СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаны жылдык кеченин сценарийи

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаны жылдык кеченин сценарийи

Просмотр содержимого документа
«Жаны жылдык кеченин сценарийи»

Сценарий

  1. БИЙ ( 6-класс)

  2. САЛАМДАШУУ

Кылымдардын далайларын карытып,

Убак келет көп жылдарды бастырып.

Мына кайра келип калды билинбей,

Жаңы жылым ай ааламды жаңыртып.

Каалоо- тилек оюн күлкү жаңырык,

Жайнайлычы ак розадай ачылып.

Жаңы жылым жаңы кылым кут болсун деп,

Ак сакалдуу кыш да келди шашылып демекчи

Саламатсыздарбы ардактуу агайлар, кымбаттуу эжейлер, суйүктүү окуучулар жана кадырлуу коноктор. Баарыңыздарды кирип келген 2020- жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Кирип келген Жаны жыл жалпыбызга жакшылыктарды алып келсин,Жараткан ырыскысын салып берсин.Журокто омур бою очпой жанган,Жузубузго ыйман кошуп тагып берсин.Дениздей толкуп турган бакыт берсин,Тугонбос туболукко жетип турган,Таалайды таттуу кылып чачып берсин.Каалаймын асыл тилек максаттарды,Адамга керек болгон бакыттарды.Кудайдан эмне тилеп кол сунсаныз,Келечекте аткарылсын анын баары! Деген жакшы каалоо тилек менен баарыңыздарды билим кени уялаган №5 мектеп – гимназиясынын “БАЛАТЫ – 2020” майрамдык кечечсине кош келипсиздер демекчибиз.

Баарыңыздардын дүркүрөгөн кол чабууңуздар менен бүгүнкү салтанаттуу кечени ачып берүү үчүн сөз кезегин №5 мектеп- гимназиясынын директору, Билим берүүнүн мыктысы Шооруков Жаныбек Абдибахаповичке беребиз.



  1. Чоң рахмат агай, Айтылган каалоо тилектер кабыл болсун дейлида сиздер үчүн жагымдуу музыкалык ыр десте суналы. Кабыл алып коюнуздар 11-класстын окуучуларынын аткаруусунда “Кел Жаны Жыл” ыры. Кол чабып койунуздар.

Жаны жыл жакшылыктарды алып келсин,

Жараткан ырыскысын бере берсин.

Жүрөктө өмүр бою өчпөй жанган,

Жүзүбүзгө ыйман кошуп тагып берсин.

  1. Жаңы жылдык салтанатыбызды жагымдуу каалоо – тилектер менен уланталы. Кийинки куттуктоо үчүн сөз

1. Катраң айыл Өкмөтүнүн башчысы ПОЛОТОВ ШАРАФИДИН АКМАТОВИЧКЕ

1.Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акиминин биринчи орун басары ИСАЕВ АБДИКАСЫТ АБДУЛАКИМОВИЧ

  1. Чоң рахмат. Терен ыраазычылык билдиребиз. агаларыбыздын сөзүн бекемдеп 5-6-класстын кыздарынын аткаруусунда жагымдуу ыр . кабыл алып койуңуздар.

  2. Бийле жигит бийле кыз, бийлегенге не жетсин.

Ырда жигит ырда кыз ырдаганга не жетсин демекчи, майрамдык кечени 11-класстын окуучулары вальс бийи менен улантсын.













  1. Жаны жыл кирип келет жакында,
    Жаны бакыт алып келсин баарына.
    Баарын жандан эч ким карап олтурба, 
    Мындай майрам бир кун эле бир жылда.

Куттуктоо үчүн сөз кезегин

Арадагер мугалим, Билим берүүнүн мыктысы Жалилов Абдиламит Жалиловичке жана ардагер мугалим Жолдошов Убайдилла Матурайимовичке берилет.

  1. Агайларыбыздын сөзүн бекемдеп, 7-класстын окуучуларынын аткаруусунда флешмоб бийи сиздер үчүн болсун.

  2. Абдимамыт кызы Мирзада (ыр)

Кел, жаны жыл алыс жолду арытып
Кел жаны жыл тозон уруп кар учуп
Жаш бобокту да бир жашка чонойтуп
Карыяны да бир жашка карытып
Шаркыраган дарыядай агып кел
Шанга толуп адам затка жагып кел
Баарыбыздын кутконубуз топ келсин
Бак таалайды ар бир жанга алып кел

  1. Мына ушундай жагымдуу музыкадан кийин кайрадан кезекти куттуктоо үчүн сөз

1.Алдыңкы мугалимдердин бири, Билим берүүнүн мыктысы Саматов Асан Кадыровичке жана Катраң айылдык Кеңешинин төрагасы Бөрүбаев Сапарали Жапаровичке берилет.



