СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖМА жобо 2022-жыл

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖМА жобо 

Просмотр содержимого документа
«ЖМА жобо 2022-жыл»

Жобо Т.Тургунов атындагы орто мектебинин 15.04.2019

педогогикалык кеңешмесинде каралып бекитилген





Макулдашылды Бекитемин

А. Темирбаев атындагы орто мектебинин Кесиптик А. Темирбаев бирлигинин төрайымы:_______ С. Уразбаева мектебинин директору:________

15.04.2019-ж Маматалиева Н. 15.04.2019-ж


Кыргыз Республикасынын Билим берүү

жана илим министрлигинин

2019-жылдын 23-мартындагы №304/1 буйругу менен бекитилген Жобонун негизинде түзүлдү.


А. Темирбаев атындагы орто мектебинин негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жɵнүндɵгү

ЖОБОСУ

1. Жалпы жоболор;

2. ЖМАнын (НМС) жумушчу органдарынын функциялары;

3. ЖМАнын (НМС) катышуучулары;

4. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү мɵɵнɵтү жана узактыгы;

5. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү жана тапшырууга укук берүү тартиби;

6. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартиби;

7. ЖМАнын сынак иштерин текшерүү тартиби жана аларды баалоо;

8. Апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу;

9. Окуучуларды бүтүрүп чыгаруу тартиби. Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдɵгү документти жол-

жоболоштуруу жана тапшыруу;

10. Бүтүрүүчүлɵрдү сыйлоо;

1. Жалпы Жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жɵнүндɵгү бул Жобо аттестацияны өткөрүү түрүн, катышуучуларын, мɵɵнɵтүн жана узактыгын, сынак иштерин текшерүү жана аларды баалоо тартибин, арыздарды (апелляцияларды) берүү жана карап чыгуу, аттестациянын жыйынтыктарын ɵзгɵртүү жана (же) жокко чыгаруу тартибин аныктайт.

2. Негизги мамлекеттик сынак түрүндө (мындан ары текстте ЖМА НМС) - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келген негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча мамлекеттик аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында (мектептер, мектеп-гимназиялар, мектеп-комплекстер, мектеп-лицейлер, кесиптик-техникалык лицейлер, сырттан (кечки-нөөмөттүк) окуу түрүндөгү мектептер (класстар), атайын окутуу-тарбиялоо мекемелери, дарылоо-алдын-алуу санаториялары, тарбиялоонун ɵзгɵчɵ шарттарына муктаж болгон балдар жана ɵспүрүмдɵр үчүн атайын жалпы билим берүү мектептери, жеке менчик жалпы билим берүү уюмдары жана башкалар – текстте мындан ары: жалпы билим берүү уюму) негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт.

ЖМА негизги мамлекеттик сынак катары жазуу жана оозеки түрдѳ өткөрүлөт (сынак материалдары тапшырмалар менен кошо берилген тексттер жана башка көзөмөлдөө өлчөө-ченөө материалдары түрүндө берилет (текстте мындан ары – КѲЧМ)).

3. ЖМАнын (НМС) максаттары тɵмɵнкүлɵр болуп эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жɵнүндɵ» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵ» мыйзамдарынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;

- окуучулардын негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү натыйжаларынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына дал келүүсүн аныктоо;

- билим берүүнү башкаруу систамасына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү үчүн мектеп ичинде мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу.

4. ЖМА (НМС) мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт (текстте мындан ары – ПК).

5. ЖМА (НМС) окутулуп жаткан тилде, базистик окуу планына ылайык белгиленген тартипте ɵткɵрүлɵт.


2. Жумушчу органдарынын кызматтык милдеттери


6. ЖМАнын (НМС) жумушчу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (текстте мындан ары – министрлик), Билим берүү сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору (текстте мындан ары – ББСБжМТУБ), Кыргыз билим берүү академиясы (текстте мындан ары – КБА), билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары (текстте мындан ары – билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары), жалпы билим берүү уюмдары (текстте мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары), предметтик комиссиялар (текстте мындан ары – ПК) жана талаш-тартыш маселелерин чечүү комиссиясы (текстте мындан ары – ТК) эсептелет.

7. Министрлик ЖМАнын (НМС) формаларын жана түрлөрүн, аны өткөрүү жана сынак материалдарын колдонуу жана сактоо тартиптерин аныктайт.

8. Министрлик төмөнкү функцияларды аткарат:

- ЖМАны (НМС) өткөрүү үчүн КѲЧМдѳрдү иштеп чыгуу боюнча ББСБжМТУБнун жана КБАнын ишин, ЖМАны ѳткѳрүү тартибин жана окуучулардын сынак иштерин баалоо критерийлерин жѳнгѳ салат;

- Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын жардамы менен жалпы билим берүү уюмдарын КѲЧМдѳр менен камсыздайт;

- ушул Жобонун белгиленген тартибинде ЖМАны (НМС) ѳткѳрүүнү камсыздоо боюнча мамлекеттик аккредетациядан ѳткѳн жана негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырышкан билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын жана бардык типтеги жана менчик формадагы жалпы билим берүү уюмдарынын иштерин жѳнгѳ салат жана кѳзѳмѳлдѳйт;

- Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары жалпы билим берүү уюму менен биргеликте телефондордун “тынымсыз байланыш” ишин, атайын сайттарда же интернет булактарындагы расмий сайттарда атайын бѳлүктү жүргүзүүнү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен ѳз ара аракеттешүүнү уюштурат.

9. ББСБжМТУБ жана КБА сынак материалдардын, предметтик сынактарды ѳткѳрүүнүн процедуралары боюнча нускамалык каттардын иштелип чыгуусун жана ЖМАнын (НМС) жыйынтыктарын баалоо критерийлерин иштеп чыгууну камсыздайт.

10. ЖМАны (НМС) ѳткѳрүүдѳ билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары жалпы билим берүү уюмунда белгиленген тартиптин сакталышын камсыздайт, анын ичинде:

- ЖМАны (НМС) ушул Жобонун талаптарына ылайык ɵткɵрүүнү;

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү үчүн керектүү сынак материалдарынын топтому менен камсыз кылууну;

- ЖМАга (НМС) даярдыктын жана аны ɵткɵрүүнүн жүрүшүнɵ кɵзɵмɵл жүргүзүүнү;

- сынак материалдарын сактоодо, пайдаланууда жана ɵткɵрүп берүүдɵ маалыматттык коопсуздукту камсыз кылууну жана аларга жетүү мүмкүндүгү бар адамдарды дайындоону;

- окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) ЖМА (НМС) боюнча ЖББУ аркылуу маалымат берүүнү;

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартипти сактоо маселелери боюнча коомдук байкоочулар менен ɵз ара аракеттешүүнү ишке ашырууну;

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулушу боюнча текшерүүлѳрдү жүргүзүүнү уюштурууну;

- ЖМАнын жыйынтыктарын карап чыгууну;

- ПКнын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салууну;

- ТКны түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салууну;

- ѳзгѳчѳ учурларда ЖМАнын жыйынтыктарын бекитүү, ѳзгѳртүү же жокко чыгаруу жѳнүндѳ чечим кабыл алууну.

