СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жардамчы сөздөрдүн түшүндурмөсү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жардамчы сөздөрдүн түшүндурмөсү»

УДК:81.80

САГЫНБАЕВА Б.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Бишкек Sagynbayeva B.

Kyrgyz-Turkish Manas University, Bishkek

sburul(g),mail.ru

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ "ЭЛЕ” ЖАРДАМЧЫ ЭТИШИНИН

КӨП ФУНКЦИОНАЛДУУЛУГУ

Многофункциональность вспомогательного глагола “эле”

Multifunctionality of an auxiliary verb "ele"

Аннотация: кыргыз адабий тилинде - эле, экен, эмес, бол сыяктуу жардамчы этиштер, башка атооч, этиштер менен айкашып, суйломдун негизги маанисине ар кандай кошумча маанилерди киргизери баяндалат. Алардын кызматчы функцияда гана ролу болуп, өз алдынча колдонула албагандыгы, жардамчы этиштердин ичинен “эле” жардамчы этиши жана анын көп функционалдуулугу анализденет.

Аннотация: в кыргызском литературном языке вспомогательные глаголы “эле ”, “экен”, ”эмес” и “бол ” при сочетании с именами и глаголами добавляют к основному значению разные дополнительные значения. Эти глаголы не используются самостоятельно и выполняют вспомогательную роль. В этой статье анализируется многофункциональность вспомогательного глагола “эле”.

Abstract: In kyrgyz literature combination of verbs and nouns and auxiliary verbs like ele, eken, emes, bol gives an additional meaning to the overall interpretation. This article describes munltifuntionality of the auxiliary verb ele in particular which is not applicable on its own and only to be used as subsidiary verb.

Негизги свздвр: жардамчы этиштер; кошумча маани; көп функционалдуулук

Ключевые слова: вспомогательные глаголы; дополнительное значение; многофункциональность.

Keywords: auxiliary verbs; additional meaning; multifunctionality.

Кыргыз тилинин типологиялык тузулуш езгечелуктерун изилдеенун, анын натыйжасында кыргыз тилинин морфологиясынын туптелушу жалпы туркология учун да, жеке кыргыз тили илими учун да зор теориялык мааниге ээ. Типологиялык планда аткарыла турган атайын изилдеелер учун жардамчы жана аналитикалык этиштер, чак менен ынгайды уюштуруучу татаал формалар, бул формалардыуюштурууда э- кемтик этишинин аткарган кызматы нары орчундуу, нары кызыктуу да объект болуп эсептелет.

Бол- “ маанисиндеги эрмек - э/-жардамчы этиши ОрхонЕнисей жазуу эстеликтеринде эрти, эрмиш, эрур формасында кездешет. Азыркы турк тилдериндегидей эле Орхон-Енисей жазуу эстеликтеринде да э/-жардамчы этиши эки турдуу функцияны аткарат: атооч сездер менен да, этиш сездер менен да айкашып келип, суйлемде тутумдаш атоочтук баяндоочторду жана тутумдаш этиштик баяндоочторду уюштурат. Мисалы: Tabgag kagan yagımız erti “Кытай каганы душманыбыз эле”, bodun boguzu tok erti “элдин карды ток эле”, kцrьr erti “корчу эле”, Ъо1тц erti “болгон эле”, kelьrьr ertim “алып келчуэлем” [10: 184-187].

Чагатай доорунда байыркы эр- этишинин дээрлик ёр- же иформасындагы тузулушуне ээ болгонун байкайбыз жана терс формасы ёрмес менен берилет. Ошондой эле этиштин предикаттык татаал формаларынын уюштурулушу дагы мурунку доорлорго окшош. Мисалы: yah§ı, girayhg yigit йrdi - жакшы, чырайлуу жигит эле. la’im йrmes men (мен) сарац эмесмин. Чагатай доорунда экемтик этишинин активдуу турде езгеруулерге дуушар боло баштаганы байкалат. Тагыраак айтканда, сездун тутумундагы р тыбышы тушуп жана бул доордун негизги езгечелугу болгон биринчи муундагы э тыбышынын иге етушу байкалат. J.Eckmann: “Кээ бир чагатай текстеринде J белгиси менен жазылат. Ошол себептен э менен инин ортосундагы ундуу болушу мумкун деп болжолдойт [9: 144.].

