Жазуу сабагындагы орчундуу маселелер
Мектеп босогосун жаңыдан аттаган кенже класстын окуучусу эң алгач кат сабаттуулук- ка үйрөнөт. Окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүү мезгилинде аларды тыбыштарды жана тамгаларды сөздөрдө туура айтууга, каллиграфиялык жактан туура жазууга үйрөтүү билим- ди, талыкпаган эмгекти талап кылат. Бир тамганы үйрөтүү, жаздыруу үчүн анын жасалышы, тилдеги орду, тыбыштык касиеттери, артикуляциясы, жазылыш өзгөчөлүктөрүн билүү мугалимге шарт.
Сулуу жана сабаттуу жазуу-бул өнөр.Бул билимдүүлүктүн көрсөткүчү, маданиятты калыптандырат, сарамжалдуулукка үйрөтөт,тыкандык сапаттарды жаратат, мээнеткеч- тиктин калыптанышына өбөлгө түзөт.
Сулуу жана сабаттуу жазууга үйрөтүү үчүн төмөндөгү шарттар каралышы керек деп ойлойм:
1)Досканы даярдоо
Башталгыч класстарда досканын бир тарабы жазуу сабагына, экинчи тарабы математика сабагы үчүн чийип коюу.
2) Партаны даярдоо
Партанын үстүнө кездеме жабуу керек эмес, аны таза аарчып, түздөп коюу.
3) Туура отургузуу
Жазуу учурунда негизги гигиеналык эрежелерди сактоо, бала отургучка ыңгайлуу отурушу керек. Башты түз коюп,отургучка жөлөнүп отурууну үйрөтүп, белдин бүкүрөйүп калуусуна жана көздүн көрүүсүнүн бузулушуна жол койбоону эске алсак.
4) Дептерди туура коюу
Дептер-күндөлүк эмгектин көрсөткүчү.Дептердин барагы дыйкандын эгин талаасына окшош.Дептерге сарамжал, кылдат мамиле кылууну тынбай үйрөтүү керек. Мугалим дептерди күндө текшерүү, тиешелүү көрсөмөлөрдү убагында жазып туруусу зарыл.
5) Ручка даярдоо
Эң жөнөкөй, жеңил, кармоого ыңгайлуу ручка менен жазуу талабын коюу керек.
6) Эс алуу көнүгүүлөрүн өткөрүү
Жазуу сабагында калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдү өз убагында өткөрүп туруу зарыл. Тексттин маанисине жараша кыймыл-аракеттерди жасатуу пайдалуу. Мисалы колго жасалуучу көнүгүүлөр:
Коёнек
Узун кулак коёнек, (колдорун башына коюп,коёндун кулагына окшотуп,кыймылдатышат)
Жолдо ыйлап жатыптыр.(колдору менен көздөрүн ушалап,ыйлаган түрдү көрсөтүшөт)
Кимдир бирөө капустасын,(сөөмөйүн кыймылдатышат)
Колдон жулуп качыптыр.(жүгүрүп бараткан түрдү көрсөтүшөт)
Көнүгүү жасоо
2-3 мүнөттүк ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткартса болот.
Мисалы:
Башты түптүз кармагын,(башын түз кармайт)
Колду кенен таштагын.( эки колду эки жакка сунат)
Бирден баштап онго чейин,
Кана айтып санагын.(1ден 10го чейин эсептеп көнүгүү жасашат)
1 дегенде колду алдыга сунуу,
2 дегенде оң колду жогору көтөрүү,
3-сол колду жогору көтөрүү
4-оң колду алдыга сунуу,
5-сол колду алдыга сунуу,
6- оң колду оң жакка сунуу,
7-сол колду сол жакка сунуу,
8-оң колду ылдыйга түшүрүү,
9-сол колду түшүрүү,
10-ордуна отуруу .
Манжаларга көнүгүү.
Жазып,жазып тынабыз,
Колубузду сунабыз.
Манжаларды ачабыз,
Манжаларды жумабыз,
Ачабыз,жумабыз.(5-6 жолу)
Башты кыймылга келтирүү.
Жолдон өтө берерде,
Өтө этият болгун.
Оңго дагы,солго дагы,
Сөзсүз түрдө карагын
Баланы сабаттуу жазууга үйрөтүүдө ар бир башталгыч класс мугалими жогорудагы айтылып кеткен талаптарды дайыма көңүлгө алып, аны негизги максат катары кармануусу шарт деп эсептейм.