11. Жалпы билим берүү уюму ЖМАны (НМС) ѳткѳрүү үчүн ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык тɵмɵнкү иш милдеттерин аткарат:

- белгиленген окуу сабактары боюнча ПКнын курамын түзɵт жана анын ишмердүүлүгүн жɵнгɵ салат. ПКнын курамына тɵмɵнкү талаптарга жооп берген педагогдор кирет: жогорку педагогикалык билими бар болгон; квалификациялык маалымдамаларда жана (же) кесиптик стандарттарда кɵрсɵтүлгɵн квалификациялык талаптарга дал келген; билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгɵн жана негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырган уюмдарда иш тажрыйбасы бар болгон;

- негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүргөн IX жана ХI класстардын окуучуларынын тизмесин карайт жана бекитүүгө сунуштайт;

-  ден соолугуна байланыштуу ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотулган окуучулардын тийиштүү документтерин карап чыгат жана аларды ББМБОго жиберет;

- окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү мɵɵнɵттɵрү тууралуу анын башталышына эки жума калган убакытка чейин ɵз убагында кабарлоону уюштурат;

- Жалпы билим берүү уюмунда ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүгɵ даярдык жɵнүндɵ билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарына сынактардын башталышына бир жума калган мɵɵнɵттɵ маалымат берет;

-  Жалпы билим берүү уюмунда окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү) үчүн «ЖМАга (НМС) даярданабыз» аталышындагы маалымат тактасын жол-жоболоштурууну жана маалыматты сайтта (бар болуусунда) жайгаштырууну камсыз кылат;

-  белгиленген мɵɵнɵттɵргɵ тестирлɵɵ ɵткɵрүү жайын даярдоону (санитардык-гигиеналык шарттарды, коомдук тартиптин сакталышын, педагогдордун жана медициналык кызматкерлердин арасынан нɵɵмɵтчүлɵрдү) камсыз кылат;

- бүтүрүүчүлɵрдү ЖМАнын (НМС) жыйынтыктары менен тааныштырууга жооптуу болот.

12. Предметтик комиссиянын курамы педагогикалык кеңештин сунуштамасына ылайык аныкталат жана ЖББУнун буйругу менен бекитилет.

Тийиштүү окуу сабагы боюнча ПКнын тɵрагасы болуп жалпы билим берүү уюмунун директору, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары же директордун кɵрсɵтүүсү боюнча мектеп мугалимдеринин методикалык бирикмесинин жетекчиси дайындалат.

Тийиштүү окуу сабагы боюнча ПКнын тɵрагасы жалпы жетекчиликти жүргүзɵт жана ишмердүүлүктү жɵнгɵ салат.

ЖМА (НМС) ɵткɵрүлүп жаткан сабак боюнча IX жана (же) XI класста сабак окуткан мугалим ПКнын тɵрагасы болуп дайындалбайт.

ПКнын курамы 3 тɵн кем эмес жана 5 тен кɵп эмес адамдан турат, анын ичинде комиссиянын тɵрагасы, сынак алуучу (ошол окуу сабагынан берген мугалим жана ассистент (ассистенттер) болот.

13. ПК жалпы билим берүү уюмунда тийиштүү окуу сабактары боюнча ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү убагында:

- белгиленген тартипте окуучулардын сынак иштерин ɵткɵрүүнү жана баалоону жүргүзѳт;

- сынактардын жыйынтыктары боюнча протоколдорду жол-жоболоштурат;

- ушул Жобого ылайык окуучуларды ЖМАнын (НМС) жыйынтыктары менен тааныштырууну камсыз кылат.

14. Жалпы билим берүү уюмдары ЖМАга (НМС) кɵмɵк кɵрсɵтүү максатында

окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) колтамгасын койдуруп алуу менен, аларга тɵмɵнкүлɵр тууралуу маалымат берет:

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү мɵɵнɵттɵрү, формасы жана тартиби жɵнүндɵ;

- сынактан четтетүүнүн, ЖМАнын (НМС) жыйынтыктарын ɵзгɵртүүнүн же жокко чыгаруунун себептери тууралуу;

- ЖМАнын (НМС) жыйынтыктары менен таанышуу убакыты жана орду тууралуу;

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу жɵнүндɵ жана (же) коюлган баалар менен макул эместиги тууралуу арыздарды апелляцияга берүү тартиби жɵнүндɵ.

15. Кѳз карандысыз коомдук байкоочулар ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартибинин сакталышын камсыз кылуу максатында тɵмɵнкү ыйгарым укуктарга ээ:

- ЖМАны (НМС) ѳткѳрүү тартибин регламентациялаган документтер менен таанышууга;

- ЖМАны (НМС) ѳткѳрүү жана сынакты ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳгү нускама берүүнүн жүрүшүнɵ тышкы байкоону жүргүзүүгѳ;

- сынак ɵткɵрүлгɵн күнү жанында паспорту жана коомдук байкоочунун күбɵлүгү менен ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү жайында болууга.

Коомдук байкоочуларга тɵмɵнкүлɵргɵ тыюу салынат:

- ЖМАны (НМС) даярдоонун жана ɵткɵрүүнүн жүрүшүнɵ кийлигишүүгө;

- сынак башталгандан кийин дарсканага кирүүгɵ же чыгууга;

- сынак учурунда ЖМАнын (НМС) катышуучулары менен баарлашууга;

- дарсканаларда уюлдук телефондор, сүрɵт жана кɵрмɵ аппараттар, компьютерлер менен колдонууга;

- ПКнын ишине кийлигишүүгɵ.

16. Коомдук байкоочуларды каттоо тартиби билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлɵт.

Каттоодон ɵтүү үчүн билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органына белгиленген тартипте арыз жазуу жана тɵмɵнкү документтерди тапшыруу керек: 3 x 4 см ɵлчɵмүндɵгү эки сүрɵт, арыз берүүчүнүн оң сапаттарын мүнɵздɵгɵн эки сунуштама, ошондой эле билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилиги менен аңгемелешүүдɵн ɵтүү керек.

17. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы күбɵлүк берүүдɵн баш тартууга жана бул тууралуу арыз берүүчүгɵ ЖМАнын (НМС) башталышына эки күн калган убакытка чейин кабарландырууга укуктуу.

18. Коомдук байкоочу ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартибинин бузулушу боюнча апеляцияларды караган талаш-тартыш маселелерин чечүү комиссиясынын (ТК) курамына киргизилиши мүмкүн эмес.

19. Бир жалпы билим берүү уюмунда коомдук байкоочулардын саны 3 адамдан кѳп болбошу керек.

16. Министрликтин, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлери коомдук байкоочулар боло алышпайт.


3. ЖМАнын (НМС) катышуучулары. Окуучулардын кирүү мүмкүндүгүнүн тартиби


21. ЖМАнын (НМС) катышуучулары болуп, ушул Жобонун 2-пунктунда алдын ала караштырылган, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын IX жана XI класстарынын окуучулары эсептелет.

22. ЖМАга (НМС) IX жана (же) XI класстарынын тѳмѳнкү окуучулары киргизилет:

- академиялык карыздары жок жана окуу планын толук кɵлɵмдɵ аткаргандар (IX жана (же) XI класстары үчүн бардык окуу сабактары боюнча жылдык баалары «канааттандырарлык» баадан тɵмɵн эмес болгондор);

- белгиленген окуу планынын ЖМА (НМС) ɵткɵрүлүп жаткан бир окуу сабагы боюнча жылдык «канааттандырарлык эмес» баага ээ болгондор (ошол сабак боюнча ЖМАга (НМС) окуучулар педагогикалык кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык киргизилиши мүмкүн);

- белгиленген окуу планынын ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү каралбаган бир окуу сабагы боюнча жылдык «канааттандырарлык эмес» баага ээ болгондор (окуучулар ошол сабак боюнча тандоо сабагы катары сɵзсүз түрдɵ аттестациядан ɵтүшɵт).

23. Үстүбүздѳгү окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык же эл аралык олимпиадаларынын корутунду этабында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар (жеңүүчүлɵр) (билим берүүнүн ыйгарым укуктуу органынын белгиленген дипломунун жана (же) эл аралык олимпиаданын Уюштуруу комитетинин сертификатынын бар болуусунда) тийиштүү окуу сабагы боюнча ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотулат.

