СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы жылдын көркү БАЛАТЫ

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН КӨРКҮ БАЛАТЫ жөнүндө маалымат

Просмотр содержимого документа
«Жаңы жылдын көркү БАЛАТЫ»



Жаңы жылдын көркү – жандуу балаты
________
Көпчүлүк күткөн Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Бул майрамды балатысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жасалма балатыны четке кагып, акыркы убакта жандуу балатыга ыктагандар көбөйүүдө. Шаардын ар кайсы бурчунда сатылып жаткан жандуу балатынын баасы канча, ага кандай кам көрүү керектиги тууралуу сатуучулардан сурадык.
▶️Балаты жерден тамыры, топурагы менен чогуу алынат. Ал топурак узак убакытка кургап, тамыры соолуп кетпеш үчүн атайын дарылар менен азыктандырылып, бекем таңгакталат.
Ал эми сиз балаты сатып алгыңыз келсе, төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:
▶️Кыш мезгилинде кандай балаты сатып албаңыз, ал “уктоо” стадиясында болот. Андыктан сырттагы муздактан дароо бөлмөгө киргизүүгө болбойт. Себеби аба алмашканда анын тамыры “ойгонуп”, биротоло соолуп калышы мүмкүн. Аны жылуу үйгө аз-аздан көндүрүү керек. Ал үчүн алгач гаражга, жер төлөөгө койсо болот. Муздак цементке эмес, жыгач тактайдын үстүнө коюңуз. Бул балатынын тамырын үшүктөн сактайт.
▶️Балатыны орточо челекке отургузсаңыз болот. Себеби жаздын алды менен аны короого отургузууга туура келет. Челекке бөлмө температурасына ылайык топуракты даярдап, балатынын тамыры менен отургузасыз.
▶️Жумасына эки жолу, аз-аздан суу куюп көндүрүү керек. Өтө көп суу куйса балаты соолуп, аз куйса ийнелери куурап түшө баштайт. Топуракты байытып туруу үчүн гүл саткан дүкөндөрдө атайын дарылар бар. Аны айына бир жолу челектеги топуракка себелеп койгон туура.
▶️Бөлмөгө алып келгенден кийин аны жылуу мештен алыс жерге коюу зарыл. Ал эми кооздогондо жеңил оюнчуктарды илген оң. Гирлянда илгиңиз келсе, кубаттуулугу азыраагын колдонуңуз. Гирляндадан чыккан жылуулук балатынын сабагын, ийнесин кургатып түшүрүп салуусу мүмкүн.
▶️Ал эми эрте жазда балаты дале “уйкудан” ойгоно элек кезде короонун ичинен ылайыктуу аянтты тандап жерди даярдайсыз. Балаты көп жылдык өсүмдүк экенин эске алып, чуңкурду кененирээк казуу керек. Көмө турган топуракка жер семирткич, кум кошуп балатынын тамырын жакшылап көмүү керек. Андан кийин жакшылап сугаруу керектелет. Жаан-чачын болсо да эки жумада бир жолу сугарып турган жакшы.
▶️Сатуучу Айдар Жумагулов: “Балатыны сатып аларда кылдат текшериңиз”
▶️Айдар, жылдан жылга жандуу балатыга болгон суроо-талап өсүп жаткандай. Балатыны кантип тандоо керек?
▶️Ооба, жасалма балатыга караганда жандуу балатыны алгандар арбын болуп жатат. Себеби бул балаты үйгө киргенде өзүнөн бир жагымдуу жыт чыгарып турат. Жандуу балатынын аурасы да башкача болот. Андан кийин да тигип койсо короонун көркү болуп узак жылдарга кызмат кылат. Сатып алууда тамырына маани бериңиз. Мисалы, азыр бул балаты тамыры менен казылып келинип, топурагы үбөлөнбөсүн деп скотч менен чаптап койгонбуз. Кардар алгандан кийин скотчту чечип көрсөтөбүз. Ошондо тамырынын кичине бөлүгү да ачык болбош керек. Башкача айтканда, тамыры топурактан көрүнбөгөнү жакшы. Экинчи жагдай, балатынын сабагын кармап бир аз силкип көрүңүз. Эгер ийнелери күбүлүп жатса, тамырынын куурап калганын билдирет. Андайды албоо керек.
▶️Бизге бул балатылар кайдан келет?
▶️Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда питомник бар. Мыйзамдуу түрдө өстүрүлөт. Өздөрүнүн атайын унаасы менен Бишкекке алып келишет. Үшүп кетпегидей шарттарда сакташат. Мага азыр экинчи партия келип жатат. Жаңы жылга карата сатып алгандардын саны өсөт. Жер үйдө жашагандар үчүн өзгөчө пайдалуу өсүмдүк десем болот. Короосуна, шаардын сыртындагы үйүнө тигем дегендер арбын. Бул өсүмдүк жылына 1-10 сантиметрге өсөт. Туура кам көрсө узак жылдар бою короонун көркү болот.
▶️Баасы кандай?
▶️Балатынын бийиктигине, сортуна жараша. 1500 сомдон башталып, 25 миң сомго чейин. Бутагынын жыштыгына жараша да баасы кымбат болот. Айрымдар бул баанын ичине жеткирип берүү кызматын да камтышкан. Себеби чоң балатыны алып кетүүгө ар бир эле унаа чак келе бербейт. Жыл сайын Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен балатынын жарманкеси өткөрүлүп келет. Ал жактан шаар тургундары балатыны сатып алып, борбордогу бир жерге атайын тигип коюшат же үйүнө алып кетишет. Жаңы жыл майрамынан кийин деле сейил бактын ичине тиккендер болот. Мындай жол менен шаардын жашылдануусуна салымын кошуп келгендер учурда көп эле.