  1. Ыр дует Муса кызы Галбүбү Султанаалы уулу Расул

Келсин биздин жаны жыл
Ойноп,кулуп жыргайлы.
Копко туруп ойлонбостон,
Кел бийлейли,ырдайлы

  1. Тамашоу ( 8-класс)

Чон рахмат, эң соонун жагымдуу музыка болду. Келиңиздер жаны жылдык кечебизди жагымдуу тамашалар менен уланталы. Кезек 8-класстын окуучуларында . Тамашоу.

  1. Ушундай жагымдуу маанайдан кийин кезекти кайрадан куттуктоо сөздөрүнө беребиз. Кадырлуу конокторубуз

1. “Алтын – Бешик Катраң” балдар бакчасынын башчысы ЖОЛДОШОВА МАХАБАТ АБДИКАРИМОВнаны

2. №5 мектеп – гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрагасы Бөрубаев Султанаалы Абдижапаровичти

3. Козу – Баглан айылынын айыл башчысы Муратов Рустом Дастанбековичти чакырабыз.







  1. Алган сыйлыктарыңыздар кут болсун. Бул сыйлыктар сиздерге чек болбосун. 2020-жылы мындан да жогорку жетишкендиктерге жетип, мектептин, мекенибиздин кадыр – баркын көтөргөн окуучулардан болунуздар.

Сиздер үчүн өзгөчө, көнүл көтөргөн музыка 8-класстын окуучусу Маликова Раянанын аткаруусунда Жаны жылдык соонун чыгарма. Кабыл алыңыздар.

  1. Флешмоб ( 11-класс)

  2. Флешмоб (9-класс)

  3. Флешмоб ( 7-класс)

  4. Аяз Ата Аяз кызды Чакыруу (жомок)

Балдар, айткылачы биздин майрамга ким жетишсиз болуп атат. Албетте аяз ата жана аяз кыз. Келгиле майрамдын көркү аяз атаны чакыралы ( каман сүйлөп жомок башталат)

Келсин биздин жаны жыл
Ойноп,кулуп жыргайлы.
Копко туруп ойлонбостон,
Бий бийлейли,ырдап жыргайлы.

Келсин биздин жаны жыл
Ойноп,кулуп жыргайлы.
Копко туруп ойлонбостон,
Бий бийлейли,ырдап жыргайлы.

Кана балдар кол чаап шандуу тосуп алалы, ат арытып жол карытып, ашуу ашып бел ашып, алыстан сапар тартып аяз ата келип калды. Саламатсызбы аяз ата, Кош келдиңиз биздин майрамдык салтанатка. Жанатан бери биздин окуучулар сизди чыдамсыздык менен күтүп атты эле. Көп күттүрбөй кезекти сизге берейин.

  1. Аяз ата сизге деп биздин окуучулар ыр, бийлерди даярдашты. Убактыңызды бөлүп күбө болуп кетүүңүздү суранабыз.

Жеке номер Абдигапар уулу Нурланбектин аткаруусунда Жаңы жыл

  1. Флешмоб 6-класс

  2. (Аяз атаны узатабыз)

  3. Балдар келгиле майрамдык салтанатты жакшы ыр менен коштойлу. 7-класстын окуучусу Бакирова Шириндин аткаруусунда Аппак кар ыры сиздер үчүн болсун.

  4. Бий флешмоб 5-класс

  5. Дует 6-класс

  6. Жыйынтыктоо

Жаны жылы келе жатат эшик ачып,

Ааламга жаны жаны бакыт чачып,

Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,

Каалашат бир – бирине чоң чоң бакыт

Жаңы жыл жаны максат өчпөс таалай,

Келе бер баарыбызга бакыт каалай дегендей жакшы ниет, жакшы үмүт менен бүгүнкү салтанатыбызды жыйынтыктайлы деп турабыз. Майрамдык кечени жабык деп жарыялоо үчүн сөз кезегин №5 мектеп- гимназиясынын директору Билим берүүнүн мыктысы Шооруков Ж.А. беребиз


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!