Азыркы учурда эр- архаикалык этиши турк тилдеринин чыгыш колунда кебунче э-, ал эми батыш колунда и- фонетикалык тузулушунде колдонулат. Азыркы кыргыз тилинде эр- этиштин туунду формасы катары кездешпейт, анткени азыр фонетикалык баштапкы турун езгертуп, эле // эде // эди, жен, имиш // эмиш формасында колдонулат. Керунуп тургандай, бара-бара э^'дин туунду формалары бизге р тыбышы тушкен формада э- болуп жеткен: (э- [36 91].

Э- кемтик этишинин «кемтик» деп аталуусу аягындагы р унсузунун тушуп калгандыгы учун эмес, бардык жак формалары боюнча жакталбагандыгы, б.а., учунчу жактын жекелик жана кептук санынын жак мучесу жок болгондугу менен тушундурулет.

Э- кемтик этиши, б.а., эле, жен, эмес жана бол жардамчы этиштердин женекей чак жана ынгай формалары менен айкашып келгендеги татаал формалары, андагы туюндурулган маанилери женундегу Щ тараптан сыпатталган илимий натыйжаларды кыргыз тил илиминде алгачкы жолу окумуштуу Б.Юнусалиев, андан соц академик Б.Орузбаева [56: 47-52] айткан. Бирок ошондой болсо да еткен чактык жардамчы этиштин татаал формалары, субъективдуу модалдуулуктун татаал формалары, шарттын татаал формаларынын табияты, ички тутумдук тузулушунун кеп кырдуу грамматикалык маанилери кыргыз тилинин материалдарында чектелуу берилгендигин байкоого болот.

Бул макалада кызматчы функцияда гана ролу болуп, ез алдынча колдонула албаган бул жардамчы этиштердин ичинен азыркы кыргыз тилиндеги еткен чактык эле жардамчы этиши жана анын кеп функционалдуулугу женунде сез болот. Себеби э- кемтик этишинин ете ийкемдуусу эле эсептелет.

Жардамчы этиш эле езунун негизги маанисинен башка баяндоочтун тузулушуне катышуу менен аларга ар кандай кошумча маанилерди берет [3: 91-93]. Эленин негизги мааниси - еткен чактык маани. Мындан сырткары ар кандай чактык, модалдык маанилерди: кыймыл-аракеттин аткарылуу мунезун туюндурган ачыктык-тактык, белгилуулукбелгисиздик, адаттангандык, кошумчалоо, эске тушуруу, эстетуу, ниеттенуу, натыйжа, каалоо-тилектик сыяктуу кошумча маанилерди билдирет. Кыймыл-аракеттин мезгилдик чен-елчемун туюндурган кыска меенеттук жана узакка созулгандык, мезгил ичиндеги кайталангандык, башталып буте электик, аткарылбай калгандык сыяктуу ж.б. маанилерди билдирет. вткен чактык баяндагыч этиштин татаал формалары ар бир женекей

чак жана ынгайдын (буйрук ынгайдан сырткары) билдирген маанилерин еткен чак аркылуу баяндоо семантикасын туюндурат. Баяндагыч ынгайдагы этиштер менен (буйрук ынгайдан башка) бардык ыцгайдын турлеру еткен чактык баяндагыч этиштин татаал формасында жакталат.

Эткен чактык жардамчы этиш эле атооч жана этиш сездер менен айкашып келип, еткен чактык баяндагыч этиштин татаал формаларын уюштурат. Эледей ете кеп колдонулбаса да, кыргыз тилинде бол жардамчы этиши кызматчы функцияда бул жардамчы этишке маанилеш келип, еткен чактык баяндагыч этиштин татаал формаларын уюштурат.

