СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Живопистеги перспектива

Категория: ИЗО

Нажмите, чтобы узнать подробности

корком онор 4-класс

Просмотр содержимого документа
«Живопистеги перспектива»

Живопистеги перспектива тууралуу Жаратылыштын көп кырдуулугун, жакынкы жана алыстагы объекттерин, үйлөрдү, адамдарды, асманды, булуттарды ж. б. сүрөттөп чагылдыруу үчүн аны дыкаттык менен жана узак убакытка окуп, үйрөнүү керек. Көпчүлүк сүрөтчүлөр өмүр бою жаратылыштын өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүшөт. Мындай өзгөчөлүктөр абдан көп. Буга сызыктуу перспективанын негизги закондорун билүү кирет. Перспектива жөнүндө сөз кылганда биз мейкиндиктин терең­диги жөнүндөгү түшүнүктү элестетебиз. Бирок биз сүрөттү тегиздикте тартабыз жана жазабыз. Кагаздын бетинде же полотнодо эч кандай мейкиндиктин болушу мүмкүн эмес. Бирок чыныгы сүрөттү көрүп жаткан учурда силерге жакындагы же алыстагы мейкиндикти көрүп жаткандай, чагылдырылып жаткан нерсенин формасын, кээде ал тургай абаны да туюп жаткандай сезилет. Мунун бардыгы иллюзия, б. а. бул мейкиндик жөн гана элестөө. Сүрөттөгү мейкиндик жана тереңдик – бул болжолдуулук. Мындай иллюзияны түзүү үчүн перспектива деп аталган илимди билүү керек. Перспектива – бул тегиздикте мейкиндикти түзүү жөнүндөгү илим, тагыраак айтканда, мейкиндикти сезүүнү түзүү. Силерде перспектива жөнүндө кандайдыр бир деңгээлде элестете билесиңер. Мисалы: силерге деңгээл сызыгы деген түшүнүк тааныш. Бул сызык мейкиндиктин тереңдигин түзүү үчүн негизги каражат. Ошондой эле деңгээл сызыгы дайыма биздин көзүбүздүн деңгээлинде, т. а. биз байкоо жүргүзүп жаткан деңгээлде болорун билесиңер. Деңгээл сызыгы – бул асман менен жерди бөлүп турган сызык экендиги жөнүндө жогоруда айтылды. Бул мейкиндикти күн ачык болгон учурларда гана көрө алабыз. Кээде бул сызыкты көрө албайбыз, анткени аны тоолор, үйлөр, бак-дарактар ж. б. жаап калат. Бирок буга карабастан ал дайыма, азыр силер партада отуруп, ушул китепти окуп жаткан учурда да бар Муну билүү абдан маанилүү, айрыкча, силер интерьер жана натюрморт тартып жаткан учурда, ошондой эле пейзаждык живописте да бул абдан маанилүү.

Перспективанын негизги закон ченемдүүлүктөрүндө бардык нерселер (объекттер) байкоочудан алыстаган сайын кадыресе эмес түрдө кичирейет. Албетте, бизге алар жөн эле кичирейген сыяктанып көрүнөт. Эгерде жаратылыштын ушундай сезилген көрүнүшүн сүрөттүн тегиздигинде берсек, анда мейкиндиктин тереңдигинин иллюзиясы келип чыгат. Мейкиндиктеги бардык реалдуу чоңдуктагы объекттер бизден алыстаган сайын кичирейет, т. а. өлчөмдөрү кыскарат. Ошондуктан бул кубулушту кыскартуу деп айтабыз. Бул кубулуш өзгөчө архитектурада, шаардын курулуштарында, көчөлөрүндө, үйлөрүндө жана башкаларында даана көрүнөт.

Перспективанын курулушунда байкоо жүргүзүү чекити чоң мааниге ээ. Ал өйдө же төмөн болушу мүмкүн. Байкоо чекити бийик болгон сайын мейкиндикти көбүрөөк көрөбүз, же тескерисинче. Мисалы, эгерде биз тоого чыксак, тоонун этегине караганда жогору жагынан мейкиндикти көбүрөөк көрөбүз. Геометриялык фигураларга тиешелүү болгон преспективанын бардык курулуштары, мисалы, үйлөр, мейкиндикте бир законго баш ийет. Курулуштардын параллель сызыктары дайыма деңгээл сызыгында бир чекитте биригишет. Бул чекит биз байкоо жүргүзүп жаткан чекит болушу шарт эмес, берилген объекттер деңгээл сызыгына карата кандай бурчта жайгашкандыгынан көз каранды. Бул чекиттерди кошулуу чекиттери деп атайбыз, алар дайыма деңгээл сызыгында жайгашат

Перспективанын дагы бир өзгөчөлүгү нерсенин көлөмдүүлүгү болуп эсептелет. Көлөм деген түшүнүк нерсенин тереңдигин билдирет.

Тапшырма Бул тапшырма үчүн жаратылышка экскурсия уюштуруу зарыл. Ал үчүн үйлөр, бактары бар орун тандалат. Ошондой эле алыскы тоолор жана дөбөлөр да жакшы көрүнүп тургудай болушу керек. Перспектива жөнүндө сабакта алган билимиңерди пайдаланып, жазгы пейзажды чагылдырган бир нече сүрөттөрдү тарткыла. Үйүңөргө барганда тарткан сүрөттөрдү колдонуп, мейкиндиктин тереңдиги көрүнгүдөй композицияны түзгүлө. Эске ала турган дагы бир нерсе. Алдыңкы пландагы нерселерди (объекттерди) алыста жайгашкан нерселерге караганда так, даана, интенсивдүү тартуу керек. Силердин композицияңарды жөнөкөй карандаш менен тарткандан кийин бул сүрөттү түстөр менен боёгонго аракеттенгиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!