2 | Сабактын жүрүшү Үй тапшырма 4 мүн | Сулайман тоо кайсы областа жайланышкан? Жаратылыш биздин эң жакын досубуз жана баа жеткис байлыгыбыз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет. Жаратылыш байлыктарына; Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар, өсүмдүктөр, жаныбарлар кирет. - Ысык-Кѳлдѳ келгин куштардын канча түрү бар, алардын айрымдарын атап бер? -Ысык-Кѳлдѳ келгин куштардын 16 түрү бар. Алардын айрымдары ак куу, кызыл моюн ѳрдѳктѳр, каркыралар, кѳк кытан, ж.б. Бурана мунарасы кайсы өрөөндө? | Окуучулардын жооптору. | НК1 НК2 НК3 | НК2 НК3 | |
3 | Жаңы тема – 18 мүн | Жаратылыш деген эмне? Жаратылыш бул - адамдын колунан жасалбаган баардык нерселер Айланаңарга көз чаптырып көргүлөчү. Ооба, силер күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүңөр. Мына ушулардын баары жаратылыш. Жаратылыш экиге бѳлүнѳт. Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар, айбандар, кескелдириктер, жыландар, ташбакалар, бакалар, балыктар, курткумурскалар, курттар жаныбарлар экенин эсиңерден чыгарбагыла Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш. - Видео кѳрсѳтүлѳт. Биздин өлкөбүздүн табиятынын жыл мезгилдерине тиешелүү сулуулугун айтып бергилечи? М: Бийик тоолор, сулуулугу кайталангыс токойлор, тоодон ылдый буркан – шаркан түшкөн мөлтүр тунук дарыялар , бийик тоолордо кайталангыс көлдөр, мисалы Соң-Көл, Сары – Челек. Жан- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү. Анын ичинде жаратылышыбыздын бермети болгон Ысык – Көл . Табиятты коргоо, курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселеге айланып олтурат. | Окуучулар кунт коюп окуп берген теманы угушат. | НК2 НК1 | ПК1 ПК2 | |
| | Кызыктуу маалыматтар: Сууга ылдыйыраак чөмүү үчүн крокодилдер таш жутушат. Бир килограмм бал жасаш үчүн, аары 2 млн. гүлгө конуп чыгышы керек. Жыландар 3 жыл бою эч нерсе жебей уктай алат. Жыландын чакканына караганда аарынын чакканынан жылына үч эсе көп адам өлөт. Табигый кубулуштарды атагылачы? Жаратылыш кубулуштары — капысынан болуп, адам баласынын аракетине баш ийбеген табияттын алаамат кубулуштары (жер титирөө, суу каптоо, цунами, жанар тоонун атылышы, сел, көчкү, катуу бороон же куюн пайда кылуучу циклондор, токойдон жана чым көңдөн чыккан өрт, кар жана жер көчкү жана башкалар). Айрым табият кырсыктары (өрт, уроо, жер көчкү жана башкалар) адамдын иш-аракетинен болушу да мүмкүн. “Бак- дарак жер жүзүндөгу жашоонун булагы“- Чындыгында эле бардык жаныбарлар дүйнөсүнө азык берип, алар жаратылыштагы нымды алмаштырууга жардам берет, климатты жакшыртат, атмосфералык абаны кычкылтек менен байытат, буларсыз жер бетинде жашоого болбойт. | | | | |
5 | Бышыктоо 10 мүн | Китеп менен иштѳѳ Дүйнө жүзүндөгү суу тартыштыгы? Дүйнѳ жүзүндѳ суу тартыштыгы Африка, Индия ж.б мамлекттерде суунун тартыштыгынан кир сууларды ичишет. Кыргызстан сууга бай… М: Ысык-Кѳл, Чатыр-Кѳл, Сѳң- Кѳл ж.б. шаркыратмалар жер алдынан чыккан суулардын запастары бар. Биздин мектептин ичинин жана айланасынын сулуулугун жакшыртуу үчүн кандай салым кошо аласыӊар? Гүлдѳрдү отургузуу, кѳчѳттѳрдү отургузуу, мектептин айланасын тазалоо ж.б. Ооба, жок тапшырмасы. 1.Табигий жаратылыш адамдын колунан жасалган нерселер (жок) 2.Жаныбар,өсүмдүктөр,суу,тоо,күн биздин табигий байлыгыбыз (ооба) 3. Жер көчкү,кар көчкү табигий кубулуштар (ооба) 4.Көчөттөр жылдын кыш мезгилинде отургузулат (жок) Дептерге жаратылыш жөнүндө бир сүйлөм жазабыз. | Жоопторун айтышат. | НК2 НК3 | ПК3 ПК2 ПК1 | |
8 | Баалоо 2 мүн | арнаменттер менен баалоо. Критерийлер менен баалоо “5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаӊы теманы өздөштүрүүдө, алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса. “4”-жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса “3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса “2”-таптакыр эле аракети жок болсо | Берилген суроолорго туура жооп берген окуучуларга баа коюлат. | | | |