп изилдъъгъ алган жогорудагы тилдерди бир тилден таралып чыкса керек деген жыйынтыкка келген. О.э. анын салыштырма-тарыхый метод менен жазылган эё кър\н\кт\\ \ч томдук эмгеги “Санскрит, зенд (байыркы иран тили), армян, грек, литва, эскиславян, гот жана немец тилдеринин салыштырма грамматикасы” деп аталып, бул монографиясында жогорудагы тилдердин бардыгын салыштырып изилдеген.

Расмус Христиан Раск (1787-1832) даниялык окумуштуу салыштырма-тарыхый метод менен индоевропа тилдерин салыштырып изилдеген. Раск Копенгаген университетин аяктаган. 1816-жылы-1823-жылдары байыркы Индия, европа тилдерин \йрън\\ \ч\н Индияда узак сапарга саякат жасап, анын ичинде Петербург, Москва, Кавказ жана Персияны аралап изилдеп, материал топтогон. Раск Копенгаген университетинин профессору. Ал 25 тил билген жана итальян, швед, испан тилдеринин грамматиасынын автору. Ал 1811-жылы “Руководство испанскому, или древнесеверному языку” аттуу биринчи эмгегин жарыкка чыгарган, бул эмгектин логикасы грамматикага каршы келген. О.э. 1814-жылы “Иследование происхождение древнесеверного или исландского языка” аттуу эмгеги жарыкка чыгат. Бул эмгек илимий коомчулуктун конкурстагы сыйлыгына татыктуу болгон. Раск исландиялык тилдерди ъз ара жана башка европалык тилдер менен салыштырып изилдеген. Раск исланд тилин гренлан, кельт, баск, фин, славян, латыш, гот, фракий тилдери менен салыштырып текшерген. Мындай салыштырып текшер\\дън Раск скандинав, герман, славян, латыш тилдери бири-бирине жакын деген корутундуга келген.

Якоб Гримм (1785-1863) салыштырма-тарыхый методдун негизинде герман тилинин группасын изилдеген немец окумуштуусу. Якоб Гримм орто кылымдагы немец адабиятынын эстеликтери мурастарынын \ст\нън изилдъъ ишин ж\рг\згън. Ал тил илимине “Немец грамматикасы” аттуу 4 томдук эмгектин автору катары кирген. Анын эмгектеринде фонетика маселесине кеёири орун берилген. Б.а. анын бул эмгеги жън эле немец тилинин грамматикасы эмес, гот-герман тилдеринин тарыхын ичине камтыган тарыхый грамматика эле.

А.Х.Востоков (псевдоним, чыныгы фамилиясы Остенек. 1781-1864) салыштырма-тарыхый методдун негизинде славян тилин изилдеген окумуштуу. Анын салыштырма-тарыхый меттоддун аспектисинде ж\рг\згън “Славян тили жън\ндъ талкуу” (1820), “Орус грамматикасы” (1831) ж.б. илимий эмгектери бар. Жогорудагы “Славян тили жън\ндъг\ талкуу” эмгеги славян тилдеринин тарыхында чоё орунду ээлеп, ал эмгеги автордун илимий даёкын чыгарган. Негизи бул эмгекте славян тилдеринин салыштырма грамматикасы боюнча туруктуу илимий негиздер берилген жана славян тил илиминин бир топ негизги маселелерин чече алган, о.э тиешел\\ илимий изилдъън\н негизинде эски славян тили менен байыркы орус тилинин бътънчъл\ктър\н тактайт, ошону менен поляк, серб ж.б. славян тилдеринин ар бирине таандык болгон карым-катышын, айырмачылыктарын белгилейт.


Тилди изилдөөнүн методдору

Тилди изилдөөнүен методдору тил илимине гана мүнөзүү. Бул методдордун жардамы менен жалпы тилдин табияты ачылат.

Сыпаттама методу. Бул метод тилдик бирдиктердин мазмунун, ар кандай деңгээлдеги тилдик кубулуштардын өзгөчөлүктөрүн сыпаттап талдоодо колдонулган универсалдык метод б.с. Сыпаттама методду колдонуу менен ар кандай тилдин ярустары изилденет. Мисалы, кыргыз тилинин тыбыштарынын үндүү жана үнсүз болуп бөлүнөрү, үндүүлөрдүн жоон жана ичке, кең жана кууш, эринчил жана эринсиз, кыска жана созулма болуп классификацияланышы сапыттама метод аркылуу ишке ашат.

Салыштырма метод. Бул метод менен негизинен тектеш эмес тилдер салыштырылып изилденет. М., кыргыз тили менен башка тилди (англис, орус) салыштыруу аркылуу ал тилдердин структураларынын (деңгээлдеринин) бирдиктеринин окшош жана окшош эмес жактарын аныктоодо салыыштырма метод колдонулат. Салыштырма метод төмөндөгүдөй максаттарда пайдаланылат: 1. Тектеш эмес тилдердин сыпаттама метод менен текшерилгенден кийин байкалбаган өзгөчөлүктөрүн белгилөө; 2. Окутуу ишинде башка тилди окуучуларга үйрөтүүдө бөтөн тилдин өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөтүүдө; Кош же көп тилдүү сөздүктөрдү түзүүдө; Котормо ишинде;