24. IX жана (же) XI класстарынын окуучулары, анын ичинде чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана бир жерден экинчи жерге кɵчүүгɵ мажбур болгондор, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар, негизги жалпы же жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын күндүзгү, күндүзгү-сырттан же сырттан, үйдɵ же экстернат түрүндɵ ɵздɵштүргɵн, үстүбүздѳгү окуу жылында ЖМАны (НМС) тапшырууга ушул Жобонун 22-пунктунда белгиленген тартибинде киргизилет.

25. Эки же андан кɵп окуу сабагы боюнча жылдык «канааттандырарлык эмес» баага ээ болгон IX жана (же) XI класстарынын окуучулары педагогикалык кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык ЖМАны (НМС) тапшырууга киргизилбейт.

26. Негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын үйдɵ же ɵз алдынча окуу түрүндɵ ɵздɵштүргɵн, же мамлекеттик аккредитациядан ɵтпɵгɵн негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүү программалары боюнча окутулган окуучуларга ушул Жобонун 2-пунктунун талаптарына ылайык мамлекеттик аккредитациядан ɵткɵн негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгɵн жалпы билим берүү уюмунда ЖМАны (НМС) тапшырууга укук берилет.

27. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар дарылоо мекемесине караштуу дарыгердик-кеңеш берүү комиссиянын (ДКК) же ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүүнүн (ПМПК) корутундусун кɵрсɵтүп арыз бергенде, ар бир айрым учурда тийиштүү билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты болгондо гана бошотулат.



4. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү мɵɵнɵтү жана узактыгы


28. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү мɵɵнɵтү министрлик тарабынан бирдиктүү тартипте аныкталат.

29. Окуучулардын ыктыярдуу республикалык тестирлѳѳгѳ катышуусунда окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кеңештери негизги (апрель – май, кошумча – июнь) тестирлѳѳнүн жыйынтыктарын (9-, 11-класстар) тийиштүү сабактар боюнча (оозеки сынактардын) сынактык баалар катары эсептеп коюуга укугу бар.

30. Тийиштүү окуу сабактары боюнча ЖМАны (НМС) кайталап тапшырууга укук берилген окуучулар үчүн, кошумча, бирок ЖМА (НМС) аяктагандан кийин бир жумадан кеч эмес мѳѳнѳт аныкталат.

Кайталанган сынактарды ѳткѳрүү формалары ушул Жобонун 38-пунктуна ылайык аныкталат.

31. Ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык аныкталган мɵɵнɵттɵрдɵ негиздүү себептер менен ЖМАны (НМС) тапшырууга мүмкүнчүлүгү болбогон окуучулар үчүн милдеттүү окуу сабактары жана тандоо сабактары боюнча ЖМА (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда, бирок 15-апрелден эрте эмес мɵɵнɵттɵ ушул Жобо менен белгиленген түрдɵ ɵткɵрүлɵт. Мɵɵнɵтүнɵн мурда ЖМА (НМС) ɵткɵрүлгɵн учурда мурунку окуу жылынын сынак тапшырмаларынын, темаларынын «запастык» варианттары колдонулат.

32. Кылмыш-жаза аткаруу системасынын түзɵтүү мекемелерине тиешелүү жалпы билим берүү уюмдарында окугандар үчүн жаза тартуу мɵɵнɵтүнɵн ЖМА (НМС) башталганга чейин бир айдан эрте эмес убакыт калганда бошотулган учурда, ЖМА (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы тарабынан аныкталган, мындай түзɵтүү мекемелеринин уюмдаштыруучулары менен макулдашылган мɵɵнɵттɵрдɵ, бирок үстүбүздɵгү жылдын 20-апрелинен эрте эмес убакытта ɵткɵрүлɵт.

33. Ушул Жобонун 28-пунктуна ылайык аныкталган мɵɵнɵттɵрдɵ ɵткɵрүлгɵн ЖМА (НМС) сынактарынын ортосундагы тыныгуулар үч календардык күндɵн кем болбошу керек.

34. Сынактардын ɵткɵрүү убактысына даярдык иш-чараларына бɵлүнгɵн убакыт (окуучуларга нускама берүү, сынак тапшырмалары бар тест топтомдорун ачуу, КѲЧМдерди кѳчүрүү, сынак иштеринин каттоо бɵлүмдɵрүн толтуруу, техникалык каражаттардын иштɵɵсүн текшерүү, тыныгуулар ж.б.) кирбейт.

Сынактын узактыгы 4 саат же андан кѳп болгон учурда, ПКнын макулдашуусу менен окуучуларга (15-20 мүнѳт) танапис берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга, ошондой эле ден соолугунун абалына байланыштуу үйүндѳ окуган, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарында, узак дарыланууга муктаж болгондор үчүн зарыл болгон дарылоо, реабилитациялык жана ден соолукту жакшыртуучу иш-чаралар ѳткѳрүлүүчү санатордук-курорттук уюмдарда ЖМАнын (НМС) узактыгы 1,5 саатка узартылышы мүмкүн.

35. Жалпы билим берүү уюмунда ЖМА (НМС) эртең мененки саат 09:00дɵ башталат. ЖМА (НМС) боюнча уюштуруу иш-чаралары сынактын башталышына 1 саат калганга чейин жүргүзүлѳт (каттоо, бүтүрүүчүлѳрдү отургузуу жана нускама берүү, тест топтомдорун ачуу, көзөмөлдөө өлчөө-ченөө материалдарды кѳчүрүү, баш баракты толтуруу ж.б.).


5. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартиби


36. ЖМАнын (НМС) милдеттүү сабактарынын ѳткѳрүү күнү жана убакыты, ошондой эле окуу сабактарынын тизмеси министрлик тарабынан ушул Жобонун 28-пунктуна ылайык белгиленет.

37. IX класстарынын окуучулары үчүн ЖМА (НМС) ɵткɵрүүдɵ төмөнкү 5 окуу сабактары боюнча, анын ичинде 4 милдеттүү, 1 тандоосу боюнча сабактардан сынактарды тапшыруу каралат:

- математика (алгебра) – комплекстүү жазуу тести;

- окутуу тили (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик) – дилбаяндын элементтери камтылган баяндама;

- Кыргызстандын тарыхы – оозеки сынак;

- кыргыз тили (орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн) же орус тили (кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн) – функционалдык грамматиканы жана лексиканы, ошондой эле текстти окуу жана түшүнүү жѳндѳмүн текшерүүнү камтыган комплекстүү жазуу тести;

- тандоосу боюнча сабак (окуучу тɵмɵнкү сабактардын ичинен тандап алат: адабият, геометрия, физика, химия, биология, география, чет тил, Базистик окуу мерчеминин алкагында окулуучу (текстте мындан ары – БОМ), адам жана коом/экономикага киришүү жана информатика (ЖББУда мектеп же БОМдун башка компоненттери киргизилген учурда).

38. XI класстарынын окуучулары үчүн ЖМА (НМС) ɵткɵрүүдɵ төмөнкү 5 окуу сабагы боюнча, анын ичинде 4 милдеттүү, 1 тандоосу боюнча сабактардан сынактарды тапшыруу каралат:

- математика (алгебра жана талдоонун башталышы) – жазуу сынагы;

- окутуу тили (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик) – эссе;

- Кыргызстандын тарыхы – оозеки сынак;

- кыргыз тили (орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн) же орус тили (кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн) – функционалдык грамматиканы жана лексиканы, текстти окуу жана түшүнүү, ошондой эле угуу жана жазуу жѳндѳмүн текшерүүнү камтыган комплекстүү жазуу тести;

- тандоосу боюнча сабак (окуучу тɵмɵнкү сабактардын ичинен тандап алат: геометрия, физика, химия, биология, география, чет тил (БОМ алкагында окулуучу), адам жана коом/экономикага киришүү жана информатика (ЖББУда мектеп же БОМдун башка компоненттери киргизилген учурда).

