СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылышты коргойлучу замандаш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Жаратылышты коргойлучу замандаш»

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОЙЛУЧУ, ЗАМАНДАШ!

Сабактын максаты:

Окуучулар жаратылышты кооргоого тарбияланышат. Жаратылыштын баркын билүүгө үйрөнүшөт. Жаратылыш, анын байлыктары жөнүндө эссе, дилбаян жазууга көнүгүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Жаратылыштын ар түрдүү сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим бул сабакта окуучуларга жаратылышты коргоо жөнүндө дилбаян, эссе, ыр жаздырса болот. Жазган дилбаянын атайын жыйнак кылып, айрымдарын класста окутуп талкуулатат. Төмөндө окуучулар жазган диблаяндарды сунуштайбыз:



Табиятты сактайлычы, замандаш!

Туулуп-өскөн кичи мекенимди сагындым. Мен эс тартканда ата-энемдин жумушу менен шаарга келип жашап калдык. Ызы-чууга толгон көңүлсүз шаардан да кез-кезде тажап кетем. Шаардын сыртына, таза абага чыгып эс алгым келет. Мына азыр да эс алуу үчүн айылга баратам.

Биздин айыл… Тогуз жолдунтоомунан орун алган, төбөсүндө бейиштин оту жанган, кан жолдун боюндагы айыл. Айылдын жогору жагынан айтылуу Отуз-Адыр каналы агып өтөт. Каналды бойлоп шамалга үн салып шуудурашкан камыштар байыр алган. Канал, камыштар айылга көрк берип турат. Суу мол болгондуктан айылдын ажарын бой тиреген бийик теректер, ар бир үйдүн алдындагы жапжашыл бактар ачып турат. Мына ушулардын баарына суктанып, айылымдын кооздугу менен дагы бир жолу сыймыктанып алдым.

Каналдан өткөндөн кийин жаңы түшкөн айыл, андан ары 3-4 километрге созулуп жаткан каражыгач токою бар. Көп жылдык каражыгачтар бой салып, бирибирине кынала өсүп турушчу. Токойдун арасындагы калың чөп белден өтүп буралып турчу. Ал эми каражыгачтардын башында чурулдаган канаттуулардын чуру-чуусу басылчу эмес. Алардын түркүн түрү: үкү, чымчык, сагызган, ала боор ж.б. үн безеп тынбай сайрап турушчу.

Азырчы… Алардын бири да жок. Бир нече алыстыкка созулуп жаткан токойдон дайын жок. Куну кетип, ар жерде соксоюп өскөн бирин-серин гана жаш чырпыктар турат. Ыйлагым келипкетти. Токойду жок кылган айылдаштарымды каргап да жибердим. Менин бактылуу балалыгымды бирге өткөргөн ошол каражыгачтардын дүмүрү да калбаптыр. Жадагалса отунга деп дүмүрүн да казып кетишиптир. Эсимде… Мен 2-класста окуп жатканымда айлыбыздан бир киши кайтыш болду. Өзү жаш, 4 баласы бар эле. Жакшы эле жүрүп, капыстан эле бир күнү ооруп жыгылып, көп өтпөй каза болду. Кийин адамдар айтып жүрүштү. Ал ошол каражыгачтардын каарында калыптыр. Алардын да ээси бар экен. Ал бак-даракты аеосуз кыркып, майда-майдакылып бутап, отунга даярдап, короосуна толтуруп жыйып алган экен.

Табиятка кордук көрсөткөнү үчүн ал отундар, кара ашына буйруган экен айтып жүрүштү.

Андан бери көп убакыт өттү. Бирок ал окуя айылдаштарыма сабак болбоптур. Тескерисинче ал токойду четиненжагып түгөтүшкөн тура. Каражыгач токою айылдын көркү болчу. Майрамдарга бай май айында кызыл-тазыл кийинип, каражыгач токоюна экскурсияга чыкчубуз. Күндүн аптабында көлөкөсүндө эс алчубуз. Бой тиреген бийик болгондуктан жерге түшкөн курук чыпыктарды гана отун катары пайдаланчубуз. Мына ошол учурлардын бардыгы мезгил бүктөмүндө калган тура.