Салыштырма-тарыхый метод – көбүнчө тектеш тилдерди салыштырып изилдөөдө колдонулат. Бул линвистикалык өзгөчө метод катары алыскы тектеш тилдерди тарыхый жактан салыштырып карайт. Салыштырма-тарыхый метод төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылат: Салыштырылып жаткан тилдердин тыбыштык окшоштуктарын аныктоо, морфологиялык категорияларынын өзгөчөлүктөрүн белиглөө, сөз жасоо өзгөчөлүктөрүн тактоо, касы бир тиилдердин белгилүү доордогу грамматикасын, айрыкча фонетикасын, морфологиясын изилдөө б.с. салыштырма-тарыхый метод 19-кылымда санскрит тилинин жазма эстеликтерин Европа тилдерине салыштырып изидөөнүн негизинде п.б. Салыштырма-тарыыхый метод үчүн тилдик фактылар тектеш тилдерден алынат да ал фактылардын генетикалык теңдештиги каралат, талданат. Мисалы, персче падар, орусча папа, англисче фазе, хиндче баба сөздөрү фонетикалык айырмачылыкка ээ болгону менен бирдей маанини (ата) туюнтуп, семантикалык теңдештикке ээ.

Типологиялык метод. Тилдер негизинен ички табияты боюнча бири-бирине окшош. Мисалы, бардык тилдердин фонетикалык өзгөчөлүгүн үндүү жана үнсүз тыбыштар түзөт. Ал эми сырткы формасы боюнча тилдер айырмаланат. Буга кыргыз жана орус тилдериндеги уңгу сөздөргө мүчөлөрдүн жалганышын мисалга келетирүүгө болот. Тилдердин дал ушундай биримдиги жана айырмачылыктары тилдерди типологиялык негизде үйрөнүүнү жараткан.

Структуралык анализ методу. Бул метод тилди өз ара маанилик жактан байланышкан тил бирдиктеринен уюшулган бир бүтүн структура деп билет. Мыында тил жана кеп, тил бирдиктеринин (уңгу жана мүчөнүн) ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар, тил бирдиктеринин кептеги (кеп агымындагы) жайгашуу абаалдары, алардын өз ара маанилик жана грамматикалык мамилелери изилденет.

Математикалык талдоо методу. Азыркы доордо тилдик фактылар математикалык методдор менен изилденип жатат. Анткени тилдик түрдүү фактылар математиканын жардамы менен аныкталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тил илиминин структурасынын элементтери сапаттык белгилери боюнча гана эмес сандык белгилери боюнча да өзгөчөлөнөт деген тыянак чыгарууга болот. Математикалык талдоо методу аркылуу көркөм сөз чеберлеринин индивидуалдык чеберчилиги – стилдик өзгөчөлүгү да аныкталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. М., жөнөкөй, татаал сүйлөмдөрдүн колдонулушу, синоним сөздөрдү колдонуу чеберчилиги, сөз түркүмдөрүн колдонуу ж.б.


Тапшырма: 1) 19-к. тил илиминдеги агымдар боюнча тезис түз. 2) форма жана мазмун түшүнүгүн айтып бер. 3) тилдеги форма жана мазмун түшүнүгү деген эмне?



Советтик тил илими.


Жыйырманчы кылымдагы ири окуялардын башкысы-Совет бийлигинин жаралышы, жашашы жана кыйроосу. Бул кылымдагы зор илимий жана техникалык ачылыштар,адамзаттын башына т\шкън м\шк\л иштер, д\йнъдъг\ коомдук ъзгър\\лър социалистик идеология менен тике же кыйыр т\рдъ байланыштуу. Ошондуктан советтик тил илими советтик идеологиянын бир туундусу катары ъз\н\н алгылыктуу жана кемчил жактары менен СССР кыйрагандан кийин да ъз таасирин кърсът\п кел\\дъ.

Советтик тил илиминин өнүгүшү төмөндөгүдөй багыттарды ичине алат: тил илиминин теориясы; тектеш тилдерди салыштырып — тарыхый изилдөө; ар бир конкретүү тилдин тарыхый өнүгүшүнүн закон ченемдүүлүктөрү; диалектология жана диалектолография; структуралык жана статистикалык лингвистика ж. б.

Советтик тил илиминин алдына теориялык жактан да, практикалык жактан да орчундуу милдеттер коюлуп келген. Советтик тил илиминде ийгиликтүү чечилген маселелери тъмън\лър: тилдерди (кавказ, түрк, монгол ж.б) типоло-гиялык аспектиде изилдөө; фонология маселелерин кеңири иштеп чыгуу (Л. В. Щерба, С. И. Бернштейн, П. С. Кузнецов, Р И. Аванесов, Л. Р. Зиндер ж. б.);

Совет бийлигинин жылдарында тил илиминин жаңы тармактары пайда болду: адабий тилдин тарыхы, лингвостилистика; көп томдогон сөздүктөр т\з\лд\; лексикографиянын ън\г\ш\; ар түрдүү илимий эмгектердин пайда болду ж. б.

Тилдерди изилдөө боюнча советтик тил илиминде бир эле метод колдонулбастан, ар түрдүү методдор колдонулуп келди. Советтик тил илиминде окумуштуулардын арасында ар башка көз караштар да орун алып келди. Андай ар түрдүү көз караштар тил илиминдеги кризисти көрсөтпөстөн, тил илиминдеги жылыштарды, өнүгүштөрдү көрсөтөт. Натыйжада Советтик тил илими- биринчи кезекте диалектикалык материализмди методологиялык негиз кылып кармаган илим. Экинчи тараптан, советтик тил илими идеологиялык негизде иликтенген. Башкача айтканда, тилди изилдъъ мамлекеттик саясат катары каралган. Натыйжада улуттук тилдердин изилдениши орус тилинин изилденишинин уландысы катары каралган. Улуттук тилдердин комуникативдик багытта изилдениши солгун болгон. Ошого карабай советтик тил илими СССРдин тушунда бир топ ийгиликтерге жетишти.