39. Мектеп-лицей, мектеп-гимназия, окуу-тарбиялоо комплекстеринин жана башка жалпы билим берүү уюмдарынын IX жана (же) XI класстарынын окуучулары базалык көлөмдөгү сабактардан тышкары өтүлгөн темаларды, бөлүмдөрдү эске алуу менен өздөрүнүн жалпы билим берүү уюмдарында жалпы негизде милдеттүү түрдɵ бир же эки профилдик сабактар боюнча оозеки түрүндө ЖМАдан (НМС) өтүшөт. Тандоосу боюнча сынак окуучунун тийиштүү окуу сабагын кɵрсɵтүү менен ɵз алдынча жазган арызынын негизинде окуу жылынын аяктаганына эки жума калганда аныкталат.

40. Математика боюнча жазуу сынактары БОМ тарабынан жалпы билим берүү уюмдары, гимназия, лицей, мектеп-комплекстер, математика же гуманитардык сабактарды тереңдетип окутуучу мектептер үчүн аныкталган окутуу планынын татаалдык деңгээлине ылайык жүргүзүлɵт.

41. Окуучулардын оорусуна байланыштуу которулган мамлекеттик жазуу иштерин ѳткѳрүү үчүн Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары ББСБжМТУБга жана КБАга кошумча сынак материалдарына суроо-талап жѳнѳтѳт. Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан сынак тапшырмаларына тапшырык которулган ЖМАны (НМС) ѳткѳрүүнүн башталышына бир жумадан кеч эмес убакытта жасалат.

42. Милдеттүү түрдɵгү оозеки сынактар, тандоо жана профилдик сабактар боюнча билеттер окуучуларга ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү күнүнɵ эки ай калган убакыттан кеч эмес мɵɵнɵттɵ кабарланат.

43. XI класста эссени окутуу тилинде жазуу жана баалоо боюнча нускамалык-усулдук каттар (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдери «Кут билим» гезитинде жана министрликтин сайтында) ЖМАнын (НМС) башталышына чейин эки айдан кеч эмес убакытта жарыяланат.

44. Сынак материалдары, анын ичинде:

IX класс үчүн

- математика боюнча комплекстик тесттер;

- дил баяндын элементтери камтылган баяндамалар;

- окутуу орус, ѳзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн кыргыз тили боюнча комплекстик тесттер, ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн орус тили боюнча комплекстик тесттер;

- Кыргызстан тарыхы боюнча билеттер;

- тандоосу боюнча сабактардын билеттери жана башка материалдар.

XI класс үчүн

- эссе жазуу үчүн тексттер;

- математика (алгебра жана талдоонун башталышы) боюнча жазуу тапшырмаларынын жыйнактары;

- окутуу орус, ѳзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн кыргыз тили боюнча комплекстик тесттер, ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн орус тили боюнча комплекстик тесттер билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына министрлик тарабынан күбɵлɵндүрүлүп чапталган конверттерде ЖМАнын (НМС) башталышына бир жума калган мɵɵнɵттɵ жɵнɵтүлɵт;

- Кыргызстан тарыхы боюнча билеттер;

- тандоосу боюнча сабактардын билеттери жана башка материалдар.

Кырызстандын тарыхы жана тандоосу боюнча башка сабактардын сынак билеттери ЖМА (НМС) башталганга чейин 2 ай мурда даярдалып коюлат.

45. Билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары жана жалпы билим берүү уюмдары сынак материалдарын сынак башталганга чейин ачкандыгы, тексттерде жана тапшырмаларда камтылган маалыматтын купуялыгын ачыктагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти алып барат.

46. Тандоосу боюнча жана профилдик сабактар боюнча ЖМАнын (НМС) тапшырмалары билеттерге тиркемелер менен бирге директордун күйбѳс сейфинде сакталат.

47. Өзгɵчɵ кырдаалдар коркунучу жаралган учурда билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары министрлик менен макулдашуунун негизинде ЖМАны (НМС) башка жалпы билим берүү уюмуна же ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн жүгүртмөсүндө каралган башка күнгɵ которуу жɵнүндɵ чечим кабыл алат.

48. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү үчүн даярдалган жайлардын (мындан ары текстте - дарсканалардын) саны, жалпы аянты жана абалы сынактарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык келген шарттарда ɵткɵрүүнү камсыз кылышы керек.

Окуучулардын ɵздүк буюмдары үчүн атайын орун бɵлүнɵт.

Мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн дарсканалар үн жазмаларын кайра уктуруу каражаттары менен, чет тилдер боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн дарсканалар – үн жаздыруу жана үн жазмаларын кайра уктуруу каражаттары менен, айрым сабактар боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн дарсканалар – лабораториялык иштерди аткаруу үчүн жабдуулар менен, информатика боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн, ошондой эле ушул Жободо аныкталган башка учурлар үчүн дарсканалар - компьютердик техника менен жабдылат.

49. Жабык түрдөгү атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде, ошондой эле эркинен ажыратуу түрүндө жаза аткаруу мекемелеринде негизги жалпы билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүргөн окуучулар үчүн билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары бул мекемелердин жетекчилигинин кɵмɵгү астында ал мекемелерде ЖМА (НМС) сынактарын кабыл алуунун ɵзгɵчɵ атайын шарттарын жана ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен уюштурушат.

50. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү күнү жалпы билим берүү уюмунда тɵмɵнкү адамдар катышат:

- мектептин директору жана ПКнын мүчɵлɵрү;

- программалык камсыздоо боюнча иштеген, маалыматтык-техникалык жардам кɵргɵзгɵн техникалык адис;

- укук тартибин коргоону камсыз кылуучу кызматкерлер;

- медициналык кызматкерлер жана сынактарды ɵткɵрүү учурунда окуучуларга керектүү техникалык жардам кɵргɵзүүчү ассистенттер;

- окуучуларга лабораториялык иштерге нускама берүү жана иштин аткарылышын камсыз кылуу боюнча адис.

51. ПКнын тɵрагасынын кɵрсɵтмɵсү боюнча окуучулар жазуу сынак ишинин баш барагын толтурушат. ПК мүчɵлɵрү жазуу сынак ишинин баш барагы окуучулар тарабынан туура толтурулушун текшеришет. Бардык окуучулар баш баракты туура толтургандан кийин ПКнын тɵрагасы сынактын башталышын жана аякталышын, ошондой эле тыныгуу убактысын жарыялайт, ал убакыттарды доскага (маалымат тактасына) жазат, андан соң окуучулар жазуу түрүндɵгү сынак ишин аткарууга киришишет.

Бардык окуучуларга чиймелеп, оңдоого мүмкүн боло турган кошумча барактар берилет.

Иштерди баалоодо керектүү учурларда ПК ал кошумча барактарды да текшерет. Чиймелеп, оңдоого мүмкүн боло турган кошумча барактардагы маалымат туура жооп катары эсептелбейт.

52. Окуучулар ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн белгиенген тартибин сактоого милдеттүү жана ПК мүчɵлɵрүнүн кɵрсɵтмɵлɵрүнɵ баш ийишет, ПК ɵз кезегинде дарсканада ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылат жана буга кɵзɵмɵл жүргүзɵт.

ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда окуучунун иш ордунда сынак материалдарынан сырткары тɵмɵнкүлɵр болот:

- кɵк түстɵгү сыясы бар эки-үч калем сап;

- жɵнɵкɵй калькулятор (математикадан башка сабакта), жɵнɵкɵй калем, ɵчүргүчтɵр;

- дары-дармек (зарыл учурларда);

- атайын техникалык каражаттар (мүмкүнчүлүктѳрү чектелген окуучулар үчүн).

Мындан башка буюмдарын окуучулар дарсканада атайын бɵлүнгɵн жерге калтырышат.

Дарсканадан сыртка чыккан учурда окуучулар сынак материалдарын жана кошумча иштɵɵ барактарын ПКнын мүчѳлѳрүнѳ тапшырышат.

53. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда жалпы билим берүү уюмунда тɵмɵнкүлɵргɵ тыюу салынат:

- окуучуларга – бири-бири менен сүйлɵшүүгɵ, дарскананын ичинде эркин басып жүрүүгɵ;

- окуучуларга – жанында байланыш каражаттарын, электрондук-эсептɵɵ техникасын (жɵнɵкɵй калькулятордон башка), сүрɵт, үн жана кɵрмɵ аспаптары, маалымат берүүчү материалдарды, жазма эскерткич-белгилерди, маалыматты сактоо жана берүүнүн башка каражаттарын алып кирүүгɵ;

- уюштуруучуларга жана (же) ушул Жобонун 69-пунктунда кɵрсɵтүлгɵн окуучуларга зарыл болгон техникалык жардам кɵрсѳткѳн ассистенттерге, техникалык адистерге – сынак материалдарын кагазга жазылган түрдɵ, электрондук ташыгычтар менен дарсканадан сыртка алып чыгууга, сынак материалдарын сүрɵткɵ тартып алууга.

Зарыл учурларда окуучуларга дарсканадан чыгууга жана жалпы билим берүү уюмунда басып жүрүүгѳ уруксат берилет.

Окуучулардын басып жүрүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳнү жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен бекитилген нѳѳмѳтчү жүргүзѳт.

Уюштуруучуларга, мүмкүнчүлүктѳрү чектелген окуучуларга зарыл болгон техникалык жардам кѳрсѳтүп жаткан ассистенттерге ѳзү менен байланыш каражаттарын алып жүрүүгѳ тыюу салынбайт.

54. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин бузууга жол берген окуучулар сынакты тапшыруудан четтетилет. Бул үчүн ПК мүчɵлɵрү сынакты тапшыруудан четтетүү жɵнүндɵ акт түзɵт жана ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин бузган окуучуларды сынактан чыгарып жиберет.

55. Эгерде окуучу ден соолугуна байланыштуу же башка негиздүү себептер менен сынак тапшырмаларын аткарып бүтпɵй калса, ал дарсканадан мɵɵнɵтүнɵн мурда чыгып кетүүгɵ укуктуу. Мындай учурларда ПК мүчɵлɵрү медицина кызматкерин чакырышат, ал негиздүү себептер менен сынакты мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо жɵнүндɵ акт түзɵт.

Сынактан четтетүү жана негиздүү себептер менен сынакты мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо жɵнүндɵгү актылар билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органына жɵнɵтүлɵт.

Жазуу сынак иштерин мɵɵнɵтүнɵн мурда аткарып бүткɵн окуучулар сынактын аякташын күтпɵстɵн иштерин уюштуруучуларга тапшырып дарсканадан чыгып кетүүгɵ укуктуу.

56. IX жана XI класстарынын окуучулары үчүн ЖМАны (НМС) оозеки түрдѳ ɵткɵрүү учурунда курамы 20 адамдан ашык топ эки тайпага бɵлүнɵт. Мындай учурда ЖМА (НМС) ошол эле күнү эки нɵɵмɵттɵ ɵткɵрүлɵт. Ар бир тайпага билеттердин толук топтому жана аларга тиркемелер берилет. Эгер бүтүрүүчү биринчи билетке жооп бере албаса, ПК ага экинчи билет алуу укугун берет, бул учурда окуучунун алган баасы бир упайга тɵмɵндɵтүлɵт.

Оозеки сынактарда жооп берүүгɵ даярдануу үчүн окуучуга 15-20 мүнɵт берилет.

57. Экстернат таризинде окугандар үчүн ЖМА (НМС) экстернат таризинде мектептик билимге ээ болуу жɵнүндɵгү Жободо жана ушул Жободо каралган тартипте жүргүзүлɵт. Чет ɵлкɵдɵ экстернат таризинде мектеп окуучуларынын эл аралык тажрыйба алмашуу долбоору боюнча окугандар үчүн ЖМАны (НМС) ийкемдүү график боюнча жүргүзүүгɵ уруксат берилет, бул учурда билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары министрликтен ЖМАны (НМС) ѳткѳрүүнүн башталышына чейин бир жумадан кеч эмес убакытта кошумча сынак материалдарын суроого тийиш. Сынакты мындай ɵткɵрүүгɵ негиз болуп окуучулардын окуган жерлеринен Кыргыз Республикасына кеч келиши жана аралык аттестациялардан ɵтүшү эсептелет.

58. Мамлекеттик аккредитациядан ɵтпɵгɵн менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмунун IX жана (же) XI класстарынын окуучуларына билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары аныктаган башка жалпы билим берүү уюмунда ЖМАны (НМС) тапшырууга уруксат берилет. Бул учурда билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы IX жана (же) XI классынын окуучуларынын башка жалпы билим берүү уюмуна которулуу тартибине, ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүгɵ жана билими тууралуу мамлекеттик үлгүдɵгү документтин берилишине кɵзɵмɵл жүргүзɵт.

59. XI класста математика (алгебра жана талдоонун башталышы) боюнча сынак жазуу материалдарынын варианттары түздѳн түз ЖМА (НМС) башталаардын алдында лотореяны ойнотуу түрүндѳ аныкталат.

60. Жазуу сынактарын ѳткѳрүү тартиби министрликтин нускамалык каттарынын негизинде аныкталат. Сынак материалдары менен тааныштыруу (окуп берүү) ПКнын мүчѳлѳрүнүн катышуусунда сынак башталаардын алдында жүргүзүлѳт.

61. IX класста дил баяндын элементтери камтылган баяндамаларга жана математикага (алгебра) 4 астрономиялык саат бɵлүнɵт.

Лицейлерде жана жалпы билим берүү уюмдарында математика тереӊдетилип окутулган учурларда (математикага профилдик окутуу) сынакка 5 саат убакыт бɵлүнɵт, комплекстүү жазуу тестине (ушул Жобонун 37-пунктуна ылайык) – 1,5 саат.

XI класста эссеге 5 астрономиялык саат, комплекстүү жазуу тестине (ушул Жобонун 38-пунктуна ылайык) – 2 саат, математикага (алгебра жана талдоонун башталышы) – 5 саат, математика (алгебра жана талдоонун башталышы) тереӊдетилип окутулган класстарда – 6 саат убакыт бɵлүнɵт.

62. ЖМАны (НМС) кайталап ѳткѳрүү жана (же) окуучунун оорусуна байланышту которулган мѳѳнѳттѳрү жалпы билим берүу үюмдары тарабынан ѳз алдынча аныкталат. Мындай учурда билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан кошмча сынак материалдарын алууга тапшырык ЖМА (НМС) башталганга чейин бир жумадан кем эмес убакытта берилет.

63. IX жана (же) XI класстардын окуучулары – окуу-машыктыруу жыйындарынын талапкерлерине, мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадаларынын, республикалык жана эл аралык иш-чаралардын (спорттук мелдештер, сынактар, фестивалдар, кароолор ж.б.) курама командаларына, ошондой эле жашаган жерин ɵзгɵртүүгɵ байланыштуу республикадан сырткары чыгып кеткен окуучуларга үстүбүздɵгү жылдын 15-апрелинен эрте эмес убакытта ЖМАны (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүүгɵ уруксат берилет.

ЖМАны (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүү жана IX жана (же) XI класстардын окуучуларына ЖМАны (НМС) тапшырууга укук берүү чечими билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жалпы билим берүү уюмунун ɵтүнүч катынын негизинде ЖМАны (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүү зарылдыгын тастыктаган тɵмɵнкү документтер: окуучунун жана анын ата-энесинин (мыйзамдуу ɵкүлүнүн) арызы, тиешелүү компетенциясы бар мамлекеттик органдын буйругунун (маалымкат), авиабилеттердин, X-XI класстар үчүн ведомосттордун күбɵлɵндүрүлгɵн кɵчүрмɵлɵрү, паспорту, негизги жалпы билими тууралуу күбɵлүгү, мектептин педагогикалык кеңешинин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу бар болгон учурда кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын тийиштүү компетенцияга, ыйгарым укукка ээ болгон мамлекеттик органдарынын белгиленген тартиптеги тастыктоочу документтеринин бар болушу гана окуучуларга ЖМАны (НМС) мɵɵнɵтүнɵн мурда тапшыруу укугун берүүгɵ негиз болот.

