СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жан азыгы- жагымдуу музыка.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сөз өстүрүү сабагынын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Жан азыгы- жагымдуу музыка.»

Жан азыгы – жагымдуу музыка.

Жан азыгы – жагымдуу музыка.

Сабактын максаты: 1. Студенттер музыка боюнча жаңы маалымат алышат. 2. Өз алдынча маалымат издөөгө жана аны пайдаланууга көнүгүшөт. 3. Музыканын ар кандай түрүн угууга жана курбулары ырдап жатканда аны кубаттап турууга, бири-бирин сыйлоого көнүгүшөт.

Сабактын максаты:

  • 1. Студенттер музыка боюнча жаңы маалымат алышат.
  • 2. Өз алдынча маалымат издөөгө жана аны пайдаланууга көнүгүшөт.
  • 3. Музыканын ар кандай түрүн угууга жана курбулары ырдап жатканда аны кубаттап турууга, бири-бирин сыйлоого көнүгүшөт.
1-ТАПШЫРМА. Сөздөрдү жана сөз айкаштарын окугула. Түшүнүксүз сөздөрдүн маанилерин аныктагыла. Төмөнкү сөздөрдү тематикага бөлүштүргүлө. Сөздөр: калем, аңгеме, эстелик, живопись, акын, спектакль, бийчи, автор, галерея, ооз комуз, драматург, айкел, ырчы, симфония, сүрөтчү, пейзаж, комуз, жазуучу, портрет, обон, аткаруучу, күү, режиссёр, актёр, оркестр, картина, көргөзмө, көшөгө, повесть, поэма, коюучу-режиссёр, оператор.

1-ТАПШЫРМА.

  • Сөздөрдү жана сөз айкаштарын окугула. Түшүнүксүз сөздөрдүн маанилерин аныктагыла. Төмөнкү сөздөрдү тематикага бөлүштүргүлө.
  • Сөздөр: калем, аңгеме, эстелик, живопись, акын, спектакль, бийчи, автор, галерея, ооз комуз, драматург, айкел, ырчы, симфония, сүрөтчү, пейзаж, комуз, жазуучу, портрет, обон, аткаруучу, күү, режиссёр, актёр, оркестр, картина, көргөзмө, көшөгө, повесть, поэма, коюучу-режиссёр, оператор.
Сүрөт Музыка Кино Көркөм адабият Театр

Сүрөт

Музыка

Кино

Көркөм адабият

Театр

2- тапшырма:  Маектешиңер менен сүйлөшкүлө „ƒСуроолор: 1. Музыканын кайсы түрүн жактырасың? Классикалык, заманбап музыканыбы же элдик музыканыбы? Концертке барып турасыңбы? 2. Кинону жакшы көрөсүңбү? Кандай фильмдер жагат? Жакында кайсы фильмди көрдүң? Анын эмнеси эсиңде калды? 3. Белгилүү сүрөтчүлөрдү билесиңби? Сен сүйгөн сүрөтчү ким? Портреттер жагабы же пейзажбы? 4.Театрга баргансыңбы? Сага балет, опера, драма, комедиялар жагабы? Эл кайсы театрга көбүрөөк барышат? Эмне үчүн?

2- тапшырма: Маектешиңер менен сүйлөшкүлө

  • „ƒСуроолор: 1. Музыканын кайсы түрүн жактырасың?
  • Классикалык, заманбап музыканыбы же элдик музыканыбы?
  • Концертке барып турасыңбы?
  • 2. Кинону жакшы көрөсүңбү? Кандай фильмдер жагат? Жакында кайсы фильмди көрдүң? Анын эмнеси эсиңде калды?
  • 3. Белгилүү сүрөтчүлөрдү билесиңби? Сен сүйгөн сүрөтчү ким? Портреттер жагабы же пейзажбы?
  • 4.Театрга баргансыңбы? Сага балет, опера, драма, комедиялар жагабы? Эл кайсы театрга көбүрөөк барышат? Эмне үчүн?
Музыкалык мүнөт

