СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы жылдык ырлар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаңы жылдык ырлар»

1.Абдырасулов Бийкелди:

Ар түрдөгү кооз көркөм,

Аяз ата белеги.

Жаңы жылдык тартуу кылып,

Ырдап бийлеп берели.

2.Абдуваитов Рамазан:

Куттуу болсун жаңы жыл,

Мыкты болсун жаңы жыл.

Куттуктаймын эл-журтум,

Жакшы-тилек ой менен.

3.Доолоткелдиева Айжан:

Бүгүн бизге жаңырып,

Эң жакшы күн көрүндү.

Бүгүн ырдап бийлешип,

Меймандарда көңүлдүү

4.Жолдошов Умар:

Кандай сонун елкабыз,

Коюнунан нур чачат.

Ыр ырдашып бөбөктөр,

Көңүлдөрүн ачышат.

5.Жоробеков Жумамедин:

Кел жаңы жыл кел бер,

Тынчтык нурун себе бер.

Бирге болсун биз менен,

Биздин ата-энелер.

6.Жумабаев Рамазан:

Жаркырап шаңга боюна,

Жалтырак толо тагынган.

Көрк төгөт елка суйкайып,

Келгендей жылдыз шаарынан.

7.Жолчуев Алинур:

Жылда учунда елканын,

Кызыл жылдыз 5 бурчтуу,

Алоолонуп нур чачат,

Өзүнө тартып туш-тушту.

8.Калыбекова Батма:

Тынчтык күндүн жылы бол,

Майрам тойдун ыры бол.

Мекениме сүйкүмдүү,

Мээримдуү бол, жылуу бол.

9.Калыбекова Зуура:

Жаңы жылды тосушуп,

Элдер ырдап чыгышат.

А эски жыл элеңдеп,

Короолордон чыгат бат.

10.Кочкорбаев Акбата:

Жаңы жылым кирип келсин,

Жакшылыкты ала келсин.

Балдар күткөн аяз ата,

Белек жана бата берсин.

11.Кочкорбаев Бекхан:

Кел, келе бер, Жаңы жыл,

Ырдайбыз биз ар бир жыл.

Балатыны кооздойбуз,

Тегеренип ойнойбуз.

12.Курманбеков Айтмырза:

Биз тособуз жаңы жыл,

Ырдайбыз да бийлейбиз.

Балатыны айланып,

Күлүп шаңдуу сүйлөйбүз.

13.Камалов Данил:

Жаңы жылдык жасалга,

Туш-туш жакка жаркырап.

Ырдап, бийлеп элдердин,

Күлкүлөрү артылат.

14.Койчубаева Мадина:

Ой-ой елка кандайсың,

Сулуулугуң артылат.

Оюнчуктар жаркырап,

Ар ким сага тартылат.

15.Мамбеталиев Эмир:

Аяз ата келет деп,

Балдар күтөт кубанып.

Жаңы жылда белектер,

Берет го деп кубанып.

16.Муратбекова Зейнеп:

Жүргүлө балдар жүргүлө,

Елка турат тиги үйдө.

Кол кармашып ырдайбыз,

Кошо бийлеп жыргайбыз.

17.Муратбеков Алихан:

Аяз ата белек артынып,

Аяз кыз келет каткырып.

Жаңы жылым мына жылмаят,

Өмүрлөрдү дайым шат кылып.

18.Нарматова Бегимай:

Ийгилик келсин баарыбызга,

Жаңы жылдык таң менен.

Куттуктаймын баарыңарды,

Ушул келген жыл менен.

19.Сапаралыева Амина:

Жаңы жыл келет алыстан,

Жетип калды биз жакка.

Сонун шайыр, таптаза,

Белек берет баарына.

20.Сатылганов Нурхан:

Жаңы жылым баарыбызга бакыт берсин,

Ак карга кошуп бакыт себелесин.

Токчулук молчулуктун жылы болуп,

Ар бир үйгө ырыскы алып келсин.

21.Тагаева Аруузат:

Аяз ата камдап белегин.

Аяз кыз турат жылмайып,

Жаңы жыл келди шыктанып,

Жашоолорду бак кылып.

22.Тимурланов Албан:

Кел жаңы жыл келе гой,

Келип колуң бере гой.

Албан-албан иш бүтүп,

Аткарылсын тилек-ой.

23.Турсунбекова Нурмира:

Кубанычтуу зор убара,

Алып келет жаңы жыл.

Балатыны көркөмдөп,

Ыр жаттайбыз баарыбыз.

24.Убраимжанов Элдос:

Айланып жыл мезгилдери,

Ак бубактуу кыш келди.

Көп узабай жаңы жылда,

Көңүл ача тез келди.

25.Шералиев Арлен:

Аппак тонду аяз ата,

Ал мектепке кош келди.

Куттук айтып жаңы жылдык,

Ырдап, бийлеп берели.

26.Эркинова Назбийке:

Келе жаткан жаңы жыл,

Алып келсин жакшылык.

Каалоо-тилек баарысы,

Орундалсын ишке ашып.

27.Эркинова Дияна:

Жаркыраган жаңы жыл,

Келип турат алдыда.

Тосолучу биз дагы,

Куттук айтып шаңдана.



Нурмолдо атындагы №28 жалпы

негизги билим берүүчү мектеби





Тема: Кел жаңы

жыл, келегой!





Класс жетекчи: Азизова А