64. Кайталанган ЖМА (НМС) ПКнын башка курамы тарабынан ѳткѳрүлѳт.

65. Тийиштүү окуу сабагы (тийиштүү окуу сабактары) боюнча үстүбүздɵгү окуу жылында кайталап ɵткɵрүлгɵн ЖМАны (НМС) тапшырууга педагогикалык кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмдун буйругуна ылайык IX жана (же) XI класстардын тɵмɵнкү окуучуларына укук берилет:

- ЖМАдан (НМС) бирден кɵп эмес «канааттандырарлык эмес» баа алгандар;

- сынакка негиздүү себептер менен келбегендерге (ооруп калгандыгына же тиешелүү документтер менен тастыкталган башка себептерге байланыштуу);

- ЖМАны (НМС) ɵтүү учурунда сынак ишин негиздүү себептер менен аткарып бүтпɵй калгандарга (ооруп калгандыгына же тиешелүү документтер менен тастыкталган башка себептерге байланыштуу);

- ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулуш фактылары аныкталган учурда ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу берген апелляциясы ТК тарабынан канааттандырылып жана алган жыйынтыктары жокко чыгарылган окуучуларга.

66. Орто жалпы билим берүүнүн негизги билим программаларын ийгиликтүү ѳздѳштүргѳн, X жана XI класстардын курсу үчүн аныкталган окуу планынын бардык окуу сабактары боюнча чейректик, жарым жылдык жана жылдык бааларды «5» (эң жакшы) деген баадан кем эмес алган талапкерлер, XI класстын окуучулары, белгиленген тартипте педагогикалык кеңештин сунуштамасынын жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде «Алтын тамга» тестирлѳѳсүнѳ катыша алышат.

67. Ден соолугуна байланыштуу атайын топко киргизилген жана дене тарбия сабагынан бошотулган XI класстын окуучулары сѳзсүз түрдѳ «Алтын тамга» тестирлѳѳсүнѳ катышкан учурда, орто билим жѳнүндѳгү артыкчылык аттестатты алууга талапкер болууга укуктуу.

68. ЖМАдан (НМС) ɵтпɵй калган же ЖМАда (НМС) милдеттүү бирден кɵп сабактан (тандоо сабагы) «канааттандырарлык эмес» жыйынтык алган, же жалпы билим берүү уюму тарабынан аныкталган кошумча мѳѳнѳттүн ичинде ЖМАны (НМС) кайталап тапшырууда бул сабактардын ичинен бир сабактан «канааттандырарлык эмес» баа алган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына ушул Жободо белгиленген түрдɵ жана мɵɵнɵттɵрдɵ, бирок 1 жыл ɵткɵндɵн эрте эмес кошумча белгиленген мɵɵнɵттɵ тийиштүү окуу сабактары боюнча ЖМАны (НМС) тапшырууга укук берилет.




6. Ден соолук мүмкүнчүлүктѳрү чектелген окуучулар үчүн

ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартиби


69. Ден соолук мүмкүнчүлүктѳрү чектелген окуучулар үчүн, ошондой эле ден соолук абалына байланыштуу үйдɵ жана билим берүү уюмдарында окугандар, анын ичинде, тиешелүү дарылоо, калыбына келтирүү жана саламаттыгын чыңдоо иш-чаралары ɵткɵрүлгɵн санатордук-курорттук, жалпы билим берүү уюмдарында окуган, узак убакыт дарылоого муктаж болгондор үчүн жалпы билим берүү уюму алардын жекече ɵзгɵчɵлүгүн эске алуу менен жабдылат.

ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүнүн материалдык-техникалык шарттары бул окуучулардын дарсканаларга, дааратканага жана башка жайларга кирүү жана бул жайларда болуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат (пандустардын, туткалардын болушу, каалгалардын, лифттердин кенен ачылышы, лифттер жок болгон учурда дарскана 1-кабатта болушу зарыл; атайын креслолордун жана башка ылайыкталган жасалгалардын болушу).

ЖМАны (НМС) ɵткɵрүүдɵ жогоруда кɵрсɵтүлгɵн окуучулардын жекече ɵзгɵчɵлүгүн эске алуу менен аларга керектүү техникалык жардам кɵрсɵтүп, иш ордун ээлɵɵгɵ, ары-бери жүрүүгɵ, тапшырманы окууга жардам бере турган ассистенттер катышат.

Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн окуучулар алардын жекече ɵзгɵчɵлүгүн эске алуу менен ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда ɵзүнɵ керектүү техникалык каражаттар менен пайдаланышат.

70. Ден соолук абалы боюнча негизги жана даярдоочу медициналык топторго кирген IX жана (же) XI класстардын окуучулары дене тарбия сабагы боюнча чегерим тапшырышат, анын жыйынтыктары бул сабак боюнча жыйынтыктоочу бааларды чыгарууда эске алынат. Дене тарбия сабагы боюнча чегеримдер сабактан тышкаркы убакта 14-майдан 25-майга чейин ɵткɵрүлɵт.

Чегерим кɵнүгүүлɵрү боюнча 3 «канааттандырарлык эмес» баа алган IX жана (же) XI класстардын окуучулары чегеримден ɵткɵн жок деп эсептелет. Дене тарбия сабагы боюнча кайтадан чегерим тапшыруу укугу жалпы билим берүү уюмунун директорунун уруксаты менен ЖМА (НМС) ɵткɵрүүдɵн мурунку же андан кийинки күндɵрдɵ, бирок билими тууралуу документти тапшырган убакытка чейин берилет.

Ден соолук абалы боюнча атайын медициналык топторго киргизилген IX жана (же) XI класстардын окуучулары дене тарбия сабагы боюнча чегерим тапшырбайт, алардын дене-бой даярдыгы окуу жылынын ичиндеги жетишкендиктеринин негизинде «чегерим», «чегерим эмес» түрүндɵ бааланат.

71. IX жана (же) XI класстардын окуучулары бардык окуу сабактары боюнча жылдык баалары дурус «канааттандыраарлык», «жакшы» жана (же) «эң жакшы» болгон учурда ден соолук абалына байланыштуу ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотулат.

72. Окуучуну ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотуу ата-энесинин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) арызынын негизинде, дарылоо мекемесине караштуу дарыгердик-кеңеш берүү комиссиянын (ДКК) же ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүүнүн (ПМПК) корутундусу кɵргɵзүлгɵндɵ жана ар бир айрым учурда тийиштүү компетенцияга ээ билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты болгондо гана жүргүзүлɵт.

73. ЖМА (НМС) ɵткɵрүү убагында ооруп калган же негиздүү себептер менен келбеген IX жана (же) XI класстардын окуучуларына педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен ЖМА (НМС) ɵткɵрүлгɵндɵн кийин 5 күн ичинде же күз мезгилинде (5-сентябрга чейин) калтырган сынактарын тапшыруу укугу берилет.

Жазуу сынактары, ушул Жобо менен аныкталган тартипте, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын тапшырыгы менен алынган материалдар боюнча ѳткѳрүлѳт.

74. Ооруп калгандыгына байланыштуу 45 же андан ашык күн сабак калтырган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына анын каалоосун (ден соолук абалын) эске алуу менен педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде кийинки окуу жылында кайталап окуу укугу берилет.

75. Негиздүү себеби жок 45 же андан ашык күн сабак калтырган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына педагогикалык кеңештин сунуштамалары жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде кийинки окуу жылында кайталап окуу чечими чыгарылат.

