ЖЕТИ НОТА
Музыкасын жазган Ж.Дуйшеналиев. Сөзүн жазган С.Рысбаев.
Шаңдуу, орточо.
РЕ МИ
Ре, ре деген атым бар, Ми, ми, ми, ми, мен болом,
Оң жагымда до агам. Мирлан, Мирбек боз улан.
Инисимин биринчи, До, ре ырдай баштаса,
Ишеничин актаган. «Ми» мен ага кошулам.
Катар турам экинчи, Баарыбыз бир ырдайбыз,
Агам «До»го дем болом. Ынтымактуу жыргайбыз.
Кел таанышып алалы, Ми Дей бергин атымды,
Ре нотасы мен болом. Түк капалык кылбайбыз.
«Ре» нотасы 1-сызыктын «Ми» нотасы 1-сызыкка
астына жазылатю. бастырылып
ФА СОЛЬ
Фа,фа,фа,фа, мен болом, Соль, соль,соль,соль,соль,-десе,
Жарык чачкан жолуңа. Туз экен деп жаңылба.
До, ре, ми-лер үйрөтөт, До, ре, ми, фа баарыбыз,
Ынтымактуу болууга. Жашайбыз бир айылда.
Оң жагымда «Ми» агам, Кошулуп бир басабыз,
Сол жагымда «Соль» иним. Ырдап көңүл ачабыз.
«Фа» нотасын билип ал, Соль, соль ким? -деп сураса,
Унутпастан эч бириң. Мен-деп эшик ачабыз.
«Фа» нотасы 1-2-сызыктын «Соль» нотасы 2-сызыкка
ортосына жазылат. бастырылып жазылат.
Фа, фа, фа, фа, фа, фа! Соль,соль,соль,соль,соль, соль!
«Фа» нотасы мен болом. «Соль» нотасы мен болом.
ЛЯ СИ
Ля, ля, ля, мен болом, Си, си, си, си, си- мен болом,
Оң жагымда «соль» - деген. Ноталардын кенжеси.
Ырдайм бийлейм ля-ля-деп, Биздин үйдө жетөөбүз,
Сол жагымда Си менен. Мен алардын эркеси.
Сапка турсам алтынчы, Бир бололу келе кол,
Мага жетип алсынчы. До, ре, ми, фа, соль, ля, ля!
Бештен кийин таап ал, Менин атым «Си» болот,
Так алтынчы баскычты. Ажырагыз досум бол.
«Ля» нотасы 2-3-сызыктын «Си» ноиасы 3-сызыкка
ортосуна жазылат. бастырылып жазылат.
Жети нота
(Жомок)
Илгери-илгери өткөн заманда Нота абышка жана Сыйкырдуу кемпир жашаган экен. Нота абышка менен Сыйкырдуу кемпирдин каалап-тилегендери, бүткүл ааламда бейкуттук, тынчтык жана адам баласынын жан дуйнөсүнүн байлыгы болгон экен. Элине, жерине, адамдарга болгон жакшылык, тилек калоолору дайыма аткарылчу дейт. Ошентсе да, болбогонду болдурган, бүтпөгөндү бүтүргөн, каалаганын аткарышкан Нота абышка менен Сыйкырдуу кемпирдин өмүр бою тилешкени жети перзент болгон дешет.
Ошентип күндөр күнгө кошулуп, ай-айланып, жылдар жылга уланып Нота абышка менен Сыйкырдуу кемпир карылыкка моюн суна баштайт дейт.
Күндөрдүн бир күндөрүндө Сыйкырдуу кемпир, жети кун, жети түн жер кыдырып, ааламды жети жолу айланып, Жетиген жылдызына жетип, абышкасы экөөнүн арманын айтат.
Сыйкырдуу кемпир:
-Жер үстүндө каалаганыбыз адам баласынын бейкуттугу, ички акыл ой байлыгы, деп сөзүн баштаганда Жетиген жылдыздын так ортосунан жарык чыгып, жарык менен кошо жети адамдын элеси пайда болуп, Бакай атабыздын сакалындай жайкалган ак сакалдуу, узун бойлуу абышка мындай дейт экен:
-Биз силердин оюуңуздарды түшүндүк. Жер жүзүндөгү адамдарга калоо тилектериңер жакшы экен. Анан дагы адам пендесинин ички акыл ой байлыгы дегениңиздер бизди кубантып турат. Ички акыл-ой байлыгы деп, айлана-чөйрөнүн кооздугун, сулуулугун, жаратылыштын мукамдуу добуштарын ички акыл-оюбуз менен кабыл алуубузду айтат эмеспизби. Мындай байлык адам баласына сыпайгерчиликти, улууну урматтоону, кичүүнү ызаттоону, назиктикти, сезимталдыкты калыптандырып ички акыл-ой маданиятын да толуктап байытып турат эмеспи. Анда эмесе, - деп сөзүн улайт. -Урматтуу биздин конокторубуз сиздердин каалоо-тилектериңиздерди орундатуу менен, сиздерге чоң ишеним артып Жети перзент берип жатабыз. Аларды окутуп, тарбиялооңуздарды өтүнөбүз -деп, кайрадан Жетиген жылдызын көздөй учуп кетишет дейт.
