СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуу иштерин жүргүзүү менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

бул иштелмеде жат жазуунун түрдүү жолдорун колдонуп окуучуларды туура жазууга үйрөтүү

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуу иштерин жүргүзүү менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү»

Бишкек шаары Ленин району №96 орто мектеби



Доклад:

«Жат жазуунун жолдорун үйрөтүү менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү»





Мугалим: Жумашева Санам Шакировна




Жаш муундарды сабаттуу жазууга үйрөтүү-оор жана жооптуу милдеттердин бири. Окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун жогорулатууда, грамматикадан алган билимдерин турмушта колдоно алгандай кылып үйрөтүүдө диктант жаздыруу ишинин мектеп практикасында чоң мааниси бар.
Ушул мезгилге чейин кыргыз башталгыч класстарынын мугалимдеринин бир катары көбүнчө текшерүү диктантты өткөрүү менен гана чектелишип, анын калган түрлөрүнө көңүл бурушпайт. Бул туура эмес. Анткени окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун жогорулатууда, алардын кат сабаттуулугун арттырууда диктанттын калган түрлөрүн өткөрүүнүн баа жеткис мааниси бар. 
Орфографиялык, пунктуациялык эрежелерди жеткиликтүү өздөштүрүп, жат жазуу жаза албаган окуучунун сабаттуу сочинение, изложениелерди жаза коюшу кыйынчылыкка турат. Дагы бир жагы азыркы жашап жаткан коомубуз ар бир атуулдан сабаттуу, адептүү сүйлөй жана жаза билүүсүн, коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө чыгармачылык менен активдүү катышуусун талап кылууда. Ошондуктан жат жазуу иши бул- сабак жат жазууга сунуш кылынган тексттер окуучулардын сабаттуулугун көтөрүү максатын гана көздөбөстөн, аларга таалим- тарбия берүү максатын да көздөш керек.

Балдардын кебине, практикалык машыгууларына коюлуучу талаптар.
1. Байланыштуу кеп: өтүлгөн темаларга ылайык өз алдыларынча сүйлөм түзө алуу: сөз менен сөз айкашынын, сөз айкашы менен сүйлөмдүн айырмасын ажырата билүү, өз оюн байланыштуу текст аркылуу баяндап, сүрөттөп, ой жүгүртүп билдире алуу.
Окуган тексти эмне жөнүндө экендигин түшүндүрүп, ага ат коё алуу: Тексттин башталышын, негизги бөлүгүн жана аякталышын түшүндүрө билүү: Сүрөт боюнча өз алдынча аңгеме түзө алуу, ага ат коюу. Жакын адамына кыскача кат жаза билүү.
2. Иш кагаздары: Жакын адамын майрамы, туулган күнү менен куттуктоо, чакыруу түрүндө кат жаза билүү.
3. Кеп маданияты: Сөздү жана сөз айкаштарын так окуп, сүйлөмдөгү ойдун мазмунуна жараша кыраатына карай туура айта алуу. Ыр жана кара сөз түрүндө тексттердин ыргагына жараша окуу техникасына ээ болуу. Каармандардын кебин, туура, образдуу окуй билүү.

2. Жазуу иштеринин түрлөрү
Жат жазууну өткөрүүнүн жалпы маселелери. Окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун жогорулатууда, алардын грамматикадан алган билимдерин турмушта колдоно алгыдай кылып үйрөтүүдө жат жазуу жаздыруу ишинин мектеп практикасында чоң мааниси бар.
Жат жазуунун түрлөрү, аны өткөрүүнүн жолдору негизинен проф.К.К.Сартбаевдин «Кыргыз тилин окутуунун методикасында» ж.б. эмгектерде кыскача берилип, көп убакыттан бери колдонулуп келе жатат. Жат жазуунун түрлөрү жөнүндө окумуштуу методисттердин бир түрдүү пикирлери жок. Айрым методисттер жат жазуунун 6 түрүн көрсөтүшсө, айрым методисттер андан ашык түрүн сунуш кылышат. Ошондой эле кыргыз тилин окутуу үчүн сунуш кылынган методикада жат жазуунун төмөндөгү түрлөрү көрсөтүлгөн: 1) Угуу диктанты; 2) Эскертмелүү диктанты; 3) Контролдук диктант; 4) Тандалмалуу диктант; 5) Чыгармачылык диктант; 6) Эркин диктант; 7) Көрүү диктант; 8) Фронталдык диктант. Диктанттын бул түрлөрү азыр кыргыз мектептеринин тажырыйбасында кеңири колдонулуп жатат.
Жогорку көрсөтүлгөн диктанттын айрым түрлөрү окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун жогорулатууда көп жардам бергендиктен жана окуучулардын грамматикадан алган теориялык билимдерин турмушта бекемдөөдө көп пайда келтиргендиктен революцияга чейинки Россиянын мектептеринде кеңири колдонулган. Демек окуучулардын сабаттуулугуна жетишүү үчүн болгон күрөш азыркы учурдагы гана эмес, мурунтан бери методисттердин жана педагогдордун көңүлүн буруп келген эң негизги маселелерден болуп саналат.

1.Текшерүү диктант.

Мектеп практикасында мугалимдер кыргыз тили сабагында диктанттардын бир катар түрлөрүн колдонуп келе жатышат. Булардын ичинен текшерүү диктанттан башкалары негизинен үйрөтүүчүлүк маанидеги дитанттын түрлөрүнө кирет.
Аталган диктанттардын ичинен окуучулардын жалпы сабаттулугун билүүдө жана текшерүүдө текшерүү диктанттын ролу зор. Кыргыз мектептеринде диктанттын башка түрлөрүнө караганда текшерүү диктант ыксыз көп колдонулуп келе жаткандыгы байкалат. Муну белгиленген нормадан көбүрөөк колдонбостон, зарылдыгына жараша жүргүзүү, анын ордуна көбннчө ката жазбоого сабаттуулукка үйрөтүүчү жана көнүктүрүүчү диктанттардын башка түрлөрүн көбүрөөк иштетүү окуучулардын сабаттуулугн көтөрүүгө көп жардам берет.
Текшерүү диктант негизинен белгилүү бир грамматикалык тема,орфографиялык жазуу эрежелери өтүлгөндөн кийин ал эрежелерди жана орфограммалардын окуучулардын канчалык даражада өздөштүргөндүктөрүн, аны өздөрүнүн жазуу речтеринде канчалык туура пайдалана билерин сыноо, текшерүү жана машыктыруу максатында, көбүнчө чейректин, жарым жылдыктын акырында же окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууда жүргүзүлөт. Айрым учурларда белгилүү бир раздел өтүлүп бүткөндөн кийин да жүргүзүүгө болот.
Текшерүү диктанты мектептерде колдонуу маселесине карата окумуштуу-методисттердин арасында да бири-бирине карама-каршы ар кандай пикирлер айтылып келген.
Текшерүү диктант башка жазуу жумуштарынан өзүнүн төмөндөгүдөй баалуу жактары менен айырмаланат:
1.Окуучуларды айрым сөздөрдү орфографиялык жактан туура жазууга үйрөтөт.
2.Теориялык алган билимин практикада колдоно алууга үйрөтүү
3.Өтүлгөн орфографиялык эрежелердин окуучулардын эсинде жакшылап сакталышына таасир этет.
4. Окуучулардын көңүл буруусун жана эркин, речине өстүрүүгө жардам берет.
5. Окуучуларды ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөтөт ж.б. 
Окуучулар диктант жазуу менен бирге айрым сөздөрдү туура сүйлөөгө үйрөнөт. Ал эми сөздөрдү туура сүйлөө деген орфографиялык жактан ошол сөздү туура жазуу дегендикке жатат.

