Просмотр содержимого документа
«Жарандык укуктар»
Жаңы стандарттын негизинде жазылган сабактын планы
1. Жалпы маалымат
| 1.1 Мектеп: “Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси | 1.2 Мугалим: Байтик уулу Кайырбек |
| 1.3 Предмет: Жаңы тарых | 1.4 Класс: 8-класс |
1.5 Сабактын темасы: Америка Кошмо Штаты (Жарандык согуш)
1.6 Түйүндүү түшүнүктөр: Аболиционизм, гомстед, плантация, фермер,конфедерация,буржуазия,партия,штат,конгресс
| Окуучу ээ болгон предметтик компетентүүлүктөр: |
| Хронологиялык жана картографиялык | Негизги даталарды атап, хронологиялын тизмектей алат; Окуяларды конкреттүү мезгилге шайкеш келтире алат; тарыхый окуяларды тарыхый карта менен дал келтире алат; |
| Тарыхый-цивилизациялык | Тарыхый окуяларды,көрүнүштөрдү сүрөттөп бере алат; Окуяларды,кырдаалдарды,көрүнүштөрдү салыштыра алат; |
| Социалдык-жарандык | Улуу ишмерлердин тарыхый ишмердүүлүктөрүн ачып беришет; |
| Күтүлүүчү натыйжа: Окуучулар | Көрсөткүчтөр: Америка Кошмо Штаттары жөнүндө жалпы маалымат бере алышат; Жарандык согуштун чыгуу себебин, жүрүшүн жана натыйжасын башка тарыхый окуялар менен салыштырып айтып беришет; Түндүк жана Түштүк штаттардын окшоштук,айырмачылыктарын аргументтештиришет; Тарыхый ишмерлердин ишмердүүлүгү тууралуу баяндашат; Жарандык согушту этаптарга бөлү; Бул окуялардын Америка Кошмо Штаттары үчүн маанисин айтып бере алышат. |
Революция,жарандык согуштарды айырмалап, аларга мисалдарды келтирет ; Америка Кошмо Штаттары жөнүндө кеңири билишип, тарыхый процесстерге анализ бере алышат; Тарыхый персонаждардын ишмердүүлүктөрүнө баа беришип, алардын ролун ачып беришет; |
| |
| Этап | Убактысы | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компететтүүлүктү баалоо |
| Уюштуруу | 5 мин. | Жагымдуу маанай (класссикалык музыка коюлат) | Китеп, дептери жана иш ордунун даярдыгы | |
| Өтүлгөн теманы кайталоо | 10 | Тапшырмалар таратылат, жооптор талкууланат | | |
| Жаңы тема | 25мин. | Тарыхый карта менен таанышуу (5мин) | | |
| Баалоо | 5мин. | | | |
| Үй тапшырмасы | | | | |
1. Жарандык согуш деген эмне? Мындай согуштун мүнөздүү белгилери кайсы?
Жарандык согуш – социалдык конфликтти чечүүнүн акыркы чегине жеткен курч калыбы, бир мамлекеттин чегиндеги улуттук жааттардын, социалдык топтордун, таптардын ортосундагы бийлик үчүн уюштурулган күрөш. Жарандык согуш улуттук кризисти жеңүүнүн ачык формалары жана каражаттарынын бардыгы сарпталып бүткөн учурда келип чыгат. Тарыхта көптөгөн жарандык согуш белгилүү, анын ичинде династиялык.
Жарандык согуштун эң эле мүнөздүү түрү болуп терең таптык конфликттерге негизделген согуш саналат: кулдардын көтөрүлүшү, көп сандаган дыйкан согуштары (Кытайда көп жолу ийгилик менен аяктаган), партизандык (Сальвадор), антиколониалдык согуштар. Жарандык согуш – эң зор улуттук кырсык. Өзүнүн мүнөзүнө карабай жарандык согуш калктын арасында чоң курмандыктар, өндүрүш күчтөрүнөн бузулушу, маданият очокторунун кыйратылышы менен коштолот. Жарандык согуштун бардык түрлөрү тең мүнөз актанууга ээ эмес. Көбүнчө эл эпчил жана атак-даңкка умтулган авантюристтердин саясий амбицияларынын кучагында калат. АКШдагы Түндүк менен Түштүктөн ортосундагы согуш, Түндүктөн жеңиши менен аяктап, экономиканын, индустриянын, экономикалык эффективдүү фермер чарбаларынын тез өсүшү үчүн шарт түзгөн.
2.АКШдагы граждандык согуш
АКШдагы граждандык согушу.
АКШдагы граждандык согушу (1861-65), - Америка революциясы - АКШнын түндүк жана түштүк штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген айыл чарба тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөржайлары алдыга озуп кеткен. Түштүк штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну жана келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн жана алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түндүк штаттарда 19-кылымдын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. Аболиционизм). Республикалык партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-жылдардагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-ж. февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоң чыгарып, Чарлстон булуңундагы Самтер фортун басып алышы менен АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөржай потенциалынын жана калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө 9 млн, анын ичинде 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861-62) Түндүк жеңилип, согуш создугуп кетет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол менен жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстедакт жөнүндөгү мыйзам боюнча АКШнын 21 жашка толгон жана Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-ж. 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор менен янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга түшүнүктүү болуп, негрлер топ-тобу менен түндүктөгүлөр тарапка өтүп, федералдык армиянын катарында кызмат өтөй баштаган. 1863-жылдан согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миң негр кошулат, булардын 72%и козголоңчу түштүк штаттардан келген; 250 миң негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Түндүктүн жеңишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алардан куралган полктордун саны согуштун аягында 186га жеткен. Козголоңчуларга каршы чабуул жаңы план боюнча жүргүзүлүп, аскерлер Миссисипи дарыясын бойлоп аракеттенип, Конфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштайт. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, колөнөрчүлөр кошулушкан. 1865-ж. 3-апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору. Ричмонду алышкан. Ушул окуядан кийин гана козголоңчулардын аскерлери багынууга аргасыз болуп, жарандык согуш аяктаган. Бул согушта 600 миңден ашуун адам курман болгон. Согуштан соң Түштүктү жаңылап кайра куруу, расалардын ортосундагы теңсиздикти жоюу ж-а адилеттүүлүк үчүн күрөш дагы биртоп мезгилге чейин созулган. Буга карабастан, негизинен АКШда кулчулук биротоло жоюлган жана айыл чарбасында капиталисттик - фермердик жол менен өнүгүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, бирдиктүү улуттук рынокту уюштуруу аракеттери башталган.
3. Тарыхый ишмерлердин ролу
Авраа́м Ли́нкольн (1809-1865) — америкалык кооомдук,мамлекеттик ишмер. АКШнын 16-президенти (1861—1865) жана Республикалык партиядан биринчи болуп президенттик кызматка шайлана алган.Линкольн америкалык кулдарды эркиндикке алып чыккан жана америка элинин улуттук баатыры.
Ал өзүнүн лидерлик сапаттары менен өзгөчөлөнө алган. АКШдагы кулчулуктун жайылышына каршы турган жана Республикалык партииянын демилгечилеринин бири болуп,1860-ж.президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Анын инауграциялык сөзүндө АКШ бирдиктүү мамлекет катары сакталып калыш керек жана кулчулукту түп тамырынан бери жок кылыш керек деген.