Атооч свздвр менен колдонулган бул форма затгын, белгинин еткен чакта ким же эмне болгондугун, еткен чакта кандай касиетке ээ болгондугун, абалын билдирет да, жардамчы этиштердин башка турлерунен ачык-айкындыгы менен айырмаланат: Мен студент элем (болчумун).

Атооч сездердун терс формасын аналитикалык жол менен уюштуруучу эмес байыркы убактагы эр жардамчы этишинин жана этиштин терс формасы -БА менен атоочтуктун терс «с» формасынын кошундусунан тузулген (эмес деген туркологиялык адабияттарда турдуу пикирлер бар [2: 49]

Эткен чактык жардамчы этиштин эле формасы женекей чак жана ыцгай этиштери менен айкашып, анын татаал турун уюштурат.

Эле жардамчы этиши еткен чак этиштерди уюштурууда езгече рол ойнойт. Ал еткен чак этиштерге байыркы еткен чактык (окуду эле, окуган эле) жана конкреттуулук, ачыктык-тактык маанилерин кошумчалайт. Мисалы: Жолдоштор, бир кездерде биз «а» деген тамганы тааныбаган Дуйшвндун мектебинда да окудук элек (Ч.А.).

Эткен чактык жардамчы этиштин айкын втквн чактагы татаал формасы айкын еткен чактагы этиштик формага эле ’нин айкашып келуусу аркылуу уюшулат. Бул учурда жак мученун толук эмес формасы негизги этишке жалганат: этиш + -ды + жак мучв + эле.: ал-ды-м эле. [5: 52-56].

Эленин айкын еткен чактагы татаал формасынын терс туру -БА мучесунун этиштик унту менен чак мучесунун арасында жайгашуусу менен уюшулат: этиш + -БА + -ДЫ + жак мучв + эле: албадын эле, окубадынар эле. Бул форманын суроолуу туру -БЫ эле жардамчы этишинен мурда жайгашат, б.а., чак формасындагы этиштик уцгуга жалганат. Бул учурда суроо мучесунун соцку ы ундуусу менен эленин башкы ундуу тыбышынын (э) жанаша айтылуусу менен -БЫдагы ы тыбышы тушуп калат да, беле формасына етет: ал-ды-н бы эле алдыц беле, квр-ду бу эле корду беле, оку-ду бу эле окуду беле ж.б. Ушундай кубулуштун негизинде туштук-батыш диалектисиндеги эде формасы беде суроолуу формасына айланат: ал-ды-н бы эде алдыц беде, квр-ду бу эде корду беде. Эткен чактык жардамчы этиштин айкын еткен чактагы татаал формасы эбаккы еткен чакты билдирет: Мен бугун келем деп балдарга убада бердим эле, - деди Дуйшвн, - эртец сабак башташъш керек (Ч.А.).

Отквн чактык жардамчы этиштин жалпы втквн чактагы татаал формасы жалпы еткен чактагы этиштик формага эле’нин, айрым учурларда болч/нун айкашуусу аркылуу уюшулат. Бул татаал формада жак мученун толук эмес формасы жардамчы этишке жалганат: этиш + ГАн + эле / болчу + жак мучв: квр-гвн эле-м.

Эле жардамчы этишинин жалпы еткен чактагы татаал формасынын терс мааниси у4 турдуу жол менен берилет: биринчисинде терс маанини уюштуруучу -БА мучесу аркылуу, экинчисинде лексикалык мааниси жагынан жоктукту билгизуучу жок сезу аркылуу, учунчусунде атоочтук тангыч эмес сезу аркылуу: этиш + -ГАн + жок / эмес + эле + жак мучв. Мисалы: ал-ган жок элем, кел-ген жок эле, унут-кан эмес эле. Тангандыктын формалдык жагынан мындай уч турдуу болуп берилиши эмнени тангандыкты тагыраак керсетуу зарылдыгы менен байланыштуу. Мындай формадагы этиштер еткен чактагы кыймыл-аракеттин, окуянын болгон, болбогондугун ишенимдуу керсетет: Коп жылдан бери илегилек квргвн эмес элем.

