ЖЕТИ АКЕ ТААЛИМИ – ӨНҮГҮҮНҮН ӨЗӨГҮ
СӨЗ...
Илгери бир даанышмандан:
- Кол баштоо кыйынбы? Жол баштоо кыйынбы? Же сөз баштоо кыйынбы? – деп сурашса:
- Кол баштоо кыйын эмес – көк найзалуу эриң болсо. Жол баштоо кыйын эмес – ээрчиген элиң болсо. Мына кыйындан кыйын иш – бул сөз баштоо, – деп жооп берген экен.
Сөз... Сөз өлтүрөт, сөз өстүрөт...
Түйшөлткөн түйшүгүнө, жондон баскан жоопкерчилигине карабастан сөз баштайлы, болгондо да Ынтымак жөнүндө сөз баштайлы деп чечтик. “Ынтымак жакшы ырк жакшы, ырыскылуу журт жакшы” деп ырдалгандай, бул жерде айтылуучу сөз жерибиздин куту, элибиздин ырыскысы жөнүндө болмокчу. Сөз учугун улап, улам сүрөп, айтылган ойду, көрсөтүлгөн жолду, сунуш кылынган аракеттерди колдоого аласыздар деп ишенем.
Урматтуу замандаштар!
Бул сөз Ысык-көлдүк мекендештериме карата айтылды. Анткени Кудайдын буйругу менен учурда Ысык-Көл облусунда Өкмөт тапшырган милдетти аткарып жатам. Бирок, айтылган ой, берилген сунуш жалпы кыргыз элине карата.
Кайсы облуска барбагын, кайсы шаарга барбагын жашоо көйгөйү да, элдин тилеги,
үмүтү да бирдей. Азыр телегейи тегиз болгон эч ким жок. Бирок, өз тагдырыбыз өз колубузда экени турмуш чындыгы. “Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” дегендей, сырт жактан бирөө келип биздин көйгөйлөрдү чечип бербейт, Кыргызстанды өнүктүрөөр дагы, бытыратып жок кылаар дагы биз кыргыздарбыз. Бириксек, ынтымакта болсок баары колдон келет, кемиген толот, үзүлгөн уланат. Заман да оңолот, коом да тазарат, жашообуз да түзөлөт. Келечек үчүн биригүүнүн мезгили келди!
ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК
Бүгүн кимден сурабагын Карга Аке, Мойт Аке, Сарт Аке,
Тилекмат Аке, Садыр Аке, Карач Аке, Кыдыр Аке деп Ысык-Көл элинин сыймыгы
болгон жети Акени такалбай санап берет. Акелерибиздин асыл ойлору, даанышман
сөздөрү жалпы кыргыз элинин акыл казынасынан өз ордун тапканы да талашсыз.
Учурунда Акелердин акылын угуп, айтканына муюп, доо болсо кечирилип, таарыныч
жазылып, чатак басылып турган экен. Ошол заманды, ошол наркты, ошол биримдикти
азыр ар бирибиз тамшануу менен айтабыз, отурган жерде узун сабак сөз кылабыз. “Ал
ынтымак кайда кетти, салт бузулду, элдин пейили бузулду” деп кейийбиз, наалыйбыз...
Чынында эле ошол кезде жети башка уруктан чыккан жети Акенин сөзү жерде калбай, айтканы айткандай аткарылып турганы өзүнчө бир керемет, өзүнчө бир касиет болгон.
Аке деп даанышманын сыйлоо, ардактоо, алардын нускасы
менен иш кылуу биздин Ысык-Көлдө эле орун алып, биздин касиеттүү аймакта
калыптанып, кийин Октябрь революциясынын шарданы менен гана жок болуп кеткен руханий феномен. Ооздон оозго өтүп айтылып калган жети Акеден мурда дагы канча Аке бул дүйнөдөн өткөнүн ким билет.
Алар эстен чыгып, тарыхтын каттамдарында кала беришти. Балким талыкпаган өжөр иликтөөчү чыгып, кай бирин тастыктап, таап да чыгаар. Мен билгенден Маана Аке айтылып жүрөт. Окумуштуу агайыбыз Мукамбет Казакпаевдин бул улуу инсан жөнүндө жазган эмгеги да бар. Маана Аке жылдыз санап, табигый кубулуштардын, аба-ырайынын сырын таасын билген адам экендиги айтылат. Ал кишинин касиетине байланыштуу эл оозунда бир топ уламыштар бар.