20-жылдарда тилчилердин бир тобу Бодунэн де Куртенэнин «психологиялык» школасынын багытын жана Ф. Ф. Фортунатовдун формалисттик школасынын концепцияларын улантып келишти. Бирок ошондой болсо да бул школаларды жактоочулар жалаё гана айрым конкреттүү тилдерди изилдөө боюнча гана эмес. жалпы тил илими боюнча да, айрыкча жалпы фонетиканы изилдөө боюнча, сөзсүз тиешелүү салымдарды киргизишти.

Тажрыйбалуу эски окумуштуулар илимий-изилдөө иштерин улантышып, жаңы телчигип келе жаткан жаш окумуштууларга талыкпастан өздерүнүн бай тажрыйбаларын, билимдерин берүүгө умтулушту.

Ошенткени менен бул типтеги окумуштуулар тил илиминде коюлуучу проблемалар жана аларды изилдөө методдору жагынан совет мезгилине чейинки. эски традициялык салыштырма тил илиминин жоболорунан алыс кете алышкан эмес.

Жаңы методду издөөгө ыраазы болбогон тилчилердин бир тобу негизи идеалисттик чет элдик лингвисттердин социологиялык теорияларына көңүл бурушту, б. а. социологиялык агымдын өкүлдөрү Ф. де Соссюр, Ж. Вандриес, Э. Сепир сыяктуу окумуштуулардын эмгектериндеги илимий көз караштарына назар салышып, алардын кээ бир жоболорун пайдаланууга арагасыз болушту. Мына ошол мезгилде Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «Жаңы окуусу» кенири жайыла баштайт. Тил жөнүндөгү «жаңы" окуунун» өкүлдөрү советтик тил илиминде үстөмдүк кылышты.

Марристтер буржуазиялык тил илимин сынга алуу менен бирге, эски лингвистикадагы жетишкендиктерди жок кылууга аракеттенишет, айрыкча тектеш тилдерди изилдөөдөгү салыштырма-тарыхый методду жокко чыга-рууга аракеттенишкен.

Ошентип, марристтер эски илимий мурасты баркка алышпаган, тилдердин тектештиги жөнүндөгү концепцияларга, тилдердин тарыхын изилдөөгө каршы турушкан.

Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «Жаңы окуусунун» тө-мөндөгүдөй орчундуу жаңылыштыктары бар эле.

Н. Я- Марр «тил дегенибиз-надстройкалык көрүнүш» деп жалган теорияны таратып келген.

Н. Я. Марр жана анын «шакирттери» тилди надстрой-калык көрүнүш катарында эсептөө менен бирге, тил-тап-тык көрүнүш деген илимий жактан туура эмес теорияны да жайылтышкан.

Н. Я. Марр тилдин чыгышы жөнүндө жаңылыш пикирде болгон. Анын пикири боюнча, адамзат нечен миңдеген жылдар бою тыбыштуу тил менен сүйлөбөстөн жаңдоо, ымдоо, дене кыймылынан пайдаланган, б. а. кол тилинен пайдаланган.

Н. Я. Марр жана анын «шакирттери» тил бир сапаттан зкинчи сапатка жарылуу аркылуу өтөт деген тескери теорияны таратып келишкен.

Ошону менен бирге алар тилдердин аргындашуу маселесин айрыкча жогору баалашкан, бирок бул маселе-ни тескери түшүндүрүшкөн. Алар аргындашууну жаңы тилдин пайда болушу үчүн негизги жол деп эсептешкен.

Маррдын пикиринче, эки тил аргындашса, ортодон жаңыдан бир тил пайда болууга тийиш.

Н. Я- Марр тил менен .ойлоону өз ара байланыштуу карабастан, аларды биринен бирин бөлүй караган, анын пикиринче, тил ойлоосуз эле жашай алат имиш.

Н. Я- Марр жана анын «шакирттери» кылымдар бою тил шшминде колдонулуп келген жана анын пайдалуу экендиги иш жүзүндө аныкталган салышгырма-тарыхый методду буржуазиялык идеалисттик метод деп, курулай чуу көтөрүп, аны советтик тил илиминен алып салышкан.

Н. Я- Марр мунун ордуна өзүнүн илимий жактан жараксыз палеонтологиялык методун, б. а. каргыштуу төрт элементтүү анализин сунуш кылган.

Тил жөнүндөгү «Жаңы окуунун» өкүлдөрү, жалпы теориялык маселелерден тышкары, практикалык маселелер боюнча да орчундуу каталар жиберишкен.

Тил жөнүндөгү «Жаңы окуунун» өкүлдөрүнүн, бул айтылгандардан башка да, кемчиликтери жана ката көз караштары болуп келди.

Өлкөбүздө советтик бийлик орногон жылдардан тартыц, советтик тил илиминде төмөндөгүдөй кыйла чоң 'жана жооптуу милдеттер ийгиликтүү аткарылган болчу: жазмасы жок элдер үчүн жазма (алфавит) түзүү, кыска мөөнөттүн ичинде сабатсыздыкты жоюу; мектептерде, жергиликтүү мекеме орундарында эне тилин колдонуу; адабий тилдин лексикалык, фонетикалык, грамматикалык, орфографиялык, пунктуациялык, орфоэпңялык нормаларын белгилөө; окуу китептерин, окуу куралдарын, газета, журналдарын эне тилинде чыгаруу; улуттук кадрларды (анын ичинде биринчи кезекте мугалимдерди) даярдоо; өкмөт менен партиянын, директивдүү документтерин, марксизм-ленинизм классиктеринин, ошондой эле дүйнөлүк жана орус классик жазуучуларынын чыгармаларын эне тилине которуу; адабий тилдин негизине алынуучу диалектини аныктоо; илимий грамматикаларды жана сөздүктөрдү чыгаруу; тил илиминин маселелерин кеңири планда изилдөө; орус тилин үйрөнүү; терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чыгуу ж. б.


