II вариант
Жарандык укук (өзгөчө бөлүк) предмети боюнча тесттер
II модул үчүн
1. Франчайзинг келишими биринчи жолу кайсыл жерде пайда болгон?
а) Европа өлкөлөрүндө в) Түштүк Америкада
б) Түндүк Америкада г) Азияда
2. Сый акы берүүгө ачык убада кайсыл учурларда баш тартууга болбойт?
а) аткарылуучу иш аракетте мөөнөт көрсөтүлсө, баш тартуу мезгилинен бир же андан көп адамдар тарабынан иш аракет аткарылып калса
б) конкурс өткөрүлгөн болуп калса
в) жабык формада жарыя болгондо
г) туура жообу жок
3. Интеллектуалдык менчик укугу боюнча берилген лицензия кандай түрлөргө бөлүнөт?
а) татаал, жөнөкөй в) жөнөкөй, өзгөчөлөнгөн, мажбурлоочу
б) жөнөкөй, көп кырдуу г) жалпыланган, өзгөчөлөнгөн
4. Мурас укугунда мураскерлер канчага бөлүнөт?
а) мыйзам жана салт боюнча в) керээз жана мыйзам боюнча
б) мыйзам жана дин боюнча г) керээз жана салт боюнча
5. Сактоо келишими боюнча сактоочу өзүнө кандай милдеттүүлүктү алат?
а) мүлктү башкарууну в) мүлктү сактоону
б) мүлктү сатууну г) мүлккө карата юридикалык кызмат көрсөтүү
6. Агенттик келишими боюнча принципалдын тапшырмасы боюнча агент кимдин атынан жана эсебинен чыгат?
а) өзүнүн атынан же принципалдын, бирок анын эсебинен
б) принципалдын атынан, бирок өзүнүн эсебинен
в) өзүнүн атынан жана эсебинен
г) принципалдын атынан жана эсебинен
7. Эгерде комиссия келишими мөөнөтсүз түзүлгөн болсо, канча күн мурда тараптардын бири токтотууга билдирүү берүүсү милдеттүү?
а) 10 күн б) 15 күн в) 20 күн г) 30 күн
8. Тапшырма келишиминин токтотулушунун себептери төмөнкүлөрдүн кимиси эсептелет?
а) ишеним берүүчү тапшырманы алып салганда
б) акысы берилбей калган учурда
в) банкрот болгон учурда
г) эч бири себеп катары таанылбайт
9. Тапшырма келишиминин тараптары кимдер?
а) лицензияр жана лицензият в) ишеним берүүчү жана ишеним алуучу
б) агент, принципал г) комитент, комиссианер
10. Камсыздандыруу бул ……………… иш аракеттин бир түрү?
а) социалдык б) экономикалык в) муниципалдык г) мамлекеттик
11. Камсыздоо 2 түргө бөлүнөт:
а) муниципалдык жана мамлекеттик
б) эрктүү жана милдеттүү
в) акылуу жана акысыз
г) мезгилүү жана туруктуу
12. Аваль деген эмне?
а) банктар мамилелерди жасоо в) төлөм гарантиясы
б) банк салымы г) каражаттарды эсептөө
13.Накталай акчасыз эсептешүүлөрдүн формасы:
а) жумуш көрсөтүү в) төлөм тапшырмалары, аккредетив
б) инкассо, чек г) туура жооп В Б
14. Чакырылма аккредетив деген эмне?
а) каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет
б) аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартуусу
в) эмитент-банк каражат алуучуну алдын ала эскертпестен эле алып сала же өзгөрө алуучу аккредитив эсептелет
г) аткаруучу банк эсептелет
15. Тапшырма келишими боюнча ишеним алуучу белгилүү бир юридикалык иш аракеттерди аткаруу үчүн кимдин атынан жана эсебинен чыгат?
