СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Женилбес жетөө. Мелдеш сабак

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Женилбес жетөө. Мелдеш сабак»



Сабактын темасы: Жеңилбес жетөө.

Сабактын максаты:

а)Ата Журтубуздун баалуу ата мурастары менен математикалык тилде тааныштыруу,

б)окуучулардын Мекенди сүйүү жана байыртадан келе жаткан мурастарын кастарлоо сезимдерин, сөз байлыгын өстүрүү,ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү.

в)мекенди сүйүүгө,достукка бекем турууга,ынтымактуу болууга тарбиялоо.

Сабактын тиби:мелдеш сабак

Алып баруучу: Бирге: 1. Ассалому алейкум келген мейман

Алик алып угуңуз салам айтам.

Ат арытып алыстан келгендерге

К.Тыныстанов мектебинен салам айтам.

2. Кыштагы аппак кардай пейил каалайм

Агып бүтпөс булактай өмүр каалайм

Кубанамын меймандардын келишине

Женилбес жетөөнүн мелдешине.





Командаларды сахнага чакыруу.

1-топ: “Илим” командасы.

2-топ: “Билим” командасы.

Анда эмесе ,“Женилбес жетөө” мелдешин ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.

Асманда жылдыз жетиген,

Ашпастыр такыр жетиден.

Өмүрдүн берсин узунун,

Өлүмдүн берсин кечинен.

Жеңилбес жетөө мелдешинде ар бир командада жетиден окуучу бар. 7 саны кыргыз элинин ыйык сандарынан бөлүп эсептелээри бизге белгилүү. Кыргыз элибизде 7 саны жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылып ага өзгөчө көңүл бөлүнүп келген. Асмандагы “жетиген жылдызы”, “жети атаны билүү”, эл ичинде “жети түндө азыраак бас” деген сөзү да бизди тартипке тарбиялап жаткансыйт. Мына ушул ата-бабаларыбыздын илгертеден аздектеп келе жаткан каада-салттарын сактап калуу биздин парзыбыз деген ниетте “Женилбес жетөө” деген ат менен мелдешти уюштуруп жатабыз.

Анда эмесе биздин дагы бир командабыз калыстар тобу менен тааныштырып кетүүгө уруксат этиңиздер.Калыстар тобунун төрөгасы:







.

Командалардын капитандарын чакырып “чучу кулак” тартабыз.

1. “Илим” командасы. 2. “Билим” командасы


“Жеңилбес жетөө” мелдешинин программасы менен тааныштыруу.

  1. Саламдашуу.

  2. Акыйнек.

  3. Ыр

  4. Интермедия

  5. Бий

  6. Эмблема чечмелөө

  7. Макал-лакап

  8. Суроо-жооп

Мелдешибиздин биринчи тапшырмасы.

Саламдашуу: 1-чи. “Илим” командасын





2-чи. “ Билим” командасын сахнага чакырабыз.

Саламдашуу: “Илим командасы”







Салам айтып кубанып баарыңарга,

Урпактары меймандос кыргыз элдин.

Жаштары билим алып адам болуп,

Өлкөбүз өркүндөсүн өсө берсин.





Кылымдарды карытып жер жүзүндө,

Салт экен саламдашуу бүт элимде.

Саламдашпай баштап кетсек кечени,

Уят болуп калабызго биз сиздерге.





Көтөрөм деп, цифралардын беделин,

Жумшап дайын эмгегин.

Нөл: Эсепти билбегенди,

Нөл экен деп коюшат.

Эгер мен цифра болбосом,

Миллиондор кайдан жаралмак.





Келечекте эмгек сиңирип,

Жарасам дейт керегине сандардын.

Бир: мен боломун бир деген,

өңчөй сабак билбеген.

Тентек балдар жолдошум,

Бирин-бири тилдеген.







Жалкоолуктун эгизи,

Ийнеликтин шериги.

Эки:Ким деп мени сураса,

Эки деген мен болом.

Сабак билбес жалкоонун,

Дептерине кономун.





Эсепте да жазууда да,

Колдонобуз дайыма.

Үч. үтүрөүп дайыма,

Кабагымды ачпаймын.

Тың окуган балдарга,

Жолдош болуп баспаймын.





Билгендерге дос болот,

Билбегенге кас болот.

Төрт: китеп менен дос болгон,

Мени менен дос болот.

Билгендери көбөйүп,

Билбегени жок болот.





Окууда да же коомдук иште,

Жетип дайым жеңиштерге.

Беш:мен боломун беш деген,

Жолум дайым кепкенен.

Мени ээрчиген балдарга,

Бийиктик жок жетпеген.





Тапшырган иштин маңызын ,

Дайыма так келтирет.

Алты: мына бул алты сан,

Алпы экен сандардын.

Атандашты жеңебиз деп,

Ишеничтүү ойлоп турам.

Жети: жалгыз бутту жетимин,

Беш кошулган экимин.