Табиятты, айрыкча токойлорду сактайлычы! Бак-дарактарды аеосуз кеспейличи! Ойлонолучу! Токойлор жердин көркү, адам баласына абаны тазалап берчү негизги механизм болуп саналат эмеспи. Ошондуктан мен замандаштарыма төмөндөгүдөй ыр саптары менен кайрылат элем:

Тазалап берет адамдар үчүн абаны, Токойдун кантти бүгүнкү күндө абалы?

Эртеңкисин, келечегин ойлобой,

Ураан болду адамдарга «Отун кылып жагалы!»… Кеспечи досум, кыйратуучу болбочу, Узун өмүр сүрөөрүңдү ойлочу. Табият көркү, жашоого берет каниет, Бүлүндүрбөй белсенип аны коргочу!



Жаратылышты коргоо

(акро ыр)

Жан-жаныбар тоо токойду мекендеп,Ала-Тоодо болгон түрү эчен көп.

Райым кылгын табиятка Адамзат,Айтам сага «кайра жүгүн көтөр» - деп.

Табият бул жол караган наристе,Ыйлап турат карды ачкан таризде.Лом, күрөгүң белен кылгын жан досум,Ыргалсын тал тоо суусунан дагы ичсе.

Шарпылдаган көп толкундуу көлү бар.

Токою бар, белге чыккан чөбү бар,Ырыс-кешик кут төгүлгөн жергебиз.Кана досум, кооздугун көрүп ал,

Оргуп чыккан булак үнү шырылдап,

Рахат берет, булбул бакта ыр ырдап,

Гүлүнбагып, тоосун корго мекендин,

Ошондо чоң, кең келечек курулмак,

Ойрон болсо оңдолбос ал кылымдап.



Жаратылышты коргоо

(акро ыр)

Жалбырагы дирилдеген байтерек,Айлананы көрккө бөлөп шаң берет.

Район, шаарлар жашыл бакка оролсун.Аары гүлдөн шире соруп бал берет.

Тыңда досум, мукам үндүн ыргагын,Ырдап жүрөт булбул мактап гүл багын.

Лирикага сыйдыралсам кана эле,Ыкчам жазып табияттын сырларын.Шаңшыйт бүркүт, каалгып учуп асманда,Тоо чокусун оройт булут ак карга.

Ысыгына табияттын күйбөсөң.

Көйрөңжигит жерим кооз деп мактанба.

Ойлонбосоң мекен үчүн, жер үчүн,Райым күтпө ал да күйбөйт сен үчүн.Гүлүнжыттап, ичем десең тоо суусун,От жүрөккө түзүп алгын келишим.

Ошондо ал берет сага жемишин.



Суу кордогон кор болот

Мен жайкы каникулду чоң атамдардын үйүндө жүрүп өткөрдүм. Күндө эртең менен күн чыкпай туруп, чоң энеме уй сааганга жардам берем. Уйларды саап бүткөн соң, торпокторду төмөн жактагы Ысырык сайга айдап таштап келем. Ага чейин чоң энем мага чай даярдап коер эле. Мен чай ичип болгондон кийин, чоң энем сүт бышырып, каймак алчу эле. А мага болсо үйдүн жан-жагын тазалап шыпырып кой - деп тапшырма берчү. Бир күнү өзүм талаадан терип келген шыбак шыпыргы менен ыпырларды чогултуп арыктагы сууга агызып жаткан элем. Кокустан эле чоң атамдын ачуу кыйкырыгы чыкканда коркуп кеттим. Карасам аса таягын таянып чоң атам мени урушуп келатат. «Сени ата-апаң биротоло эле шаардык кылып коюптур! Билбейсиңби сууга мындай ыпырларды таштап булгабаш керектигин! Бизден кийин канча адамдар ушул суудан ичишет. А сен болсо булактын башына туруп алып аны булгайсың. Мындан кийин ыпырларды топтоп тиги четке алып барып таштагын» - деди да басып кетти. Ары барды да токтой калып бас бери сага бир нерсе айтып берейин депүйгө ээрчитип кирди.

