Жаратылыш деген эмне?
Айланага кѳз чаптырып кѳрчү. Ооба, сен күндү, асманды,булутту, жерди, ѳсүмдүктѳрдү, жаныбарларды кѳрѳсүң. Мына ушулардын баары жаратылыш.
Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.
Ѳсүмдүктѳр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, курткумурскалар да, курттар да жаныбарлар женин эсиңен чыгарба.
Жаратылыш бул биздин айланабыздагы ѳтѳтаң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын биз ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болобуз. Алгачкы сапарыбызды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоо тиричилигине байкоо жүргүзүүдѳн баштайбыз. Алдыда бизди кызыктуу жана кѳңүлдүү жолугушуулар күтүп турат. Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү кѳп нерселерди берет. Ошол себептен адамдаржаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында кѳп эмгектенишет.
Жаратылыш — таланттын жан досу. Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар кѳп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндѳгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнѳ моюн бербей тең ортосун жарып чыккан, арча-карагайлар адамдын жан дүйнѳсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсесѳз түгѳнсүс болгон жаратылыш кооздугуна жүрѳгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана — чѳйрѳсүн аярлап карап ар бир нерсенин ийне — жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнѳсү менен жүрѳгүнѳ жакын кабыл алат.
Жаратылыш ѳзүнѳн эле зор күч алат. Жаратылыш - ааламдын материалдык дүйнѳсү, маңызга боюнча табигый илимдерди изилдѳѳчү объект.Турмушта жаратылыш сѳзү, кѳп учурда табигый жашоо чѳйрѳ деп аталып жүрѳт.
Жаратылыш, башка органикалык чѳйрѳ катары дайыма ѳнүгүүдѳ жана кыймылда болуп турат. Жаратылыштын эң башкы ѳзгѳчѳлүгү - бул анын цикликалыгы улам-улам алмашып туруучу мезгилдер, ойгонуп аткан процесстер жайлагандарды алмаштырат, а ѳсүү фазасы жана түш ѳнүгүү фазасы жана процесстердин жайланышы. Жыл ичинде алмашып туруучу мезгилдердижыл мезгилдери деп атайт - булар жаз, жай, күз жана кыш. Жаратылыштын мезгил алмашуусу, мезгилдердин физикалык кубулуш мезгили гана болбостон, поэт, прозачы, сүрѳтчү жана музыканттарды да шыктандырат.
Жаратылыш адам затынын жашоосундагы мааниси
Жаратылыштын адам баласынын жашоосундагы мааниси зор. Жаратылыш кимдерди тамшандырып кимдердигана кызыктырбайт. Жаратылыштын ар бир заты биздин жашообузда маанилүү. Алар жок, биз жок. Мисалы алардын ичинен:
1) Суу.
Суу бул ѳмүр булагы демекчи, суусуз бир күн да жашай албайбыз. Суунун бизге тийгизген таасири чоң. Суу бул бизге гана эмес баардык жандуу жаратылышка керек. Суу - тиричилик, суу бул - байлык, суу - ден-соолук, суу - ичимдик, суу - азык, суу - булак.
Суу кордогон кор болор,
Суусыйлаган зор болор — деп ата-бабаларыбыз айткандай. Сууну кѳргѳбѳй аны керектүү нерселерге гана жумшашыбыз керек экенин эстен чыгарбайлы.
2) Жер.
Күчтүү болсоң жердей бол баарын чыдап кѳтѳргѳн демекчи, жер бул дүйнѳ жүзүн кѳтѳрүп турат. Жана ошондой эле баардык жандуу, жансыз жаратылыштын баарын ѳзүнүн үстүнѳ батырып, алардын жашоосун ар кандай ѳзгѳчѳ күндѳр менен.
3) Жана дагы биздин курчаптурган бийик- бийик, учу-кырынан жайы-кышы кар кетпеген тоолор. Илгери кыргыз эли ошол Ала-Тоону мекендешип, анын табиятына суктанып келишкен.
4) Жайлоо.
Жашыл шайы жамынган жайлоо да ѳзүнүн керемети менен адамдын кѳңүлүн кѳтѳрѳт. Асманга аз гана калгандай жер жапжашыл болуп түркүн түс гүлдѳр, түркүн түс кандыркан кѳпѳлѳктѳр, ѳзүнчѳ эле керемет. Жайлоо десе бийик -...
суу, аба жана бардык тирүү организмдер менен байланышта. Илим бул кылдат байланыштарды өзүбүзгө зыян келтирбегендей этияттык менен изилдеп-үйрөнүүгө жардам берет. Бир кезде бардык жырткычтарды: карышкыр, түлкү, айры куйруктарды аёосуз кырышкан. Бирок карышкыр жок болгон жерде бугулар ооруй баштаган. Түлкү менен жырткыч куштар жок жерде кемирүүчүлөр абдан көбөйүп, эгинге зыян келтиришкен. Кирешенин ордуна чыгаша көбөйдү. Жырткычтар жана алардын жеми өзү менен бирге көп миңдеген жылдан бери жашап келе жатат, бул мезгилдин ичинде ага да, буга да жашоо үчүн зарыл болгон табигый тең салмактуулук калыптанган. Адам мына ушул тең салмактуулук тууралуу унутпоосу зарыл.
Маселен, уу химикаттарды жасашты. Аны учак менен талаага жана бактарга чачса, зыяндуу курт-кумурскалар жок болот. Бирок алар менен кошо пайдалуу айбанаттар да зыянга учурайт. Анткени миңдеген канаттуулар, бугулар, жана башка жандыктар ууланган азыкты жеп, аны менен кошо өлүмгө учурашы ыктымал. Эгер түтүн асманды каптап, абаны булгаса, булганыч суулар дарыяларды булгаса, анда табият гана эмес, адам да жабыр тартышы мүмкүн. Ошондуктан табиятты, тагыраак айтканда, табигый чөйрөнү коргоо баарынан мурда адамды коргоо болуп эсептелет. Бул - келечекти коргоо. Жерде бизден кийинки муундарга калуучу же биздин күнөөбүз менен жок болуучу турмуш тиричиликти коргоо дегенди билдирет. Дүйнөдөгү бардык окумуштуулар бул маселе жөнүндө эбак эле чуу көтөрүшкөн.
Просмотр содержимого документа
«Жаталыш деген эмне»