1941-1945- жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун
75 жылдыгына арнацм
"Эскерүү"
Жыйырма миллион
Кан майдандан кайтпай калган
Зарыккан жакындарын
Уул-кызын,ата-энесин көрбөй калган
Күйүп турган от болчу алар
Жайнап турган гүл эле го
Болоттой өткүр эле
Кайрылбай келбестикке кеткен алар
Кайсыл эл, кайсыл жерден
Бөлүнүп көргөн эмес
Аябай кашык канын
Бөлүп жеп кесим нанын
Биригип бир максатка-Жеңишке деп,
Бөлөн эл, бөтөн жерден кайтпай калган.
Кандайширин сөз айтсаң да
Ордуна алтын менен эстелик тургүзсаң да
Кайрандардын өмүрүнө татыбайт эч, татыбайт эч
Аларга миң таазимиң.
Мекен үчүн төгүп канын
Ата-энесин көргөнү жок
Уул-кызын чекесинен сүйгөнү жок
Ок жытынан башканы көргөнү жое.
Ырлары ырдалбады
Сүрөтү тартылбады
Жүрөктө катылган сыр
Бирөөгө айтылбады.
Эркелеп энесине келгени жок
Кыялкеч кызды жандап сүйгөнү жок
Берилген ар бир сыйың
Алардын өмүрүнө татыбайт эч, татыбайт эч
Аларга миң таазимиң
Эскерип ар бир мууну Жеңиш күнү
Алар бизге эстелип кайрылышат
Убакыт өткөн сайын
Уламыш, жомокторго айланышат , айланышат, ацланышат