76. Күндүзгү-сырттан (кечки) окуу түрүндɵ IX жана (же) XI класста окуган, баланы багуу боюнча ɵргүүдɵ болгон аялзаты ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотулат. Бул учурда сынактан бошотууга негиз болуп аялдар бейтапканасынан алынган маалымкат эсептелет.

77. Акыл-эс ɵнүгүүсү жактан кемтиги бар окуучулар үчүн атайын адистешкен жалпы билим берүү уюмунда ЖМА (НМС) ɵткɵрүлбɵйт. Окутуунун жыйынтыктарын чыгаруу атайын адистешкен жалпы билим берүү уюмдары үчүн каралган жана окуучулардын психикалык-дене-бой ɵзгɵчɵлүктɵрүн эске алуу менен түзүлгɵн жалпы билим берүү программаларына ылайык жүргүзүлɵт.

Акыл-эс ɵнүгүүсү жактан кемтиги бар окуучулар үчүн атайын адистешкен жалпы билим берүү уюмунун IX классында эмгекке үйрɵтүү сабагы боюнча бүтүрүү сынагы ɵткɵрүлɵт. Бул сынак аңгемелешүү түрүндɵ ɵтɵт.

Эмгекке үйрɵтүү сабагынан жана ɵндүрүштүк тажрыйба ɵтүү учурунда жогорку жыйынтыктарды кɵрсѳткѳн IX класстын окуучулары жумушчу кесиби боюнча баштапкы разрядды ыйгаруу үчүн дасыктык сынактарды тапшырууга укук алышат. Бул сынак ишкананын (ɵндүрүштүн, мекеменин жана башка уюмдардын) дасыктык комиссиясы тарабынан аңгемелешүү түрүндɵ кабыл алынат.

78. Кесиптик-эмгекке үйрɵтүү боюнча сынак материалдары билим берүү программаларынын талаптарынын алкагында жана балдардын психикалык-дене-бой ɵзгɵчɵлүктɵрүн эске алуу менен даярдалып, педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу боюнча даярдалат.

79. Теориялык жана практикалык сынактар ар башка күндɵрдɵ ɵткɵрүлɵт.


7. Сынак иштерин текшерүү тартиби жана аларды баалоо


80. Жазуу сынак иштерин текшерүү жана аларды баалоо сынак кабыл алынган күндү эске албаганда эки жумуш күнүнɵн ашпаган убакытта жүргүзүлɵт.

81. ЖМАнын (НМС) жыйынтыктары 5 упайлык система менен бааланат.

82. IX жана (же) XI класстардын окуучуларынын жазуу сынак иштерин текшерүү жана оозеки сынактарды кабыл алуу ПК тарабынан жүргүзүлɵт. ПК иштерди текшерип бүтпɵй калган учурларда, сынак иштери атайын бɵлүнгɵн жерде (күйбѳс сейфте), мектеп директорунун мɵɵрү басылып, ПК мүчɵлɵрүнүн кол тамгалары коюлуп сакталат.

83. Жазуу сынак иштерин текшерүү тартиби министрликтин нускамалык усулдук катынын негизинде аныкталат.

84. ЖМАнын (НМС) «2» (канааттандырарлык эмес) жана «5» (эң жакшы) деген баалар коюлган жазуу сынак иштерине рецензия жазылат.

85. ПК ар бир окуу сабагы боюнча ЖМАнын (НМС) жыйынтыктарын карайт жана ушул Жободо алдын ала караштырылгандай, аларды бекитүү, ɵзгɵртүү жана (же) жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.

IX жана (же) XI класстардын окуучуларынын жазуу түрүндɵгү сынак иштерин жана (же) оозеки жообун баалоодо ПК мүчɵлɵрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер чыккан учурда, маселе кɵпчүлүк добуш менен чечилет жана протоколдо кɵпчүлүктүн чечими менен макул болбогон ПК мүчɵлѳрүнүн ɵзгɵчɵ пикирлери жазылып коюлат.

86. Жыйынтык бааларды чыгарууда жана бекитүүдɵ ПК окуучулардын жарым жылдык жана жылдык бааларын, ошондой эле ЖМАдан (НМС) алынган жыйынтыктарды карайт, бирок бул учурда сынактагыдан жогорураак баа коюлбайт.

Талаш учурларда жана ПК мүчɵлɵрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралган учурларда окуучулардын жыйынтык баалары катары ЖМАдан (НМС) алынган баалар коюлат.

ЖМАдагы (НМС) IX жана (же) XI класстардын окуучулары «канааттандырарлык эмес» деген баа алган учурда, сынактагыдан жогорураак баа коюлбайт.

ПКнын чечимдери протокол менен жол-жоболоштурулат жана анын мүчѳлѳрү тарабынан кол коюлат.

87. Окуучулардын жыйынтык баалары класстык журналга (негизги жалпы билими тууралуу күбɵлүктɵрдү жана (же) жалпы орто билими тууралуу аттестат берүү китебине, ɵздүк ишине, ЖМАнын (НМС) жалпы жыйынтыкталган ведомостко) жазылат.

88. IX жана (же) XI класстардын окуучуларына ɵзүнүн жазуу сынак ишин текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга укук берилет. Окуучуларды сынак ишин текшерүүнүн жыйынтыктары менен тааныштыруу ПКнын тɵрагасына жүктɵлɵт.

Жазуу сынак ишине коюлган баа менен макул эмес учурда окуучу бир күндүк мɵɵнɵт ичинде ТКга кайрылууга укуктуу.

89. ПК ɵзүнүн отурумунда ар бир окуу сабагы боюнча ЖМАнын (НМС) жыйынтыктарын карайт жана ушул Жободо алдын ала караштырылгандай, аларды бекитүү, ɵзгɵртүү жана (же) жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.



8. Апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу


90. ТК билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын чечими менен бир райондук жана (же) шаардык административдик чɵлкɵмдүн аймагында түзүлɵт. Ведомстволук жана менчик жалпы билим берүү уюмдары үчүн ТК министрликтин чечиминин негизинде түзүлɵт.

91. ТК окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн), ЖМАнын (НМС) белгиленген ɵткɵрүү тартибинин бузулуу маселелери, ошондой эле коюлган баалар менен макул эместиги жɵнүндɵгү арыздарын кабыл алат жана карайт; окуучунун апелляциясын канааттандыруу же четке кагуу жɵнүндɵ чечим кабыл алат; кабыл алган чечим тууралуу арыз берген окуучуга жана (же) анын ата-энесине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ), ошондой эле ПКга маалымат берет.

ТКнын иштɵɵ тартиби, курамы жана ыйгарым укуктары билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы тарабынан ЖМАнын (НМС) башталышына эки жума калган убакытта аныкталат жана сайтка жайгаштырылат.

ТКнын курамына билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын ɵкүлдɵрү, директорлор кеңешинин (коллегиясынын), камкордук кеңешинин жана ата-энелер коомчулугунун мүчɵлɵрү тартылат. ПКнын мүчɵлɵрү ТКнын курамына кирбейт.

92. ТКнын чечимдери протоколдор менен жол-жоболоштурулат.

93. ТК сынак материалдарынын мазмуну жана түзүмү тууралуу апелляцияларды карабайт.

94. Апелляцияны кароо учурунда анда баяндалган фактыларды текшерүү тийиштүү сынакты уюштурууда жана (же) ɵткɵрүүдɵ катышкан, же болбосо апелляция берген окуучунун сынак ишин мурда текшерген адамдар тарабынан жүргүзүлбɵйт.

95. Өз функцияларын аткаруу максатында ТК ыйгарым укуктуу адамдардан жана уюмдардан керектүү документтерге жана маалыматтарга, анын ичинде сынак иштеринин жана чиймелеп, оңдоого мүмкүн боло турган кошумча барактарынын кɵчүрмɵлɵрүнɵ, ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү тартибинин сакталышы тууралуу ПКнын текшерүү протоколдорунуна суроо-талап жиберет.