Ошондой эле, Кичи Аке деген ылакап ысым менен 1917-жылдагы Октябрь революциясынын алдында элге таанылып калган, 1930-жылы кулакка тартылып Украинага айдалып, ал жактан келгенден кийин 1937-1938-жылдардагы репрессияда атылып кеткен Мамбетокто жөнүндө да бир топ уламыштар айтылат. Мамбетокто
күңгөй саяктарынын Бакачы уругунан, Садыр Аке менен үзөнгүлөш жүргөн Байтерек бийдин иниси болгон.
Бул эки мисал менен мен дагы бир жолу Акелер феномени Даанышмандар институту катары Ысык-Көл аймагында узак убакыт жашагандыгын, кылымдан кылымга калыптанган нарк экендигин, көөнө тарыхтын бүктөмдөрүндө аты айтылбай, элдин жадынан чыгып калган дагы далай Акелер өткөндүгүн айткым келет. Кандай болгон күндө да Аке феномени таң калыштуу да, биз үчүн сыймыктуу да көрүнүш.
Даанышмандар институту катары калыптанган Акелер феноменинин сыры эмнеде? Сөз мына ушул өңүттө болмокчу.
Ырыс алды- ынтымак,
Ынтымагы бар элдин,
Айсыз кара түндө да,
Асманында күн турат.
Ынтымагы жок элдин,
Балдары иттей ыркырап,
Ачык жарык күндө да,
Асманында түн турат –
деп Мойт Аке айткандай, айыл ичиндеги, шаар ичиндеги, тууган арасындагы ички ынтымакты бекемдөө - өзүбүздүн жаш муундардын келечеги үчүн кам көргөндүк, жалпы өсүү- өнүгүүнү карай баш койгондук, Ысык-Көлдөй ыйык жерибиздин куту үчүн күрөшкөндүк. Кылымдан кылымга элибизди эл кылып сактап келген улуу Нарк - бул Ынтымак, мына ошол Ынтымак үчүн күрөшүү.
Базар экономикасынын идеологиясын жана демократиялык түзүлүштү калпыс түшүнүү менен биз “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты”, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген коомдук түзүлүшкө баш уруп алганыбыз ачуу чындык.
Демократия дегенди ар ким каалаганын кылат, оозуна келгенди сүйлөйт деп билгендер да толтура. Эркиндикти ээн баштык катары кабыл алгандар четтен чыгат. Натыйжада коом ыдырап, жоопкерчилик жоголуп, тууган ичинде гана эмес, бир үй-бүлө ичинде да ынтымак кетип, элибиздин куту качып, кунары кетип бара жатат. Азыр атасы менен баласы, энеси менен кызы, кайнене менен келини соттошуп, милициялап арыздашып жүргөнү кадыресе эле көрүнүш болуп калды.
Мисалы, милиция кызматына 2013-жылдын акыркы үч-төрт айы ичинде эле келип түшкөн арыздарды карап көрсөк, эмне деген акылга сыйбаган окуяларды табабыз. Тамчы айылынын тургуну Орозбаева арызданып жатат – “короодо турган үйдү агам Орозбаев өзүм билемдик кылып бузуп, жүктөп кетти, чара көргүлө” деп. Теплоключенко айылынын тургуну Жумалиева арызданат – “жеңем Дүйшөбаева карыз акча алып, бербей жатат” деп. Тепке айылынын тургуну Автандил деген жигит арызданыптыр – “таятам Кадыров сабап
кетти” деп. Тоңдун Жерүй айылынан Сылымов деген киши уулунун үстүнөн арызданып жатат – “өзүм билемдик кылып бирөөлөргө жылкымды кармата бериптир” деп. Түптүн Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Кожокеев арызданат – “бир тууган агаларым атамдан калган малды, кашарды ээлеп алып, бербей жатышат” деп.
Бул тизмекти дагы далай узарта берсе болот. Былтыркы, же мурдагы жылкы түшкөн арыздарды аңтарып чыксак далай окуя чыгат, соттошуп, милициялашып жаткан туугандар толтура. Бул көрүнүшкө кол шилтеп, менин ишим кайсы, соттошсо туугандар соттошуп жатат, мушташса да, тиштешсе да өз иштери деп көз жуумп койгонубуз туура болобу?
