СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш математик кружогу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаш математик кружогу»


Математикалык макалдар

  1. Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.

  2. Адам дүйнөдө бир жаралат.

  3. Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.

  4. Ажы болмок — кырк жылда, пенде болмок — бир күндө.

  5. Аз сүйлөсөң, элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың.

  6. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.

  7. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.

  8. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.

  9. Ак ит, кара ит — баары бир ит.

  10. Акмактын өмүрү — акылмандын бир күнүнө татыбайт.

  11. Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.

  12. Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.

  13. Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.

  14. Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.

  15. Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөн.

  16. Ала карганы адал десе, бир чалымы бок татыйт.

  17. Алга бир карасаң, артка беш кара.

  18. Алдырган бир киши, уурусу миң киши.

  19. Алтай менен Култайга, жалчы жүрдүм бир тайга.

  20. Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.

  21. Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.

  22. Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.

  23. Ар бир башта миң кыял.

  24. Ар бир ит — өз короосунда кожо.

  25. Ар дарттын бир дабасы бар.

  26. Ар заманда бир чукулдай.

  27. Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?

  28. Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.

  29. Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.

  30. Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.

  31. Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.

  32. Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.

  33. Ат бир мүдүрүлсө, үч мүдүрүлөт.

  34. Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.

  35. Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.

  36. Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.ың арык болсо — бир чап, отунуң аз болсо—бир жак.

  37. Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.

  38. Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат.

  39. Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка.

  40. Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.

  41. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.

  42. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.

  43. Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.

  44. Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.

  45. Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.

  46. Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.

  47. Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе,экинчисинин күчү жок.

  48. Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.

  49. Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.

  50. Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.

  51. Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.

  52. Бир амал менен, эки алдай албайсың.

  53. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.

  54. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт

  55. Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.

  56. Бир байдын журтун эки чычкан талашат.

  57. Бир барган жериңе миң жолу салам айт.

  58. Бир башта миң үмүт.

  59. Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.

  60. Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.

  61. Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.

  62. Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.

  63. Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.

  64. Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.

  65. Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.

  66. Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.

  67. Бир карын майды бир кумалак чиритет.


Математикалык табышмактар

Улуттук оюн чынында,

Кызык болот турбайбы.

Сан менен дайым айтылчу,

Оюнду ойноп жыргайлы.

Кайсы сан экен айткыла,

Оюнду баштап турганда. (9)



Бутум менен турсам да,

Башым менен турсам да.

Мааним менин өзгөрбөйт,

Бир эле болот атым да.

Кана сен да токтобой,

Атымды ата тартынбай. (8)



Бирден туруп баарыбыз,

Атыбызды атадык.

Чогубуз менен биригип,

Каалаган санды жазабыз.

Кана айтчы анда сен,

Ким болобуз баарыбыз? ( Цифра )



Мына быйыл мектепке,

Биринчи жолу барамын.

Апам быйыл кубанып,

Китеп, дептер барагын.

Туура келген санды айт,

Канча жашар баламын? (6)

Бөдөнөнү куу түлкү,

Басып жээр маалында.

Амал менен айттырат.

Мен куткаргам аны да.

Айтчы атымды угайын,

Ачылаар оозуң сенин да. (6)





Жашап жүргөн үйүңдүн,

Кана бурчун сана бат.

Туура тапсаң эсебин,

Менин атым айтылат.

Бол батыраак тапкының,

Туура тапсаң эсебин.

Менин атым айтылат,

Жалган айтпай туура айт (4)



Менин атымды укканда,

Көп балдар абдан күйүнөт.

Ал эми спортсмендер,

Анча-мынча сүйүнөт.

Тапкылачы атымды,

Эмне деген ат экен? (3)



Математикалык жанылмачтар



Жогор жактан сел келет, 
Сегиз серке тең келет. 
Куйругун кумга малып келет, 
Сакалын сууга салып келет.
—————————————————
Маң-маң кашка коюм, 
Бешөө беш башка коюм. 
Тиши ушак коюм, 
Буту тушак коюм. 

 ——————————————–
Кезек-кезек, 
Тезек терсек, 
Керек дешет, 
Кезек тезек. 
———————-
Көзү бүтүк, 
Үч күчүк үшүп, 
Үч күчүк үшүп 
Үнү бүтүп. 



Беш бала “беш” алат,
“Беш” алган беш бала,
Беш алманын жанына барат.
Беш ама «беш” алган беш баланы
Башына чыгарып алат.





Беш таш – ак таш
Бешинчиси – баш таш.
Беш ташка акиташ алышты
Беш ташты актай салышты.

Беш-Терекке беш киши керек
Беш киши Беш-Терекке келет.
Беш-Теректен беш терек кесиш керек
Беш теректи Беш -Теректен кесууго бербеш керек











































Математика – акылдын гимнастикасы.

Максаты: Материалды терен оздоштуруу, окуучулардын математика предметине болгон кызыгуусун жогорулатуу, кесипке туура багыт беруу жана окуучуларды ар тараптуу тарбиялоо.

МАТЕМАТИКАЛЫК КЕЧЕНИН ЖҮРҮШҮ:



  1. Саламдашуу (жалпы окуучулар)

1 – окуучу: Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер жана окуучулар!



2 – окуучу: Кутмандуу кунунуздор менен!



1 – окуучу: Конулдуу кечиниздер менен кымбаттуу математика илиминин куйормандары!



2 – окуучу: Эмесе урматтуу жаш таланттар сиздердин эс алуунуздарга арналган математикалык кечебизди баштоого уруксат этиниздер.

МАТЕМАТИКАЛЫК ЫРЛАР

Турмушта саноо, ченоо, эсептоо бар,

Жети олчоп бир кес” деп элде айтар.

