Просмотр содержимого документа
«Жандоочтор 7 -класс 1 - сабак»
Сокулук району Краснооктябрь № 2 орто мектеби
Кыргыз тил жана кыргыз адабияты мугалими Маматаева Динара Султанбековна
Салам, менин акылдууларым!
Жагымдуу маанай
- «Мен сага ишенем»
- Мисалы:
- Акылдууларым, мен силерге ишенем! Силер Кыргызстандын желегин желбиреткен улан –кыздардан болосуңар!
Сабактын темасы:
Сабактын максаттары:
Жандоочтор тууралуу маалымат алышат.
Жандоочторду катыштырып сүйлөмдөрдү жана тексттерди түзүшөт.
Сүйлөө кебинин тактыгына, тууралыгына маани берүүгө багыт берүү.
Үйгө берилген тапшырманы текшерүү
- Текст түзүп келүү.
- «Мен Коронавирустан кантип сактанам»?
Өтүлгөн теманы кайталоо
- «Адашкан кызматчы сөздөрду табуу»
Мүмкүн, гана, аябай, эгер, аркылуу, үчүн, албетте, өтө, ошондой болсо да, соң, анткени, чейин, имиш, мейли, тууралуу, чындыгында, ооба, ал эми, керек, сыяктуу, себеби, дагы, балким, деле.
Жандоочтор: аркылуу, тууралуу, үчүн, чейин, соң, сыяктуу, кийин
Байламталар: ал эми, анткени, ошондой болсо да, себеби, мейли
Бөлүкөлөр: гана, өтө, аябай, ооба, дагы, деле, түгүл, эң, куду
Модаль сөздөр: албетте, чындыгында, керек, мүмкүн, имиш, балким,
Жаңы теманы түшүндүрүү
- Өз алдынча турганда лексикалык бир маанини билдире албаган, сүйлөмдөгү сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылган же аларга кошумча маани берген кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат.
Мисалы:
Асан шаарды карай кетти. Асан шаарды кетти.
Алым менен келдим. Алым келдим.
Көнүгүү аткаруу
222 - көнүгүү
Это изображение , автор: Неизвестный автор, лицензия: CC BY-SA
Бышыктоо
Жыйнтыктоо
- Мен билдим …
- Мен үйрөндүм …
- Мен түшүндүм …
Үйгө тапшырма берүү
Жандоочторду катыштырып текст түзүп келүү.
Тема: «Жаз керемети»
Көңүл бурганынар үчун чоң рахмат!
Саламатта калгыла!