Кара-Балта шаары № 4 орто мектеби
Кыргыз тили
7-класс
Мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Бийиктик акылыңда,
Тереңдтк адамкерчилигиңде.
Акылыңар менен бийик болуп, адамкерчилигиңер менен коомго керек жарандардан болгула!
Сабактын
темасы:
Жандоочтордун бөлүнүшү: атооч, барыш, табыш, жатыш жөндөмөлөрүндөгү сөздөр менен айкалышуусу.
Сабактын
максаты:
- Жандоочтордун кандай түрлөрү бар?
- Жөндөмөлөр менен айкашуучу жандоочтор
Жандоочтор,анын кызматчы сөз катары негизги касиети.
129-бет
224 – көнүгүү.
Көчүрүп жазып, жандооч сөздөрдү таап, алдын сызгыла.
Өтүлгөн
тема:
Жаңы тема:
Жандооч сөздүн дээрлик бардыгы тилдин өсүп- өнүгүшү менен бара – бара өз алдынча маани берүүдөн калып, жандоочтук кызматты аткарып калышкан.
М.: Соң деген сөзү алып көрөлү;
Соңунан басты (затташкан тактооч),
Соңку жыл (сын атооч),
Өзүм жалгыз болгон соң (жандооч),
Иш бүткөн соң барам (жандооч).
Жандоочтор маанилик жактан жөндөмө мүчөлөр менен тыгыз байланышат. Алар атооч сөздөрдөн же этиштин атоочтук жана кыймыл атооч формаларынан кийин келип, алардын башка сөздөр менен болгон синтаксистик мамилесин көрсөтөт. Ошондуктан, биз жандоочторду кайсы жөндөмөдөгү сөздөргө айкаша тургандыгы боюнча өзүнчө топторго ажыратабыз.
Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: аркылууу, бою, бойдон, боюнча, жөнүндө шекилдүү ж.б.
М.: Үй ичи көңүлсүз богон соң, бир аз олтурган болуп биз да талаага чыгып кеттик.
- үчүн жандоочу атооч сөздөргө -ыш, -оо,-уу, -мак мүчөлөрү кыймыл атоочторго айкашып келип, максат, себеп, арноо, ылайыктоо маанилерин билдирет. М.: Иштегениң бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.
- Менен жандоочу зат атооч, ат атооч, затташкан сын, сан атоочторго жана –ган, -ар, -бас мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша клип, сандык, мезгилдик жана мейкиндик, биргелешүү маанилерин билдирет. М.: Беттин көркү нур менен, белдин көркү кур менен. Ушул эле маанилерде кыймыл атоочтор менен да айкаша бериши мүмкүн. М.: Экватордо күн батыш менен караңгы кирет.
Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
- Аркылуу жандоочу зат атоочтор менен ат атоочторго айкашып келип, кыймыл-аракеттин катыштыгы бар экенин билдирет. М.: Мен аны сүрөт аркылуу төкпөй-чачпай элге жеткирсем деген үмүттөмүн. - Сайын мезгил маанисиндеги атооч сөздөр, -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин удаа аткарылыш маанисин билдирет. М.: Жыл сайын алма бышканда бирөө жеп кетет имиш. - Сыяктуу, сымак, сымал деген жандоочтор зат, ат, кыймыл атоочтор жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып келип, окшошуу маанилерин билдирет. М.: Орус чалыш бирөө алдыбыздан чыкты.
- Жөнүндө, тууралуу жандоочтору атооч сөздөр жана кыймыл атоочтор менен айкашып келип, ошол сөздөрдү объект кылып көрсөтөт.
М.: Мен бул иш тууралуу силерге айтып берүүгө түздөн-түз милдеттүүмүн.
- Бою, боюнча жандоочу атооч сөздөр, -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып келип, түшүнүктүн же ойдун объектини толук камтыган жагдайын билдирет.
М.: Түнү бою кирпик какпай олтуруп жазып чыктым.
- Бойдон, боюнча жандоочу –ган мүчөлүү атоочтуктар, айрым тактоочтор жана кээ бир атооч сөздөр менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин сын- Учкан бойдон көздөн кайым болду.
сыпатын билдирет.
М.:
Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор : дейре, караганда, карай, карата, чейин.
М.: Бала таң атканча тук этип уктаган жок.
- Чейин, дейре деген жандоочтор мезгилдик, мейкиндик маанидеги атооч сөздөргө, сан атооч, ат атоочторго, кыймыл атоочко жана –ган мүчөлүү атоочтуктарга айкашып келип, мезгил же аралык боюнча чектөө маанилерин билдирет.
М.: Балкашка чейин жүздөгөн километр мейкиндик жатат.