а) өзүнүн атынан, бирок ишеним берүүчүнүн эсебинен
б) ишеним берүүчүнүн атынан, бирок өзүнүн эсебинен
в) өзүнүн атынан жана эсебинен
г) ишеним берүүчүнүн атынан жана эсебинен
16. Эгерде комиссия келишиминин бир тарабы (комитент же комиссионер) каза болгон учурда келишимдин аткарылуусунун абалы кандай болуп калат?
а) келишим токтотулат в) келишим уланыла берет
б) келишимдин аткарууга убактылуу токтоп турат г) жакын туугандары аткарат
17. Сактоо келишими юридикалык мүнөзү боюнча канча тараптуу келишим?
а) бир тараптуу б) эки тараптуу в) үч тараптуу г) көп тараптуу
18. Камсыздоо келишиминин формасы:
а) милдеттүү жазуу в) мамлекеттик катталуу керек
б) тил кат аркылуу г) жөнөкөй жазуу
19. Буюмдун же башка нерсенин камсыздалгандыгы тууралуу камсыздоочу уюм тарабынан тастоочу кандай документ берилет?
а) квитанция б) полис в) сертификат г) келишим эле түзүлөт
20. Комиссия келишими боюнча комиссионерге белгилүү соода-сатык мамилесине тиешелүү иш аракеттерди аткаруу үчүн кимдин атынан жана эсебинен чыгат?
а) өзүнүн атынан, бирок комитенттин эсебинен
б) комитенттин атынан, бирок өзүнүн эсебинен
в) өзүнүн атынан жана эсебинен
г) комитенттин атынан жана эсебинен
21.Агенттик келишиминин тараптары кимдер?
а) лицензияр жана лицензият в) ишеним берүүчү жана ишеним алуучу
б) агент, принципал г) комитент, комиссианер
22. Франзайзинг келишиминин субьектилери кимдер болушу мүмкүн?
а) билим берүү мекемелери, балабакчалар
б) мамлекеттик органдар
в) жарандар
г) коммерциялык юридикалык жактар, жеке ишкерлер
23.Накталай акчасыз эсептешүүлөрдүн формасы:
а) жумуш көрсөтүү в) төлөм тапшырмалары, аккредетив
б) инкассо, чек г) туура жооп В Б
24. Келишимдик эмес милдеттүүлүккө төмөнкү функциялар таандык:
а) калыбына келтирүүчү, коргоо в) коргоочу, баяндоочу
б) макулдашуучу, калыбына келтирүүчү г) пайда кылуучу, коргоо
25. Автордук укуктун субьектилери кимдер саналат?
а) жеке жактар, кошмо авторлор в) жеке ишкерлер, авлорлор
б) жеке жактар, авторлор г) авторлор, кошмо авторлор
26. Автордук укукта автор каза болгон кийин канча жылдан анын ойлоп тапканы элдик байлык катары калат?
а) 60 жыл б) 80 жыл в) 90 жыл г) 50 жыл
27.Мурастын ачылуу күнү кайсы учур саналат?
а) мураска калтыруучунун өлгөн күнү в) мурас табылган күнү
б) керээз ачылган күн г) туура жообу жок
28. Чакырылбаган аккредетив деген эмне?
а) аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартуусу
б) аткаруучу банк эсептелет
в) эмитент-банк каражат алуучуну алдын ала эскертпестен эле алып сала же өзгөрө алуучу аккредитив эсептелет
г) каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет
29. Чектин формасы жана аны толтуруу эрежелери ким аныкталат?
а) улуттук банк тарабынан в) чектин формасы болбойт
б) мыйзам, банк эрежелери г) Өкмөт тарабынан
30. Франчайзинг келишими түзүлгөн соң лицензиар кандай милдеттүүлүктү аткарат?
а) акы төлөп берүүнү
б) юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү
в) товардык белгисинин, тейлөө белгисинин, патентинин өзгөчө укуктарын жана корголуучу коммерциялык маалыматын пайдалануу укугун камтыган өзгөчө укуктардын комплексин пайдаланууга берүүгө
г) эч кандай милдеттүүлүк албайт өзүнө