Терс форма —ГАн мучесуне таандык муче жалганып, ага жок сезунун айкашып келуусу менен да уюшулат: этиш + ГАн + таандык мучв + жок + эле. Мисалы: ич-кен-им жок эле. Суроолуу формасында бекен сезу колдонулат: ал-ган бы элец алган белен.

Эткен чактык жардамчы этиштин жалпы еткен чактагы татаал формасы эбаккы еткен чактагы суйлеечуге белгилуу болгон кыймыларакетти билдирет, ошондой эле, эбаккы еткен чактагы суйлеечуге белгилуу болгон кыймыл-аракетти эске тушуруу же экинчи бирееге эстетуу маанилерин да туюндурат: Менин жолдошторумдун кебу Петропавловск чебинде каза болгону жвнундв мен силерге мурдагы жазган катымда жазган элем (К.Т.).

Отквн чактык жардамчы этиштин капыскы втквн чактагы татаал фврмасы енумсуз болуп эсептелет да, учунчу жактагы этиштик уцгуга эле’нин айкашып келуусу аркылуу, б.а., этиш + -ЫптЫр + эле + жак мучвс\ аркылуу да уюшулат да, суйлеечунун байыркы еткен чактагы кыймыл-аракетти, окуяны баяндоосун, о.э., суйлеечунун так эмес маалымат женундегу ишенимсиз баяндоосун билдирет: Ибрагим кат жазыптыр эле, катын биз албадык.

Эле жардамчы этишинш адат втквн чактагы татаал формасы адат еткен чактагы этиштик формага эле ’нин айкашып келуусу аркылуу уюшулат. Жак мученун толук эмес формасы эле жардамчы этишине жалганат: этиш + -чУ + эле + жак мучв: алчу элец.

Эле аркылуу уюшулган бул татаал форма биз суйлеп жаткан учурдан алда-канча мурда болуп еткен кыймыл-аракетти ишенимдуу турде баяндоо жана эскеруу маанилерин туюндурат: Ал малды чыгарып баратканда да, кайра айдап келатканда да зоцкулдап ырдап втчу эле. Ушундай эле форма аркылуу суйлеечунун байыркы еткен чактагы кеп жолу кайталанган жана узакка созулган кыймыларакетти ишенимдуу баяндоо маанилерин билдирет: Абыл квптвн бери атасына айтып журчу эле.

Суроолуу формасы БЫ эле’деги башкы э тыбышынын таасири менен белете айланат: Эл четинде жоо турса, жигит уйдв жатчу беле?! (К.М.) Терс формадагы эмес сезу аркылуу заттын байыркы еткен чактагы кенумушке айланган кыймыл-аракетин билдирууге болот: взу деле кичинекейинде уйдвгу жацжалды айттырбай байкап журчу эмес беле! (Ч.А.)

Эткен чактык жардамчы этиштин -Ар эле, -А(-й), -т эле (болчу) форманттары аркылуу да байыркы еткен чактагы кыймыл-аракет, окуялар баяндалып, -чУ элете маанилеш келет: Ал биздикине келчу эле = келер эле. Сен мага айпгчу элец = айтар элец.

Байыркы втквн чактык жардамчы этиштин жалпы учур чактагы татаал фврмасы да

-чУ эле, -Ар эле татаал тузулуштеру аркылуу уюшулат. Бул татаал формалар еткен чактагы кенумушке айланган кыймыл-аракетти учурда баяндоо маанисин туюндурат: Ажы ага вмурун вшвл жакта вткврвр эле (Р.Х.).

