СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жазгыч манасчылар.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жазгыч манасчылар.

Просмотр содержимого документа
«Жазгыч манасчылар.»

Тема:Жазгыч манасчылар.  Тайпа:Т-19  Аткарган: Советбек кызы Бүниса.

Тема:Жазгыч манасчылар. Тайпа:Т-19 Аткарган: Советбек кызы Бүниса.

План: Тоголок Молдо(Байымбет Абдрахманов) Ыбырайым Абдыракманов. Жусуп Мамай.
  • План:
  • Тоголок Молдо(Байымбет Абдрахманов)
  • Ыбырайым Абдыракманов.
  • Жусуп Мамай.
Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо)  (1860-жылы  Ак-Талаа районундагы  Куртка деген айылда туулган - 1942) - жазма акын жана  манасчы . Тоголок Молдо (1860-1942)

Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо)  (1860-жылы  Ак-Талаа районундагы  Куртка деген айылда туулган - 1942) - жазма акын жана  манасчы .

Тоголок Молдо (1860-1942)

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн.

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн.

Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да,дал ошол Тыныбек болгон.

“ Он сегиз жашка келгенде,  Акын болдум атанып.  “Манасты” бүт үйрөндүм,  Тыныбектен жат алып”   – деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.  Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын  1916 -жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.

Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Чоюке өмүр уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.

Абдрахманов, Ыбырайым , ылакап аты Ак Молдо (1888-1967) - манасчы, этнограф, педагог; кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү. 

Абдрахманов, Ыбырайым , ылакап аты Ак Молдо (1888-1967) - манасчы, этнограф, педагог; кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү. 

Анын

Анын "Манаска" шыктуу болушу көптөгөн манасчылар менен таанышып, алардан таалим алууга түрткөн. Бул жөнүндө өзү минтип эскерет: "Мен Ысык-Көлдөгү жомокчулардын жетөөнү көрдүм.  Манас  айтуу боюнча эң чыгаан Акылбекти 13 жашымда биринчи көрүп, 28 жашыма дейре үздүксүз айткандарын угуп жүрдүм". Акылбектен башка да ошол кезде көл айланасына белгилүү манасчылар Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Калча, Жакшылык (Кара ырчы) менен жолугушуп алардын айткан "Манасын" көп сапар уккан. Мунун баары табигый шыгы бар Ыбырай Абдыракман уулуна таасирин тийгизбей койгон жок. Бара-бара ошол манасчылардан үйрөнгөн жомогунун айрым эпизоддорун ал өзү да эл астына чыгып аткара баштаган. Кийин үчилтиктин үч бөлүмү боюнча өз вариантын түзгөн.

Анын элдик мурасты жыйноого киришүүсү улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Манас” эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Бул иштин демилгечиси жыйноочу-фольклорист Каюм Мифтаков болгон. Бирок ал бир аз жазып топтогондон кийин Ыбырайым Абдрахманов анын демилгесин улантып, Сагынбай Орозбак уулунун оозунан 1922-1926-жылдары “Манас” эпосунун көркөм вариаттарынын бири толук жазылып алынган

Арстан  Манас  жомогу Жазылып, болду тамамы. Көз салбастан дурустап Кетирдиңер чамамы. Жазган молдо Ыбырай Калем тартып жадады. Айткан акын Сагымбай Жүдөп бала-бакырам Жүздөрүн үйрүп карады. Жазган молдо Ыбырай Жаш акты эки көзүнөн, Айткан акын Сагымбай Адашты акыл-эсинен, Өзгөчө кылдык эмгекти Көпчүлүктүн ишинен.

Арстан  Манас  жомогу

Жазылып, болду тамамы.

Көз салбастан дурустап

Кетирдиңер чамамы.

Жазган молдо Ыбырай

Калем тартып жадады.

Айткан акын Сагымбай

Жүдөп бала-бакырам

Жүздөрүн үйрүп карады.

Жазган молдо Ыбырай

Жаш акты эки көзүнөн,

Айткан акын Сагымбай

Адашты акыл-эсинен,

Өзгөчө кылдык эмгекти

Көпчүлүктүн ишинен.

Ыбырайым Абдрахманов 1935-1960-жылдары Саякбай Карала уулунан “Манас” үчилтигинин бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун кагазга түшүргөн. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча белгилүү эпизоддорду басмага даярдап, пропагандалоонун үстүндө иштеген.

Ыбырайым Абдрахманов “Манасты” жыйноочу, анын айрым эпизоддорун басмага даярдаган түзүүчү-редактор, үчилтиктин негизги варианттарын кара сөзгө айландырып жазып чыккан тажрыйбалуу фольклорист катары эле эмес эпостун мыкты айтуучу-жаратуучуларынын бири да болгон. Анын өз алдынча жогорку деңгээлдеги варианты бар. Анын айтуусундагы “ Манас” бөлүгү  26 миң 456, “Семетей” 23 миң 584,”Сейтек” 7 миң 839 сап ырдан турат. Бардыгы биригип 57 миң 878 сап. ”Семетей” жана “Сейтек” бөлүктөрүн 1947-1948-жылдарда, ал эми “Манас” бөлүгүн 1951-1952-жылдарда өзү жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна тапшырган.

Жусуп Мамай  (Жүсүп Мамай; Jusup Mamay), Жусуп Мамай уулу (1916 же 1918 - 01.06.2014) - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер.  Кыргыз Республикасынын Баатыры  (2014).

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.

Жети жашынан кат тааныган. Анын агасы Балбай Мамай уулу 

Жети жашынан кат тааныган.

Анын агасы Балбай Мамай уулу  "Манас" эпосуна  кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн.

Жусуп Мамай  "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында, бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

" Манас" дастанын  Жусуп Мамай  айткан варианты  КЭР де араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой", "Ажыбек Баатыр" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.

Кыргызстанга бир нече ирет келген.

1989-жылы   кулжа (июнь) айынын 3үндө  Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын  уюштуруу жыйынына жазуучу  Түгөлбай Сыдыкбек уулу  экөө сый конок катары катышкан.

1995-жылы   Кыргызстандагы

1995-жылы   Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

Кыргызстан дык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.

Жусуп Мамай эпосту Балбай Мамайдын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн: -  Балбай агам экөөбүз бир ата, бир энеденбиз. Мен ал 21ге чыкканда туулган экенмин. Балбай агам 6-7 жашында молдого окуп, кат тааныган. Ал «Манасты» андан- мындан сурап, дастанды үйрөнүп, жазып, топтоп жүргөн. 1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн , - деп Жусуп Мамай тарыхчы Азиза Турдуевага  айтканы бар .

Жусуп Мамай эпосту Балбай Мамайдын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн:

Балбай агам экөөбүз бир ата, бир энеденбиз. Мен ал 21ге чыкканда туулган экенмин. Балбай агам 6-7 жашында молдого окуп, кат тааныган. Ал «Манасты» андан- мындан сурап, дастанды үйрөнүп, жазып, топтоп жүргөн. 1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн , - деп Жусуп Мамай тарыхчы Азиза Турдуевага  айтканы бар .

Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал  Бээжинге  жиберилет.

Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал  Бээжинге  жиберилет.

Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр. Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат. 2014-жылдын май айында ага  Кыргыз Республикасынын Баатыры  наамы Кыргызстандын Президенти  Алмазбек Атамбаев  кол койгон жарлыкка ылайык ыйгарылды. Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

2014-жылдын май айында ага  Кыргыз Республикасынын Баатыры  наамы Кыргызстандын Президенти  Алмазбек Атамбаев  кол койгон жарлыкка ылайык ыйгарылды. Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат…

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат…