СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жети атанды бил

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар бири-бирин сыйлоого, бири-бири менен пикир алмашууда башкалардын оюн туура түшүнүүгө,пикирин сыйлоого, жолдоштору менен жакшы мамиледе болууга, боорукерликке, кең пейилдикке тарбияланат

Просмотр содержимого документа
«Жети атанды бил»

Класстык саат

Сабактын темасы: Жети атаӊды бил!

Сабактын максаты: а) Окуучулар жети ата жөнүндө маалымат алышат.

б) Ѳз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат. Анализ жүргүзүү, талкуулай билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) Окуучулар бири-бирин сыйлоого, бири-бири менен пикир алмашууда башкалардын оюн туура түшүнүүгө,пикирин сыйлоого, жолдоштору менен жакшы мамиледе болууга, боорукерликке, кең пейилдикке тарбияланат

Сабактын тиби: Жаны теманы тушундуруу

Сабактын методу: Айттып беруу

Сабактын жабдылышы: Дептер

Сабактын журушу

Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай?

Үй тапшырма: текшерүү

Жаны тема: Жети атаны билүү – бул бизге ата – бабалардан калган улуу мурас. Жети ата- кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк . Жети ата кыргыз элинде манилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргызда ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам бул кул катары кабыл алынган. Кыргызда бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: Сенин жети атаӊ ким болгон деп сурашат. Бул суроого так жооп бергенге ар бир кыргыздын баласынын кудурети жетет. Ким жети атасын билбесе ал аятка калат.

Илгери кыз берерде жети атасын сурап анан кыз берген. Себеби, уруунун генетикасын (теги) таза сактоо үчүн, каны аралашпаган таза урпактарды кийинки муундарга калтыруу үчүн мураска калтырылган.

Жети атанын аталышы:

Ата



  1. Ата

    Чоӊ ата

  2. Чоӊ ата

  3. Баба

    Баба

  4. Буба

    Буба

  5. Кубар

  6. Жото

    Кубар

  7. Жете

Жото



Жете





Мисалы: Манастын жети атасы:

  1. Манастын өз атасы – Жакып

  2. Чоӊ атасы – Орозду

  3. Бабасы – Ногой (Шыгай, Чыйыр хан бир туугандар)

  4. Бубасы – Көгөйхан

  5. Кубары – Түгөйхан

  6. Жотосу – Байгурхан

  7. Жетеси – Алчихан

Ылдый көздөй санаганда:

  1. Бала

  2. Небере

  3. Чөбөрө

  4. Кыбыра

  5. Тыбыра

  6. Чүрпө

  7. Урпак

Манастын балдары:

  1. Баласы – Семетей

  2. Небереси – Сейтек

  3. Чөбөрө – Куласарын

  4. Кыбыра – Сейит

  5. Тыбыра – Симбал

  6. Чүрпө – Бекбочу

  7. Урпак – Сумбелек

Бышыктоо: Менин жети атам

Ар бири өзүнүн жети атасын жазышат

Жыйынтыктоо: Жети ата ким экенин билдикпи?

Алар кандай аталат экен?

Ылдый көздөй санаганда кандай болот экен?

Баалоо:

Уй тапшырма: Жети атасын дагы тактап жазып, жаттап келүү.