Мына ошентип диктант окуучулардын речиндеги каталарды жоюу үчүн негизги көрүнүштүн бири болуп саналат.

2.Эскертмелүү диктант

Эскертмелүү диктант – мектеп практикасында кеңири колдонулуучу орфографиялык жазуу жумушунун бир түрү. Бул диктантты жаздыруудагы негизги масат окуучулардын логикалк ойлоосун өстүрүүгө, үйрөнгөн грамматикалык эрежелерди турмушта колдоно алууга жана адабий тилде туура сүйлөп, катасыз жазууга жетиштирүү болуп саналат. 
Эскертмелүү диктант ар бир сөздүн туура жазылышын көп убакка чейин эсине сактоо үчүн окуучуларга мүмкүнчүлүк түзөт, б.а. орфографиялык жактан жазуунун навыктарын үйрөтөт.
Эскертмелүү диктант көчүрүп жазуу ишинде караганда төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
1. Окуучуларды ар бир сөздү өз алдынча катасыз жазууга үйрөтөт.

2. Окуучуларды орфографиялык эрежелерди кайталап, аны турмушта колдоно алууга көнүктүрөт.

3. Айрым тамгалардын калтырылып же түшүрүлүп калышын эскертет.

Эскертмелүү диктант проф. К. К. Сартбаевдин пикири боюнча жаңы жана өтүлгөн эски материалдарды бышыктап кайталап туру үчүн да, о.э. окуучулар тарабынан кетирилген мурунку каталарды эскертип туруу үчүн да жүргүзүлөт.
Диктанттын башка түрлөрү сыяктуу эле эскертмелүү диктант төмөндөгүдөй ар түрдүү варианта, ар түрдүү методикалык ыкмалар менен өткөрүлөт.
Мугалим тандаган текст классга бир сыйра окулуп берилет. Мугалимдин окуган сүйлөмүнүн ичиндеги татаал орфограммалары кайталанат же болбосо ошол сөздүн жазылышын окуучулар түшүндүрүшөт. Эгер окуучу ал сөздүн жазылышын окуучулар түшүндүрүшөт. Эгер окуучу ал сөздүн жазылышын туура эмес түшүндүрүшсө , башка окуучулардын окуучулардын же мугалимдин жардамы талап кылынат. Андан кийин окуучулар ал сүйлөмдөрдү жазышып, мугалимдин тандоосу менен татаал орфограммалары же сөздүн уңну мүчөсүнүн алды сызылат. Бул мугалимдин түшүндүрүшүнө жараша өткөрүлөт. Эскертмелүү диктанттын бул түрүн жүргүзүүдө орфографиялык жактан катасыз жазуу үчүн мурунку өтүлгөн грамматикалык эрежелер окуучуларга эскертилип, окуучулардын эсине салынат, айрым окуучулар суралат. Андан кийин эрежени жетекчиликке алуу менен тандаган текстти окуучулар жазышат, кайсы сөз кандай орфографиялык эрежелерге баш иерин, ал сөздөрдүн жазылышын далилдешет. Окуучулар тарабынан кетирилген каталар ошол замат, же дептерлер текшерилгенде түзөтүлөт.

  1. Чыгармачылык диктант.

Мугалимдин жазып же айтып берген сөздөрүн катыштырып калган сөздөрдү өз оюнан чыгарып сүйлөмдөр түзүүгө жана сүйлөмдүн маанисин байланыштырып кыска аңгеме түзүүгө көнүктүрүлүүчү жазуу жумушу чыгармачылык диктант деп аталат.


Окуучуларды сабаттуу жазууга үйрөтүүдөгү бул диктанттын татыктуу жактары төмөнкүлөр:
1. Өтүлгөн эрежелерге таянып сөздөрдүн орфографиялык туура жазылышын эсте сактоо аркылуу сөздөрдү туура жазууга жана сүйлөмдөгү сөздөрдүн морфологиялык байланыштарын үйрөтүүгө көнүктүрүү.

2. Окуучулардын ойлоосун жана өз алдынча чыгармачылыгын өстүрүү менен бирге жазуу жүзүндөгү практикалык жумуштарды өзүнчө иштей алууга даярдоо.

3. Изложение менен сочинение жазууда аны ийгиликтүү аткарууга даярдоо.

Чыгармачылык диктанты орфографиялык жана грамматикалык эрежелер өтүлгөн түрдүү темага байланыштырып ар бир класстын өзүнө ылайык жүргүзүүгө болот. Мисалы: берилген сөзгө, сүйлөмгө өз оюнан сөз таап кошуу аркылуу чыгармачылык диктанты жазууга көнүктүрүү.
Чыгармачылык диктант-биринчи жана экинчи класстарда алгачкы учурларда доскага жазылган сөздөр боюнча сүйлөмдөрдү оозеки түзүүгө көнүктүрөт, ага машыккандан кийин жазуу жүзүндө түзүүгө өтүшөт. 3-4-класстарда бул диктанттын татаал түрлөрү өтүлөт.

4. Көрүү диктанты – жазыла турган диктанттын тексттин андагы сүйлөмдөрдүн жазылышын алдын-ала көрүп жана алардын жазылышын эске туту менен жазыла турган диктанттык түрү көрүү диктанты деп аталат.