Деги биз эл катары, коом катары кай жакты карай бара жатабыз? Ич ара чатакташууну, араздашууну аттуу-баштуу адамдар чогулуп, ортого алып эле чечип койгон заман кайда калды, элибиздин көөнөргүс салты, түпкүлүктүү наркы кайда калды?
Ошондой эле, тууган ичиндеги өз ара жардамдашуу, каралашуу маселесин алалы. Качан эле кыргыздар жетим-жесирлерин, кары-картаңдарын кароосуз таштап салуучу эле? Азыр жетимканаларда да, карылар үйүндө да кыргыздар толтура. Багаар-көрөөрү жоктор гана эмес, балдары туруп ошол жерге
барып башпаанек издөөгө мажбур болгондор да көп. Тентип, кайыр сурап жүргөн кыргыздар канча...
Урматтуу агайындар, элибиздин дилинде жаткан кайрымдуулук кайда, адамдык, туугандык намыс кайда?
Ушул боюнча эле бириндеп, бытырап кала беребизби, же кайрадан нарктуу, салттуу, башы-көзү бар эл болуп жашап кетебизби?
Коом башка жакка, биздин элдин улуу наркына туура келбей турган тетири багытка кетип бара жатканын көрүп туруп эле унчукпай моюн сунуп, кол куушуруп отуруп беребизби?
Заман ушул нугунда агып бара берсе эртең эле “баланчанын уулу түкүнчөнүн уулу менен баш кошуптур”, “баланчанын кызы менен түкүнчөнүн кызы үй-бүлө куруп жатыптыр” деген, азыр акылга сыйбай турган сөздөр да биз үчүн “ал алкаш болуп калыптыр, наркоман болуп калыптыр” деген сымал эле кадыресе көнүмүш болуп калабы деп коркот экенсиң.
Алкаш демекчи, арактын азабынан канча тагдыр сынып, канча бала жетим калып жатат, канчалаган жаштар наша, же башка бангизат чегип алып чала кайым болуп жүрүшөт?
Кайда барып токтойбуз? Деги ушул туңгуюктан чыгуунун жолу барбы?
Бул айтылгандар жөн эле беймаза суроолор эмес экенине азыр ар бир киши макул. Ар бир суроо жүрөктү өйүйт, жан кейитет. Наалыйбыз, шыпшынып арманыбызды айтабыз, бирөөлөргө сын тагабыз. Бирок, эл ичинде жалпы кыймыл, жалпы аракет жок. Түшүнүү бар, бирок түйшүк тартып, толгонуу жок. Аттуу-баштуу
адамдар жыйналып, топтошуп сүйлөшүү, кеңешүү, чечим издөө, жол издөө жок.
Келечекке кайдыгер карап, башкалар эмне болсо ошол болсун дегендей мүнөз күтүп калдык. Коомдун оорусу, нарктын жоголушу, ички биримдиктин ыдырашы, адамдардын адам катары касиетин жоготушу эртең эле айланып келип ар кимдин башына тийе турганын баамдабай жатат көрүнөбүз.
Кадырман карыларга, мээрман энелерге, жүрөгүндө оту бар жаштарга кайрылат элем:
Ардактуу боордошторум, мындан ары карай өнүгүүнүн, келечекте нарктуу журт катары татыктуу жашоонун жолу бар. Ошол жолду издейли, табалы. Элибизди эл бойдон, журтубузду журт бойдон сактап калуунун аракетин кылалы!
ТУУРА МАКСАТ - ТУУРА ЖОЛ - ТУУРА АРАКЕТ
Кандай иш болсун өтөөсүнө чыгыш үчүн үч нерсе өтө маанилүү.
Биринчиден - туура максат коюу.
Экинчиден – туура жол тандоо.
Үчүнчүдөн – туура аракет кылуу.
Биздин максат – бул элдин биримдиги, айыл ичиндеги, тууган арасындагы ынтымак, өз ара каралашуу, жардамдашуу, күнүмдүк турмуш көйгөйлөрүн биргелешип чечүү.
Демек, максатыбыз туура.
Тандаган жол - Ынтымак жолу. Ата-бабадан бери келе жаткан ынтымактын
негизинде айыл-шаарлардын калкын жамаатташтыруу, өз таламын талаша ала турган, өз
кызыкчылыктарын коргой ала турган жергиликтүү коомдоштуктарды жаратуу жолу. Бул - кылымдан кылымга элибизди эл кылып сактап келген жол, тарыхтын татаал сыноолорунан өткөн жол.
