СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жашоо-турмушубуздун мейкиндигинин эстетикасы

Категория: ИЗО

Нажмите, чтобы узнать подробности

корком онор 4- класс

Просмотр содержимого документа
«Жашоо-турмушубуздун мейкиндигинин эстетикасы»

Жашоо-турмушубуздун мейкиндигинин эстетикасы

«Эстетика» деген сөз баамдап сезүү деген маанини билдирет. Эстетика – бул искусство, көркөм чыгармачылык жөнүндөгү илим. Өзүбүз жашаган мейкиндиктин эстетикасы тууралуу сөз кылганда, жашаган чөйрөбүздү көркөмдөп уюштуруунуу элестетебиз. Бул көркөм уюштурууга турак-жайлар, гүлбактар, жолдор, эстеликтер, башкача айтканда, биздин жашоо-чөйрөбүз эмнеден түзүлсө, ошолордун бардыгы кирет. Адамдар байыртан эле жашаган жери кооз жана ыңгайлуу болушуна кам көрүп келишет. Ошондуктан архитекторлор үйдүн долбоорун түзөрдө мейкиндиктеги үйдү курчап турган бардык элементтерди бири-бири менен шайкештикте, эстетикалык кооз көрүнгөндөй курууга аракет кылышат. Кооз жана ыңгайлуу чөйрөдө адам өзүн жакшы сезип, чыгармачылык менен эргип, жагымдуу, жеңил иштөөгө шарт түзүлөт. Чөйрөнү түзүүгө жергиликтүү шарттар, элдик салттар, мезгилдин талаптары таасирин тийгизет. Мисалга боз үйдү алалы. Бул көчмөн калктардын жашаган турак-жайы. Ал ачык мейкиндикте көчмөндөр менен табияттын байланышы чечүүчү мааниге ээ болгон, бир орундан экинчи орунга көчүп-конуп жашаган калк үчүн ыңгайлуу болгон формада эч кандай фундаментсиз жерге эле курулган. Тегерек формадагы сөөгү кайыш боолор менен байланып-тордолуп, жыгачтан жасалган кереге, ууктардан түзүлөт. Үстүнөн койдун жүнүнөн жасалган кийизден тигилген үзүк, туурдуктар менен жабылат. Кийиз жабуулар жылуулукту жакшы сактап, боз үйдүн ички жасалгасын көрктүү кылып турат. Бардык эле үйдүн же имараттын сырткы көрүнүшүн экстерьер деп аташат. Боз үйдүн сырткы көрүнүшү анын экстерьери болуп эсептелет. Ал эми ички көрүнүшү силерге маалым болгондой интерьер деп аталат. 3–4- сабактар www.bizdin.kg 58 Кийиздерди жасоо да мал чарбачылыгы менен алектенген калктын өзүнчө бир көркөм салт-санаасы болуп эсептелет. Кийизден жасалган буюмдарга кооз оюулар түшүрүлүп, боз үйдүн көркүн арттырып, салтанаттуу улуттук стилди баса белгилеп, элдин жашоосунун маанилүү атрибуту болуп келет. Көптөгөн элдер бүгүнкү күндө да боз үйлөрдү колдонуп келишет.

Тапшырма Кийиз буюмдарда көп кездешүүчү кыргыздын улуттук оюу­ сунун аткарылышы. Силер оюмдардын түрлөрү менен таанышсыңар жана жөнөкөй оюуларды тартып көргөнсүңөр. Бул оюу бир аз татаалыраак, бирок аракет кылсаңар муну да тарта аласыңар. Сүрөттөрдө кантип тартуу керектиги көрсөтүлгөн.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!