СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Жетинин бири-кыдыр"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Жетинин бири кыдыр" тарбиялык ачык сабак

Просмотр содержимого документа
«"Жетинин бири-кыдыр"»

В.И.Ленин атындагы жатак мектеби.

Темасы: “Жетинин бири кыдыр.”

Тарбиялык саат ишмелтеми.



Классы: 8 “А” класс

Мугалими:Кулунова Уулжан Баратбайевна

2022-2023-окуу жылы.



Сабактын темасы: “Жетинин бири кыдыр.”



Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк.Окуучулар жети санына байланышкан кыргыз элинин тарыхый фактылары менен, жети санына байланышкан ата-бабаларыбыздын салт-санаалары менен таанышышат.Жети саны жөнүндө эң кызыктуу,мазмундуу түшүнүктөрдү алышат.

2.Өнүктүрүүчүлүк:Касиеттүү жети саны аркылуу тарбия берип келген ата-бабаларыбыздын салт-санааларын ошол бойдон сактап калууга үйрөнүшөт.

3.Тарбия берүүчүлүк:Өз алдынча изденүү,ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырышып, суроолорго жооп бере алышат.

Сабактын көрсөткүчтүгү:

1.Билим берүүчүлүк.Окуучулар жети санына байланышкан кыргыз элинин тарыхый фактылары менен, жети санына байланышкан ата-бабаларыбыздын салт-санааларын таанышса.

2.Өнүктүрүүчүлүк:Касиеттүү жети саны аркылуу тарбия берип келген ата-бабаларыбыздын салт-санааларын ошол бойдон сактап калууга үйрөнүшсө.

3.Тарбия берүүчүлүк:Өз алдынча изденүү,ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырышып, суроолорго жооп бере алышса.



Сабактын жабдылышы:Окуу куралдары,

макал-лакаптар, слайттар.

Сабактын методу:Дедуктивдуу метод,

Иллюстрациялоо методу

Сабактын тиби:Билим жана билгичтикти

өркүндөтүү.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу.

А)Саламдашуу,окуучуларды жоктоо.

Саламатсыңарбы урматуу окуучулар? Класста ким нөөмөтчү?Класста ким жок? Маанайларыңар кандай?Жакшыбы?Келгиле баарыбыз биргеликте маанайларыбызды көтөрүп алайлы.

Жагымдуу маанай слайт көрсөтүү.

Б)Үй тапшырманы cуроо.

Балдар өткөн сабагыбызда биз кандай теманы талкуулагабыз?

1.) Билим,китеп жөнүндө учкул сөздөрдү таап келдикби?

2.)Билим жөнүндө бир көрүнүш чагылдырып бере алабызбы?

Билим-түгөнбөс байлык.

Бир кишинин эки баласы бар эле.Атасы улуу баласын жакшы көрчү.Энчинин баарын улуу баласына бермек болду.Энеси эки баласын тең жакшы көрчү. Ошондуктан «Энчини экөөнө тең бөлүп берели»,-деп кеңеш салды.Күйөөсү аялынын тилин албады,акылын укпады.Аялы таарынып,чийдин түбүндө ыйлап отурду.

Жолдон өтүп бара жаткан жолоочу аялды көрүп.

-Эмнеге ыйлап жатасын?-деп сурады.Аял болгон окуянын жөн жайын айтып берди.Жолоочу окуяга түшүнгөн соң,аялга айтты:-Сиз ыйлабаныз.Андан көрө кичүү баланызды окууга жибериниз.Билим-түгөнбөс байлык.Атанын дөөлөтү колдун кириндей.Бат эле жоголот.

Аял жолоочунун сөзүнө макул болду.Баласын алыскы жерге окууга жиберди.

Бала көп жыл тырышып окууду.Түрдүү сонун өнөр үйрөндү.Өнөрүнүн аркасынан бай болду.

Агасы ата дөөлөтүнө мас болуп жүрүп,өнөрдөн кур калды.Ата дөөлөтү тез эле бүттү.Абдан жарды болду . Акыры инисинен жардам сурап калды.

Көрүнүш аткарылып бүткөндөн кийин окуучулар мугалимдин төмөнкү суроолорунун тегерегинде талкуулашып,ойлорун ортого салышат.

1.Балдар чын эле билим алуу зарыл бекен?

2.Бала кантип өнөргө жетти?

3.Эмне үчүн эне жолоочунун айткан сөзүн кабыл алды?

2.Жаны теманы түшүндүрүү.

Балдар мен жаңы теманы баштаардан мурда силерден сурагым келип турат.Силер кайсы санды жакшы көрөсүңөр?.

Окуучулардын жооптору.

Азаматсыңар балдар.Мен негедир жети санын жакшы көрөм.Себеби жети санына байланышкан кыргыз элинде көптөгөн нерселер көп.Аларга жаңы теманы талкуулап жатканда токтолуп кетебиз.Бүгүнкү жаңы темабыз “Жетинин бири кыдыр”.

Жети санына класстер түзөбүз.Суроо берем ага туура жооп берсеңер класстер түзүлөт.

1.Табиятка көрк берген

Түстөр дагы жетиден

Тан атырып күн батчу

Күндөр дагы жетиден

Күндөрдүн кыргызча аталышын атап бергилечи?

1.Дүйшөмбү.

2.Шейшемби.

3.Шаршемби.

4.Бейшемби.

5.Жума.

6.Ишемби.

7.Жекшемби.

2.Так ушул эле сыяктуу

Мекенимде жети облус бар

Атап кетсек өзүнчө

Жарашып турган аты бар

Жети областы атап бергилечи

1.Жалал-Абад.

2.Ош.

3.Нарын.

4.Талас.

5.Чүй.

6.Ысык Көл.

7.Баткен.

3.Жети атанды жерибей

Ата тегин билип жүр

Жети атаң калтырган

Ак калпагын кийип жүр

Жети атандын салтты бар

Кулагына түйүп жүр

Жети атабыздын аталыштарын атап бергилечи?

1.Ата

2.Чоң ата

3.Баба

4.Буба

5.Жото

6.Жете

7.Теги

4.Жети мурасыбызды атап бергилечи?

1.Ата

2.Бала

3.Небере

4.Чөбөрө

5.Чебере

6.Чыбыра

7.Кыбыра

5.Үч буроо,жалгы тээк үч кыл комуз

Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз

Оп-оной көргөн көзгө жөпжөнөкөй

Бирок да өнөрү бар айттып болгуз

Комуз жети түзүлүштөн турат.Аларды атап бер?

1.Кулактары.

2.Куткуну.

3.Моюну.

4.Кылдары.

5.Капкагы.

6.Тепкиси.

7.Чарасы.

6.Музыкалык нотада жети санынан турат.Аларды атап бергиле.

1.До

2.Ре

3.Ми

4.Фа

5.Соль

6.Ля

7.Си

7.Манас атабыдын бизге калтырган жети осуятты бар. Аларды атап бергиле?

Манастын жети осуяты:

1.Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.

2.Улут аралык ынтымак,достук жана кызматташтык.

3.Улуттук ар намыс жана атуулдук ариет

4.Арыбас мээнет,алдыңкы өнөр билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу

5.Гуманизм,айкөлдүк,кечиримдүүлүк.

6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.

7.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

Азаматсыңар балдар мына биздин жети санына байланышкан класстерибизда ачылды.

Анда эмесе мен силерге текстик суроолорду берсем.Тексттик суроолорго жооп берүү менен сабакты бышыктасак.



Үйгө тапшырма.

Жети саны жөнүндө ырлардан,жомоктордон, уламыштардан таап,жазып келүү.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!