Ошентип Нота абышка менен Сыйкырдуу кемпир Жети перзенттүү болот экен. Бирок, жетөөсүнүн мүнөзү, өңү-түсү, боюнун узундугу, жаштары жагынан жети башка болуп, бардыгы татынакай окшошкон сулуу болот дейт. Жети перзентин алып, жетиген жылдызынан жерди көздөй, жети күн, жети түн жол жүруп, ааламды жети жолу айланып Нота абышкасын сүйүнтүп жетип келет. Андан кийин Сыйкырдуу кемпир жети перзентин Нота абышкасына тапшырып жатып мындай дейт:
- Нота абышка, жер жүзүндө жан дүйнөнү байыткан, ааламдын сыйкырдуу добуштарын кагаз бетине түшүрө турган тамгалар деген пайда болду. Мына, Жети перзент ушулар болот. Мындан ары сен өстүрүп тарбияла,- дейт да асманды көздөй Сыйкырчы кемпир учуп кетет.
Нота абышка перзенттерине азан айтып ат койгон эмес дейт. Алардын добуштарына, өңү-түстөрүнө карап гана айрымалап таалим-тарбия бере баштайт. Бирок, жети перзентине ат коюуу эсинен такыр кетпейт да, дайым ойлонуп жүрөт. Ошентип отуз күн онтолоп ооруп, ары ойлонуп, бери ойлонуп жети перзентинин өз аттары болсун деп, ат коюуну баштайт. Добушу жоон чыккан, бою башкалардан узунураак келген, кара түстүү перзентине атың До болсун дейт. Андан кийинки боюнун узундугу жагынан катарлаш турган сары өңдүү экинчи перзентимдин аты Ре болсун дейт. Кийинки перзентине тике карап, сен шайырсың бирок, кээде түнттүгүң, көктүгүң да бар, ошондуктан сыя-көк түстүү МИ аттуу ысымды берейин дейт Нота абышка. Ми перзентинен кийинки бою, үнү жагынан Нота абышканы дайым күлдүрүп, шайыр жүргөн жашыл түстүү перзенти эле, анын аты Фа болсун деп, перзентеринин жүздөрүнөн сүйүп, кубанычы койнуна батпай сүйүнүп турат. Нота абышканын көкүрөгүндөгү кубанычы жүзүнөн байкалып турду дейт.Андан кийин көзү-башы кызарган, жада калса өңү-түсү да кызыл болгон перзентине келип, - сен катарың боюнча бешинчи турасың, кызыл түстүү Соль атты алып жүр дейт Нота абышка. Андан кийинки эки перзентине кандай ат коюу керек экендигин көпкө ойлонуп түн уйкусунан безип, апапакай келген ак түстүү перзентине Ля,- деп ат коёот. Нота абышка:
-Ак түстүү перзентим сенден кийинки кичкинтайыбыз, баарыбыздын сүймөнчүлүгүбүз болгон күрөң түстүү эркебиздин аты Си болсун, - дейт.
