Жаңылмачтар
Кенже курактагы балдарга жаңылмачтар эмне үчүн керек?
Жаңылмачтар баланы эрте жашында так жана туура сүйлөөгө көнүктүрүп, айтууга оор болгон сөздөрдү ачык туура колдонууга үйрөтүүнүн негизги каражаттарынын бири болуп саналат. Сөз байлыгы өтө өнүгө элек балдарга жаңылмачтардын тарбиялык мааниси, таалими чоң. Жаңылмачтын жардамы менен балдар так сүйлөөгө, сезимталдыкка, өз алдынча ой жүгүртүүгө , сөздөрдү бат, ылдам, буйдалбай тез айтууга, жаңылбоого, тез жооп кылууга үйрөнүшөт. Ошондой эле жаңылмачтын негизги максаты- бул айтууга оор болгон сөздөрдү ачык туура колдонууга, тилди жатыктырууга, бирөөнун айткан сөздөрдүн дао өзүндөй кылып кайталоого балдарды үйрөтүү. Ал эми аларды кайталоо оңой эмес, атайын жаңылып калуу учун ылайыктуу сөздөр тандалат. Балдарга ата – энелер, тарбиячылар, улуу адамдар тарабынан же бири-бирине адегенде жай, тушүнүктүү кылып тексттер айтылат.
Тоголок музоо сузөнөөк, Кезек-кезек,
Моюнчасын узөнөөк. Тезек терсек,
Сузөнөөк, үзөнөөк , Керек дешет,
Байлап салдык үчөөлөп. Кезек терсек.
Мына ушундай жаңылмачтар бир-бирден айтылат, аны угуп тургандар кайталап, жаңылбай так айтып берүүгө тийиш.
Мектепке чейинки кенже курактагы балдар
үчун (3-5 жашта) жаңылмачтарды айттырууда
тарбиячы эмнени эске алышы керек?
Жаңылмачтар мектепке чейинки кенже курактагы балдардын (3-5 жашта) поэзияга болгон шыгын арттырып, ой жүгуртүүсүн, акыл-эсин, көркөм табитин өстүрүүгө, чечендиктен өсүшүнө, сөздүн угумдуу болушуна жардам берет.
Жаңылмачтарды айтырууда тарбиячытөмөнкүлөрдү эске алышы керек:
Жаңылмачтарды айтууда кылдат, аяр болуу керек. Жаңылмач айтканда сөз тизмектери,уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келиши ылдам бат айтканда жаңылып, сөздү так айталбай калат. Анткени тигил же бул сөздү туура айта албай жаңыла түшкөн бала күлкүнүн себепкери болот. Тарбиячы айта албаган балага жаңылмачтын туурасын дагы бир жолу айтып берип, баланын көңүлүн сөздөрдүн маанилерине, орун тартибине , уйкаштыгына буруусун өтүнөт.
Жаңылмач өзүнун табияты боюнча жайдары маанай, тамаша, күлкүнү көздөйт.
Жаңылмач – чынында балдардын сөз оюну Ал баштан аяк тыбыштардын жаңылтып айтыруу аркылуу бөтөнчө кызыктуу келип, балдарды дароо өзүнө тартат. Айрыкча “Р” тыбышынын “Й” тыбышы менен алмашып калышы, буларга кошумчаланып “Л” тыбышынын сөз арасына кыстарыла калышы же , тескерисинче, балдардын тили келбей такалып турушу алардын көңүлүн ачып, оюн – тамашанын негизин түзөт.
Кытыр-кытыр боорсок,
Кыздар менен ойносок.
Кыздар кысып киргенде,
Кар жиликке бир койсок.
Кара карга каркылдайт,
Кара качыр аңкылдайт.
Жаңылмач тандоодо балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, алардын өзүнө тааныш айлана-чөйрөдөгү турмуштук көрүнүштөрдөн алынган, оңой айтып кете тургандай болуусу зарыл .
Беш кашка эшек, Көзү бүтүк,
Бешөө беш башка эшек Үч күчүк үшүп,
Үч күчүк үшүп.
Үнү бүтүп.
Жанылмачтар айрым создордун айтылышына кыйынчылык келтирип жатып эле, балдардын тилин жатыктырып жана созун байыта берет.
ЖАҢЫЛМАЧТАР БАРАКЧАСЫ
Эки өйүздө экөөбүз, Бердибектин белегин,
Эки өйүздо эки өгүз. Белек алдык
Эки өгүзсүз экөөбүз, Белектин белегин,
Суудан кантип өтөбүз. Суудан кантип өтөбүз.
Тоголок музоо сүзөөнөк, Ай, ай, Айдарбай!
Моюнчасын үзөөнөк. Кызыл мүйүз уюңду,
Сүзөөнөк, үзөөнөк Үйүңө айдай бар.
Байлап салдык үчөөлөп.
Бир ак чымчык, Суу боюнда дарак өсөт,
Эки ак чымчык, Сууну дайым карап өсөт.
Үч ак чымчык, Сулуу чачын тарап өсөт,
Төрт ак чымчык. Суусуз калса араң өсөт.
Беш кашка кой,
Бешөө беш башка кой. Кулагы чунак улак,
Улактын кулагы чунак.
Каныбеек, Жаныбек, Калыбек, Көзү бүтүк,
Карыбек,Алыбек,Адилет. Үч күчүк үшүп,
Биздин бакчада аты уйкаш, Үч күчүк үшүп,
Балдар кыздар дагы көп. Үнү бүтүп.
Былкы-былкы былкы таш, Топ тоголок,
Былкылдаган кызыл таш, Токтобой тоголонот,
Таар токум чаар таш, Тоголотсоң жоголот.
Тайгаланма кара таш.
Дөңгөлөк, дөңгөлөк, Чака-чука чайнек
Дөңгө чыгат өрмөлөп, Сынып калат айнек.
Дөңдөн түшөт жөрмөлөп.
Көп-көп көпөлөк, Көк чөп,
Көп болуп көкөлөп, Көпкөк чөп.
Көк-кызыл көйнөгүн, Көк чөптөн көп
Көп кызга көргөзөт. Талаадагы таруунун
Тарууну талкандыкка берели.
Тамдан кулап,тамым урап,
Чунак кулак улак чуркап турат
Гүлдөр гүлдөп
Эшке чыксаң эчки тебет Гүлүн ачты
Эчкини энем жеңет Гүлүнөн булбул
Эчки энеме келет Үнүн ачты
Энеме эчки сүтүн берет.
Ак улактын кулагын кара Моюнчасын үзөөнөк
Ак улактын кулагы кара Сузөөнөк үзөөнөк
Кулагы кара улак Байлап салдык үчөөлөп.
Караны кайдан тапты бу чунак.
Ак мончок көк мончок Көгүлтүр көз мончок.
Аябай көп мончок. Тоголок музоо сүзөөнөк
Көп мончок ичинде
Көгүлтүр көз мончок.
Тоголок музоо сүзөөнөк
Томолок топ
Топ-топ тоголонот
Топ-топ тоголонот
Томолок топ