Аскар- аскар аскар тоо,
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсо да,
Сүйлөшпөсө жат болот –
деп Сарт Аке айткан экен. Бул накыл сөздөр коомдук түзүлүшкө, ынтымакта жашоого карата нукура кыргыз философиясынын көөнөргүс үлгүсү. Биздин максат - бир атанын тукуму болгон туугандар арасында, бир көчөдө, же бир конушта жашаган коңшулар ортосунда ошол “сүйлөшүү” аянтчасын түзүү, ошондой
мүмкүнчүлүк жаратуу, биримдиктин элдик наркын калыптандыруу, туруктуу эрежелерин бекитүү. Ар кимиси өз арбайын согуп жашап жаткан жергиликтүү тургундарды биз жергиликтүү жамааттарга бириктирип, жергиликтүү коомдоштуктарды калыптандыруубуз, алардын азыркы коомдук жана мамлекеттик түзүлүштөгү ордун табуубуз абзел.
Жакын туугандардан (бир атанын тукумунан), же жакын кошуналардан (бир көчөнүн, же бир кварталдын тургундарынан) турган жамааттар өз ара каралашуунун, өз ара жардамдашуунун, өз ара талап коюунун, тентектерди тескеп, жөнтөктөрдү жөндөп, алардын чектен чыккан жоруктарын тыюунун реалдуу
механизми боло ала турганына көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Азыр эл ичинде мындай жамааттар көп.
Биздин сунуш – айыл жана шаарлардын калкын жамаатташтырып түзүп чыгуу, кайрадан коомдук түзүлүштүн илгерки, кылымдан кылымга сыналган нугуна түшүү.
Биз сунуш кылып жаткан жамааттык кыймыл кыргыз элинин илгертеден келе жаткан коомдук түзүлүшүнө, башкаруунун элдик наркына таянат.
“Кан бийлигинен нарк улуу” дейт. Элдик нарктын башаты – жамаат ичиндеги ынтымак. Мына ушул ынтымактын белгиси өз ара жардам, өз ара каралашуу, кам көрүү, чарбалык, же турмуштук маселелерди биргелешип, кеңешип чечүү, улуусун урматтоо, кичүүсүн ызаттоо. Эреженин өзөгү ушул.
Ал эми ынтымагы жоктуктун белгилери болсо – ушак, көрө албастык, күнүмдүк турмушта ар ким өз арбайын согуу, кайрымсыздык, ичи тардык, уурулук, басмырлоо, басынтуу, зөөкүрлүк, куру намыска негизделген пайдасыз атаандаштык.
Булар учурда элдин кендирин кесип жаткан тескери сапаттар, алардын таасири менен пайда болгон нерсе – пейилдин бузулушу. Бекеринен азыр карыларыбыз: “Заман жаман эмес, жашоо - тиричилик жаман эмес, Кудайга шүгүр, ачка калган киши жок, карандай сууга талкан чалып ичип отурган киши жок,
бирок элден пейил кетти, пейил бузулду,” – деп айтып жатышпаган чыгаар. “Пейил оңолбой заман оңолбойт” дейт.
Пейилибизди тазартуу, айыл коомдоштугунун ичинде Айкөлдүк, Абийирдүүлүк, Ыймандуулук, Калыстык, Сабырдуулук, Боорукерлик, Жоомарттык, Мээнеткечтик сыяктуу баалуулуктарга негизделген ички өз ара мамилелердин калыптанышына шарт түзүү учурдагы мамлекеттик бийлик органдарынын да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин да, журт ичиндеги эл жакшыларынын да, жүрөгүндө оту бар жаштардын да эң жогорку милдети деп айтат элем. Мына ошол ондук-жамааттарды түзүү жолдору, алардын иштөө жоболору тууралу кеп кылалы, талкуулайлы, талдайлы, акыл калчап отуруп акыйкат чечимге келели деген сунуш. Албетте, бул иште учурда жер-жерлерде бар жамааттардын тажрыйбасын,
алардын ички биримдик усулдарын, тирлик жаатындагы алгылыктуу иштерин эске алуубуз керек, колдонуубуз керек.
