Просмотр содержимого документа
«Жашылча досторум»
Бир кезде бадыраң:
- Ичи-ки-ий, үшүп кеттим, деди. - Ушунча да суук болобу?
- А-ай, ушунча үшүкчөөлсүңбү? - деди капуста таң кала.
Ооба, түнү бою сууда калсам үшүйм да, деди бадыраң ого бетер дирилдей.
- Мен сабизмин. Жерге бир аз үңүлсөң, мени көрөсүң.
А эмнеге жашынып алдың? Бери чыкпайсыңбы?
Коркпой эле чыга бер. Жаан токтоду.
Биз менен дос болгуң келеби?
Баары чурулдап жиберишти. Сабиз суурулуп чыгууга аракет кылды, бирок чыга албай, капа боло түштү:
Мен өйдө чыгайын эле дейм. Бирок топурак бооруна бекем кысып, коё бербей жатат.
Жапжашыл чачын үлпүлдөткөн бирөө: - Сен бизден уялба. Биз бир короодо өскөн досторбуз да, - деп аны кубаттай кетти.
Бадыраң эки жагын элеңдей үн катты: - О-ой, бул ким? Үнү чыгат да, өзү көрүнбөйт го.
Четте турган тоголок жашылчаны карап:
Жашыл чапанга жашынган ким? – деп сурады Калемпир.
Күндүн нурунан көзүн ала качкан бул жашылча абдан уялчаак эле.
Мен помидормун, деп ал акырын үн катты. Уялганынан заматта кызарып да кетти.
Жашылчалардын бири-бирин кубаттап жатканын көрүп, Күн ыраазы болду. Ал кубанганынан мээрим толгон жылуу нурларын баарына тегиз чачты.
Ой, сен жылуу да, жумшак да жерди таап алган турбайсыңбы! – деп калемпир адатынча такылдады.
Баары сабизге суктана карашып:
Кандай сонун! Сени жаанда үшүп калбасын деп топурак бекем кучактап алган тура, - дешти.
Досторунун бул сөзүнө сабиз ойлоно калды. Чын эле, топурак мени жакшы көрөт окшойт. Бул сөз аны нымдуу топуракта турганына карабай ого бетер жылытты.
-А өзүң кабат-кабат кийинип алыпсың го. Же сен да үшүдүңбү? – деди капустага калемпир тамашалай.
Ой, жо-ок! Менин көйнөгүм өзү ушундай
Кооз да! – деп сыймыктана сүйлөдү капуста. – Мен үшүмөк тургай, кабат-кабат көйнөгүмдү
Жаан жууп койгонуна кубанып турам!
Кечинде жаай баштаган жамгыр эртең менен араң басылды. Ушуну эле күтүп тургансып, күн күлүмсүрөй чыга келди. Короодогу жашылчалар жанданышты. Тегерете көз чаптырышты.