Тил илиминдеги терминдер жана терминология маселеси.

   Ар бир илим тармагында, техникада, өндүрүштө, саясатта, искусстводо ж.б. өзүнө таандык терминдердин системага салынып, атайын кабыл алынган белгилүү топтору болууга тийиш. Терминдердин мындай системасы терминология деп аталат. Алсак, тил илиминде төмөнкүдөй терминдер колдонулат: грамматика, лексика, орфография, тыбыш, тамга, үндүү, үнсүз, омоним, синоним, сүйлөм ж. б. Мындай тилдик каражаттар физика, математика, химия, биология, медицина, философия, экономика ж.б. илимдердин, ошондой эле техниканын, өндүрүштүн, искусствонун түрдүү салааларында кеңири колдонулат.

   Термин — илимдеги же техника багытындагы, өндүрүштөгү белгилүү бир түшүнүктүн официалдуу түрдө кабыл алынган наамын туюндуруу үчүн колдонулган сөз жана сөз айкаштарынын бир түрү. Бул латынча terminus («чек аралык белги», «чек ара», «чек») деген сөздөн алынган. Башка сөздөргө салыштырганда, терминдер өзүнө таандык бир катар мүнөздүү белгилери менен айырмаланат. Жалпысынан алганда, биз күндөлүк турмушта колдонуп жүргөн сөздөрдүн кыйла бөлүгү көп маанилүү келет, алар ар түрдүү эмоционалдык, экспрессивдик кубулушка ээ болуп, көркөм каражат катары да колдонулат. Мындай көрүнүштөр терминдерге, чынында, ылайык келүүчү белгилерден эмес. Бир маанилүүлүк (однозначность), нейтралдуулук жана белгилүү бир адистикке, илим тармагына тиешелүү болуп колдонулган конкреттүүлүк — булардын бардыгы терминдерге жалпы мүнөздүү болгон башкы белгилерге жатат. Тилдин сөздүк составындагы башка (термин эмес) сөздөр менен салыштыра келгенде, терминдерге мүнөздүү болуп турган бирден-бир өзгөчө касиет деп мына ушуларды эсеп кылууга болот.

   Термин бир маанилүү болуп, белгилүү бир түшүнүктүн гана аты катары колдонулушу керек деген талап, чынында, практикалык зарылдыктан улам келип чыккан. Эгерде термин көп маанилүү сөздөрдүн эсебинен жаралса же ал терминологиялык мааниден тышкары дагы башка мааниге ээ болуп турса, анда чаташуулар пайда болуп, конкреттүүлүк сапатынан ажырашы мүмкүн. Ошондуктан терминдердин ар дайым бир гана мааниге ээ болуп колдонулушу жогоркудай практикалык максатты көздөгөн касиет катары бааланат. Бирок мындай талап бардык эле учурда мүмкүн боло бербегендиктен, термин жана термин эмес сөздөрдүн арасында өз ара алмашуу, биринен экинчисине көчүп туруу сыяктуу карым-катыштарга да жол берилип келе жаткандыгы белгилүү. Ошол себептен улуттук тилдердин жалпы маанидеги айрым сөздөрү термин катары да колдонулуп келүүдө. Буга кыргыз тилинде лингвистикалык термин катары колдонулуп келе жаткан ээ (сүйлөмдүн ээси), уңгу (сөздүн уңгусу), мүчө (сөздүн же сүйлөмдүн мүчөсү), муун (сөздүн мууну), же болбосо математикалык терминдерге айланган кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, бөлчөк сыяктуу сөздөрдү мисалга келтирсек болот. Булар ушул аталган илим тармагына түздөн-түз байланыштуу болуп колдонулган учурда жогоркудай чектелген мааниде болуп, ошол тармак жагына тиешеси бар конкреттүү бир түшүнүктүн атын туюндурат.

   Адатта сырттан келип кирген сөздөрдөн турган терминдердин көп маанилүү болуп колдонулушу анча мүнөздүү көрүнүш эмес. Ошондуктан булардын ар бири кандай терминологиялык системага тиешелүү болуп турса, ошого ылайыкталган конкреттүү бир түшүнүктүн атын туюнтат. Маселен, кыргыз адабий тилиндеги атом, молекула, телескоп сыяктуу физико-техникалык терминдерди, же болбосо фонема, морфема, артикуляция, орфоэпия, агглютинация сыяктуу лингвистикалык терминдерди алып көрсөк, булардын ар бири, кандай контекстте турса да, өзүнүн бир гана маанисинде колдонулат. Андан өзгөчөлөнгөн кандайдыр бир кошумча мааниге булардын эч бирөө ээ эмес.

   Терминдердин бардыгы тең, жогоруда мисалга келтирилгендей, жеке сөздөрдөн турбайт. Ар бир илим тармагында, техникада, өндүрүштө ж.б. термин катары колдонулуп келе жаткан сөз айкаштары (алар көп составдуу татаал аттардын тобуна кирет) да аз эмес. Буга төмөнкүдөй орусча терминдерди мисал кыла кетсек болот: точка кипения, сила притяжения, переменный ток, прямой угол, двигатель внутреннего сгорания, совершенный вид (в глаголе), производительные силы, прибавочная стоимость, промышленный капитал, финансовый капитал, торговый оборот ж. б. Мындай структуралык формадагы терминдер кыргыз тилинде да бар: жарым өткөргүч, тең салмактуулук, тартылуу күчү, тик бурчтук, өндүргүч күчтөр, капиталдык салым, кошумча нарк, географиялык чөйрө ж. б.

