Келемиш чычкан Денесинин узудугу 17-22 см келген келемиш чычкандары түштүктөгү мөмө–жемиштүү жаңгак токоюнда абдан көп. Сейрек түрдө Алай өрөөнүнөн жана Көкөмерен суусунун жээктеринен да учуратууга болот. Жаңгактардын түшүмү мол болгон жылдары алар абдан арбын төлдөшөт. Келемиштер жаңгак менен тамактанышып, кышкыга запас жыйнашат. Ийиндерин казганда 10-14 кг чейин жыйналган жаңгак табылган. Ошондой эле эгин менен жүгөрүлөргө да зыян келтиришет. Жаңгактар түшүмү жок болуп калган жылдары, алар айыл аралап кампалардагы жана үйлөрдөгү эгиндерге зыян келтирери аныкталган. Кышкысын алар чээнге кирип, укташпай, жайында жыйнап койгон жаңгактарын жеп, суук күндөрдө ийиндеринде жатышат. Аларды капкан менен кармап жүрүшкөн зоологдор кызыктуу адам таң каларлык окуяларды көрүшөт. Капканга түшүп, өлүп калган келемиштерди башка тирүү жүргөндөрү жеп кетишкен. Ошондуктан, алар ачыккан мезгилдерде өсүмдүктөр менен гана тамактанбастан, ар түрдүү алы жеткен канаттууларды, алардын уядагы балапандарын жеп зыян келтиргендиги байкалган. Алардын айыгышкан душмандары – арс чычкандары жана Сары–Челек токоюна жаңы коё берилген токой суусарлары. Келемиш чычкандарын кырып жоготуу иштери пландаштырылып жатат. |