Чоң атам дайым чөнтөгүнө көк капкагы бар насыбай шишесин ала жүрчү. Адегенде эле насыбайын чекти да бир аз туруп сөзүн баштады. Чоң атам айткан окуя мындай экен.

Мындан көп жылдар мурун айылдагылардын малдарына ооруу тийип кырылып, эгин эксе анысы жерден чыкпай, чыкса да түшүмү жакшы болбой, суу тартыш болуп, кымбатчылык болот экен. Аз гана түтүн эл болсо да булактын суусуна мурап шайлашып, эл аябай кыйналыптыр. Бир туугандардын ортосунда ынтымак жоголуп, уруш талаш көбөйүп, ал элден береке качыптыр. Адамдар эптеп бир күнүн көрөт дечи, бирок малдарга аябай эле кыйын болуптур. Себеби талаада тишке илешкен чөп жок байкуштар четинен кырылыптыр. Ошондо айыл ичиндеги аксакалдар чогулуп, булак башына барышып, кудайдан жамгыр сурап жалбарып, ал жерге көк улак союп кудай кылышат. Анан алар эмне себептен мындай иштер болуп жатканын ойлонушуп отуруп, акыры себебин табышты. Көрсө элдин баары эле талаадагы кекилик, уларды, кийикти койбой эле четинен атып, анан аны өздөрү жебей сатып жатышыптыр. Аялдар болсо илгертен калган салтты бузуп ар дайым базарга сүт, кымыз, сүзмө, айран ж.б. ушундай ак нерселерди сатып жатат. Жаш балдар сууга ойноп ар нерсени ташташат. Келиндер таң ата турушуп эшик шыпырганда ыпырдын баарын арыктагы сууга агызышат. Мынаушулардын кесепетинен биздин элдин ынтымагы кетип, малдары жутка учурап, эгин-тегин болбой жатат деген чечимге келишет аксакалдар.

Көрдүңбү уулум, эч качан табиятты кордобоо керек. Эгер бир эле сууну кордосоң бүтүндөй бир элге канча зыян келерин. Суугаазыркыдай ыпыр агызып, таштандыларды таштай берсе, ошол өзүң жашап жаткан шаардагы кранттан деле суу чыкпай калат. Колдон келсе арыктагы сууларды таза кармоо керек. Табиятты асырап абайлоо абзел. Ата-бабаларыбыз бекеринен «Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот» деп айткан эмес деди чоң атам жомогунун аягында.

Келгиле достор, биз дагы жаратылышты коргоого өз салымыбызды кошолу. Суулардын четиндеги таштандыларды топтоп, аларды өрттөп жок кылалы. Кимдир бирөөлөрдүн сууну булгап жатканын көрсөк ага түшүндүрүпайталы. Мен чоң атамдын айткан жомогунан кийин өзүмдүн кылган ишимден катуу уялып калдым.

Ала-Тоонун көркү - жан-жаныбарлар

«Кыш болордо эң биринчи кыш болуп, жаз келерде эң биринчи жаз конот» деп классик акын Алыкул Осмонов айткандай биздинтоолорубуз чынында эле ошондой. Анткеним себебим биз кичине кезибизде чай ичем десек апабыз адегенде ысык эмес бекен же өтө эле муздак эмес бекен деген таризде биринчи өзү ичип көрүп, анан гана бизге ичирер эле. Анын сыңары биздин тоолорубуз да, суугу кандай болду экен деп кычыраган кышка, быйылкы жаздын ысыгы канчалык болду экен деп жадыраган жазга да адегенде өзү төшүн тосот эмеспи. Ал турсун эртең менен чыгып келаткан күнгө да, кечинде кирген түнгө да өзүн биринчи тосуп берет. Андан кийин гана айыл апага күн тийип же түн кирет. Ушундай мээримдүү Ала-Тообузду, андагы жашап жатышкан жаныбарларды сактап жатабызбы? Же тескерисинче жаныбарларды атып, өсүмдүктөрдү кыйып алардын шорун колуна карматуудабызбы?