дтквн чактык эле жардамчы этиштин учур чактагы татаал фврмасы учур чак формасындагы негизги этишке эле, бел- сез формаларынын айкашуусу аркылуу жасалат. Бул татаал конструкцияда учур чак, учунчу жактын жекелик санындагы жат-, жур-, втур-, тур-жардамчы этиштери туруктуу колдонулат. Аталган жардамчы этиштер учур чактын татаал тузулушун уюштуруудагы активдуу каражаттардын бири болуп саналат. чакчыл мучесу негизги этиштерден бар- жана кел- этиштерине гана жалганат жана жат- жардамчы этиши менен айкашып келет: бар / кел + -А + жатат + эле + жак мучв.

Чакчыл -Ып негизги этиштердин баарына жалгана берет. Бул татаал конструкциянын толук жакталышы темендегудей: этиш + -А; -Ып + жатат (журвт, отурат, турат) + эле + жак мучв. Терс формасында -БА негизги этишке жалганат: кет-пе-й жат-а-т эле-м.

Суроолуу формасында беле татаал конструкциянын аягында келет: бар-а жат-а-т бы эле бара жатат беле. вткен чактык жардамчы этиштин учур чактагы татаал формасы -ГАн, -ДЫ еткен чак мучелеру уланган жат-, жур-, отур-, тур- жардамчы этиштери менен эле, болчу, болду сездерунун айкашуусу аркылуу да уюшулат: этиш + -А; -Ып + жаткан (жургвн, отурган, турган) + эле / болчу / болду + жак мучв. Эткен чактык жардамчы этиштин учур чактагы татаал формасы еткен чактагы башталып буте элек кыймыл-аракетти, окуяны эске тушуруу, баяндоо маанилерин туюндурат.

Байыркы еткен чактык этиштин учур чактагы татаал формасы еткен чакта болуп еткен кыймыл-аракетти эске тушуруу же еткенде болгон, бирок бутпей калгандай сезилген окуяны баяндоо, же болбосо кыймыларакеттин жакын арада болуп еткендугун баяндоо сыяктуу маанилерди туюндурат: Тввлврду жылкыларды, уйларды, эшектерди базарга айдап келе жатат элем (А.И.). 1985-жъшы мен униеерситетте окуп жургвн элем.

Эле / бол- жардамчы этишинин айкын келер чактагы татаал формасы негизги этиштер менен эле, кээде бол жардамчы этиштеринин бирге келиши аркылуу жасалат: этиш + -А (-и) + т + эле / болчу + жак мучв.

Айкын келер чактык формага эле жардамчы этишинин айкашып келуусу аркылуу негизги этишке темендегудей кошумча оттеноктор жуктелет:

  1. Шарттуу багынынкылуу татаал суйлемдун баш суйлемунун баяндоочу болуп эле / idi жардамчы этишинин айкын келер чактагы татаал формасы келсе, багынынкы суйлемдегу шарттын аткарылышы менен, айкын келер чактык формадагы татаал этиш билдирип турган кыймыл-аракеттин да келечекте аткарылышы мумкун экендиги туюндурулат: Сен китепти алсац, мен аны окуйт элем. Жардам берсец, бул ишти эртец бутвт элем.

  2. Эткен чактык жардамчы этиштин айкын келер чактагы татаал формасы субъектинин кыймыл-аракетти аткарууга болгон ниетин билдирет: Айтматовдун жаны романын алат элем.

  3. Ушундай эле татаал конструкция аркылуу кыймыл-аракеттин кандайдыр бир шартка байланыштуу еткен чакта аткарылбай калгандыгы туюндурулат: Саламаттыгым тузук болгон болсо, мен институтту бутвт болчумун.

  4. Эле менен айкашкан айкын келер чак субъектиге адаттанып кеткен сыяктуу кыймыл-аракетти билдирет. Мындай учурда кыймыл-аракет суйлеечунун езу тарабынан аткарылган болот же анын башка биреелер тарабынан аткарылгандыгы суйлеечуге башынан белгилуу болот: Мен уйгв келгенде, апам базарга кетет эле.