Көрүү диктантын окуучуларга көргөн сөздөрдүн сүйлөмдөрдүн орфографиялык жактан сабаттуу катасыз жазууга машыктыруу иш-аракети болуп саналат. Бул диктанты кандайча жүргүзөбүз.
1. Мугалим өтүлгөн эрежеге ылайыктап алдын-ала текст даярдайт. Тексттин бир же эки сүйлөмүн доскага жазат. Мына ошол сүйлөмдөгү жазылышы эскерте турган сөздөр болот. Ошол сөздөн окуучулар ката кетирет го деген мугалим күмөн санаган сөздөрдөн бөлүп астын сызып коёт. Жазуу эрежелерин эстерине салып орфографиялык талдоо жүргүзөт. Андан кийин белгисиз сөздөрүн окуучулар эстерине тутуп калуусуна аракет кылышат.
2. Доскадагы сүйлөмдөр өчүрүлөт балдар эстерине сактап калганы боюнча сүйлөмдөрдү жазууга киришет. Мугалим партаны аралап кимдир бирөөлөр унутуп калган болсо айтылышын эске салганга жардамдашат.
3. Доскадагы жазылып турган сүйлөмдөрдү карап дептердеги сүйлөмдөрдү оңдошот. Ушул диктанттын түрүн дагы төмөндөгүдөй жүргүзүүгө болот. Сөздөрдү топ-топ кылып жыйнап ал сөздөргө тема койдурат.

5.Тандама диктанты көбүнчө айрым бир тема өтүлөрү менен ошол теманын эрежелерин бышыктоо иретинде сабактын аяк ченинде жүргүзүү пайдалуу болот. Бул диктанты кыска убакыттын ичинде өткөрүү менен өтүлгөн эрежелерге тийиштүү болгон көп сандагы орфограммаларды жаздырууга болот. Ошондуктан бул өтүлгөн грамматикалык жана орфографиялык көнүгүүлөргө айкалыштыруу максатындагы сабактын бул бөлүгү катарында өтүлүүгө тийиш. Диктанттын негизги максаты өтүлгөн жазуу эрежелерине тийиштүү болгон сөздөрдү так талдоо аркылуу сөздүн туура жазылышын үйрөтүү.
М: 1-класста муундун түрлөрүн өткөндөн кийин гана ага байланыштуу кылып берилген тексттен ачык муунду сөздөрдү таап бир сапка бир муунду сөздөрдү экинчи сапка жаздыруу.

2-класста окулган тексттеги в,ф,к, тамгасы катышкан сөздөрдүн ар бирин өзүнчө сапка жазып берүү берилет. Муну менен окуучулар в,ф,к. тамгаларынын айтылышына жана жазылышына үйрөтөт. Окулган текст боюнча уңгулаш сөздөрдү талдап берүү талап кылынса окуучулар аны болжолдуу «окуу, окуучу, окуучулар, өтүк, өтүкчү, өтүкчөн» деп жазып беришет да сөздүн уңгусу окуу, өтүк экендигин далилдешет.
3-класста а) созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү тандап жазып берүү менен аларга айтылышы окшош мааниси башка сөздөрдү салыштыруу. (тоок-ток, ээр-эр) булар аркылуу окуучулар,кайсы сөздүн кандай жазылышына жана алардын кайсынысы кандай мааниде айтыла тургандыгына көнүгүшөт.
б) Аягы ь белгиси менен бүткөн сөздөрдү тандап жазыпберүү жана аларга мүчөнүн уланышын көрсөтүү талап кылынган болсо окуучулар аны: Секретарь, артерь, циркуль, апрель, октябрь деген сөздөргө мүчө улап жазуу менен мүчө уланууда ь белгисинин түшнп калышын көрсөтүүгө тийиш.
4-класста а) аягы г,д менен бүткөн сөздөрдү тандап жазуу менен алардын жөндөлүшүн көрсөтүү.
б) сүйлөмдөрдүн ээсин тандап жазуу берүү менен ал сөздөрдүн ээлик милдети аткарылышын далилдөө. в) Окулган тексттен жалаң сүйлөмдөрдү же бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөрдү тандап жазуу керек болсо аларды жазылышы тийиштүү далилдөөлөр келтирүү менен туура жазылышын көрсөтүүгө тийиш. Диктанттын бул түрү жалаң эле мугалимдин атайлап түзгөн тексттери аркылуу эмес окуу китептериндеги ылайыктуу көнүгүүлөрдөн пайдалануу иретинде да жүргүзүлөт.

6. Эркин диктант.

Эркин диктантты жүргүзүүдө окуп берүүчү тексттин сөздөрүн, сүйлөмдөрүн так өзүндөй кылып сөзмө-сөз жазууну эсте тута албай турган же унутуп кала турган учурлар болушу мүмкүн. Мындай учурда окуп берилген сөздөрдүн, сүйлөмдөрүн тексттин негизги мазмунун бузбай аларды, ошондой эле маанидеги башка сөз жана сүйлөмдөр менен алмаштырууга окуучуларга эрк берилет. М: жумуш-иш, окат-тамак, село-кыштак ж.б.
Диктанттын көлөмү жагынан анчалык көп болбогон сөздөрүнүн жазылыш өтүлгөн эрежеге байланыштуу өтүлгөн эрежеге байланыштуу мазмуну бир нече бөлүкчөлөрдөн турган тексттерден тандалууга тийиш. Диктанттын бул түрү 2-класстан баштап өткөрүүлүгө тийиш.

7. Түшүндүрүү диктанты.
Жазыла турган тексттеги тийиштүү орфограммаларына жана эрежелерине алдын-ала талдоо жүргүзүлгөн жана айрым окуучулар көп ката жиберүүчү сөздөр алдын-ала эскертилген. Мугалимдин окуп берүүсү астында 1-2 сүйлөм жазылгандан кийин окуучулардын каталары текшерилип оңдолуп жана ошол жиберген каталардын үстүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуп берилген сүйлөмдөр жазылар замат орфографиялык талдоолор оңдоо жүргүзүү аркылуу түшүдүрүү диктантынын негизги иш аракети жүргүзүлөт. Түшүндүрүү диктанттын жүргүзүүнүн негизги-максаты окуучулардын сабаттуулугун калыптандыруу, өтүлгөн грамматикалык эрежелерди бекем өздөштүрүлүшүнө багыт берүү болуп саналат.
Бул диктант төмөнкүчө жүргүзүлөт. Диктантты жазууда мугалим 1-2 сүйлөмдү окуп берип сүйлөмдүн угулушуна жана маанисине жараша окуучулар сүйлөмдөрдү жатка жазууга киришет. Бул учурда мугалим парталарды аралап кыдырып кайсы окуучунун кандай жетишкенине байкоо жүргүзөт, жана ката жазган окуучулардын бирөөнү доскага чыгарып, ошол ката кетирген сөзүн жазып андан кийин жалпы класстагы окуучулар менен анын катасы оңдолуп ал сөзгө орфографиялык талдоо жүргүзүлүп бул аркылуу сөздүн туура жазылуусу окуучуларга түшүндүрүлөт. Эгерде кимде-ким ушул сөздөн ката кетирген болсо өздөрү ордунан оңдоп алышат. Мына ушул тартипте диктант улантыла берилет.
Түшүндүрүү диктантынын пайдалуу жактары:
1. Бул диктантты жаздыртуудагы класстагы бардык окуучулар кызыгып активдүү катышат.

