СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жасалма радиоактивдүүлүк

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жасалма радиоактивдүүлүк»

20-глава

Жасалма радиоактивдүүлүк. Радиоактивдүү нурдануулардын касиеттери

Жасалма радиоактивдүүлүк. Ядролук реакциялардын негизинде алынуучу изотоптордун радиоактивдүүлүгү жасалма радиоактивдүүлүк деп аталат. Жасалма радиоактивдүүлүк атом ядросунун туруктуулук (стабилдүүлүк) шарттарынын бузулушуна байланыштуу болот.

Стабилдүү ядронун туруктуулугу ага ашык протондорду киргизүүдѳн бузулат. Бул учурда ядронун энергиясы жогорулап, ядронун туруктуулук шарты бузулат да жасалма радиоактив­дүүлүк пайда болот. Жасалма радиоактивдүүлүк 1934 - жылы Фредерик жана Ирен Жолио - Кюрилер тарабынан алюминийди α - бѳлүкчѳлѳрү менен нурдантуу аркылуу ачылган. Жасалма радиоактивдүүлүктү ачкандыгы үчүн алар 1935 - жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан. Мындан тышкары дагы бир ка­тар жасалма радиоактивдүү изотопторду алышкан. Жаңы түрдѳгү позитрондук радиоактивдүүлүктү да ачышкан. Фредерик жана Ирен Жолио - Кюрилер жасалма радиоактивдүүлүк ошондой эле нейтрондор, протондор аркылуу да пайда болорун алдын ала айтышкан.

Жасалма радиоактивдүүлүккѳ ээ болгон заттар β жана γ - нурларын чыгарышат. Айрым учурларда табигый радиоактивдүүлүккѳ мүнѳздүү болгон α - нурлары да нурданат. Бирок ошондой болсо да жасалма радиоактивдүүлүк учурунда табигый радиоактивдүү заттарга мүнѳздүү болбогон башкача түрдѳгү ажыроо да кездешет. Ажыроонун мындай түрү электрондун массасына барабар массага ээ болгон, бирок абсолюттук чондугу боюнча электрондун зарядына барабар болгон оң зарядды алып жүрүүчү позитрондорду чыгаруу менен жүрѳт.

Позитрондор биринчи жолу космостук нурлардын курамынан табылган. Позитрондор космоско γ - фотондун эки электронго жана позитронго айлануусунун негизинде пайда болушат.

Позитрондук-активдүү жасалма радиоактивдүү заттын пай­да болушунун мисалы болуп, алюминийди α-бѳлүкчѳлѳрү менен аткылоодон келип чыккан реакция эсептелет. Бул учурда нейтрон чыгарылып, массалык саны 30 барабар болгон фосфордун радиоактивдүү изотобу пайда болот. Ушуга окшош эле реакция борду α - бѳлүкчѳлѳрү менен урдуруудан келип чыгат.

?1. Жасалма радиоактивдүүлүккѳ түшүнүк бергиле.

Радиоактивдүү нурдануулардын касиеттери. Кандайдыр бир элементтин радиоактивдүү изотобунун атом­дук ядросу ажыраган кезде башка элементтердин изотопторунун ядролору пайда болот. Мисалы, радийдин ажыроосунан радон жана гелий келип чыгат. Ошентип, радиоактивдүү ажыроо бир химиялык элементтин башка элементке айлануусу менен жүрѳт.

Атомдордун химиялык жаратылышы алардын ядролору ме­нен аныкталат. Бир химиялык элементтин атому башка эле­менттин атомуна айланыш үчүн атомдун ядросунун заряды Z ѳзгѳрүүсү керек. Мисалы, α - бөлүкчѳлѳрдүн нурдануусунда ядронун заряды Z эки бирдикке азайып, Z - 2 барабар болот. Ал эми β - бѳлүкчѳлѳрү нурданганда заряд бир бирдикке кѳбѳйүп, Z + 1 барабар болуп калат. Ошентип, радийдин атомдорунун ядролорунан α- бѳлүкчѳлѳрү нурданганда радондун атомдорунун ядролору пайда болот. Ушул сыяктуу эле актинийдин атомдорунун ядролорунан β - бѳлүкчѳлѳрү нурданганда торийдин атомдорунун ядролору жаралат.

γ - нурдануусу адатта α - жана β - нурданууларынан кийин пайда болот, α - же β-бѳлүкчөлѳрү чыгарылгандан кийин атомдук ядро дүүлүккѳн абалга келет, б. а. ашык энергияга ээ болот да, тѳмѳнкү энергетикалык денгээлге (нормалдык абалга) ѳтүү менен - квантын нурдантат.

Заттар менен ѳз ара аракеттенүүлѳрүнѳн радиоактивдүү нурдануулардын тѳмѳндѳгүдѳй касиеттери аныкталган:

-Бардык радиоактивдүү нурдануулар кандайдыр белгилүү даражада химиялык аракет этүүлѳргө ээ болушат. Мисалы, фотопластинкага таасир этип аны карартып жиберет.

-Радиоактивдүү нурдануулар газдарды иондоштурат. Эгер катуу заттар аркылуу ѳтсѳ, аларды да иондоштурат.

-Радиоактивдүү нурдануулар бир катар телолордо люминесценцияны пайда кылат.

Аталган касиеттер радиоактивдүү нурданууларды илимий изилдѳѳлѳрдүн жана бир катар эксперименталдык жолдор ме­нен текшерүүлѳрдүн негизинде такталып далилденген. Ошентип, радиоактивдүү нурданууларды кабылдоо жана алардын касиеттерин аныктоодо бѳлүкчѳлѳрдүн иондоштурууга жана фотохимиялык аракет этүүгѳ жѳндѳмдүүлүктѳрү, ошондой эле заряддалган бѳлүкчѳлѳрдүн магнит талааларында кыйшайуусу негизги ролду ойногон.

а - жана β - нурларын чыгаруу менен жүрүүчү атомдук ядролордун айлануулары ирети менен α - ажыроосу жана β - ажыроосу деп аталат. «γ - ажыроосу» деген термин жок.

? 1. Радиоактивдүү нурдануулардын кандай касиеттери анык­талган?

2.α - ажыроосу жана β - ажыроосу деп эмнени атайбыз?