СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жамаатык келишимдер

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жамаатык келишимдер»

Абдусаттар Абдуллаев атындагы орто мектебинин 2020-жылдын 19-мартындагы педагогикалык кеңешмесинин жана кесиптик бирликтин баштапкы уюмунун биргелешкен отурумунда кабыл алынган. Чечим № 5/6 . 19.03.2020-жыл

Жамаатык келишимдин жалпы жобосу.

1. Иш берүүчү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодесинин II бөлүмүнүн 6- главасындагы 41- беренеден 45 -беренеге чейинки билим берүү уюмундагы социалдык –эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жана кызматкерлер менен иш берүүчүнүн өкүлдөрүнүн атынан алардын ортосунда жазуу жүзүндөгү түзүлгөн локалдык ченемдик укуктук акты болуп саналган -жамааттык келишимди 2020-2023-жылдарга түзүү.

2. Жамааттык келишим кеминде 1 жылдык, бирок 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

3.Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы “Билим берүү системасынын айрым котегориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” № 511 токтомунун талаптарын так сактоону камсыздоо .

- Мектепте эмгектенгендер үчүн алардын эмгегине акы төлөөдө жеңилдиктердин пайдаланышын толук көзөмөлгө алуу.

- Мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин эмгегин коргоо, алардын ден- соолугун чындоо үчүн мектептин абалына жараша шарттарды түзүү.

- Билим берүү мекемелериндеги зыяндуу жумуш орундардын тизмесин аныктап ар бири боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө карата милдеттерди белгилөө

- Эмгекти коргоо боюнча ар бир кааналар үчүн техникалык коопсуздук эрежелеринин нускамаларын иштеп чыгуу, андагы талаптарды аткарууга алуу

- Ден-соолугу начар, көп балалуу жана турмуш шарты начар билим берүү кызматкерлерине моралдык жана материалдык жактан жардамдарды уюштуруу.

- Алдынкы, изденүү менен иштеген мугалим- тарбиячыларга стимул айлык акыларды комиссиянын чечими менен көбөйтүп берүүнү көзөмөлгө алуу.

- Ички эмгек ыраатын жана эмгек тартибин жөнгө салуу.

-Ишти окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге берилген жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү кызматкерлердин турак жай жана турмуш- тиричилик шарттарын жапырт жумуштан бошотууну , эмгектик жаңжалдарды иш таштоолорду болтурбоо .

- Иш убактысынын жана эс алуу өргүүсүнүн узактыгы жөнүндө мыйзамдык талаптарды так аткаруу

- Чыгармачылык менен изденип иштеген алдынкы мугалим- тарбиячылардын иш тажрыйбалардын районго, областка жана республикага жайылтуу, аларды тармактык сыйлыктарга көрсөтүү.

- Окуучулар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында ата-энелер, коомчулук, мугалимдер жана социалдык педагогдордун бирдиктүү иш аракеттерин жандандыруу алар менен ар түрдүү окууларды, семинарларды уюштуруу.

Жамаатык келишим эки тараптын өкүлдөрүнүн колу коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.


Жамаатык келишимди 3 жыл ичинде 2 тараптын бирдей макулдугу менен кошумчалоого, өзгөртүүгө укук берилет. Келишим түзүлгөн жылдар ичи тараптар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин мыйзамдык талаптарына жана келишимге ылайык жекелик талаш-тартышты, жааматтык келишпөөчүлүктүб олтурбоого милдеттүү.

Иш берүүчү менен жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы уюму ортосунда түзүлгөн жамаатык келишимди Абдуллаев орто мектеби тарабынан каттоого алынууга милдеттүү.


Келишим төмөндөгү бөлүмдөр боюнча түзүлөт.


I. Социалдык – эмгектик мамилени жөнгө салуу.

  1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы “Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” № 511 токтомунун талаптарын так сактоону камсыздоо .

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


  1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун тиркемесиндеги жобонун негизинде мугалимдердин эмгекке жарамсыздык пособияларын, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособияларды жана расымдык(сөөк коюуга) пособияларды өз убагында төлөп берүүгө жетишүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


  1. Билим берүү кызматкерлеринин айлык акыларын мыйзамсыз кармап калууга бөгөт коюу, эгерде кармап калуу жагдайга жараша чечилген болсо, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 160,161- беренелерине ылайык жазуу түрүндө макулдугу боюнча гана кармоону көзөмөлдөө.


Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


  1. Кошумча төлөмдөрдү жана жаны айлык акыларды төлөөлөр боюнча эмгек жамаатына мектеп администрациясы жана борборлоштурулган бухгалтериянын эсепчиси аркылуу маалыматтык билдирүүлөрдү уюштурууга жетишүү.

Мектеп администрациясы


  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 169 -беренелерине ылайык билим берүү мекемелеринде түнкү убакта иштеген кароолдордун жана от жагуучулардын (котельшиктердин) ашпозчуларга, кир жуугучтарга эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү төлөп берүүгө көмөктөшүү.