Биздин аракет ушул багытта болмокчу.
“АЛТООҢ АЛА БОЛСОҢ...”
“Алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың, төртөөң төп
болсоң төбөңдөгүнү аласың” дейт элибиз. Тээ илгерки жоокерчилик заманда Балбай
баатыр башында турган жигиттердин төп болгонунан улам Ысык-Көлдөй касиеттүү
жерди коргоп калып, улуу муундар кийинки муундарга ыйык мурас катары калтырышкан. Ошол мезгилде журт башында Боромбай султандай көсөм инсан турганынан улам элдин ынтымагы, жети Акенин таалими бизге шам шырак болуп берилип отурат. Керемет жердин кутун качырбай, берекесин кетирбей, өстүрүп, өнүктүрүп кийинки муундарга калтыруу биздин, азыркы мезгилде жашап жаткан муундардын моюнундагы ыйык парзы, ошол бабалардын арбактарынын алдындагы милдети экени анык. Муну чечмелеп, майдалап айтып отуруунун кажаты жок деп ойлойм. Мына азыркы учурда ошол “алтообуз ала болгондон” улам касиеттүү Ысык-Көлдүн кадырына жете албай, өз кызыкчылыгыбызды коргой албай жатканыбыз да жашыруун сыр эмес. Канчадан бери ызы-чуу болуп жаткан Кумтөр алтын кенин эле алалы. 1996-жылдан бери казылып жатат. Бирок, ошол миң тоннага жакын алтын запасы бар кен байлыктын үстүндө отурган Ысык-Көл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын начарлыгы, айыл-кыштактарда гана эмес Каракол, Балыкчы сыяктуу бир кезде өнөр-жайы менен дүңгүрөп турган шаарларда да жолдордун бузулуп, машине эмес жөө киши түз басалбай чалынып турганы, түнкүсүн көчөлөр караңгы болуп тунжураганы зээнди кейитпей койбойт. Облус боюнча өнөр-жай дээрлик жок, жаштар жумушсуз.
Кумтөрдөй алтын кени бар, Ысык-Көлдөй керемет көлү бар аймак мындай жакыр болбой, башка аймактардан жок дегенде үч тапан алдыга өнүгүүгө тийиш болуучу.
Тилекке каршы, андай болбой жатат. Анткени ошол байлыктын түздөн-түз ээси болгон Ысык-Көл аймагынын элин эч ким эсепке алган жок. Азыркы учурда облуста 192 мектеп бар, алардын 82си ыңгайлашкан имараттарда жайгашкан, атайын типтүү мектеп болуп курулган эмес. Бир кезде билимдин, илимдин, маданияттын очогу болгон Ысык-Көл аймагы үчүн бул жакшы эмес көрүнүш, келечекте балдарыбыздын билими башка региондордон кыйла эле артта кала турганынын ачыктан-ачык белгиси. Облустун борбору Каракол шаарында, райондук борборлор Түп, Кызыл-Суу, Бөкөнбаев айылдарында жайгашкан ооруканаларды карап туруп эмне деп айтарынды да билбейсиң. XXI кылымдын 14- жылында ушундай шартта аргасыздан оорулуу адамдарды дарылап жатканыбызга уяласың. Мындай көрүнүштүн негизги себеби - эл өз байлыгына өзү ээ болуп, айыл, же аймак айланасында жайгашкан табигый байлыктарды пайдаланууну өз колуна ала албаганында, ошол байлыктарды иштетүү боюнча чечимдерге таасир бере турган мүмкүнчүлүктүн жоктугунда.
Жаратылыш байлыктарынын, табигый ресурстардын бирден - бир ээси -эл. Жайыттар, жер-суулар, тоо-токойлор, кен-байлыктар элдин жалпы менчигинде болуп, ошол аймактын өнүгүшүнө кызмат кылышы керек. Ар бир айылдын, ар бир шаардын эли ошол аймактагы табигый байлыктардын сарамжалдуу пайдаланылуусуна көзөмөл кылууга тийиш. Албетте, айтылган байлыктарга ээлик кылыш үчүн ошол аймактын тургундары даяр болушу керек, өз алдынча башкаруучу коомдук структуралары түзүлүп, алардын ыйгарым укуктары так аныкталышы керек. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло турган, элдин атынан жамааттык кызыкчылыктарды коргой ала турган нукура элдик бийликтин түзүмдөрүн калыптандыруу зарылдыгы алдыбызда турат.