Эгиздердин эгизи,

Семиздердин семизи.

Сегиз: мен сегизмин сегизмин,

Эки нөлдүү эгизмин.

Окууда же коомдук иште,

Тыным албай күнү кечке.

Лидер деп атаганбыз эсепте.

Тогуз: мен тогуз санымын,

Бир орундуу сандардын,

Чоңу болуп алганмын





Хор: Жакшылык, өмүр тилеп сиздерге,

Тартуулап өнөр алып келдик сиздерге.

Акырын айтып коёрсуз эгер,

Ашыкча бизден каталар кетсе.

“Илимден” ийилип салам айтабыз.





“Билим” командасы. Саламдашуу.

Кутмандуу бакай атабыз,

Кубанып окуп жатабыз.

Жакшылык тилеп сиздерге,

Жалындуу салам айтабыз.





Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу эже агайлар, атандаштар “Билим” командасы мүчөлөрү менен тааныштыра кетүүгө уруксат этиниздер.

Кана балдар келгиле,

Башталат азыр кечебиз.

Фигураларга тил бүтүп,

Кызыктуу суроо чечебиз.





Айтса сөзүн угалы,

Фигуралар сүйлөсүн.

Тааныбасак аларды,

Шылдын кылып жүрбөсүн.





Атандашты жеңебиз деп,

Ишеничтүү ойлоп турам.

Ал анткени биздин топто,

Тапкычтыгы таамай ,

уч бурчтук келип отурат.



Менин атым уч бурчтук,

Бөлүүчүмүн тегиздик.

Аянтым бар, көлөмүм,

Кереги жок семиздик.

Команданын намысы үчүн,

Бир орунда тынчып турбас.

Ырдайт, бийлейт жооп берет,

Талыкпаган чечен шаар.





Эй, жолдоштор!

Мен азыр мелдештим,

Бирден, бирден келгиле.

Атың менен жөнүңдү,

Жериң менен элиңди ,

ылдам айтып бергиле.





Тапшырган иштин манызын,

Табына дайым келтирет.

Команданын намысын,

Коргоймун дейт квадрат.

Квадрат өз атым,

Алдыңарда турамын.

Аянт үчүн илгертен,

Мен болуп кызмат кыламын









Атандаш калса артыңда,

Тай чабым чыгаар алдыга.

Тапталып турат жеңишке,

Таланттуу биздин трапеция.





А дегенде атымды сура,

4 бурчум 4 жагым бар.

Башкалардан айырмам көп,

Мен болом трапеция.





Мектеп деле күйүп жанат,

Ар бир ишин абдан кылат.

Жетектеген билим тобун,

Жеңилбестин бирөө-көп.

Бурчтук келип отлурат.





Менин да кезегим келди,

Эртеден бери олтуруп.

Аты жөнүмү айтайын,

Мен болом көп бурчтук.

Чогуу: бириккен акыл ойлорум,

Мектебим сүйгөн борборум.

Билимим сенден башталат,

Билимди алчуу,

бийиктен ашчуу жолдорум.

Хор: Команданын атынан салам айтабыз,

Баарыңарга ийгилик бакыт каалайбыз.

Жюри бизге адилет чечим чыгарса,

Жерге чейин ийилип салам айтабыз.

Алып баруучу: Мелдешибиздин 2- тапшырмасы- Акыйнек.

Казанга пияз таштайлы, анда эмесе

Командалар акыяны баштайлы.



Билим: Анык сандар экен деп,

Колдонот бизди эсепке.

Санатып бирден чексизге,

Жарайбыз дайым керекке.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Илим:Бөлчөк сандар кадырын,

Билип койгун сен деле.

Бир тоголок алманы,

Кантип бөлүп жейт элең.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Билим: Үч бурчтуктун чокусунан,

Чуркап чыга каламын.

Бурчун бөлүп экиге,

Керекке жарап турамын.

Биссектриса мен болом,

Бекемдеп уксун кулагың.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Илим:Жалгыз озуң керектей,

Мактанасың жон эле.

Жагын эки бөлүүгө,

Керекмин ага мен деле.

Медиана мен болом,

Билип алгын сен деле.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.



Билим: Декарт түзгөн координаталар,

Тик түшүшүп жаралар.

Касиетти ага берген,

Бизбиз ошо перпендикуляр.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Илим: Кесилишпес түз сызыкка,

Паралелль да керектир.

Ошол кызык биз болобуз,

Эсиңе дайым түйүп жүр.

Акыя, акыя, акый, акый, акыя.

Чогуу: Урушканды коёлу,

Каталарды жоёлу.

Илимге нагыз пайдалуу,

Элементти болобу.

3. Алып баруучу: мелдешибиздин 3-чү тапшырмасы математикалык ыр:

Эч кимден кем калбаган

Эсептеп окуп талбаган,

Бий десе бийди бийлеген,

Ыр десе ырдан танбаган.

