СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жапайы тооктор жөнүндө

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар жапайы тооктор менен танышат

Просмотр содержимого документа
«Жапайы тооктор жөнүндө»

Жапайы тоок


Жапайы тоок (эркек).

Gallus gallus

Жапайы тоок, банкив тоогу (лат. Gallus gallus, L. 1758) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жапайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене узундугу эркегиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаачысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү жана төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы жана «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түштүк-Чыгыш Азияда жана Индияда, Кытайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали аралында кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо капталында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоодо жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар менен азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян менен топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачысы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам көрөт. Жапайы тоок Индияда бакмалаштырылып, Европага алып келинип, тооктордун көп пародалары алынган.