   



Тилчи-окумуштуулардын өмүр-таржымалдары

Арабаев Ишеналы  (1882-1933) - 20-кылымдын башындагы туңгуч кыргыз илимпоз агартуучусу. 1900-жылы Орус - жергиликтүү мектебин бүткөн. 1900-10 жылдары Кыргыз айылдарында мугалим (молдо) болуп иштеген. 1910-13 жылдары Оренбург шаарындагы “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, анан Уфадагы жогорку диний мектеп - “Медресе Галиядан” окуп билим алган. 1911-жылы Молдо Кылыч Шамыркановдун “Кысса зилзаласына” - кыргыз тилиндеги эң биринчи китепке өзү алгы сөз жазып, Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап “Алиппе жаки тото окуу” аталыштагы туңгуч окуу китебин К. Сарсекеев экоо жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан бастырган.

1912-жылы “Жазуу орнектери” (таза жазуунун үлгүлөрү) аталыштагы китепти Оренбургдан чыгарган. Бул 35 беттен туруп, мында жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге келе эскерүү” аттуу жол очерки  “Айкан” журналынын 1-санына басылган. Уфадан келгенден кийин Ысык КөлНарын аймактарында бала окутуп, мектептерди ачкан. Ал Боогачынын “Секетбайын” жана фольклордук материалдарды жыйнаган. 1918-22 жылдары Жети Өгүз ревкомунун мүчөсү, облустун “Кошчу” бирлигинин төрагасына орун басар, Орусия Кеңештеринин 9-сөездине делегат болгон. Жети Өгүздө 1-мугалимдер курсун уюштурган, Алматыда жооптуу кызматта иштеген. 1922-24 жылдары Туркстан Эл комиссарлар Кеңешинде (Ташкен) иштеп, анын ил. комиссиясын жетектеген. Арабаев жетектеген ил. комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзгөн, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, окуу жана усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштарды даярдашкан, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен ж.б. 1922-жылы Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосунун жазууну уюштурган. 1924-жылы Кыргыз АОсу түзүлгөндө ал облустук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, “Эркин-Тоо” гезитинин редколлегия мүчөсү болгон. 1924-жылы араб графикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, ”Кыргыз алиппесин” жазган. Грамматика жана табият таануу боюнча 1-кыргызча окуу китебин түзгөн. 1925-жылы Тыныбектин айтуусунда “Семетейдин Айчүрөккө ойлонушу” деген эпизодду жазып алган жана аны китепче кылып Москва басмасынан чыгарган. Ошол эле кыргыздын туңгуч гезити “эркин-Тоону” уюштурууга катышкан жана 1-санына “Эркин-Тоо” деген макала жазган.
1925-жылы “Сабатсыз чоңдор учун алып-бээни” түзгөн. Окуу китептерин, колдонмолорду жазган жана көп китептерди которгон. Арабаев 1933-жылы Бугу айынын 11 жалаа менен улутчул деп камакка алынып, ошол эле жылы Теке айынын 7 Ташкендин түрмөсүндө каза болгон. 1958-жылы толугу менен акталган.



Карасаев Кусеин - белгилүү тилчи-окумуштуу, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог. 1905-жылы 5-январда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулган. 1944-жылы филология илимдеринин кандидаты, 1996-жылы профессор наамын алган. 1923-1925жж. Ташкент шаарындагы кыргыз агартуу институтунан окуган. Бул института окуп жүрүп « Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы сандарын чыгарышкан жана ага кабарчылык кылган, Орто Азия мамлекеттик университинин жумушчуфакультетине кыргыз тилинен сабак берген (1923-1927), ошондой эле ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунунун бюросуна мүчө болгон.

Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун, котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын  «Которможайында»  Манас», Кыргыз ырларынын түзүлүшү дегендей макалалары далил. Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан. Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон. Семетей  баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, 1931-жылы айтылуу манасчы  Саякбай Каралаевди  Фрунзе шаарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан  «Манас»  эпосун жазып алууну уюштурган. М.Горький,  А.Радищев,  Л.Крючковский, Р.Тагор жана башка жазуучулардын чыгармаларын которгон.

К.Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппени түзүшкөн, өзү да «Сабат ачкыч» (1927) аттуу алиппе жазган.

Ал Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири. К.Карасаев И.А.Батманов менен бирге кыргыздын сөздүк жаатындагы туңгуч эмгеги «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1938) түзгөн. 1966-жылы К.Карасаев тарабынан «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» (60 000 сөз) жарык көрдү. 1944-жылы «Русско-киргизский словарь» аттуу эмгеги Ж.Шүкүров, К.Юдахин менен бирге Москва шаарында жарык көргөн. «Орфографиялык сөздүк» (Ю.Яншансин менен бирге) Ф. 1956; «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» Ф. 1966; «Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жөнүндө» Ф. 1946 ж.б. эмгектери жарык көргөн.


Жапаров Абдыкерим - 1920-жылы 20-сентябрда Москва району, Жарды-Суу кыштагында туулган. Филология илимдеринин доктору (1967), профессор (1967). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун 1949-жылы бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1944-47-жылдары Москва районундагы Буденный атындагы орто мектепте директор, 1947-49-жылдары Кыргыз ССР эл агартуу министерствосунда инспектор болгон. 1951-жылдан КМУда окутуучу.