1-чи. “Илим” командасы:

Илимде даңгыраган жол болбостур,

Бирок биздин жолубуз шыдыр болсун,

Табышмак маселелер дүйнөсүндө,

Чыгалы саякатка келгин досум.



Ушу сен окудуңбу алгебраны?

Ушу сен окудуңбу геометрияны?

Тоскоолу көп лабиринттуу жолдору,

Татаал дебей илим сырын чечели.

Агалардын баскан жолун улантып,

Кана достор андан ары өтөлү.

Ушу сен окуудуңбу алгебраны?

Ушу сен окуудуңбу геометрияны?

2-чи. “Билим” командасы.

Асманга учамын десең,

Кемени башкарам десең.

Амалды окуп, билип ал,

Эсепке, чотко да сен көнүп ал.

Алгебра сабагы,

Геометрия сабагы.

Билимдин башаты биз үчүн,

Талыкпай окуйлу,

Баарыбыз жалпыбыз,

Жалкоолук кылбасын калкыбыз.

Ааламдын сырын ачалы,

Билимдин нурун чачалы.

Өткөндөр билген илимдин,

Билбеген жагында биз ачалы.

4. Алып баруучу:” Күлкү –ден соолуктун мүлкү” демекчи, мелдешибиздин 4-чү тапшырмасы интермедияга кезек беребиз:

1. “Билим” командасы.

2. “Илим” командасы.

5. Алып баруучу: мелдешибиздин 5-чи тапшырмасы бийге кезек беребиз; Кыргызымдын кымча бел кыздарын сахнага чакырып алалы:

1.” Илим” командасы.

2. “Билим” командасы

6.Алып баруучу: Мелдешибиздин 6-чы тапшырмасы эмблема чечмелөө: командаларды сахнага чакырабыз.







1-чи “Илим “командасы:

Илим тунгуюкта жол көргөзгөн чырак сыяктуу, адамга өнөр менен билимди тыгыз байланыштырып, илимдин алкагында укмуштуудай ачылыштарды жасап жатат. Ошондуктан илимге умтулуу максатында команданын атын “Илим” деп атадык.



Жер шаарынын формасын салыштырдык,

Геометриялык фигура-сферага.

Жеткиликтүү илим менен каныгып,

Түшүнсөк деп ааламдын сырларына.

Жаңы кылым өзгөчөлүү символу,

Түшүрүлдү компьютердин сүрөтү.

Өздөштүрүп интернеттин тилдерин,

Жакшы эмеспи сырын чечсек дүйнөнүн.



2-чи “Билим” командасы:

Илимдин башаты билимден ,билимдин башаты китептен,- деп айтылгандай китептен биз өзүбүздүн келечегибизге багыт берип, турмушубузда туура жол көрсөтө турган баа жеткис руханий азык алабыз. Ошондуктан биз командабыздын атын “Билим” деп атадык.

Команданын белгиси,

Ромб түрүндө тартылды.

Четтерине жазылды,

Ичиндеги күнүбүз

Жаркыраган нур берет.

Фигуранын элеси,

Геометриялык тегерек.

Көркөмүү кооз Ала-Тоо,

Сынык сызык элеси.

Китеп өнөр чырагы,

Билимдин кенчи эмеспи.

Эсептөөнү тарткан себебим,

Жеңилбес болсун дегеним.

7. Алып баруучу: Мелдешибиздин 7-чи тапшырмасы.

Макал-лакап айтышуу.

Тамганы таанып билбесе да,

Сандарды жазып көрбөсө да.

Калыптыр кыргыз элимдин берметтери,

Табышмакта, макал-лакап ,жанылмачта.

Командаларды сахнага чакырабыз:

1.”Билим” командасы:

Жети өлчөп бир кес.

Жер кулагы жети кат.

Калк көп,чындык бирөө.

Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн.

2. “Илим” командасы:

Беш кол тең эмес,

Жүз дос аз, бир кас көп.

Он эки пайгамбардан, бир Кудай улук.

Билем деген миң соз, билбейм деген бир соз.

8. Алып баруучу: Мелдешибиздин акыркы тапшырмасы суроо-жооп: командаларды сахнага чакырабыз:

Алып баруучу: Ушуну менен “Жеңилбес жетөө” мелдеши аягына келип жетти, келип көңүл ачып, колдоп бергениңиздерге чоң рахмат. Келген кадамыңыздарга ыраазы болуп кетиңиздер.

Топ лидерлерине берилген тапшырма: проектордон көрсөтүлөт.

  1. Кайсы үч сандын суммасы жана көбөйтүндүсү бирдей болот? (1+2+3)=6 жана (1*2*3)=6

  2. Кайсынысы оор: 2кг кебезби же 1 кг темирби? ( 2кг кебез)

  3. Бурчтарды өлчөөчү курал? (Транспортир)

  4. Фигурада канча үч бурчтук бар? (5)

  5. бурч кандай бурч? (кеӊ)

  6. .

  7. . (экрандан сүрөт чыгат).


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!