Албетте, бул нерсе ачуу чындык. Эч бир чабан кечинде үйгө отун алып келе турган болсо талаадагы кургак отундарды тербей, өсүп турган өсүмдүктүн шагын сындырып, чекегеокшогон кичинекей өсүмдүктөрдү тамыры менен казып алып үйүн көздөй сүйрөп жөнөйт. Эмнеге десең кургак отун үйгө барганча сынып жок болот дейт.

Жолунан жолуккан жаныбарын атып, канча көп атса ошонусуна кубанып, анысын башкаларга мактанып жүргөн мергендерибиз канча. Жайылып жаткан жаныбарларды пайлап барып, алардын жаманын эмес өтө эле жакшысын тандап атат. Карыганын эмес жашын, арыгын эмессемизин, кичине мүйүзүн эмес чоң мүйүзүн көз астына алат. Кокус ал эмес башкасына тийип калса бармагын тиштеп кадыресе өкүнүшөт. Аттиң алар келечекти ойлонбойт, эртең эле азыр мал жайылып жүргөн арчалуу тоолорубуз жылаңач калары жөнүндө, жаныбарлары да кырылып, болгону шагыл-коруму гана калары жөнүндө баш катырып ойлонгусу да келбейт. Аларга айтылуу «Кожожош» мерген сабак болбоду бекен? «Табият менен таттуу мамиледе болуу жана аны көздүн карегиндей сактоо» керектигин Манас атабыз айтып кетсе да ага кулак салган киши табылбайт. Жаратылышты коргоо, жан-жаныбарларды сактоо кимдердин мойнундагы милдети? Атып же кыйып жаткандарга кандай чара колдонуу керек? Деги мындай суроолор аябай эле көп… Бирок жооп берген адам табылбайт.

Элестетеличи арчалуу токойду аралап баратсаң тээ бийиктен улар сайрап жатса, булактын боюна отуруп алып асманды тиктесең калдайган бүркүттөр канаттарын жайып алып айланып учканын. Кандай сонун ээ. Тоо боорунан бир кулачтан эки кулач мүйүзүн көрсөтүп, бир тутам сакалын сербеңдетип кийиктер маңкайып таңыркап карап турса. Тыйын чычкандар биринен сала бири карагайдын үстүндө ары чуркап, бери чуркашып, ызы-чуу болуп жатса. Көк майса чөптө жатып Ала-Тоодо туулуп калганыңа, кыргыздын уулу болгонуңа сыймыктанаар элең. Албетте бул деген кур кыял гана. Бул кыялдардын орундалары кыйын го, бирок досум мен бул кыялымдын орундаларына да кээде ишенип кетем. Ооба ишенем. Эгер биз эрктүү болуп, жан-жаныбарларды атпай, атсак да чеги менен атып, бейпайда эле жаратылышты кыя бербей, аларга аяр мамиле кылсак, баягы мен кыялданган нерсе тез эле ишке ашат. Ойлонуп көрсөң досум, али деле кеч эмес. Кел элибиздин келечеги үчүн, жерибиздин сулуулугу үчүн кам көрөлү. Барпы акын: «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» дейт эмеспи, туура Ала-Тообуздун эли жок, жаратылышы жок, жанжаныбары жок болсо жетим баладай болуп томсоруп калары чындык. Мен бүгүндөн тартып, өзүм теңдүү жаштардын жаркын келечеги үчүн жаратылышты коргоого астейдил бел байлаймын. Сен дагы кел мага кошул, өзүң жалгыз келбей дагы башка досторуңду да ээрчите кел. Сенин мага кошуларыңа шек жок, себеби жаратылышты сен дагы мендей сүйөрүңдү билемин. Ошол себептүү сага айтып жатканым.






































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!