СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы жылдык сценарий

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаңы жылдык сценарий

Просмотр содержимого документа
«Жаңы жылдык сценарий»

Кел жаңы жыл алыс жолду арытып,

Кел жаңы жыл тозоң уруп,кар уруп.

Жаш бөбөктү бир жашка чоңойтуп,

Карыяны бир жашка карытып.


Шаркыраган дарыядай агып кел,

Шаңга толуп адамзатка жагып кел.

Баарыбыздын күткөнүбүз топ келсин,

Бак таалайды ар бир жанга алып кел.


Калк ичинде каар учпастан,кар учуп,

Кел жаңы жыл бакыт кутка маарытып.

Мекенимди жарым күнгө жеткир да,

Мейли мени бир күнгө сал карытып.


Биринчи класстын жаңы жылдык программасы.


Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер,ардактуу кесиптештер жана окуучулар.Сиздерди алдыңыздарда келип турган 2020-жаңы чычкан жылыңыздар менен куттуктайбыз.Сиздерге кааларыбыз чын ден соолук узун өмүр ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.Ушул жылыбыз токчулуктун,молчулуктун,ыйман ырыстын,жакшылыктын,биримдиктин,тынчтыктын жылы болсун.Анда сиздердин көңүлүңүздөрдү мектептин эң кенже классы болгон эң жакшы окуган,тартиптүү ,билимдүү 1-класстын жаңы жылдык концерттик программасына бурабыз.

Анда балдар биздин майрамга ким жетишпей жатат.

Аяз ата.Туура айтасыңар,анда Аяз атаны чакырып алалы.

--Саламатсызбы? Аяз ата,аяз кыз! Биздин жаңы жылдык майрамга кош келипсиздер.Анда аяз кыз экөөңүздөр жол арытып,алыыс жактан келдиңиздер.

Анда бул жерге отуруп мотурайган балдардын майрамдык маанайда даярдаган программасына күбө болуңуздар.


Хор: Мамалак.


Декломациялар.


Жеке номер:”Көк жылгаяк”Курбанбекова Аяна.


“Капар менен карганын сүйлөшкөнү”

.

Капардын ролунда:Иргашов Баэл.


Карганын ролунда:Каныбеков Алмаз.


Капар:--Карга,карга!Бутуң үшүбөйбу карда.

Карга:--Карр,карр,Капкар өтүгүм бар.

Капар:--Карга,карга! Дагы кандай таптың арга?

Карга:-Тынымсыз басам,чокуйм,тынч турган абалым чанда.

Капар:-Карга,карга!Балдарың үшүбөйбу карда?

Карга:-Карр,карр!Жылуу уясы бар жарда.


Бий:”Кыз бала гүл”Кыздардын аткаруусунда.


Жеке номер:”Балалык”Халбекова Сафира.


Бий :”Джентельмендер бийи”Балдардын аткаруусунда.


Жеке номер:”Балаты”Жээнбекова Фарида менен

Келдибекова Перизат.


Жалпы бий:”Жаңы жыл”кыздар,балдардын аткаруусунда.


Жеке номер:Келе жатат жаңы жыл.Жээнбекова Фарида.


Ушуну менен 1-класстын жаңы жылдык майрамдык программасы аягына чыкты көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.Окуучуларыма окууларына ийгиликтерди каалайм.Бактылуу балалык күндөрү жакшы өтсүн.Ата-энелер балдырыңыздардын бактына бар болуңуздар!Жаңы жылга эсен аман чыгып алыңыздар,дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен!!!!!Чоң рахмат.Кезекти 2-класстын өнөрпоз балдарына беребиз.




Мамалак ыры.

Көп дүкөндү аралап,көрүп калды мамалак.

Капа толгон көздөрү,карап турду жалдырап.2жолу

Жүр жүрөгой мамалак,үйгө алып барайын.

Жомок айтып ыр ырдап,эркелетип багайын.2жолу


Мамалак 2ырдап берем сагат арнап,

Күлүп койчу мамалак,сага күлгөн жарашат.

Колу-бутун оорутпай,эркелеп өс мамалак.2жолу.


Бакчабызга барасың,аябай көп балдар бар,

Сен аларга жагасың,эмне айтсам билесиң.

Мен ишенбейм,ишенбейм,сен оюнчук эмессиң.2жолу

Мамалак ,мамалак,мак-мак-мак!!!Мамалак.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!