2. Диктант өзүнүн өткөрүлүшү жагынан башка диктанттардан айырмаланып окучулар өз алынча аракет кылп, өз алдынча иштөөгө үйрөтүүчү иш аракеттин формасы.

Бул диктант окуучулардын ийгилигин камсыз кылуучу ага чейин даярдыгынын бирден-бир негизги формасы болуп саналат.
Түшүндүрүү диктантын 2-класстан баштап 4-класска чейин жүргүзүүгө болот.

4.Жазуу иштерин текшерүүнүн методикасы.
Окуучулардын орфографиялык сабаттулугуна жетишүү үчүн болгон күрөш азыркы учурдагы гана эмес, мурунтан бери методисттердин жана педагогдордун көңүлүп буруп келген негизги маселелерден болуп саналат. Ошондуктан окутуу ишинде орфографияга, жазууда адабий тилдин нормасын сактай билүүгө айрыкча көңүл бөлүнөт.
Орфографиялык каталар-окуучулардын жазуу иштеринде дайыма болуп тура турган көрүнүш. Ошондуктан окуучулар тарабынан кетирилген каталарды жоюу үчүн күрөшү тил мугалимдеринин эң орчундуу милдеттеринин бири. Мектеп практикасында орфографиялык каталардын кетирилиш себеби деп төмөндөгүлөрдү эсептөөгөө болот.

1. Окуучулардын орфографиялык жана грамматикалык эрежелерди жетиштүү даражада өздөштүрбөгөндүгү, ал эрежелерди турмушта колдоно-билбегендиги, жазууда өзүн контролдукка албагандыгы, орфографияга кирбей калган, ката же мүчүлүш иштелген эрежелердин таасири.
2. Окуучулардын орфографиялык материалдарга, көнүгүүлөргө мектеп грамматикаларында пландуу, системалуу түрдө кеңири орун берилбегендиги.
3. Кыргыз орфографиясынын окутуунун методикасынын илимий негизде изилденип чыкпагандагы айрым орфографиялык эрежелердин мүчүлүш иштелгендигинин таасири.
4. Орфографиялык жазуу жумуштарынын талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүгү.
5. Мектептеги бирдиктүү орфографиялык режимдин жоктугу каталардын үстүндө иштөөдө мугалим менен окуучунун бирдиктүү байланышынын жоктугу, каталар менен өз алдынча иштөөгө окуучулардын көбүрөөк көнүктүрүлбөгөндүгү.
6. Кээ бир мугалимдердин орфографиялык жактан сабатсыздыгынын таасири ж.б.

Булар орфографиялык каталарды кетирүүдөгү башкы себептерден болуп саналат, бирок мындан башка да окуучулар тарабынан кетирилген орфографиялык каталардын төмөндөгүдөй себептерин көрсөтүүгө болот.
а) Мугалимдин жана окуучулардын сүйлөө речинде диалектикалык каталарга жол берилиши. Бул жөнүндө проф. А.В. Текучёв, проф. Х.К. Карасаев мектеп окуучуларынын орфографиялык каталарды кетирүүдөгү бирден-бир себеби жергиликтүү диалактиге байланыштуу экендегин эскетишет.
б) Окуу китептеринде жана басма сөздөрдө орфографиялык каталардын кетирилиши ж.б.
Орфографиялык каталар менен иштөөдө мугалим төмөндөгүлөрдү эсте туту керек.
1. Окуучуларды орфографиялык сабаттуулукка үйрөтүү үчүн мугалим грамматиканын материалын толугу менен өздөштүрүүсү зарыл.

2. Окуучулардын алган теориялык билимдерин практикада колдоно алуусуна жетишүү.

3. Каталар менен үзгүлтүксүз иш алып бару, орфографиялык көнүгүүлөрдү, диктанттарды өз убагы менен жүргүзүп окуучулардын дептерлерин үзбөй текшерип туру.

4, Каталарды түзөтүүдөгү орфограммалардын мүнөзүнө жараша ар түрдүү ыкмалардан пайдалануу жана башка.


