СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаштар азыр ушундай усулчуларга муктаж

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаштар азыр ушундай усулчуларга муктаж»

Жаштар азыр ушундай усулчуларга муктаж

Жакшы нерсени сөз кылганда, жакшы адамдар эске келет эмеспи. Ошол жакшылардын бири бир караганда сүрдүү бирок сүйлөө тембри жагымдуу, сөзү өтүмдүү, көрсөткөн багыты түз, өзгөрүүнү өзү көрсөтүү менен баштаган Ош шаарындагы бардык мугалимдердин көңүл чордонунан орун алган, Раманов айтып жатат десе, дагы эмнени айтаар экен деп баары тыңшап караган Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бир кызматкеринин иш аракеттеринен, сүйлөгөн сөздөрүнөн көптөн бери таасирленип жүргөн кезим. Чынында раматылык Жыргалбек Ажыматов агайым айткандай: “Азыр жаштар бир жерге жумуш сурап барса, канча жыл стажың бар дейт, жок десе, бизге стажы бар мугалим керек дешет, анда жаштар стажды кайдан алат?” - деген жакшы суроосу бар эле. Ошол стажы жок, окуу жайды жаңыдан аяктаган жаш мугалимдерге бүгүнкү күндө Раманов Кумар агайдай жөнөкөй, билимдүү усулчулар аба менен суудай эле керек болуп жатканын жашырбай эле ачык айтууга болот. Ал агайды жакындан тааныганыма 3 жылдын жүзү болду. Агайдын Ош шаардык башкармалыкка келип иштеп баштаганынан бери шаардык билим берүү башкармалыгында бир топ өзгөрүүлөр болду. Далилдүү болуш үчүн айта кетсек, электрондук олимпиадалардын өтүшү, БАЖСКО деп 5-6-7-8-класстардын шаардык олимпиада, ОДС деп окуучулардын диогностикалык сынагы, МДА деп мугалимдердин аттестациясы, шаардык мектептерге жүргүзүлгөн усулдук кербендер эми санай берсе тизмектелип келе берери бышык.Ат көтөргүс мындай иштерди жасап жаткан Ош шаардык башкармалыгындай күжүрмөн эмгектенген жамаат Кыргызстандагы бардык билим берүү башкармалыктарына үлгү боло алышат десем жаңылышпайм. Агайымдын келечекте дагы мерчемдеген иштери арбын экенин жон терим менен сезип да, жүрөгүм менен туюп да турам. Бирок, кээде корком. Себеби Кумар агайдай илим менен билимди айкалыштырган, көп тилди билген, билими терең агаларыбыздын мамлекеттик иштерди таштап кетип калабы деп.

Ар бир адамдын үч мугалими болот экен. Биринчиси - мектептеги мугалими, экинчиси- универстеттеги мугалими, үчүнчүсү – жашоодогу, иштеп жаткандагы мугалими. Ушул үч мугалимдин кимиси сенин жашооңдо жардамчы болду деп, кимдир бирөө суроо салса, ойлонбой айтаар элем- үчүнчүсү деп. Анда ошол үчүнчү мугалимим жөнүндө сөз башынан болсун. Агайым ар дайым жаш мугалимдерге жолукканда окуучулар менен кантип иштөөнүн жолдорун, мыкты мугалим болуунун үлгүлөрүн, заманбап мугалим кандай болоорун, мугалим окуучудан ат чабым алдыда жүрүшү керек экенин баса белгилейт. Жадакалса 45 минутту кантип пайлануунун жолдоруна чейин шаарда канча мектеп болсо ошончо мектепке барып, жекече түшүндүрүп 45 минутту туура пайланганда гана сабак сиңимдүү, таасирдүү, өтүмдүү болоорун айтып, көрсөтүп берүүдөн эч тажабайт. Агайга бир суроо менен кайрылып калсаң, зерикпей убактысын бөлүп, башкармалыкка барып калсаң тааныбаса да келиңиз, бизден эмне кызмат деп турганын көрүп ушундай адамдар менен кесиптеш болуп калганыңа сыймыктанасың. Бир ишти башатаган болсо ошол иштен маянап чыгармайынча жаны жай албай турган жайы бар экендигин көрүп билип жүрөм.

Раманов деп атын көп эле укчуумун, бир күнү жаш мугалимдерге семинар өтүп калды, мына ошондо Раманов деген фамилиянын мугалимдер арасында көбүрөөк эмне үчүн сүйлөнгөнүнө ынандым, ошол күндөн баштап агай жөнүндө жакшы пикирде калдым. Ал күнү агай мугалимдерге кайрылып калды: “урматтуу жаш мугалимдер өзүңөр тумакчан кирип сабакка, кантип окуучуңду баш кийимңди ал деп айтып жатасыңар, өзүңөр кызыл-тазыл кийнип, кантип окуучуңду бирдиктүү форма кий деп жатасыңар, өзүңөр окуучуларга сылык мамиле жасабай туруп, кантип окуучаларды сылык, тарбиялуу болгонго үйрөтүп жатасыңар, катуу тийсе кечиргиле бул деген машынасы бузук туруп, бирөөнүн жүрүп турган машынасына сын айтканга барабар, бул деген өзү тамеки чегип туруп, тамекини чекпегиле өмүргө зыян деп айткан кишинин өзүнө, сөзүнө барабар, мындай тарбия жукпайт деп, күйүп бышып сүйлөп жаткан учурдан баштап таанып калгам. Андан бери көп убакыт өттү, агайды жакындан тааный баштадым. Бир күнү агай менен Илим билим каналында түз эфирге чыгып калдым, ошондо бир көрүүчү капыстан туз эфирде суроо берип калды. “Азыр ССР мезгилиндегидей мугалимдер жок, өз кесиптерине сый мамиле жасашпайт, жалаң гана жаштар” деп. Ошондо капыстан агай: “кечиресиз, урматтуу ата-эне азыр мектепте иштеп жаткан мугалимдердин 70% ССР мезгилиндеги сиздер суктанган мугалимдерден билим алгандар” деди. Андан кийин агай эфирден пайдаланып жаш мугалимдерге кайрылды, жаман сөз эч бир кулакка жакпайт, ошондуктан классыңдагы окуучу жөнүндө ата-энесине маалымат айтып жатканда эки жакшы жагын анан бир жаман жагын айтууга чакырды. Мен билген, кесиптештери сыймыктанган, Ош шаарындагы жаш мугалимдер суктанган Раманов Кумар деген агай мына ушундай.

Мугалим болуп иштеп жаткандыгыма карабастан ушундай мугалимдерге суктанып, жасаган иштеринен таасирленип, агайым, эжейим деп калуу бардык улуу муундагы агайларга, эжекелерге насип этсин.


Кыргыз тили жана адабияты мугалими: Тайыр кызы Нургүл




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!