- Карай, карата жандоочу мезгилдик, мейкиндик объект маанилериндеги зат атооч сөздөргө, ат атоочторго, тактоочторго, туюндурулган нерсеге, объектиге бет алгандык маанисин көрсөтөт.
М.: Окуусун бүтөөр менен шаарды көздөй
сызды.
- Караганда жандоочу бардык атооч сөздөргө, кыймыл атоочко жана –ган мүчөлүү атоочтуктарга айкашып келип, бир нерсени экинчи бир нерсеге салыштыруу маанисин билдирет. М.: Сага караганда ал активдүү көрүнөт. - Жараша атооч сөздөрү, кыймыл атоочторду жана –ган мүчөлүү атоочтуктарды жандап келип, жандооч катары колдонулганда ылайыкташуу, окшошуу маанилерин билдирет. М.: Шартка жараша ушул жерде иштеп турайын дедим. - Жете атооч сөздөрү жандап келип, жандооч катары колдонулганда мезгилдик жана орундук чектөө маанилерин билдирет. М.: Айылга жете аттардын оозун тарттык.
Табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: бойлоп, бойлой, ката, көздөй.
- Бойлоп, бойлой деген сөздөр атооч сөздөрдү жандап келип, жандооч катары колдонулат да бирге болуу, жанаша болуу маанилерин билдирет.
М.: Алар трубаны бойлоп жогору чыгышты.
- Ката атооч сөздөрдү жандап келип, жандооч катары колдонулганда аралык-мезгилдик маанилерин билдирет.
М.: Жолду ката шар аккан суунун добушу сөздү да жакшы угузбайт.
- Көздөй жандоочу атооч сөздөрдү жана кыймыл атоочторду жандап келип, багыт маанисин билдирет.
М.: Арыдан айылды көздөй келе жаткан калың топ дагы жакындап кирип келди.
- Карай, карата деген жандоочтун табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып айтылган учурлары да бар.
М.: Шаарды карай бет алды.
Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: ары, башка, баштан, бетер бери ж.б.
- Ары, бери, мурун жандоочтору зат атооч, ат атооч жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып, мезгилдик, орундук маанилерди билдирет.
М.: Окууну бүтөндөн кийин эле ар кимибиз ар жакка тараганбыз.
- Башка жандоочу зат атооч, ат атооч, жамдама сан атооч, кыймыл атооч жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, алар аркылуу тюндурулган нерсени кыймыл-аракетке алмаштырбоо маанилерин билгизет.
М.: Адамдан башка жөлөк жок, элден башка тирек жок.
- Бетер деген жандооч зат атооч, ат атооч, кыймыл атооч жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, күчөтүү маанилерин билдирет. М.: Каадалуу коноктордон бетер көлдөлөңдөн барып орун алдык. - Соң жандоочу атооч сөздөр жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, мейкиндик, мезгилдик катыштарды же себепти түшүндүрөт. М.: Көңүлү болгон соң бара берсин. - Көрө жандоочу атооч сөздөр, кыймыл атоочтор жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, кандайдыр терс маанини билдирет. М.: Ушундан көрө аскерге кеткеним артык эмеспи.
- Баштап, тартып деген сөздөр чыгыш жөндөмөсүндөгү атоочтор жана –ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып жандооч катары колдонулганда, кыймыл-аракеттин башталыш ордун билдирет.
М.: Эмки жумадан тартып сабактарыбыз көбөйөт.
- Илгери, тышкары деген сөздөр да чыгыш жөндөмөсүндөгү атоочторду жана –ган мүчөлүү атоочтуктарды жандап келип, жандооч катары колдонулуп, кандайдыр мезгил же орун маанилерин билдирет.
М.: Бул окуя ошол баягы окуядан илгери болгон, балам.
Бышыктоо:
130-бет.
225-көнүгүү.
Сүйлөм ичинен жандоочторду тапкыла. Өзүнөн мурунку сөздөр кайсы жөндөмөдө турганын далилдегиле жана эмне себептен жандооч экенин аныктагыла.
М.: Адам-адам менен адам.
Жыйынтыктоо:
- Атооч, барыш, табыш, чыгыш жөндөмөлөрү менен айтылуучу жандоочтор кайсылар?
- Алар кандай маанилерди туюндурат?
Үйгө
131-бет.
228-көнүгүү.
Сүйлөмдөрдөн жандоочторду таапкыла жана алардын алдын сызып көрсөткүлө.
М.: Даам менен тузга жолдош табылбайт.
Тапшырма:
Кимде ким окуй билсе, олжо табар, Кимде ким билим алса, олжо алар