  5. Айкын келер чактагы татаал форма кээде болуп еткен же боло турган иш женунде суйлеечунун кез карашын жайынча гана баяндоо маанисин туюндурат: Мен англис тилин жакшы билет элем.

  6. Бул татаал форманын суроолуу туру беле аркылуу кыймыларакеттин аткарылышын же еткендегу аткарылыш мумкунчулугун сурамжылайт: Бул китепти албайт белец?

дтквн чактык жардамчы этиштин арсар келер чактагы татаал формасы -Ар мучелуу арсар келер чак формасындагы этиштер менен эле жардамчы этишинин кошулуп айтылышы аркылуу тузулет: этиш + -Ар + эле + жак мучв.

Эле жардамчы этиши арсар келер чак формасындагы негизге ар турдуу кошумча маанилерди берет:

  1. Белгилуу бир шарттан келип чыга турган натыйжаны, б.а., келечекте кандай иш болмок экендигин билгизет: Каныбек абам келип калса, мен жеп-ичпесем да бардык нерсеге ыраазы болоор элем (К.Ж.) .

  2. Бул форма аркылуу еткен чактагы адатка айланган кыймыларакетти эске тушуруу, баяндоо мааниси туюндурулат: Аларды сагынтпай айылга бат-бат барар эле (ПК.).

Эткен чактык жардамчы этиштин арсар келер чактагы татаал формасы кээде карама-каршы багынынкы суйлемге баяндооч болуп тушет. Мындай учурда ал суйлеечунун жалпы ниетин билдирет, бирок ал ниеттин аткарылышына баш суйлемдегу ой карама-каршы коюлат: Качар элем, бирок мумкундук жок (А.И.). Арсар келер чакка эле жардамчы этиши беле турунде айкашса, кыймыл-аракеттин аткарылар, аткарылбастыгын тактап билуу максатындагы сурамжылоо маанисин туюндурат: Ошондо уйгв чакырсам, келер белец?

Эткен чактык жардамчы этиштин ыцгай негизге айкашуусу аркылуу да анын татаал турлеру тузулет.

втквн чактык жардамчы этиштин шарттуу ыцгайдагы татаал формасы -ГАн формасындагы атоочтуктан кийин шарттуу ыцгайдагы болсо жардамчы этишинин кошулушу аркылуу барган болсо, келген болсо сыяктуу аналитикалык жол менен уюшулат. Жак муче аналитикалык турдун экинчи компонентине жалганат: ал-ган бол-со-м, ук-кан бол-со-цуздар.

-сА эле конструкциясы кыргыз тилинде еткен чактык маанини билгизбейт, ошондуктан кыргыз тилинде шарттуу ыцгайдын еткен чагы учун шарттуу ыцгайдын аналитикалык туру -ГАн болсо колдонулат. Кээде шарттуу ыцгай багыныцкы суйлемдун баяндоочу болуп, эле баш суйлемге баяндооч болуп келет. Баш жана багыныцкы суйлемдердегу баяндоочтордун маанилери биригип, керектуу шарттын еткенде орундалбай калгандыгын, ошонун аркасында тийиштуу натыйжага да жетише албай калгандыгын билдирет. Мындай учурда еткендегу шарттын аткарылбай калышы суйлемге еткен чактык маанини берет: Сен китепти берсец, ал кечээ окуйт эле.

Жардамчы этиш эле’нин каалоо-тилек ыцгайдагы татаал формасы суйлее учурунан мурун болгон кыймыл-аракетти билдирет.

  1. Суйлее учурунан мурун болгон кыймыл-аракет -АйЫн, -йЫн дедим (-ц) эле, -АлЫ(к),

-йлЫ(к) дедик (-цЕр) эле аналитикалык форманттары аркылуу туюндурулуп, суйлеечунун еткен чактагы аткарылбай калган каалоосун билдирет: Кечээ сага барайын дедим эле.

