СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы Жылга карата ырлар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаңы Жылга карата ырлар»



  1. Кубалап жайкы аптапты

Жумалап жаайт аппак кар.

Кыроо, бубак жамынып,

Пайда болот ак бактар.


  1. Улуп-уңшуп шамалы,

Элди үйгө камады.

Чилде түшүп, суу тоңчу

Мезгилди балдар самады.


  1. Майдалап айнек сепкендей,

Кумшекер жерге төккөндөй.

Кардын бети жылтырайт,

От күйүп-жанып өчкөндөй.


  1. Таң сүрүлүп аткандай,

Акиташ сээп чачкандай.

Жылт этип эле жок болот,

Ай нуру чагылышкандай.


  1. Боору ооруп кыштын,

Жалбыраксыз бактарга.

Бутактарын үшүйт деп,

Ороп койду ак карга.


  1. Кол тийсе ээрип,

Кетчүдөй турат.

Үлбүрөк сүйкүм,

Апакай бубак.


  1. Жылтылдак буусун,

Даракка чалып.

Кубулат бубак,

Көркөмү чалып.


  1. Күн нуру турса,

Бубакка тийип.

Кубанат балдар,

Жадырап күлүп.

  1. Кыш көркү болуп,

Апакай бубак.

Бөбөккө шаттык,

Тартуулап турат.


  1. Апакай олпок кар,

Кебездей үлбүрөк.

Колума кармалбай,

Бат ээрийт үлбүрөп.


  1. Түндөсү айнекке,

Гүл тартат Аяз кыз.

Оюуга окшотсо,

Суктанып карайбыз.


  1. Күн тийсе терезе,

Нымдалып тер болот.

Бубакты издешип,

Бөбөктөр ойлонот.


  1. Кыш сырын бөбөктөр,

Ошондо билишет.

Үлбүрөк бубакка,

Көздөрүн тигишет.


  1. Жүздөрү албыра,

Жүрөктөн от жана.

Кар киши жасашып,

Каткырат топ бала.


  1. Өзгөрүлдү карачы,

Өзөндөрдүн арасы.

Аппак кардан тон кийди,

Карагайдын баласы.


  1. Болсок деле секелек,

Бороонду биз жекелеп.

Кыргы чыгып барабыз,

Чанабызды жетелеп.


  1. Оюн куруп ченегис,

Ойго түшүп келебиз.

Чычалатып аязды,

Чымыр болду денебиз.


  1. Жылтылдап жааса,

Жыргал ай,- дешти.

Кытылдап ойноп,

Кыздар кар жешти.


  1. Бапылдап жааса,

Бах жыргал,-дешти.

Балмуздак татып,

Балдар кар жешти.


  1. Карылар кечип,

Кар даамын билбей.

Ак сарай, сууга,

Ачат жол бирдей.


  1. Жалгыздан экиден,

Чиркешип, жетиден.

Тебебиз жылгаяк,

Тээ бийик секиден.


  1. Бол, бол, - деп шаштырып,

Жыгылсак бат туруп.

Жылгаяк тебебиз,

Көңүлдү шат кылып.


  1. Кечки шам күйгөндө,

Ай нуру тийгенде.

Кыйылып кылчактап,

Кетебиз үйлөргө.


  1. Бак дарактар башкача,

Аппак карды жамынып.

Бутактары ийилет,

Муздан шуру тагынып.


  1. Кыш мезгили башкача,

Айланабыз таптаза.

Кышында биз ойнойбуз,

Күн кеч кирип, батканча.


  1. Билбейм кайдан түшүшөт,

Бизди дайым үшүтөт.

Балбалактап жааганын,

Балдар абдан күтүшөт.


  1. Чана, лыжа алышып,

Чыгат тоонун башына.

Үшүткөнү болбосо,

Үлпүлдөк кар татына.


  1. Үч күн, үч түн жаады кар,

Ак пахтаны сепкендей.

Дарыяда муз тоңду,

Күзгү коюп кеткендей.


  1. Балдар чыкты мектептен,

Кардан киши жасашты.

Колуна таяк карматып,

«Койчуман» деп аташты.


  1. Жерди чиет чапаны,

Кебездей экен сакалы.

Кызыл мурут ак каштуу,

Көрөлү Аяз атаны.


  1. Табышмакты айталы,

Тамашага баталы.

Жүргүлө балдар жүргүлө,

Көрөлү Аяз Атаны.


  1. Жаңы жылды тосконум,

Калсын үчүн жұрөктө.

Балатынын жанында,

Мен да түштүм сүрөткө.


  1. Аяз Ата, Аяз Кыз

Аянбады белегин.

Ырдап жана бийлеген,

Жаккан окшойт, өнөрүм.


  1. Бөлмөдө татына,

Жапжашыл балаты.

Ар түркүн оюнчук,

Жымыңдайт карачы.


  1. Жаңы жыл келди деп,

Ырдайбыз шаңданып.

Бийлейбиз барыбыз,

Балаты айланып.


  1. Жаңы жыл оттору

Каректе чагылат.

Ынтымак артылып,

Ыр –күлкү жаңырат.


  1. Сакалдары чубалып,

Муруттары кар баскан.

Аяз Ата келгенде,

Ата бала жарашкан.


  1. Аяз Ата чиймелеп,

Тереземе гүл тартты.

Талаа тоону аралап,

Мамык сындуу кар басты.


  1. Баштап берип балдарга,

Аралап кайың, табылгы.

Аяз Ата коньки тээп,

Кызык оюн табылды.








Чыдабай суулар муз болуп,

Тоңгон колун үйлөшүп,

Кийсең да чокой бут тоңуп.

Бака-шака сүйлөшүп,

Ызгаарлуу суукта каргалар,

Жөнөйт балдар дөбөгө,

Карагай, бакка бүт конуп.

Чаналарын сүйрөшүп.

Бөбөктөр муз тээп ойношот,

Муз тебишет мелдешип,

Үшүйбүз деп ойлошпойт.

Тоготпой суукту тердешип.

Маңдайдан терин агызып,

Аяз ата, Аяз кыз ‒

Кар жиреп, музга сойлошот.

Көп кечикпей кел дешип.






Олимпиадный материал по русскому языку

для учащихся 9-ых классов

(с кыргызским языком обучения)

за 2019-2020 учебный год

Директор Военно-Антоновского УВКГ Сыдыкова Л.Н.

Зав. МО Исакова А.Б

Учитель Мурсалиева Ж.Ч.