Мына ушундай түзүмдүн пайдубалын жергиликтүү жамааттар, алардын өкүлдөрүнөн турган элдик жыйындар, элдик кеңештер түзөөрү шексиз. Эл өз таламын талашып, өз кызыкчылыгын өзү коргой алганда гана ар бир айыл, ар бир шаар өнүгөт. “Бала ыйлабаса эмчек кайда?” дейт. “Кийиз кимдики болсо билек ошонуку” деген да ылакап бар. Ар бир айылдын, ар бир шаардын калкы өзү аракет кылып, өз байлыгын, өз ырыскысын өзү коргоп калууда ынтымакта болушу зарыл.
Биз ушул жолду – Ынтымак жолун тандап алдык.
ЫНТЫМАК – АДАМ БАЛАСЫНЫН ТАБИГЫЙ МУКТАЖДЫГЫ
Кыргыз коомун кармап турган эреже – бул даанышмандардын акылы, бийлердин калыстыгы, байлардын берешендиги, калктын жакшы ниети деп учурда “Өз жардам топтору” деп аталган чоң коомдук кыймылдын негиздөөчүсү Жумагазы Усупов туура баамдап жазган. Мына ушул эреже иштеши үчүн коом туура түзүлүшү керек, коомду коом кылып кармап турган ички өз ара мамилелер, карым-катнаштар так аныкталууга тийиш. Биз жогоруда сунуш кылып, талдап келген жамаатташуу кыймылы мына ошол туура коомдук түзүлүшко жол ачат.
Бир топ жылдан бери жамаатташуу идеясын үгүттөп жүргөн Салмоор Дыйканов деген кыргыздын ойчул жигити: “Тетиктерди бир жерге үйүп койсоң, же туш келди чогултсаң ал иштебейт, машине болуп калбайт. Ал тетиктерди билген уста туура чогултса, ар бир тетикти өз ордуна жайгаштырса гана ал машине болот, иштейт” деп айтканы бар.
Ошол сымал эле адамдардын бир жерде, бир көчөдө, же бир айылда жашап турушу менен эле жамаат, коомдоштук түзүлбөйт. Алар ар кимиси өз түйшүгү, өз кайгысы, өз көйгөйү менен өзү болгон жергиликтүү тургун болуп эле кала беришет. Жергиликтүү тургундар
(местное население) менен жергиликтүү жамааттын, же коомдоштуктун (местное сообщество) айырмасы асман менен жердей. Жергиликтүү тургундар жанагы бир жерде чогуу жыйылып жаткан тетиктердей эле. Жамаат, же коом түзүлүш үчүн ошол адамдар
биригип, бир эрежеге баш ийип жашашы керек, тирлик, маданий жана башка муктаждыктарын биргелешип чечүү мүмкүнчүлүгүгү болушу керек, өз ара каралашуу, жардамдашуу, жамандык-жакшылыкта бирге болуу шарттары калыптанышы керек. Башкача айтканда, бир эрежеге баш ийип жашаганда гана тетиктер жыйналып машине болгондой эле, тургундар жыйылып жамааттарды, коомдоштуктарды түзөт.
Салмоор Дыйкановдун дагы бир салыштырмасы бар. Ал жапайы өрдөктөр менен колдогу бакма өрдөктөрдү салыштырат. Чынында эле сырткы кейпинен анча айырмаланбаган өрдөктөрдүн жашоо ыңгайында айырмачылык абдан эле чоң.