Анын кыргыз тилинин сүйлөм мүчөлөрү, сүйлөмдөгү сөз тизмектери жөнүндө монографиялары жарыяланган. Ал жогорку педогогикалык окуу жайлар, мектептер үчүн да окуу китептерин жазган.

Эмгектери: «Азыркы кыргыз тилиндеги сөз тизмегинин грамматикалык структурасы» Ф. 1955; «Главные члены предложения в современном киргизском языке» Ф. 1964; «Азыркы кыргыз тили» Ф. 1966; «Кыргыз тилинин грамматикасы» 2-бөлүм, Ф. 1951; «Азыркы кыргыз тили» Ф. 1966; «Кыргыз тилинин синтаксиси» Ф. 1979; «Синтаксический строй кыргызского языка» 1-2-том, Ф. 1992; «Кыргыз тилиндеги татаал сүйлөмдөр» Ф. 1981.


Касым Тыныстан уулу (Тыныстанов) - Ысык-Көл районундагы, Чырпыкты кыштагында 1901-жылы туулган. Кыргыз тили илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналсит, биринчи кыргыз профессору. Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу интстутунда окуган. "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927 - 30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары. 1928 жылында "Жаны маданият жолунда" журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу; ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу. Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда атылган.

Касым  кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп , ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жоопту редакторунун милдетин да аткарган . 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып , γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору , 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер , 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган .Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган . К.Тыныстановго 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамы ыйгарылган.

1924-жылы «Окуу китебин» тγзγп ,1926-жылы «Чондор γчγн алиппе» , 1927-жылы «Эне тилибиз”, 1933-жылы “Социалдык экономикалык сөздү” , 1934-жылы « Кыргыз тилинин морфологиясын » 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин » жаратты. Ошондой эле « Эне тили» , « Жаны айыл» , « Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору» ,« Жаны алфавит тγзγγнγн жаны принциптери », «Биздин тил » ж.б. макала , эмгектерин жазды.


Юдахин Константин Кузьмич - түрколог, лексикограф, түрк лексикографиясына негиз салгандардын бири. 1890-жылы 31-майда Орск шаарында төрөлгөн. Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Өзбек ССР ИАнын корр. мүчөсү (1952), филол. илимд. доктору (1949), профессор (1940).

Ал түрк тилдеринин көпчүлүгүндө сүйлөй да, жаза да билген кең арымдуу түрколог катары белгилүү. Юдахин К. К. түрк тилдеринин кыйласынын лексикасын, диалектологиясын, грамматикасын, жазмасын изилдеген, сөздүктөрүн түзгөн жана редакциялаган: «Кыргызча-орусча сөздүк» (1940, 1965) түзгөн, эки «Кыргызча-орусча сөздүк» (1940, 1965) түзүп, редакциясын башкарган, кыргыз диалектилерин классификациялап, «Кыргыз диалектологиясынын очерки» (1959), «Кыргыз диалектологиясы» (1971) деген эмгектерди редакциялаган, азыркы кыргыз орфографиясынын негизги маселелерин иштеп чыккан. Анын 1965-жылы чыккан «Кыргызча- орусча сөздүгү» түркологиядагы жана союздагы улуттук оригиналдуу түзүлгөн бирден бир мыкты лексикографиялык эмгек катары бааланган.


Юнусалиев Болот Мураталиевич - кыргыз совет тилчиси, түрколог, «Манасты» изилдөөчү, коомдук ишмер. 1913-жылы 6-октябрда Кемин районунун, Кичи-Кемин кыштагында туулган. Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдеринин доктору (1954), профессор (1954), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1963).

Юнусалиев Б. М. лингвистикалык эмгектери кыргыз тилинин тарыхына, анын диалектилери менен карым-катышына жана жазма адабий тилинин калыптанышына арналган: «Кыргыз адабий тилинин маанилүү маселелери» (1954), «Адабий тилибиздин диалектилик базасы жөнүндө» (1962), «Кыргыз тилин изилдөөнүн абалы жөнүндө» (1970), «Кыргыз тилинин тарыхы боюнча макалалар» (1965), «Кыргыз тил» (1966). Ошондой эле кыргыз мектептери үчүн «Алиппе» да жазган. «Кыргыз диалектологиясы» менен «Кыргыз лексикологиясы» анын окумуштуулук арымын аныктаган фундаментүү эмгектери болуп эсептелет. «Кыргыз лексикологиясында» кыргыз тилчилеринен биринчи болуп, салыштырма тарыхый методу кеңири колдонуп, кыргыз тилинин тарыхын түрк тилдеринин тарыхы менен тыгыз байланышта иликтейт.


Жакыпов Ыбырай - Элдик маданияттын соолгус булагы болгон - тил илимине опол тоодой салым кошкон Жакыпов Ыбырай 1917-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы районунун Акөлөң кыштагында туулган. Филология илимдеринин доктору илимий даражасын 1967-жылы алган, профессор наамын 1970-жылы алган. Ал бир нече монографиянын, орто мектептер менен жогорку педагогикалык окуу жайларга арналган синтаксис боюнча окуу китептердин автору. Анын негизги эмгектеринде кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүнү синтаксисин изилденген.

Чыгырмалары: Азыркы кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн синтаксиси, Ф., 1958., Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү Ф., 1965.


Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна - Улуттук маданияттын ажарын ачкан, тилчи-илимпоз, педагог, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, чет элдик бир нече илимий коомдордун ардактуу мүчөсү.

Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Аксуу районунун Чолпон кыштагында туулган. Филология илимдеринин доктору наамына 1966-жылы, профессорлук наамга 1967-жылы ээ болгон.

Б. Ө. Орузбаеванын негизги илимий эмгектеринде азыркы кыргыз тилиндеги этиш сөз түркүмү, сөз жасоочу мүчөлөр, лексикология, кыргыз тилинин тарыхы, жазуу эстеликтери, кыргыз адабий тили менен диалектилердин катышы, кыргыз терминологиясынын маселелери изилденет. Ал «Орусча-кыргызча сөздүктүн» (1957) негизги авторлорунун бири. Республикалык, жалпы союздук жана дүйнөлүк илимий конференция, симпозиум, конгресстерге катышып, кыргыз тилинин проблемалуу маселелери боюнча докладдарды жасаган.

Эмгектери: Словообразования в киргизском языке. Ф., 1964. Кыргыз адабий тилинин жалпы элдик негизи жөнүндө Ф., 1968., лингвистикалык терминдердин орусча, кыргызча сөздүгү, Ф., 1972., Сөз курамы, Б., 2000., Кыргыз тил илими Б., 20044


Кудайбергенов Сарыбай - Эне тилдин көмүскө сырларын ачып, сөз курамынын миң кырдуу табиятын изилдөөгө алагн Кудайбергенов Сарыбай 1925-жылдын 9-сентябрында Сокулук районунун Шалта кыштагында туулган. Филология илимдеринин доктору. КМПИнун тил жана адабият факультетин 1950-жылы бүткөн. 1950-53-жылдары СССР ИАнын Тил илими институтунда (Москва), Азыркы кыргыз тили секторуна башчы болгон. 1976-жылдан түркология секторун башкарат. С. Кудайбергеновдун эмгектеринде негизинен кыргыз тилинин морфологиялык түзүлүшү изилденет. Ал орто мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тили боюнча окуу куралдарды да түзгөн.

Эмгектери: Кыргыз тилиндеги сөз өзгөртүү системасы, Ф., 1957, Подражательные слова в киргизском языке, Ф., 1957, Кыргыз тилиндеги мамиле категориясы, Ф., 1959, Кыргыз тилиндеги ат атоочтор, Ф., 1960, Кыргыз тилиндеги этишти жасоочу кээ бир мүчөлөр, Ф., 1966.


Востоков А. Х. (1871-1864) – орус элинин көрүнүктүү филолог окумуштуусу (1861-жылдан академик). А. Востоковду жаш чагында эле филология жана археология иштери кызыктырат, этимология сөздүк үчүн материалдар чогултууга шыктанып, ыр жана амакал, лакаптарды үйрөнөт. Ал 1815-жылдан тартып элдик китепканадагы кол жазмаларды илимий жактан изилдөө ишине киришет. Мына ошол мезгилден тартып ал славян тилдерин изилдөөгө, айрыкча орус тилин изилдөөгө берилет.

1820-ж. «Рассуждение о словянском языке» аттуу эмгеги басылып чыгып, словян элдеринин тарыхында чоң орунду ээлеп ал эмгеги автордун илимий даңкын чыгарат. А. Востоковдун ьбул эмгеги словян тилдери боюнча биринчи жолу салыштырма-тарыхий метод менен жазылган эле. А. Востоковдун булл эмгегинде словян тилдеринин салыштырма грамматикасы боюнча туруктуу негиздер берилген.

Мына ошондой изилдөө иштеринин натыйжасында кол жазмалар өздөрүнүн тилдик бөтөнчөлүктөрү боюнча болгар, орус, серб, украин тилдеринде жазылып келгендигин ал даана ажыраткан.

А. Востоковдун «Рассуждение о славянском языке» аттуу эмгеги чындыгында индоевропалык тилдердин бир тобунун тунгуч тарыхий фонетикасы болуп да эсептелет. Анын «Русская грамматика», «Сокращенная русская грамматика» сыяктуу да көрүнүктүү чоң эмгектери бар. А. Востоков түрдүү ири сөздүктүрдү түзүү иштери боюнча да зор эмгек сиңирген.


Ракс Р. К. (1787-1832-ж.) – Дания окумуштуусу, тил илиминдеги салыштырма- тарыхий методко негиз салуучулардын бири. Анын салыштырма-тарыхий метод менен жазган көрүнүктүү эмгектери:

«Руководство по исландскому или древне-северному языку(1811-ж.). Исследование происхождение древно-северного или исландского языка» (1814-ж.).

Бул кийинки эмгеги илимий коомдун конкурстагы сыйлыгына татыктуу болгон. Раск тил илимде салыштырма-тарыхий методко негиз салуучулардын бири болгон болсо да, анткени анын чыгармалары өз учурунда башка Европалык тилдерге которулган эмес. Мисалы, анын жогоруда көрсөтүлгөн экинчи эмгегинин теңи гана («О фрокийском языкогом калассе» дкеген бөлүгү) И. С. Патер деген окумуштуу тарабынан немец тилине кыскача түрдө которулган; китептин биринчи бөлүгү такыр которулган эмес. Раск исланд тилин гренлан, кельт, баск, финн, славян, латыш, гот, фракий тилдери менен салыштырып текшерген. Мындай салыштырып текшерүүдөн Раск скандинав, герман, славян, латыш тилдери бири-бирине жакын деген корутундуга келген. Ал Азиялык тилдерди ( мисалы, санскрит) салыштыруу ишине тарткан эмес.

Жалпы алганда Расмус Раск-исландия филологиясын түзүүдө жана салыштырма-тарыхий методко негиз салууда чоң эмгек сиңирген окумуштуу.


