СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жазуу иштери Кыргыз тили сабагы боюнча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ак алма

Күндөрдүн бир күнүндө бир дыйкан жигит жок издеп чыгыптыр.

Жашыл ыраң өзөн бойлоп,жалгыз аяк жолго түштү.Көрүнбөгөн боз чымчык безеленет.Жайдын жыты буркурап турган кез эле.Дыйкан жигит жоготкон малын унутуп,сууга жүзүн жууп,суудан жутту.Табигатка суктанды.Бир кезде сууга агып келе жаткан чоң ак алманы көрдү.Колун созуп кармап алды.Эзилип бышкан алма экен.Жигит алманы шашпай отуруп жей баштады.Бир убакта сугуна албай тык токтоду.

-Бул эмнеси?

-Бирөөнүн алмасы да.

-Арам тамак.

-Сен уурусуң деген сыяктуу үндөр угулгансыйт.Жигит ташка отуруп,башын мыкчыйт.Уу жегендей жүрөгү айланат."Ээсин таап кечирим сурайын" деген ойго келет.Ордунан туруп өзөндү көздөй жөнөйт.Узак жол басат.чарыгы жыртылып,кийими тытылды,күнөөлүү качкынга окшоп калды.Акыры жүрүп отуруп бир карыяга кезигет.

-Кел ,уулум!-дейт карыя.Жигит чөгөлөй калып келген жөнүн айтат.

-Кечирилгис күнөө кылыпсың.Дайрага нечен алмалар агат.Кеп анда эмес.Ким тосуп алып жейт?Бирок сен ыймандуу адам экенгсиң.Жазаны ээси берет.Ээси менмин-дейт карыя.

-Кулдугум бар,аксакал дейт жигит.

-Жок,тууган,минтип кутула албайсың.Угуп тур.

-Кулак сизде.

-Анда кеп мындай.менин бойго жеткен кызым бар.Көзү көрбөйт.Кулагы укпайт.сүйлөбөйт.Колу жок.Буту жок.Ошого үйлөнөсүң.Өмүрлүк жар кыласың.Антпесең башың кетет.Биздин жерде шарт ошондой -дейт карыя.жигит ары ойлонду,бери ойлонду макул болду.

-Ай толгондо,он бешинде келесин-деди карыя .Жигит убадасын бузбай келди.

      Күйөө баланы коноктошту.Колуту менен тааныштырышты.Жоодураган сулуу кыз экен.Жигит да өңдүү-түстүү эле.Кырк күн той болду.Бир гана жигит карыянын калп айтканына түшүнбөдү.Карыя ошол элдин Адилхан атту ханы эле.Эки жаш кетеринде Адилхан бата берди.

      Жигитти өзүнчө гүл бакка ээрчитип барып,баягы айткан кебинин жандырмагын айтты;

-Көзү көрбөйт дегеним,турмушта али эч нерсе көрө элек.Укпайт дегеним,ушак менен иши жок.Сүйлөбүйт дегеним,бирөөгө жакшы жаман айтканды билбейт.Колу жок дегеним колунан эч иш келбейт.Буту жок дегеним,босогомдон алыс чыккан эмес.Апасынын жалгыз эрмеги болчу.Эми жашоого көзүн каныктыр.Эркелиги бар катуу айтпа.Акылдуу жеңелериңе кош.Аста-аста ишке үйрөт.Тарбиялап ал ,улум деди.анан күйөө баласына баягыдай ак алма сунду.Бул ак ниеттүүлүктүн,ак эмгектин,ак пейилдүүлүктүн,ак сүйүүнүн алмасы болсун!Оомийин деп батасын берди

Тексттик тапшырмалар;

1.Кептин кайсы стилине кирет?---------------------------------------------------------------------

2.Тексттеги жалаң сүйлөмдөрдү жаз?-----------------------------------------------------------------

3.Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз?

Жигит алманы шашпай отуруп жей баштады.

4.Тексттен ыкташуу,таандык байланыштарын таап жаз.------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

5.Текстеги төл,бөтөн сөздөргө тыныш белгисин кой-------------------------------

6.Текстеги туруктуу сөз айкаштарын таап жаз

Просмотр содержимого документа
«Жазуу иштери Кыргыз тили сабагы боюнча»



Төмөнкү текст кайсы стилге кирет?

Жээктери кырылып, бети майланышып кирдеп, эскилиги жеткен ушул сомке Чаңгылдын боор этинен кесилип жасалгансып, көзүнө ысык, жүрөгүнө кубат. О, оомал-төкмөл дүнүйө, бул сомке так он жыл жатса-турса жанында, аттанса ээрдин кашында жүрбөдү беле...

А)илимий Б) сүрөттөө

В)баяндоо Г)көркөм





Кептин стилдери кайсылар?

А)иштиктүү, илимий, көркөм, публицистикалык

Б) оозеки, жазуу, суйлөө

В) ой жүгүртүү, сүрөттөө, баяндоо

Г) окуу, жазуу, угуу, ойлоо







Кептин түрлөрү кайсылар?

А) оозеки, жазуу, баяндоо

Б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

В) көркөм баяндоо жана сүрөттөө

Г) көркөм сүрөттөө жана ой жүгүртүү









Кара-Кол шаарындагы С.Кааралаев атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Акунов Рысбекке (1986-жылы туулган, улуту - кыргыз) берилет.

Жогорудагы берилген сүйлөм кайсы стильге мүнөздүү жана кандай аталат?

А) илимий стиль, окуу китеби

Б) публицистикалык стиль, макала

В) көркөм стиль, текст

Г) иш кагаздар стили, мүнөздөмө



Официалдуу эмес иш кагаздарына төмөнкүлөрдүн кайсынысын кошууга болот?

А) программа, устав

Б) арыз, түшүнүк кат

В) закон, келишим,

Г) өмүр баян, указ











Тексттин бөлүктөрүн белгииле.

А) ой, окуя, тема

Б)микротема, абзац

В) тематикалык, стильдик

Г) башталышы, өнүгүшү, аягталышы



Газета-журналдарда, радио-уктуруу, телекөрсөтүүлөрдө, өкмөт, мекеме жетекчилеринин докладдарында, макала, очерк, мемуардык чыгармаларда колдонулган стиль:

А) илимий

Б)публицистикалык

В) иш кагаздар

Г) көркөм





Ой жүгүртүү түрүндө түзүлгөн текст кандай бөлүктүрдүн турат?

  1. Ой жүгүртүү үчүн берилген алгачкы ой.

  2. Негизги ойду чечмелөөгө арналган далилдер.

  3. Баяндалган окуяга, көрүнүшкө карата айтылган жеке көз караш, жыйынтык ой.

  4. Жогоруладын баары туура.

А) I Б) I-II В) IV Г) II



Аннотация кептин кайсы стилине кирет?

А)( оозеки

Б) илимий

В) официалдуу эмес иш кагаздары

Г) көркөм











Илимий стилде кандай сүйлөмдөр басымдуулук кылат?

А) татаал сүйлөмдөр

Б) кемтик сүйлөмдөр

В) атама сүйлөмдөр

Г) жалаң сүйлөмдөр