Каталарды түзөтүүнүн ыкмалары.
Окуучулардын дептерлериндеги орфографилык каталарды түзөтүү сабаттуу жазууга үйрөтүүдөгү негизги каражаттардын эң маанилүүсү болуп саналат. Бул ишти туура уюштуруу үчүн мугалимдин кылдаттык мене ниш алып баруусу жалап кылынат. Окуучулар тарабынан кетирген орфографиялык каталар талапка ылайык ар түрдүү методикалык жолдор менен түзүлөт жана мугалим окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келген каталарды түзөтүүнүн бул же тигил ыктарын жандап алат. Баарыдан да орфографиялык каталарды четтетүүдө окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө жетишүү жакшы натыйжаларды берет.
Орфографиялык каталарды кылдаттык менен текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө айрым методисттер жана педагогдор өздөрүнүн баалуу пикирлерин айтышып, кылдаттык менен текшерилбеген жазуу жумуштары окуучуларды сабаттуу жазууга үйрөтө албай тургандыгын белгилешкен.
Окуучулардын дептерлериндеги орфографиялык каталарды оңдоонун зарылдыгы жөнүндө айрым методисттер ар бир жазуу жумуштары, мейли үй тапшырмасын жазылган дептерлер болсун, анын орфографиялык каталарын эч текшерүүсүз калтырууга жарабай тургандыгын эскертишкен. Демек мындай пикирлерге караганда, окуучулардын дептерлериндеги орфографиялык каталарды өз убагындагы туура текшерүү жакшы натыйжаларды берет. Эгерде окуучулардын дептерлери мугалим тарабынан өз убагында бат-бат текшерилбесе,ага коюлган баалар жогорулатып же төмөндөтүп жиберилбесе, окуучуларга терс таасирин тийгизет. Окуучулардын жазуу иштериндеги орфографиялык каталарды текшерүү мугалимдин жеке тажырыйбасындагы негизги нерсе болуп саналат.
Орфографияны окутуунун методикасында каталарды түзөтүүнүн ар түрдүү ыкмалары эң көп. Эгермугалим окуучулардын кетирген орфографиялык каталарын сезе билүүгө үйрөтүүчү ыкмаларды колдонсо, ал ыкма өтө баалуу, окуучулар үчүн өтө пайдалуу ыкмалардан болуп эсептелет. Орфографиялык каталарды текшерүүдө төмөндөгүдөй ыкмаларды колдонууга болот.
  Биринчи ыгы. Орфографиялык каталарды текшерүүнүн биринчи ыгына туура эмес жазылган тамгаларды үстүнөн бир сызып туурасын үстүнө жазып көрсөтүү жатат. Каталарды бул жол менен түзөтүү бардык окуучулар үчүн түшүнүктүү болгондуктан, мектеп практикасында кеңири колдонулат.
Экинчи ыгы. Кетирилген каталардын алдын эки ирет (=) сызып, тийиштүү тамгаларды үстүнө жазуу.
Каталарды түзөтүүнүн бул ыгы биринчи ыкка караганда төмөндөгүдөй айырмаланат. Биринчи ыкмада каталардын асты чийилбестен, туурасы үстүнө жазылуу менен көрсөтүлсө, экинчи ыкмада каталардын асты эки ирет чийилип, белгилүү тамганы үстүнө жазуу менен айырмаланат. Каталарды мындай жол менен текшерүү дагы башталгыч класстарда да кеңири колдонулат.
Үчүнчү ыгы. Орфографиялык каталарды текшерүүнүн үчүнчү ыгы болуп, ката кетирилген морфемалардын (уңгу, мүчөсүнүн) алдын сызуу эсептелинет. Бул ыкманы жетекчиликке алганда орфографиялык ката сөздүн уңгусунан кетирилсе, уңгусунун, мүчөсүнөн кетирилсе мүчөсүнүн алды сызылат да, туурасы үстүнө жазылып көрсөтүлбөйт. Бирок орфографиялык каталарды текшерүүдө дайыма бул ыкма колдонбостон, ката сөздүн уңгусунан кетирилгендиги байкалса, анда андай каталарды өчүрүп сызып, үстүнө туурасын жазып коюу менен да түзөтүү керек.
Төртүнчү ыгы. Кетирилген каталардын туурасын үстүнө жазып көрсөтпөстөн, алдын гана эки ирет сызып коюу.
Жогорку ыкмаларга караганда бул ыкма окуучулардын каталар менен өз алдынча иштөөсүнө көбүрөөк ылайыктанып революцияга чейинки мектептерде да кеңири колдонулган. Окуучулар кандай ката кетиргендигин билүү үчүү көпкө чейин аракеттенип, кетирилген орфографиялык катасын өздөрү анализдешет. Эгер асты чийилген каталар айрым окуучуларга түшүнүксүз болуп калган учурда мугалимдин жардамы талап кылынат. Бирок бардык окуучулардын кталарын мындай жолдор менен текшерүүгө болбойт.
Эгер каталарын оңдоого айрым окуучулардын күчү жетпегендигин мугалим билсе, ал каталарды сызып, туурасын үстүнө жазып көрсөтүп берүүсү керек. өтүлгөн орфографиялык эрежелер жакшы өздөштүрүлүп, көнүгүү жумуштары жетиштүү санда жүргүзүлүп бышыкталса, мугалим мындай каталардын алдын гана сызып коёт да, окуучулардын өз алдынча иштөөсүн талап кылат.
Бешинчи ыгы. Ката жиберилген сөздүн алдын жөн гана сызып коюп, туурасын окуучулардын өздөрүнө таптырып жаздыртуу. М: көчөө (кэчээ), митинк (митинг), аракет (арекет) ж.б. Бул ыкма айрым сөздөрдөгү механикалык жол менен калтырылып кеткен тамгаларга же бир тамга менен экинчи бир тамга алмаштырылып жазылган учурларда колдонулат да, окуучулардын өзү тарабынан оңдолот.
Айрым мугалимдер бул ыкманы окуучулар сөздүн маанисин түшүнбөй ката кетирген учурда колдонушат.
Орфографиялык каталарды мындай жолдор менен текшерүү окуучуларды аң-сезимдүүлүккө, өз катасын өзү таба билүүгө өзүн-өзү контролдой алууга үйрөтөт.

Алтынчы ыгы. Текшерилген жазуу жумуштарындагы бардык орфографиялык каталарды өчүрүп сызып, туурасын үстүнө жазып көрсөтпөстөн же алдын сызып, жөн койбостон, дептердин талаачасына шарттуу белгилерди: ката тийиштүү болгон эреженин параграфын, китептин, орфографиялык сөздүктүн бетин жана башкаларды коюуну пайдалануу. Же болбосо, айрым учурларда ката кеткен сөздүн уңгусун жана мүчөсүн дептердин талаачасына толук жазып көрсөтүү да ылайыктуу.
Жетинчи ыгы. Окуучулар жазууда орус тилинен кирген интернационалдык сөздөрдүн жазылышынан орфографиялык каталарды көбүрөөк кетиришет. Ошондуктан мындай каталар менен иштөөгө окуучуларды көбүрөөк көнүктүрүү үчүн мугалим мугалим ката деп эсептелген сөздүн тушундагы дептердин талаачасына «сөз. к.» (сөздүктү кара) деген белги коёт. Бул белги боюнча сөздүктөрүн пайдалануу менен окуучулар кетирген каталарын табууга жетишишет.
Орфографиялык каталарды мындай жолдор менен текшерүү, биринчиден окуучуларды сөздүк менен иштетүүгө көнүктүрөт, экинчиден ал каталар көп убакка чейин окуучулардын эсинде сакталат. Бул ыкманын төмөндөгүдөй варианттары бар:
1. Ката сөздүн алдын сызуу менен дептердин талаачасына «сөз. к.» деп жазуу.

2. Катанын алдын сызбастан, ошол сөздүн тушуна «сөз. к.» деп жазуу.

3. Ката кетирилген сөздүн үстүнө «сөз. к.» деп жазуу.

Бул ыкмаларды 4-класстын жазуу жумуштарында колдонууга болот.
Сегизинчи ыгы. Орфографиялык каталарды текшерүүнүн бул түрү жогорку ыкмалардан башкача. Мугалим текшерген жазуу жумуштарына эч кандай шарттуу белгилерди колдонбой же алдын сызып эскертпестен, иштин аягына орфографиялык каталардын санын гана көрсөтүп баа коёт. Окуучулар кайсы сөздөн ката кетиргендигин билүү үчүн өзүнүн жазуу жумуштарын баштан-аяк кылдаттык менен окуп чыгышат, «орфографиялык сөздүктөн» крашат акырында кетирген каталарын өзүлөрү табышат. Эгерде кетиген каталарын түзөтүүгө айрым окуучулардын күчү жетпесе, ал каталар мугалимдин контролдугу менен оңдолот да, ага байланыштуу тапшырмалар берилет.
Тогузунчу ыгы. Ката кетирилген тамгалардын сызып өчүрүп, үстүнө туурасын жазып, алдын эки ирет сызуу.
Бул ыкманы окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша башталгыч жана жогорку класстарда колдонууга болот, анткени окуучу кетирген каталарын туурасы кандай боло тургандыгын билбей каталары түзөтүлбөй калышы мүмкүн. Мына ошондуктан окуучулардын жазуу-жумуштарын текшергенде, алардын каталарын чийип, үстүнө туурасын жазып, алдын эки ирет сызуу керек. Проф. П.О. Афанасьев бул ыкманы грамматикалык эрежелер эң эле аз өтүлгөн башталгыч класстын жазуу-жумуштарына колдонууну сунуш кылган. Бирок ыкма азыркы учурда республикабыздын мектептериндеги мугалимдер тарабынан бардык класстарда кеңири колдонулуп жаткан ыкмалардан болуп саналат.
Онунчу ыгы. Сөздөгү ката жазылган тамгаларды үстүнө баса жазуу аркылуу башка тамгалар менен алмаштыруу.
Орфографиялык каталарды мындай жолдор менен түзөтүүдө биринчиден ката жазылган тамгалар оңдолсо, экинчиден ал каталар окуучулар үчүн олку-солкулук туудурбайт, себеби ката жазылган тамганы жаап калып, ал сөздүн туура жазылышы окуучуларга дана көрүнөт. Айрым методисттер бул ыкманын баалуу жактарын эсепке алып, башталгыч класстын окуучуларынын жазуу жумуштарын текшерүүдө пайдаланууну сунуш кылышат. Бирок мындай ыкманы башталгыч класстын жазуу жумуштарында гана колдонбостон, жогорку класстын жазуу жумуштарын текшергенде да колдонууга болот.

5. Каталардын үстүндө окуучулардын өзүнчө иштеши.
Орфографиялык каталардын үстүндө окуучулардын өз алдынча иштөөсү сабаттуулукту жогорулатууда чоң мааниге ээ болот. Бирок тилекке каршы окуучулардын каталар менен өз алдынча иштетүүдө толук көнүктүрбөй жаткандыгы мектептерде эне тилин окутуудагы негизги кемчиликтерден болуп эсептелет.
Каталар менен ишөө жалгыз гана контролдук диктанттарда жүргүзүлөт. Үй тапшырмасындагы жана класстык иш жазылган дептерлердеги окуучулар тарабынан кетирилген каталар көп убактарда көңүл бурууусуз калтырылат. Мугалимдин бардыгы эле окуучулардын орфографиялык каталарын өз убагында түзөтүшпөйт.
Кетирилген каталардын үстүндө окуучуларды туура иштетүү каталардын себебин аныктоо, мугалимдин методиканы туура пайдалануусунун негизинде ишке ашырылууга тийиш.
Окуучу тарабынан кетирилген катанын ар кандай мүнөзүнө карабастан, ошол катаны өз убагында эскертүү жасоо менен ал катанынн экинчи жолу кайталанбасына жетишүү зарыл. Ал үчүн жаңы окуу жылынын биринчи күндөрүнөн тартып эле, ар бир класстагы окуучулардын өтө зарыл болгон каталарынын эсебин алып, так өздөштүп ктмейинче, ал окуучу мененүзгүлтүксүз иш алып бару талап кылынат.
Орфографиялык каталар менен өз алдынча иштөөнүн башталгыч мектептин 3-класстарынан баштап сунуш кылуу керек.Ал эми 4-класста каталар менен иштөө ар бир топ татаалдайт да окуу жылынын аягында мугалим тарабынан колдонулган бардык ыкмаларга жараша окуучулар өз алдынча иштөөгө жетишишет.Мугалим тарабынан колдонулган бардык ыкмалар окуучуларды катар менен өз алдынча иштөөгө мажбур кылат.Диктанттарда же башка жазуу жумуштарында окуучулардын айрым тамгаларыды калтырып кеткен учурлары байкалат ошондуктан мындай каталарды көрсөтүп же астын сызбастан мугалим жазуу жумушунун аягына «калтырып кеткен каталардын саны экөө» деп жазышып коет.Окуучулар жазуу жумуштарын дагы бир сыйра окуп чыгуу менен кеткен каталарды табышат. Окуучуларды мындай ишке көнүктүрүү башкача айтканда өзүнүн катасын өзүнө оңдотуу окуучулардын орфографиялык кыраакылыгын өстүрөт. Окуучулардын кетирген каталарын өз алдынча оңдоосуна жетишүү үчүн жана орфографиялык сабаттуулукту жогоруулатууда мектептер үчүн түзүлгөн «Орфографиялык сөздүк» чоң мааниге ээ болот. Орфографиялык каталарды текшерүүдө мындай методдорду колдонуунун пайдалуу жактары барбы? Албетте бар. Мектеп практикасы көрсөткөндөй окуучулардын катага болгон кызыгууларын туудурат,сабакка активдүү катышат отличник окуучулар сыяктуу өзүнүн жолдошторунун жазуу жумуштарын катасыз текшерүүгө жетишүү үчүн каталардын үстүндө өз алдынча иштөөгө көнүгүп, орфографиялык грамматикалык көп кайталашат.Натыйжада сабактан жетишпеген окуучулардын ката менен иштөөгө болгон мамилеси өзгөрөт, окуучу өзүнүн катасына караганда башка окуучунун кетирген катасын батыраак табууга аракеттенет.Эгерде окуучу айрым каталардын жазылышынан күнөм санаса мугалимдин жетекчилиги менен оңдолот. Окуучулардын сабаттуулугу бирдей болбогондуктан, бардык орфографиялык каталарда оңдоолорго окуучулардын күчү жетпейт.

Окуучулар тарабынан оңолбой калган кээ бир каталарды мугалим жазуу жумушун текшерүү аркылуу түзөтөт. Орфографиялык сабаттуулукту жогорулатууда каталарды анализдөөнүн жана сөздүк менен иштөөнүн чоң мааниси бар. Мектеп програмасында орфографиялык каталарды анализдөөнүн стандарттуу ыктары болбогондуктан, иш процессинде мугалимдер каталарды анализдөөнүн, бул же тигил ыктарын тандап алуу менен контролдук иштердин каталарды мүмкүн болушунча батыраак анализдөөгө тырышу керек. Каталарды анализдөө сабагында окуучулардын орфографиялык сөздүк менен өз алдынча иштөөсүнө көбүүрөөк көңүл бөлүнөт, каталарды аз жиберген окуучулар менен да катаны көп жиберген окуучулар менен да өзүнчө иш алып баруу керек. 
Орфографиялык каталарды анализдөө. Окуучулардын орфографиялык каталарына мугалим анализ жүргүзүү сабактын маанилүү бөлүгү болуп саналат.Ошондуктан бир түрдүү ыкмаларды колдонбостон методиканын талабына жараша ар түрдүү ыкмаларды колдонот. 