Мектепте окуп уйронобуз тактыкка,

Жашоонун озу бул – математика.




Не бир сонун асыл баа,

Акыл кошуп акылга.

Менин ушул сабагым,

Журогумо жакында.




Сабактардын жакшысы,

Мен учун эн башкысы.

Математика илими

Келечектин ачкычы.




Математика сабагын,

Жашыбыздан суйобуз.

Формуласын калтырбай,

Кокурокко туйобуз.




Ушул илим байыртан,

Санагандан башталган.

Жоболору бузулбай,

Бизге чейин сакталган.




Теренине илимдин,

Улам окуп киребиз.

Исаак Бекбоев агайдай,

Адам болуу мудообуз.




Ал калтырган эмгектерин,

Эргип окуп улантабыз.

Талыкпастан эмгектенип,

Эжейлерди кубантабыз.

Ушул илим керек экен,

Турмушта, практикада.

Биздин максат алга чыгуу,

Илимде да, техникада.




Улуунун эстуу созун дайым уккан,

Укканда омур бою эске туткан.

Асыл наркын кыргыздын угалык,

Улуу ойго терен конул буралык.




Адамзаттын акылын озгочо даана данктаган,

Математика илими байыртан осо баштаган.

Бул илимге алым кошкон чыгаандардын ичинде,

Кыргыз эли калышпастан жазылды алтын тизмеге




Математика илими ушул кундо,

Жайылды жер жузундо бут дуйного.

Кызыгат дуйно эли бут адамзат,

Математика тили менен суйлоого.




Математика илими,

Байланыш дайым турмушка.

Айтсак алкыш тугонбойт,

Декарт менен Гаусска.




Эсеп жагын эн биринчи изилдеп,

Аты чыккан эзелтеден улуу деп.

Математика илиминде ардакталат,

Пифагор жана Архимед




Булардын илиминен жаркырап,

Таалим алды оздоштуруп бардык жак.

Мындан башка далай билим тараткан,

Математиктер коп эмгекти жараткан.




Айлана теребел салтанат,

Мына эми таймашыбыз башталат,

Конул бур илимге кызыгып,

Эмгекчил, математик жаш талант.











2 – окуучу: Илимдердин падышасы ким? «Математика»



1 – окуучу: Илимдердин кыйыны ким? «Математика»



2 – окуучу: Илимдердин тазасы ким? «Математика»



1 – окуучу: Учуу бул-? «Математика»



1 – окуучу: ГЕОМЕТРИЯЛЫК ФИГУРАЛАРГА САЯКАТ.



Мен чекитмин, чекитмин,

Корунбоймун козуно.

Узундук жок, аянт жок,

Ишенип кой созумо.



Кээде турам тикемен,

Кээде калам кыйшайып.

Фигуранын баарына,

Жак болуучу онорум.

Бирок аянтым жок, колом жок.,

Болуп журом которум.

Ар башка эки чекитти,

Туташтырып коемун.

Башкалардын баарынын,

Эн тузу мен боломун.



Бир тегиздикте жатабыз,

Чексиздикке шашабыз.

Жалпы чекитке ээ эмеспиз,

Ошонубузга капабыз.

Бирок аралыгыбыз ар качан бирдей,

Ошону ойлоп конул ачабыз.





Бурчтардын коп туру бар,

Ар кимисин билип ал.

Кен бурч, тар бурч, тик бурчтар,

Ар кимисинин суру бар.

Озум тиу бурч баатырмын,

Чондугум 90 градус.

Мунозум бар тонураак,

Тар бурч менден кичине,

Кен бурч болсо чонураак.



Менин атым уч бурчтук,

Болугумун тегиздиктин.

Аянтым бар коломум жок,

Кереги жок семиздиктин.

Уч бурчумду суммалап,

180 градусту аламын.

Тууган туушкан коп менде,

Ошого шугурчулку кылам.



Тик бурчтуктар биригип,

Пресс конференция курушкан.

Негизи болуп ошондо,

Коп бурчтуктар турушкан.

Биригууго чечим чыгып,

Достошуудан куралгам.

Призма де пат коюшуп,

Мейкиндикте жаралгам.

Уч бурчтуктар биригип,

Пресс конференция курушкан.

Негиз болуп ошондо,

Коп бурчтуктар турушкан.

Бир чокуга биригуудон жаралгам,

Мейкиндикте пирамида деген ат менен жаралгам.



2 – окуучу: ТАБЫШМАКТАР



а) Беш шам куйуп турат. Эгер экоону очуруп салса канча шам калат? (2)



б) Сыйда сакал, кер мурут,

12000 жигити,

Эр Манасты жандады.

Толук жаштуу аксакал,

9000 тандалды,

Бай Жакыпты жандады.

Байбиче Шакан кудагый,

Барууга болгон ылайык,

900 болду кемпири.

Толуктап баарын келтирди,

Кудага канча киши барган тапкыла? (12000+9000+900+3=21903)











 – окуучу: ПАРОДИЯ



Эсеп, эсеп чайнайт башынды,

Мен сабакка барбайм башым катыды.

Балким озу сезер мейли сезбесин,

Аягына жазалбайм чыккан санымды.



Кайырма:



Ай ким билет, ким билет,

Голованы чиритет.

Сиз мугалим мен окуучу,

Отуз эсеп не керек.



Ошол математика

Баш оорутат дайыма

Ал бизге эмес ал башкага



Ай терек терек неге термелет,

Аягыны табалбай оюм термелет.

Атымды атап сабак сураса,

Коркконумдан жаным алкымга келет.




















































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!