СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жердин кабаттары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар жердин кабаттары менен таанышышат

Просмотр содержимого документа
«Жердин кабаттары»



Жердин Кабаттары


1. Litosfer (kara)
2. Litosfer (su)
3. Astenosfer
4. Üst Manto

5. Alt Manto
6. Dış Çekirdek
7. İç çekirdek

К уранда жер бети жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул жер жүзүнүн жети кабат асманга окшоштугу:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн(Талак Сүрөсү, 12)

Бул аятта көңүл бурулган бул маалымат илимий булактарда да кездешет жана жердин жети кабаттан тураары айтылат. Илимпоздор катарга койгон бул катмарлар төмөнкүдөй:

1-кабат: литосфера (суу)
2-кабат: литосфера (кургактык)
3-кабат: астеносфера
4-кабат: үстүңкү мантия
5-кабат: астыңкы мантия
6-кабат: сырткы ядро
7-кабат: ички ядро

Литосфера грек тилинде таш маанисине келген литос (lithos) сөзүнөн келип чыгат жана жердин эң үстүңкү катмарын түзгөн катуу таш-топурак катмары. Башка катмарларга салыштырмалуу абдан ичке. Литосфера океандардын астында жана вулкандык активдүү аймактарда андан да ичке. Жер бетинде бул катмардын орточо калыңдыгы 80 км. Башка катмарларга салыштырмалуу муздагыраак жана катуураак; бул жагынан жер бетинде кабык милдетин аткарат.

Литосферанын астында грекче «алсыз» деген сөз астенестен (Asthenes) келген астеносфера катмары жайгашкан. Бул катмар литосферага салыштырмалуу ичкерээк жана кыймылдуу бир катмар. Бул катмар убакыттын өтүшү менен геологиялык жогорку температура жана басымга кабылганда, жумшарып ээриши мүмкүн болгон, ысык, жарым-катуу заттардан турат. Катуу литосфера катмары акырын кыймылдаган астеносфера катмарынын үстүндө сүзүп же кыймылдап жүрөт деп айтылат.24 Бул катмарлардын астында жогорку температурада, жарым-катуу таштардан турган болжол менен 2900 км калыңдыктагы мантия деп аталган бир катмар бар. Үстүңкү катмардан көбүрөөк өлчөмдө темир, магний жана кальций камтыган мантия ысыгыраак жана тыгыздыгы жогорураак, себеби жердин ичиндеги температура менен басым тереңдеген сайын жогорулайт.

Жердин борборунда болсо дээрлик мантиядан эки эсе тыгыз болгон ядро орун алган. Мындай тыгыздыктын себеби курамында таштардан көбүрөөк металлдардын (темир-никель) болушу. Жердин ядросу болсо эки бөлүктөн турат: бири 2200 км калыңдыктагы суюк ядро, экинчиси болсо 1250 км калыңдыктагы катуу бир ички ядро. Жер айланган сайын суюк тышкы ядро жердин магниттик талаасын пайда кылат.

Бирок 20-кылымдын технологиясы менен гана аныктала алган жер катмарларынын асманга болгон мындай окшоштугунун Куранда билдирилген болушу – албетте, Курандын көптөгөн илимий кереметтеринин бири.