  1. Орфографиялык каталардын мугалим тарабынан анализдениши. Алынган жазуу жумуштары катасыз текшерилип, анализден кийин окуучуларга таратылып берилет. Окуучулар текшерилген жазуу жумуштарын колдоруна алуу менен кандай ката кетиришкенин байкашат.Мугалим тарабынан колдонулган ыкмаларга жараша өз каталарын табышат.Мугалим окуучулар тарабынан кетирилген бардык каталарды анализ жасоого үлгүрө албайт. Ошондуктан окуучулардын көпчүлүгүнө таандык болгон гана типтүү орфограмаларды анализ жасап, калган каталарды жекече тапшырмалар берүү аркылуу,же болбосо кошумча сабакта окуучуларды өзалдынча иштетүү аркылуу жоюу керек.Мугалим анализдөө сабагын баш аламан жүргүзбөстөн керектүү эрежелерди кайталоо менен каталарды доскага жазып түшүндүрөт.Эгерде орфографиялык ката сөздүн уңгусунан же мүчөсүнөн кетсе, мындай каталарды сөздүн составы боюнча анализдөө керек. 2.Орфографиялык каталардын окуучулар тарабынан анализдениши. Бардык эле орфографиялык каталар мугалим тарабынан анализденбейт. Каталардын үстүндө окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө жетишүү үчүн кетирилген каталарды мугалим текшерет да, бирок класста жана класстан тышкаркы учурларда окуучулардын өздөрүнө анализдетүү керек.Башка жазуу жумуштары сыяктууэле каталарды анализдөөдөн кийин текшерилген диктанттар таратылып берилет.Андан кийин кетирилген каталардын үстүндө окуучулардын өз алдынча каталарын таап,тапшырма боюнча сүйлөмдөр түзүшөт.Ката сөздүк кайсы бөлүгүнөн кеткендигин ажыратышат.Эрежеге баш ийбеген айрым интернационалдык сөздөрдөн кетирилген каталарды «Орфографиялык сөздүктү»пайдалануу менен табышат.Класста өтүлгөн анализ орфографиялык каталарды жоюда окуучулларга үлгүү болуусу керек.Бул үчүн мугалим каталарды анализдөөдөн мурун төмөндөгүдөй негизги маселелерди жетекчиликке алат.а)Окуучулар тарабынан кетирилген катанын мүнөзүнө жараша класста анализденүүчү мисалдарды күн мурунтан тандап алуу. б)Биринчн иретте кандай окууну доскага чыгаруу керек экендигин пландаштыруу. в)Каталардын мүнөзүнө жараша үйгө кандай тапшырмаларды берүү керек экендигине даярдык көрүү жана башка. Окуучулар тарабынан кетирилген орфографиялык каталарды эки түрдүү планда жүргүзүүгө болот. 1)Жазуу жумуштары текшергенден кийин 2)Чейректин аягында. 


  2. Орфографиялык каталардын учёту жана классификациясы. 

    Мектеп практикасында орфографиялык каталарды учётко алуунун жана классификациялоонун чоң мааниси бар. Мугалим орфогрфиялык каталарды классификациялоо менен класстагы ар бир окуучунун кетирген каталарын билип, ал каталарды жоюга багытталган ар кандай тапшырмаларды берүүгө жетишет. Каталардын үстүндө окуучулар менен биргелешип иштейт жана каталарга өз убагында эскертүү жасай алат. Өтүлгөн материалдарды окуучулардын кандай өздөштүрүп жаткандыгын билүү үчүнмугалим күндөлүк учету жүргүзөт, б.а кайсы материалдардын өздөштүрүлгөндүгүн, кайсы материалдардын өздөштүрө электигин билет. Орфографиялык каталардын учётун жана классификациясын алуудан мурда анын маанисин жана максатын туура түшүнүү керек. А.М. Пешковский каталардын учётун жана классификациясын төмөндөгү максаттар үчүн пайдаланууну сунуш кылган. Атап айтканда, а) контролдук кылуу максатында, б) окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүү максатында. Пешковскийдин пикири боюнча каталардын учётун контролдук кылуу жана окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүү максатында колдонушу эч талашсыз. 

    Окуучулардын орфаграфиялык каталарын учётко алуу үчүн өтүлгөн материалга жараша кантролдук диктанттар жаздыруу талап кылынат. Диктанттардагы жана башка жазуу жумуштарындагы орфографиялык каталар өзүнчө учётко алынат. Окуучулардын орфографиялык каталары учётко алуунун мааниси жөнүдө метоисттер жазуу жумуштарын текшерген учурда көп окуучу кетирген орфографиялык каталарды атайын учётко алуу мугалимдин келечектеги иши үчүн абдан пайдалуу болор эле деп көрсөтөт. Кетирген орфографиялык каталардын учётун класстагы жалпы окуучулар боюнча же айрым окуучу боюнча жүргүзүүгө болот.Бирок каталарды коллективдүү учётко алууга карагранда ар бир окуучунункаталарын жекече учётко алуу пайдалуу, себеби окуучунун кетирген каталары мугалимге белгилүү болот да, класстан тышкаркы учурда каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүү үчүн мугалимге шарт түзөт. Ал эми каталарды жалпы класс боюнча учетко алуу коллективдүү талкуу жүргүзүүгө, жекече тапшырмаларды берүүгө жана окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун жогорулатууга жардам берет. 

    ^ Диктанттарга баа коюу.

Диктант үчүн байланыштуу тексттер пайдаланылат. Алар азыркы адабий тилдин нормасын толук жооп бергидей тандалып, мазмуну жагынан ошол класстын окуучуларына түшүнүктүү болушу зарыл.

Мектептеги жыл башында, жыл аягында, ошондой эле ар бир чейрек сайын өткөрүлүүчү диктант үчүн тандалып алынган сөздөрдүн саны бирдиктүү нормага жараша төмөндөгүдөй болуп белгиленет.