Жапайы өрдөктөр үйүрү менен жашайт, аларды баштаган баш өрдөгү бар. Кайсы жерге
жайлайт, кайсы жерге кыштайт, качан жумуртка басып балапан чыгарат, качан
учушат, кайсы жол менен учушат – баары белгилүү, табигат берген купуя күч
аларды бириктирип, бир жамаат кылып кармап турат. Баш өрдөктү атып салса, башка
өрдөктөр туш- тушка тарап учуп кетишпейт, дароо эле кийинки бирөө баш өрдөктүн
ордун ээлеп, тирлик ыңгайын жоготпой жашай беришет. Учканда да алдыга алдуу-күчтүү өрдөктөр учушуп, үч бурчтук болуп тизилип аба жиреп, арт жактагы чабал, анан жаш өрдөктөргө шарт түзүп, кам көрүп учушат. Ошол эле учурда, короодогу бакма өрдөктөрдү алалычы. Аларда баш өрдөк жок, табигат берген жашоо ыңгайын жоготуп, толугу менен кол карап жашоого көнүп калышкан. Жем берсе алдуусу алсызын түртүп, чокуп четке кубалап, өздөрү жемдин көбүн жейт. Бакма өрдөктөрдүн бир гана көйгөйү – бул жемсөөсүн толтуруу. Үйүр жок, жамаат жок. Өрдөктүн ээси карап, жем берип бакпаса кырылып калат. Мына ушул салыштыруудан Салмоор Дыйканов төмөнкүдөй тыянак чыгарат: “Адамдар улам барган сайын Жараткан берген кутун жоготуп, миңдеген жылдар элди эл кылып сактап келген ички эрежелерден кол жууп, бара – бара бакма өрдөктөрдүн кейпине түшүп баратат. Бир айылда, же бир шаарда туруп, бирдиктүү эреже менен коомдошуп жашабаган адамдар бакма өрдөктөрдөй эле ар ким өз түйшүгү менен алек болуп, ар ким өз курсагынын камын жеп гана жашайт. Мына ушундай жекечил турмуштун айынан жалпы нарк, элдин пейили бузулуп, тартип жоголуп, адам менен адамдын ортосунда сый жок, улуудан урмат, кичүүдөн ызат кетип калды”.
Даана, так айтылган салыштыруу. Терең ойлоно турган болсок, чынында эле элдин куту качып, байлык өссө да берекеси жок болуп бара жатканы ачуу чындык эмеспи. “Куту жок эл, куту жок жер” деген сөз илгертеден жөн жеринен айтылбаса керек.
Адамды адамга тартып, баштарын кошуп, бирге болууга мажбур кылып турган нерсе бул – муктаждык. Ооба, муктаждык. Ар бир адамда муктаждык бар, ар бир үй-бүлөдө бар муктаждык. Азыр көпчүлүк адамдардын колунда байлыгы бар, эч кимден көз каранды болбой, өз алдынча эле жашоого, материалдык муктаждыктарын чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, адам коомдо жашап туруп коомдон сырткары боло албайт экен. Ошондуктан эң алгач адам адамга муктаж, сүйлөшөр, күйүшөр, каралашар, жардамдашар кишиге муктаж. “Киши болоор кишинин киши менен иши” дейт. Көрсө колунда бар бай адамда да, колунда жок жакыр адамда да бирдей муктаждык бар экен. Бул муктаждык – биримдик, ынтымак. Ооба, адам адам болуп жаралгандан кийин бир кара курсактын кулу болуп, курсагы тойгонго сүйүнүп жүрө бере албайт экен, ал сөзсүз түрдө тууган арасындагы, кошуналар арасындагы, коом ичиндеги ынтымакка муктаж болуп кала берет экен. Адам баласы үчүн бул табигый муктаждык экендигин тана албастырбыз.
Адам баласынын жашоо Куту - Ынтымак. Бизге жаратылыш ыроологон Кут ушул экен.
Азыр эки ата өткөн туугандар эмес, бир ата - бир энеден жарык дүйнөгө келген бир туугандар да биринин үйүнө бири кирбей, чоочун кишидей болуп чакырык менен гана барып чай ичип калганы жан кейите турган көрүнүш эмей эмне! Ушинтип тууган тууганды, киши кишини тааныбай калган заман жакшылыкка алап бара турганына ишенбейсиң. Элибизге кайра Кут консун десек, журтубузга Кудай ырыскысын аябасын десек, анда Ынтымакка, Биримдикке, Өз ара жардамга, Кайрымдуулукка, Мээнеткечтикке, Айкөлдүккө негизделген коомду калыптандыруубуз зарыл. Бул мезгил зарылдыгы, учур талабы. Мына ушул зарылдыктан улам аймакташ жашаган айылдын, же
шаардын тургундарын бириктирип, экономикалык, маданий, тирлик жана башка
маселелерди биргелешип чечүүгө, ошол аймактагы калктын жалпы кызыкчылыктарын
биргелешип коргоого мүмкүнчүлүгү бар жамааттарга жана коомдоштуктарга айлантуу маселесин коюп жатабыз.
Материал Facebook соц тармагынан алынды.