  1. Суйлее учурунан кийин боло турган кыймыл-аракет -ГАй эле аналитикалык формасы аркылуу туюндурулат. Мисалы: Эртецки сынактан жакшы баа алгай элем.

втквн чактык жардамчы этиштин ниет ыцгайдагы татаал формасы -мАк, -мАкчЫ формасындагы этишке эле / болду кемекчу этишинин айкашы аркылуу жана -Ыш /-00, -Уу + керек эле / болчу / болгон аналитикалык форманттары аркылуу тузулет: Саат алтыда кинотеатрдан жолукмак элек. Мисалдардан байкалып тургандай, мындай учурда ниеттин иш жузуне аткарылган, аткарылбагандыгы суйлеечу учун белгисиз болот. Эленин эквивалента болгон еткен чак формасындагы бол жардамчы этиши ниет ыцгайдын -мАк, -мАкчЫ формасы менен кошулуп айтылганда, ишти иштее учун болгон ниеттин чечилгендиги, же болбосо чукулдап калгандыгы тууралуу маани туюндурулат: Энчинин баарын улуу баласына бермек болду (К.Т.).

Керунуп тургандай, чак формасындагы этиштер менен бардык ыцгайдын турлеру (буйрук ыцгайдан башка) еткен чактык жардамчы этиш эленин татаал формасында жакталат. Ар бир женекей чак жана ыцгайдын (буйрук ыцгайдан сырткары) туюндурган маанилерин еткен чак аркылуу баяндоо семантикасын билдирип турат.

Ошентип, кыргыз тилиндеги еткен чактык жардамчы этиштин татаал формаларын сыпаттоодон темендегудей жыйынтыкка келдик:

  1. Эле, бол- жардамчы этиштери маани жана кызмат жактан, негизинен, езу айкашкан сез менен бирдикте окуянын суйлеп жаткан убактан мурда болуп еткендугун билдирет. Мындан сырткары, кыймыл-аракеттин аткарылуу мунезун туюндурган ачыктык-тактык, белгилуулук-белгисиздик, адаттангандык, кошумчалоо, эске тушуруу. эстетуу, ниеттенуу, натыйжа, каалоо-тилектик сыяктуу; кыймыл-аракеттин мезгилдик чен-елчемун туюндурган кыска меенеттук жана узакка созулгандык, мезгил ичиндеги кайталангандык, башталып буте электик, аткарылбай калгандык сыяктуу ж.б. кошумча маанилерди билдирет.

  2. Эле атоочтук баяндоочтордун тутумдук элементи катарында айтылганда, аларга демейдегидей эле еткен чактык маани берет. Ал эми этиштин еткен чагынын -ДЫ, -ГАн, -чУ формалары менен айтылган учурда байыркы еткен чактык маанини берет.

Адабияттар

  1. Дмитриев Н.К. Грамматика башкирского языка. -М, -Л., 1948. 53-54-6.

  2. Кононов А. Н. Грамматика современного турецкого языка. -М, -Л., 1956. 49-6.

  3. Кудайбергенов С. Кыргыз тилиндеги сез езгертуу системасы. Фрунзе, 1957. 91-95-6. 4. Малов СЕ. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии.-М; -Л.: Изд-во АН СССР, 1959. 30-39-6.

  1. Б.е.Орузбаева, Формы прошедшего времени в киргизском языке. -Ф., 1955: 47-52-6.

  2. Орузбаева Б.9., Кудайбергенов С. Кыргыз тилинин грамматикасы.

Морфология, Фрунзе, 1964.

  1. Юдахин К.К. Итоги и задачи изучения киргизских диалектов. Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР, вып.

6, 1956.

  1. Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер. Фрунзе, 1985. 189-6.

  2. Eckmann J.Зağatayca El Kitabı зev. Karaağaз. G.istanbul 1988 144-6.

  3. Эржиласун А.Б. Турк Дили Тарихи. Анкара, 2010. 184-187-6.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!