Ошентип жети перзентине аттарын койгондон кийин аларды үйлөрүнө жайгаштырууну баштайт. Нота абышка жети перзентине чоң короону көргөзүп ушул жерде силердин үйүңөр болот. Бул короонун атын «Беш ноталык сызык» деп атайбыз дейт да жумушун баштайт. Беш сызыктын биринчи сызыгынын астындагы жардамчы сызыктагы короого кара түстүү До аттуу перзентин жайгаштырат экен. Эң улуусу бардыгына көз салып, короонун баш жагында башчы болуп турсун дейт. Андан кийинки сары түстүү Ре перзентин биринчи сызыктын астындагы короого жайгаштырат. Үчүнчү Ми перзентин болсо биринчи сызыктагы короого үй салып жайгаштырат. Биричи жана экинчи нота сызыгынын ортосундагы короого шайыр жүргөн жашыл түстүү Фа перзентин, андан кийинки кызыл түстүү Соль аттуу перзентин болсо экинчи нота сызыгындагы короого жайгаштырат. Кийинки кезектеги апапакай ак жуумал Ля перзентин экинчи жана үчүнчү нота сызыктагы короого орноштурат. Ошентип жетинчи перзентин болсо үчүнчү сызыктагы короодогу үйгө алып чыгат да Нота абышка бир аз эс алууга олтуруп калат. Ошол мезгилде сыйкырчы кемпири Нота абышкасынын алдына жардам бергени көз ачып жумганча пайда болуп калат дейт. Оюндагысын ишке ашырып олтурган Нота абышка сыйкырчы кемпиринин келгенине кубанып кетет. Нота абышка перзенттеринин өз аттары, чоң короодо үйлөрү бар экендигин кобурап, кубаныч менен айтып берип олтурат. Нота абышкасынын айткандарын кунт койуп угуп олтурган сыйкырчы кемпири мындай дейт;
- Нота абышка перзенттерибиздин «Беш ноталык сызык» аттуу короодо жайгашканы жакшы болуптур, бирок төртүнчү жана бешинчи сызыктагы үйлөр бош калыптыр го, - дегенде, Нота абышкасы сөзүн бөлүп
- Сыйкырчы кемпир, ал бош калган үйлөргө келечекте биздин небере, чеберелерибиз жашашат дейт экен.
- Андай болсо жакшы болуптур, менин сага болгон эки өтүнүч-сунушум бар.
Биринчи сунушум, - дейт Сыйкырчы кемпир. Бир перзентиңе «Беш ноталык сызык» корооңдун ачкычын тапшыр. Экинчи сунушум жети перзентиңди дайым чогултуп, кандайдыр бир жерге жыйнай турган шамдагай, тыкан, шайыр бирок, жоопкерчиликтүү перзентиңе тапшырма тапшыргын дейт да Сыйкырчы кемпир Жетиген жылдызды көздөй көз ачып жумганча учуп кетет экен. Нота абышка Сыйкырчы кемпиринин айткандарын ары ойлонуп, бери ойлонуп, көптөгөн күндөрдү өткөрүп, эми кошумча эки милдетти кайсы парзентине тапшыра турганын чечкиндүү аракет кыла баштайт экен.
Нота абышка күндөрдүн бир күндөрүндө жети перзентин жыйнап жыйналыш өткөрүүгө камдана баштайт. Ошентип жыйын өткөрүүчү күн да келет.
- Перзенттерим - дейт Нота абышка, мен каарып калдым мына баардыгыңар чоң «Беш нота сызык» аттуу корообуздагы үйлөргө жайгаштыңар. Менин ал жагынан көңүлүм ток. Эми биздин короонун ачкычы болсун деп чечтим. Ал ачкычты кызыл түстүү Соль перземтиме берейин. Соль перзентим бириңерге улуу, бириңерге кичүү ортончу бир тууган болот эмеспи. Ошондуктан корообуздун ачкычы ортончуңарда болсун. Жөн эле ачкыч болбостон анын аты Соль аттуу «Скрипкалык» ачкыч деп аталсын дейт.
Ал эми экинчи ишеничтүү тапшырмам болсо, бардык бир туугандарына тең салмакта туруучу, табыйгаттын сыйкырдуу мукам үндөрүн бир нукка келтирүүчү добуш таркатуучу катары күрөң түстүү Ля перзентиме тапшырамын деген экен. Андан кийин күрөң өңдүү Ля перзентиме кошумча «Камертон» деген ат кошо беремин деп, Нота абышка сөзүн аяктайт да көз ачып жумганча Жетиген жылдызды көздөй Сыйкырчы кемпиринин жанына учуп кеткен экен.
Нота абышка менен Сыйкырчы кемпирдин До, Ре, Ми, Фа, Соль, Ля, Си аттуу перзенттеринен До мажор, До минор, РЕ мажор, Ре минор, МИ мажор, Ми минор, Фа мажор, Фа минор, Соль мажор, Соль минор Ля мажор, Ля минор Си мажор жана Си минор аттуу неберелери болгон экен.
Ошентип, до, ре, ми, фа, соль, ля, си, деген жети нота беш ноталык сызыкка жайгашып, скрипкалык ачкыч Соль нотасынан башталып жазылып калган экен. Ал эми Ля добушу музыка дүйнөсүндө башка ноталардын бийиктигин аныктоочу тон берүүчү «камертон» аспабы болуп калган экен.
Музыка таануучу
Дуйшеналиев Ж.С.
7