Жардам берүү – коомдук милдетибиз.
А. Окуучуларга суроолор.
Башкаларга жардам берүү маанилүүбү?
Кандай учурда адам баласы жардамга муктаж болот?
Бирөө жардамга муктаж болгондо жардам бердиңер беле?
Б. Теманы түшүндүрүү
Жашоодо адамдар ар кандай окуяларга учурашат. Бир күнү жаадырап жайнап, жыргал жашасак, экинчи күнү ар түрдүү кырсыктарга дуушар болушубуз мүмкүн. Адамдар бири бирине көз каранды болушат. Жалгыз эч ким бул дүйнөдө жашоого туруштук бере албайт. Кез-кези менен баарыбыз жардамга муктаж болуп турабыз.
Жардам берүү - бул адамгерчиликтин, акылмандыктын, кыраакылыктын белгиси. Бүгүн жардам берүү менен биз эртеңки күнүбүздүн проблемаларын чечкен болобуз. “Жардамы тийбеген - жардам күтпөсүн” деген макалдын терең мааниси бар. Жашоодо баардык нерсе адилеттүүлүктүн негизинде болот. Адамдар “адилеттүүлүк болбой атат” деп нааразычылык билдириштери мүмкүн, бирок биз байкабасак да, баардык нерсе калыс болот бул жашоодо. Берген алат, барганга келет, сүйгөндү сүйүшөт, урганды урушат ж.у.с. нерселер болуп дүйнөдө баланс кармалып турат. Ошондой эле жардам берүү адаты болгон адамдарга, жардамга муктаж болгон учурларында эч качан жардамсыз калышпайт.
Канткенде башкаларга менин жардамым тиет деп, жардам берүү сезими ойгонуп турган адамдар төмөндөгүлөрдү эсинде сакташ керек:
Адамдарга, элге чын жүрөктөн кызмат кылуу. Мага да жардамы тийип калат деп ойлоп, кээ-бир таасири чоң адамдарга гана жардам берип, көмөк көрсөтпөстөн, жардамга муктаж болгонго жардам берип, салым кошуу - бийик даражадагы иш. Адамдардын кебете келбетине, жашына, жынсына, өңү-түсүнө, мандатына, байлыгына карабастан жардам берип, баарына кызмат кылы билишибиз керек. Ар кандай кырсыктарга учураган, жашоодон жадап, үмүтсүз калгандарга туура жолду көрсөтүп, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу – бул ар бир атуулдун, ар бир адамдын милдети.
Материалдык жардам көп адамдын муктаждыгы. Акча, мал, оокат менен адамдарга жардам берүү мүмкүн. Бир адам башка адамдын жыргалчылыгы, жакшы жашоосу үчүн канча көп мал-мүлкүн коротсо, ал адамга Кудай да ошончолук деңгээлде берет. Тапкан акчасын басып жатпастан, бирөөнүн муктаждыгын канааттандырган болсо, ал адам өзүн бактылуу деп эсептесе болот. Анткени, адам башка адамды кубандырып, берген жардамы менен үмүтү үзүлгөн адамдын балким жашоого кайрадан карманганга себеп болуп жатат.
Моралдык жардамга болсо андан да көп адамдын муктаждыгы бар. “Жакшы сөз - жан эритет, жаман сөз жанды кейитет” дегендей адамга кээде жөн эле жылуу сөз, жумшак мамиле керек болот. Ушундай учурларда адамдын проблемасын угуп, түшүнгөнгө аракет кылуу, жана жакшы сөз менен колдоо көрсөтүү да чоң жардам. Моралдык жардамга бардык адам муктаж. Бардык нерсеси жетиштүү адамдардын да жакшы насаатка, чыныгы достукка, ишенимге, дартташууга, сырдашууга муктаждыгы бар.
Азыркы күндө, жардамга муктаж болбогон адам жок. Бирөөгө нан керек болсо, бирөөгө жан керек. Дүйнө ар дайым кризис абалында болуп келген. Бир күнү материалдык жардам керек болсо, башка күнү моралдык жардам керек болот. Заманабызда, адамдар жакшы сөзгө, билимге, илимге, маданиятка муктаж болуп турган убак. Мындай жардамды адамдарга берүү ар бир колунан келген адамдын милдети.
Демек, баарыбыздын колубуздан бир нерсе кылуу келек экен. Жардам берүү ар-дайым материалдык эмес, моралдык жардам да күнүбүздө маанилүү экенин унутпайлы. Балким, заманыбыздын эң керектүүсү да ушул болуп чыгаар. Себеби, жогоруда айтылгандай, азыркы жаштарыбыздын илимге, билимге, жакшы тарбияга, туура багытка муктаждыгы бар. Кимдин колунан эмне келсе, келгиле анда, жардамыбызды аябайлы. Тил билген тил үйрөтсүн, бир нерсени бышырганды билген анысын үйрөтсүн, келечекте пайдасы тие турган жакшы маалыматка ээ болгон анысы менен бөлүшсүн.
В. Аңгеме.
Жакшылык сөзсүз түрдө кайтып келет
Күндөрдүн биринде үйлөрдү кыдырып майда-чүйдө оокат-кече саткан бир кедей баланын курсагы ачат. Акыркы 5 сомун колдонуп кийинки бара турчу үйдөн тамак суроону чечет. Жанындагы эң биринчи үйгө барганда аны жагымдуу бир жаш айым тосуп алат. Бала аны көрүп өзүн бираз жоготуп коёт дагы тамактын ордуна суу сурайт. Айым анын курсагынын ачканын байкап суунун ордуна бир чыныга толтура сүт алып келип берет. Жаш жигит аны шашпай ичип туруп:
Сизге канча сом карызмын? - деп сурайт.
Сен мага эч нерсе карыз эмессиң. Биздин апабыз “жакшылык үчүн эч кандай акы алынбайт” деп үйрөтөөр эле, - деп жооп берет.
Анда мен чын жүрөктөн сизге ыраазычылыгымды билдирем, - дейт жаш жигит.
Андан жылдар өтөт, баягы жаш айымдын жашы улгайып өтө олуттуу бир ооруга дуушар болот. Ал айым жашаган жердеги дарыгерлердин эч кимиси эч кандай айла таппайт. Акыры айымды шаарга жөнөтүшөт. Шаардан аны кыйын бир дарыгерге алып келип көрсөтүшөт. Ал дарыгер көптөгөн аракети менен аны дартынан айыктырат. Бирок анын жумушунун абдан кымбат болгону баарына белгилүү болот. Эмнеси болсо да, дарыгерге анын өзүнүн жумушу үчүн ала турган акысы жазылган кагазды кол койдурууга көтөрүп келишет. Анда, дарыгер кагазды алып чекесине бир нерселерди жазып коёт.
Баягы айым дарыгердин акысынын абдан кымбат болгонун билип, акчасы жазылган кагазды алганда ичин ачкандан коркот. Бирок, акыры ал кагазды ачат дагы, чекесиндеги жазууну көрөт. Кагазда: “Баардыгы бир чыны сүт менен төлөндү” деген жазууну көрөт. Айымдын көздөрүнөн жаш агып көкүрөгү кубанычка толот.
Г. Накыл сөздөр.
Жардамы тийбеген – жардам күтпөсүн.
Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.