Франц Бопп (1791-1867) - немец окумуштуусу, тилчи-санскритолог, салыштырма-тарыхий тил илимине негиз салуучулардын бири, академик, Берлин университетининин профессору.

Салыштырма-тарыхий метод менен жазылган анын баштапкы көрүнүктүү эмгегинин бири: « О системе спражения санскритского языка в сравнении с таковым греческого, латинского, персидского и германских языков» (1816). Ал китептин экинчи бөлүгү (159-беттен 312-бетке чейин) санскрит тилинен которулган текст болчу. Франц Бопп да, Раск сыяктуу, бир тил менен экинчи тилди же бир нече тилди өз ара салыштырып текшерүүлдө ал тилдердин арасындагы жакындык же тектештик катарында биринчи орунга грамматикалык түзүлүштү койгон.

Франц Бопптун ушул эмгегиндеги негизги максаты-саналаган тилдердин чыгышын билүү. Анын мындан башка да көрүнүктүү эмгектери бар. Жалпы алганда Франц Бопп салыштырма-тарыхий методдон өзүнүн ишинде кеңири пайдаланган.


Якоб Гримм (1785-1863) - немец окумуштуусу, филолог, салыштырма-тарыхий методко негиз салуучулардын бири. Ал тил илимине байланыштуу бир нече көрүнүктүү эмгектерди жазган. Анын көрүнүктүү эмгектеринин бири: «Немецкая грамматика» төрт томдон турат. Гримдин эмгектеринде фонетика маселесине кеңири орун берилген. Фонетика маселесине ошончолук кеңири орун берилишине Раскинин таасири болду деген маалыматтар бар.

Гримм жогоруда аталган эмгегни улам түзөтүп, улам оңдоп жаңы материалдар менен толуктап отурган. Анын булл ай тылган китеби чындыгында жөн эле немец тилинин грамматикасы эмес, гот-герамн тилдеринин тарыхын ичине алагн тарыхий грамматика эле.ж Батыш Европада тил илиминин өнүгүшүнө Гриммдин булл эмгегинин таасири чоң болгон.

Жалпы алганда тарыхий грамматиканы түзүшү Гриммдин тил илиминдеги сиңирген чоң эмгеги болуп эсептелет. Ал тил илимине байланыштуу эмгектеринде тилдин жалпы теориялык маселелерин иштөөгө да көп көңүл бөлгөн.

Жалпы алганда XIX кылымдын баш ченинде ар кандай элдерде салыштырма тарыхий тил илиминин негизинин түзүлүшүнө байланыштуу теориялык мүнөздөгү эмгектер жарыяланган.

Салыштырма тарыхий тил илиминин өнүгүшү жогоруда аталаган эмгектер менен чектелбейт жана тил илиминин өнүгүшүнө алардын тийгизген таасири да бирдей болбогон.


Штейнталь Г. – көп сандаган илимий эмгектердин автору, тилди психологиялык аспектиде изилдеген көрүнүктүү тилчи, теоретик-систематизатор. Илимий изилдөө иштеринде Штейнталь тилди психикалык көрүнүш катарында эсептейт. Индивидуалдык психологияны үйрөнүү арылуу (же жеке кишинин психологиясын үйрөнүү аркылуу) Штейнталь коллективдик (улуттук) психологияны үйрөнүүгө мүмкүн деп эсептеген.

Анын психолингвистикалык концепциялары орун алган эмгектри төмөнкүлөр: “Грамматика, логика и психология, и хпринципы и взаимоотношения” (1881), “Происхождения языка” (1888)


Сартбаев Калкабай Калыкович. (1911)

Кыргыз совет тилчиси, филология, илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССР И Анын м\чъс\, 1945-жылдан КПСС м\чъсу. КМПИни б\ткън. 1950-51-ж МГУда доцент. 1954-59-ж КМУнун филология факультетине декан. 1959-75-ж кыргыз тили, жана кыргыз адабиятын окутуу методикасын кафедрасында башчы болгон. 1975-жылдан кыргыз тилин жана адабиятын окутуу кафедрасында профессор. Анын кыргыз жана орус тилдерин , т\рк тилдерин салыштырып изилдеген эмгектери , о.э жогорку окуу жайлары менен орто мектептер \ч\н т\згън окутуу китептери бар. Бардыгы болуп 160 илимий эмгек жарыялаган.

Поливанов Евгений Дмитриевич.

Чыгыш тилдерин изилдъъчу тилчи, адабиятчы. 1934-жылдан Кыргыз маданий инститтунун профессору. Евразиянын 20дан ашуун ири тилдерин билген. Негизги эмгектеринде япон, кытай, \збек, дунган жалпы тил илиминин маселелери изилденет. Орустан башка улуттарга орус тилин окутуунун лингвистикалык методун биринчилерден болуп иштеп чыккан. Чыгыш адабиятынын поетикасын , фольклорун изилдеген.

Батманов Игор Алексеевич.

Советтик тилчи, т\рколог, филология, илимдердин доктору, кыргыз АССР ИАнын академиги, Кыргыз ССРинин эмгек синирген мугалими, КПССтин м\чъс\. Ташкент университтетинин Чыгыш тилдери кафедрасынан аспирантураны аяктап, 1941-жылы филология илиминин кандидаты. «Кыргыз тилинин элементардык грамматикасы», «Кыргыз тилиндеги съз т\рк\мдър\», «Кыргыз тилинин диалектилери», «Кыргыз адабий тилинин калыптаныш маселелери», «Кыргыз тилинин грамматикасын т\з\\ принциптери».