1 – класста биринчи жарым жылдыкта 12 – 14 сөзгө чейин, экинчи жарым жылдыкта 20 – 25 сөзгө чейин, 2 – класста жыл боюу 40 – 45 сөзгө чейин 3 – класста 60 – 65 сөзгө чейин жана 4 – класста 85 – 90 сөзгө чейин тест тандап алынат. Мына ушул нормативди текст тандап алууда толук сакташ керек.
Окуу жылынын башында диктанттын тесттеги сөздөрдүн саны өткөн окуу жылынын аягындагы диктанттын текстиндеги сөздөрдүн саны менен бирдей болушу керек. Болжол менен алганда І чейректин аягында 10 сөз, ІІ чейректин аягында 10 сөздөн кошулуп отуруп, окуу жылынын үчүнчү чейрегинин ичинде тесттеги сөздөрдүн саны жылдык нормага жеткирилет. IV чейректеги жазуу жумуштарынын көлөмү жылдык норма боюнча жүргүзүлөт.
Диктантка баа коюуда төмөнкүдөй каталар оңдолот, бирок алар орфографиялык жана пунктуациялык ката катарында атайын эсепке алынбайт.
1. Ошол класстын программасында көрсөтүлбөгөн эрежелер.

  1. Өтүлө элек эрежелерден кетирилген каталар.

  2. Жазуудагы окучуунун артык баш колдонгон тыныш белгилери жана башка.

Диктант жазып жаткан учурда класста тынчтык сакталат. Окуучулар диктантты жазып бүтүшкөндөн кийин мугалим текстти өтө жай түрдө бир сыйра окуп берет. Диктанттын көлөмүнө жараша өзүнчө оңдоо үчүн окуучуларга бир аз убакыт берилет. Эгер тест окуучулар үчүн жеңил болсо, анда өз диктанттарына түзөтүү киргизүү үчүн убакыт берүүнүн анча зарылдыгы жок.
Диктантка баа бир эле коюлат.
“5” деген баа катасыз жазылган диктантка коюлат, бирок анда одоно эмес бир гана орфографиялык же тескерисинче бир гана пунктуациялык катанын болушу мүмкүн.
“4” деген баа 2 орфографиялык, 2 пунтуациялык же 1 орфографиялык 3 пунктуациялык, же тескерисинче 1 пунктуациялык 3 орфографиялык же орфографиялык катасы жок болуп, 4 пунктуациялык катасы бар диктанттарга коюлат. Ошондой эле “4” деген баа бир типтүү 3 орфографиялык ката кетирилген диктантка да коюлушу мүмкүн.
“3” деген баа 4 орфографиялык, 4 пунтуациялык же 3 орфографиялык 5 пунктуациялык, же 5 орфографиялык , 3 пунтуациялык же орфографиялык катасы жок болуп 7 пунктуациялык катасы бар диктанттарга коюлат. 
“2” деген баа 7 орфографиялык, 7 пунтуациялык же 6 орфографиялык 8 пунктуациялык, же 5 орфографиялык , 9 пунтуациялык же 8 орфографиялык жана 6 пунктуациялык катасы бар диктанттарга коюлат. Бирок бардык орфографиялык, пунктуациялык каталардын саны он төрттөн ашпоого тийиш. Каталар мындан да көп кетирилген диктантка “1” деген баа коюлат. 
Ар түрдүү каталар кетирилген диктантка баа коюуда орфографиялык каталардын чегин ажырата билүү керек, ал төмөнкүдөй: “4” деген баа 2 орфографиялык, “3” деген баа 4-5 орфографиялык, “2” деген баа 8 одоно орфографиялык катага да коюлушу мүмкүн. 

Жогорку көрсөтүлгөн диктанттын айрым түрлөрү окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун жогорулатууда көп жардам бергендиктен жана окуучулардын грамматикадан алган теориялык билимдерин турмушта бекемдөөдө көп пайда келтиргендиктен революцияга чейинки Россиянын мектептеринде кеңири колдонулган. Демек окуучулардын сабаттуулугуна жетишүү үчүн болгон күрөш азыркы учурдагы гана эмес, мурунтан бери методисттердин жана педагогдордун көңүлүн буруп келген эң негизги маселелерден болуп саналат.

Окуучулардын оозеки жана жазуу речинде коюлуучу талаптар.
Окуучулардын оозеки жана жазуу речине коюлуучу талаптар ар дайым кыргыз тил, окуу сабактарында ишке ашырылат. Ар бир сабакта көнүгүүлөр иштелип, анда окуучулардын оозеки жана жазуу речине көңүл бурулат. Сөз өстүрүү баланын мазмундуу, байланыштуу жана туура сүйлөөгө үйрөтөт. Ал аркылуу бала өзүнүн алган билимин, түшүнүгүн, оюн ырааттуу түшүндүрө алат. Мугалимдин негизги милдети-баланын речинин үстүндө иш жүргүзүүдө, алардын мазиундуу сүйлөөсүн, логикалык ой жүргүзө алуусун камсыз кылуудагы камкордугу. Окуучулардын речин байытууга байланыштуу жазуу иштерин жүргүзүүдө мугалим төмөнкүдөй иштерди жүргүзүүгө тийиш:
1. Орфографиялык каталарды кетирбөө максатында алдын ала эскертүү иштери жүргүзүлөт.

2. Айрым сөздөрдүн туура жазылышын сөздүктөрдөн карап билүүгө балдарды көнүктүрүү.

3. Алардын чыгармачылык иши акырындап татаалдана баштайт. Мына лшентип балдардын оозеки жана жазуу речи белгилүү талапка жооп бере алгандай болуусу зарыл. Аларга коюлуучу негизги талаптар: а) Биринчиден окуучулардын речи мазмундуу, дана болсун. Балага бир предметти жакшы билбей туруп, ал жөнүндө керексиз сөздөрдү айта берүүгө тыюу салу керек. Мисалы: «анан боло турган болчу болсо», жанан башка. Балдардын пайдаланып сөздөрдү так, ачык предметтерди жана көрүнүштөрдү билдире алсын.

б) Окуучулардын речинде ойлор байланыштуу болууга тийиш. Речтеги ойлордун логикалык ырааттуулукта болушу жана алардын байланыштуу түзүлүшү эң биринчи план аркылуу берилет. Окуучулардын жооптору белгилүү план аркылуу жүргүзүлөт.
в) Окуучулардын речи дана, түшүнүктүү болсун. Башкача айтканда, эч кандай кыйналбастан бардык кишилер бирдей түшүнө алышсын. Бирок речтин туура болушу негизинен сөздүк запасынын жетиштүү болушуна байланыштуу.
Сөздүк запасы канчалык көп болсо, алар речин так түшүндүрүүгө ошончолук жетиштүү болот. Айлана-чөйрөсүндөгү көрүнүштү, жаратылыштын сулуулугун чындык менен толук айтып берүүгө үйрөтүү.