Музыкалык мүнөт

  • 5-ТАПШЫРМА. Маанилерди тиешелүү сөздөр менен туташтырып, искусство темасы боюнча чакан текст түзгүлө.
  • Адабият – чындыкты көркөм образдарда чыгармачылык менен көрсөтүү;
  • көркөм чыгармачылык өнөрү; көркөм чыгармачылыктын бир тармагы.
  • Бедизчи (скульптор) – белгилүү бир музыкалык ыргакты сактагандагы үн.
  • Күү – скульптура жасоого адистешкен сүрөтчү.
  • Обон – комузда чертилүүчү же башка музыкалык аспаптарда аткарылуучу музыкалык чыгарма, обон.
  • Жазуучу – поэзиялык чыгарма жараткан автор, ыр жазган адам.
  • Акын – көркөм-адабий кара сөз чыгармаларды жазган адам.
  • Көргөзмө – көпчүлүккө көрсөтүлүүчү ар кандай нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун.
  • Театр – адамдын ички сезимдерин жана идеяларын ритмикалык жана ин- тонациялык түрдө бириккен үндөр менен берүүчү искусство жана ошол искусствонун чыгармасы.
  • Музыка – драма, опера, балет сыяктуу сахналык оюндарды актёрлор аркылуу көрүүчүлөргө элестүү кылып көрсөтүү искусствосу.
  • Кино – тилдин, көркөм сөз каражаттарынын жардамы менен адабий образ- дарды түзүүчү искусствонун бир түрү.
  • Искусство – кинематография, киноискусство, кинофильм, кинотеатр деген түшүнүк- төрдү билдирүүчү жалпы ат.
Сүйлөмдөр  Байыркы гректер ырчы … жөнүндө миф чыгарышкан. Анын ыры … жараткан. Ал кифарасын … алып, … коштоп ырдай баштаганда шамал … шуудуратпай тык токтоткон. Булардын бардыгын кереметтин керемети – … арбап, өзүнө баш ийдирген.  Байыркы мезгилдерде … мына ушундайча жогору баалашкан. Сөздөр Жалбырактарды Колуна Орфей Музыканы Күүнү Музыка Кереметтерди
  • Сүйлөмдөр
  • Байыркы гректер ырчы … жөнүндө миф чыгарышкан.
  • Анын ыры … жараткан.
  • Ал кифарасын … алып, … коштоп ырдай баштаганда шамал … шуудуратпай тык токтоткон.
  • Булардын бардыгын кереметтин керемети – … арбап, өзүнө баш ийдирген.
  • Байыркы мезгилдерде … мына ушундайча жогору баалашкан.
  • Сөздөр
  • Жалбырактарды
  • Колуна
  • Орфей
  • Музыканы
  • Күүнү
  • Музыка
  • Кереметтерди
 Текстти окуп, анын негизинде музыканы угууга жогорку үлгүдөгүдөй кеңеш бергиле.  Иоганн Себастьян Бах, Вольфганг Амадей Моцарт, Людвиг ван Бетховен, Пётр Ильич Чайковский, Эдвард Григ, Роберт Шуман, Сергей Рахманинов, Сергей Прокофьевдин музыкасы – булар олуттуу музыка. Аны түшүнүү үчүн музыканы үйрөнүү керек, бул ар бир адамдын колунан келет. Классикалык музыка менен таанышууга акырындап даярдан, композитор жана анын заманы тууралуу билүүгө аракеттен, эгерде музыка адабий чыгармага негизделип жазылса, аны окуп чык. Бала кезиңен эле анча татаал эмес классикалык музыканы уга жүр. Мисалы, П. Чайковскийдин «Неаполитан ыры», «Кичинекей ак куулардын бийи», Бетховендин «Суур», Прокофьевдин «Петя менен карышкыр» аттуу жомок симфониясын жакшы көрүп угууга аракеттенгениңер дурус. Бул болсо кийин опера, балет, хор чыгармаларын, симфониялык жана айрым бир аспаптар үчүн жазылган соло чыгармаларды түшүнүүгө жакшы өбөлгө болот.

Текстти окуп, анын негизинде музыканы угууга жогорку үлгүдөгүдөй кеңеш бергиле.

Иоганн Себастьян Бах, Вольфганг Амадей Моцарт, Людвиг ван Бетховен, Пётр Ильич Чайковский, Эдвард Григ, Роберт Шуман, Сергей Рахманинов, Сергей Прокофьевдин музыкасы – булар олуттуу музыка.

Аны түшүнүү үчүн музыканы үйрөнүү керек, бул ар бир адамдын колунан келет. Классикалык музыка менен таанышууга акырындап даярдан, композитор жана анын заманы тууралуу билүүгө аракеттен, эгерде музыка адабий чыгармага негизделип жазылса, аны окуп чык. Бала кезиңен эле анча татаал эмес классикалык музыканы уга жүр. Мисалы, П. Чайковскийдин «Неаполитан ыры», «Кичинекей ак куулардын бийи», Бетховендин «Суур», Прокофьевдин «Петя менен карышкыр» аттуу жомок симфониясын жакшы көрүп угууга аракеттенгениңер дурус.

Бул болсо кийин опера, балет, хор чыгармаларын, симфониялык жана айрым бир аспаптар үчүн жазылган соло чыгармаларды түшүнүүгө жакшы өбөлгө болот.

ТАПШЫРМА:   «ЖАН АЗЫГЫ – ЖАГЫМДУУ МУЗЫКА» деген текстти ИНСЕРТ стратегиясы менен окуп чыккыла. Эгерде маалымат мурда белгилүү болсо, « +» ; Эгерде маалымат белгисиз болсо, « - » ; Эгерде текст боюнча суроо туулса, « ? » белгилерин коюп чыккыла. (дептерге иштейбиз).

ТАПШЫРМА:

  • «ЖАН АЗЫГЫ – ЖАГЫМДУУ МУЗЫКА» деген текстти ИНСЕРТ
  • стратегиясы менен окуп чыккыла.
  • Эгерде маалымат мурда белгилүү болсо, « +» ;
  • Эгерде маалымат белгисиз болсо, « - » ;
  • Эгерде текст боюнча суроо туулса, « ? » белгилерин коюп чыккыла.
  • (дептерге иштейбиз).
Тапшырма: 1. Музыкага байланыштуу кызыктуу фактыларды издеп таап, чакан топто талкуулайбыз. 2. Группага жарыялайбыз.

Тапшырма:

  • 1. Музыкага байланыштуу кызыктуу фактыларды издеп таап, чакан топто талкуулайбыз.
  • 2. Группага жарыялайбыз.
Үйгө тапшырма: Тест

Үйгө тапшырма:

  • Тест