Мектеп администрациясы

6. Мектепте айрым сабактар боюнча мугалимдер жетишпегенде мугалимдин сабак өтүү жүгү жумасына 31 саатка чейин көбөйтүү, Бирок мында даярдануу жана башка иштерге жумуш убактысын сарптоонун максималдуу иш жүгү 49 сааттан ашырбоо

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

7. Мектептеги педагогикалык кызматкерлер арасында сабак окутуу жүгүн окуу планындагы сааттардын санына жана педагогикалык кадрлар менен камсыз болушуна жараша баштапкы кесиптик бирлик уюмунун макулдугу менен аныктоо

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

8. Жаңы окуу жылындагы педагогикалык кызматкерлерге жумалык иштөө жүгүн бөлүштүрүү укугу баштапкы кесиптик бирлик уюму менен макулдашылган тартипте мектеп директоруна берилет деген норманы жетекчиликке алуу

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

9 . Зыяндуу жумуш орундарын ченемдик-укуктук актылардын ненгизинде аныктап аларды аттестациядан өткөрүү жана мыйзам аркылуу кепилденген кошумча төлөмдөрдү алып берүүгө көмөктөшүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

10. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык окуучулардын үйүнө барып, жекече окуткандыгы үчүн эмгек акыны төлөө шарттарын жетекчиликке алуу.I-IV- класстарда – 6 саат, V-класстарда 8-саат,VI класста 8,5 саат, VII-X класстарга 9 саат, XI класста 10 саат окутуу ишин эсептөө менен төлөөнү жүргүзүүнү мыйзамдуу негизде талап коюу.

Мектеп администрациясы.

11. Билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия жараянын жүргүзүүгө карата коопсуз шарттарды , жагымдуу иштөө жагдайларын түзүү боюнча эмгекти коргоо боюнча мыйзамдардын билим берүү уюмдарынын уставынын талаптарына шайкеш келген иштерди жүргүзүүнү уюштуруу

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

12.Акысыз өргүүдө жүргөн жана декретте турган кызматкерлерди жыл сайын бир ставкалык тарификациядан өткөрүүнү көзөмөлдөө.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

13 . Эмгек жөнүндөгү мыйзамды аткарууда биргелешкен көзөмөлдү күчөтүүдө өзгөчө төмөнкүлөргө көңүл буруу жана аткаруу.

Эмгек кодексинин:152-175 беренелерине ылайык өз убагында туура жана так айлык акыларды, кошумча төлөмдөрдү төлөп берүүнү көзөмөлдөө

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

14. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 116- беренесине ылайык билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүлөрүн өз убагында берип, эс алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик

.

15. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 175- беренелерине ылайык дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка тартылган кызматкерлерге эмгек акы төлөп берүүгө жетишүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


16. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 116- беренесине ылайык билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүлөрүн өз убагында берип, эс алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


17. Мугалим тарбиячыларды жана техникалык кызматкерлерди айыпсыз иштен бошотуусуна жол бербөө. Эгерде мыйзамсыз бошотулса, бошотулган кызматкердин эмгек акысы ошол мекеменин жетекчисинин эсебинен төлөтүлүп берүүсүн көзөмөлгө алуу.

II . Билим берүү кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү.


1 . Кыргыз Республикасынын ,, Билим берүү жөнүндөгү” жана ,,Мугалимдердин статусу жөнүндөгү” мыйзамдарда мугалимдер үчүн кепилденген жеңилдиктерди жана каралган социалдык колдоо боюнча беренелеринин толук өлчөмдө аткарылышына колдоо чараларын көрүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


Өз билимин өркөндөтүү үчүн курстарга барып келген мугалимдердин сапар чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 185- беренесине ылайык өз убагында төлөп берүүгө жетишүү.

Мектеп администрциясы


2 .Мектептин жетекчилерин жана кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга жана тармактык кесиптик сыйлыктарга көрсөтүүдө баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен макулдашуу аркылуу иш жүргүзүү.

Мектеп администрациясы

Баштапкы кесиптик бирлик


3 . Айкалыштырып иштеген жана сырттан окуган мугалимдерге шарт түзүп берүү жана кепилдиктерди, компенсацияларды сактоо менен төлөп берүүгө жетишүү.

Мектеп жетекчилиги

Баштапкы кесиптик бирлик


4 . Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо максатында курорттук-санаториялык дарылоо мекемелерине жолдомолорду берүү, алардын дарыланууларына материалдык колдоолорду көрсөтүү.

Мектеп администрациясы

Кесиптик бирликтин баштапкы уюму

5. Мектепте мугалимдердин эс алуу менен психологиялык жактан калыптандыруу, эмгектик жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүү кааналарын уюштуруу.

Билим берүү бөлүмү

Кесиптик бирликтин райкомитети.

6 . Мектептин тазалыгына, жылуулугуна, жарыктын нормада болуусун көзөмөлдөө.

Мектеп администрациясы

Кесиптик бирликтин баштапкы уюму

7 . Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55 беренесине ылайык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен түзүлгөн Эмгек келишиминде көрсөтүлгөн ченемдердин жана мөөнөтүн аткарылышын так кармоого жетишүү.

Мектеп администрациясы

Кесиптик бирликтин баштапкы уюму


Жамаатык келишимдин корутундусу

Мектептин педагогикалык кеңешмесинде, баштапкы кесиптик бирликтин биргелешкен отурумунда талкууланып жана эки тарап кол койгондон баштап күчүнө кирет.

Эки тараптын келишимдеги маселелеринин турмушка ашырылышы боюнча бир жылда бир жолу биргелешкен жыйында баяндама берилет.

Келишимде каралган маселелерди эки тарап тең аткарбаса Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин мыйзамдарына ылайык биргелешкен чогулушта жоопкерсиздик, ишенимсиздик баалары берилет.


Жамаатык келишим эки нускадан турат.


А. Абдуллаев атындагы орто Баштапкы кесиптик бирлик

мектебинин директору уюмунун төрайымы

Калмурзаева Т Абдуразакова М

Колу ______________ Колу_____________


“____”__________2020-ж “___”___________2020-ж