Просмотр содержимого документа
«Жарыктын кванттык касиети. Фотоэлектрдик эффект жана анын закондору»
САБАКТЫН МАКСАТЫ: 1. ЖАРЫКТЫН КВАНТТЫК КАСИЕТТЕРИН, АНЫН ДАЛИЛИ БОЛГОН ФОТОЭФФЕКТ КУБУЛУШУН ТҮШҮНҮШӨТ. 2. ЖАРЫКТЫН ТОЛКУН ЖАНА КВАНТ КАТАРЫ ЖАШООСУН ТҮШҮНҮШӨТ
ЖАРЫКТЫН КВАНТТЫК КАСИЕТИ
Жарыкты толкундук көз караш менен гана эмес, ошондой эле өзгөчө бөлүкчөлөрдүн агымы – жарык кванттары (фотондор) катары көрсөтүүгө болот.Кванттын негизги мүнөздөмөсү – энергия. Монохроматтык жарык агымы бирдей жарык энергиясы бар фотондордон турат .
Фотондун энергиясы: E=hν Бул жерде: h= 6.62 X 10-34 Дж сек – Планк турактуулугу, ν-жарыктын жыштыгы(Гц), С- вауумдагы жарыктын ылдамдыгы м/сек, Х-толкундун узундугу(м)
ФОТОЭФФЕКТ ЖАНА АНЫН МААНИСИ .
Генрих Герц (1857–1894) – 1886-жылы электромагниттик толкундардын бар экенин биринчи жолу эксперимент жолу менен далилдеген немис физиги. Электромагниттик жана жарык толкундарынын негизги касиеттеринин бирдейлиги аныкталган. Ал электромагниттик толкундардын чагылышын, интерференциясын, дифракциясын жана поляризациясын кеңири изилдеген.
.
Фотоэффект – Бул жарыктын таасири астында металлдын бетинен электрондордун чыгып кетүү кубулушу.
Нурлануунун кванттык табияты .
Коллаж "Сыйкырдуу түн", Фотоэффект коллаж.
.
1890 г. – Александр Григорьевич Столетов фотоэффекттин сандык закондорун негиздеген. Анын мезгилсиз өлүмү изилдөөнү аягына чыгарууга жана фототоктун алып жүрүүчүсү эмне экенин аныктоого мүмкүндүк берген жок.
Көптөгөн кылдаттык менен эксперименттердин натыйжасында Столетов фотоэффекттин закондорун түздү:
- Биринчи закон: фотоэлектрондордун жалпы саны (Түшгөн жарыктын интенсивдүүлүгү канчалык көп болсо, электрондор ошончолук көп жетиштүү энергия алат жана каныккан ток ошончолук чоң болот. Бул фотоэффекттин биринчи мыйзамын түшүндүрөт);
- Экинчи закон: Фотоэлектрондордун максималдуу ылдамдыгы;
- Үчүнчү закон: ар бир зат үчүн фотоэффекттин кызыл чеги бар. макс) учурда фотоэффект болушу мүмкүн эмес.
Альберт Эйнштейн (1879–1955) – ХХ кылымдын улуу физиги. Ал мейкиндик жана убакыт жөнүндөгү жаңы окууну – атайын салыштырмалуулук теориясын жараткан. Ал биринчи жолу жарыктын бөлүкчөлөрү – фотондор түшүнүгүн киргизген.
Фотоэффекттин закондорун түшүндүрүү үчүн Эйнштейн Планктын электромагниттик нурлануу үзгүлтүксүз толкун эмес, жеке бөлүкчөлөрдүн агымы – кванттар деген гипотезасын колдонгон.
Фотоэффект кубулушу жарыктын дискреттүүлүгүн тастыктоо болуп саналат. Бул фотоэффекттин закондорун түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Затка түшкөн кванттын энергиясы заттан электронду ажыратуу ишине жана электронго кинетикалык энергияны берүүгө жумшалат. Фотоэффект пайда болгон жарыктын чектүү толкун узундугу фотоэффекттин кызыл чеги деп аталат.
ҮЙ ТАПШЫРМА:
- § 39-40 тема боюнча суроо түзүп келүү