96. Апелляцияны кароо учурунда ТКнын отурумуна каалоосу боюнча окуучулар жана (же) алардын ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү), ПК мүчɵлɵрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катыша алат. Апелляцияны кароо адеп-ахлак ченемдерин сактоо менен, тынч жана ак дилдүү жагымдуу жагдайда ɵткɵрүлɵт.

97. Окуучу (ушул Жобонун 77-пунктунда кɵрсɵтүлгɵндɵн тышкары учурларда) ЖМАнын (НМС) белгиленген ɵткɵрүү тартибинин бузулушу жɵнүндɵгү арызын тийиштүү окуу сабагы боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн күнү, мектептен чыкпай туруп берет.

98. ЖМАнын (НМС) белгиленген ɵткɵрүү тартибинин бузулушу тууралуу апелляцияда баяндалган маалыматтарды текшерүү максатында билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы тарабынан ПКнын тɵрагасынын, окуучу сынак тапшырган учурда ал дарсканада катышпаган программалык камсыздоо боюнча техникалык адистердин, окуучуларга лабораториялык иштерди аткаруу боюнча кɵрсɵтмɵ берүүчү жана аткарылышын камсыз кылуучу адистердин, коомдук байкоочулардын, укук тартибин коргоону камсыз кылуучу кызматкерлердин, медициналык кызматкерлердин, ошондой эле ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга керектүү техникалык жардам кɵрсѳтүүчү ассистенттердин катышуусунда текшерүү жүргүзүлɵт.

Текшерүүнүн жыйынтыктары корутунду түрүндѳ жол-жоболштурулат. Апелляция жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду ошол эле күнү ТКга тапшырылат.

ЖМАнын (НМС) белгиленген ɵткɵрүү тартибинин бузулушу тууралуу апелляцияны кароо учурунда ТК апелляция менен бирге текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну карайт жана тɵмɵнкү эки чечимдин бирин кабыл алат:

  • апелляцияны четке кагуу жѳнүндѳ;

  • апелляцияны канааттандыруу жѳнүндѳ.

99. Аппеляция канааттандырылган учурда, апелляция берилген сынактын жыйынтыктары жокко чыгарылат жана окуучуга ЖМАнын (НМС) кошумча жүгүртмөдө каралган башка күнү тийиштүү окуу сабагы боюнча сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет.

100. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда окуучу тарабынан белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу фактылар аныкталган учурда, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы окуучунун ЖМАда (НМС) тийиштүү окуу сабагы боюнча алган жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.

101. Жазуу сынак ишине коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляция тийиштүү окуу сабагы боюнча ЖМАнын (НМС) жыйынтыктары жарыяланган убакыттан баштап бир күндүк мɵɵнɵт ичинде берилет.

Коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляцияны окуучу түздѳн түз ТКга же белгиленген тартипте ЖМАны (НМС) тапшырган билим берүү уюмуна берет. Апелляцияны кабыл алган билим берүү уюмунун жетекчиси токтоосуз түрдɵ аны ТКга жɵнɵтɵт.

102. Коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляцияны кароо учурунда ТК жалпы билим берүү уюмуна ПКнын сынак ишин текшерүү протоколдорунун жана апелляция берген окуучу аткарган сынак иштеринин кɵчүрмɵлɵрүнɵ суроо-талап жиберет.

Бул материалдар окуучуга (апелляцияны кароо учурунда катышкан кезде) кɵрсɵтүлɵт.

Окуучу (14 жаш куракка чыга элек окуучулар үчүн) ата-энесинин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) катышуусу астында ɵзү тарабынан аткарылган сынак ишинин кɵчүрмɵсү кɵрсɵтүлгɵндүгүн (апелляцияны кароо учурунда катышкан кезде) жазуу түрүндɵ тастыктайт.

103. Окуучулардын сынак иштерин баалоо боюнча талаш маселелер жаралган учурда ТК апелляцияны кароо ишине бул сынак ишти мурда текшербеген, тийиштүү окуу сабагы боюнча калыс баалоочуларды тартат.

Сынак ишин текшерүүдɵ кетирилген каталар жана (же) эреже бузуулар аныкталган учурда, ТК тийиштүү маалыматты эки күн ичинде чечим кабыл алуу үчүн билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органына жɵнɵтɵт.

104. ТК тарабынан ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу окуучунун апелляциясы канааттандырылган учурда, ПК окуучунун ЖМАда (НМС) тийиштүү окуу сабагы боюнча алган жыйынтыгын жокко чыгаруу, ошондой эле кошумча мɵɵнɵттɵрдɵ ЖМАны (НМС) тапшырууга укук берүү тууралуу чечим кабыл алат.

105. Окуучунун коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляциясы ТК тарабынан канааттандырылган учурда, ПК окуучунун ЖМАда (НМС) алган жыйынтыгын ТКнын протоколдоруна ылайык ɵзгɵртүү тууралуу чечим кабыл алат.

106. ЖМАны (НМС) ɵткɵрүү учурунда белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу апелляцияны ТК эки жумуш күндүн ичинде, ал эми коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляцияны анын ТКга келип түшкɵн күнүнɵн баштап тɵрт жумуш күндүн ичинде карайт.

107. Эгерде тартип бузуулар ушул Жобонун 53-пунктунда кɵрсɵтүлгɵн же башка (ɵздүктүгү аныкталбаган) адамдар тарабынан жүргүзүлсɵ, анда ПК окуучулардын ЖМАда (НМС) тийиштүү окуу сабагы боюнча алган жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.



9. Окуучуларды бүтүрүп чыгаруу тартиби.

Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдɵгү документти жол-жоболоштуруу жана тапшыруу

108. Педагогикалык кеңештин сунуштамаларына ылайык жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен негизги жалпы билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана ЖМАдан (НМС), (СТ түрүндɵгү ЖМАдан же «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнɵн) ийгиликтүү ɵткɵн IX жана ХI класстарынын бүтүрүүчүлɵрүнɵ билими тууралуу мамлекеттик үлгүдɵгү документ берилет (IX классты аяктаган бүтүрүүчүлɵргɵ – негизги жалпы билими тууралуу күбɵлүк; ХI класстарынын бүтүрүүчүлɵрүнɵ – жалпы орто билими тууралуу аттестат).

109. Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдɵгү документ (текстте мындан ары – аттестат жана (же) күбɵлүк) так отчёттуулук документтер, Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтери болуп саналат.

Билим берүү уюму окуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүү жыйынтыктарынын, ошондой эле бул натыйжалар тууралуу маалыматтардын кагазга түшүрүлгɵн жана (же) электрондук түрдɵ Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган тартипте жекече эсебин жүргүзɵт.

110. Билими тууралуу документтерин окуучулар ɵздɵрү окуган жалпы билим берүү уюмунан, анын ичинде дарылоо мекемелеринде болгон бүтүрүүчүлɵр окуу сабактары жана ЖМАны (НМС) тапшыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарынан алышат. Мындай бүтүрүүчүлɵрдүн билими тууралуу документтерин жол-жоболштурууда алардын дарыланган жериндеги жалпы билим берүү уюмдарынан алган жылдык баалары эске алынат.

111. ЖМАны (НМС) бир окуу сабагы боюнча тапшыра албай калган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына тийиштүү сынак сабагы боюнча баасы жарыялангандан кийин, жеке арызы менен кайрылган учурда аларга ЖМАны (НМС) кайталап тапшыруу укугу берилет.

112. Негизги жалпы же жалпы орто билим берүүнү аяктабаган, эки же андан кɵп окуу сабагы боюнча жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбɵгөн же болбосо ЖМАдан (НМС) ɵтпɵй калган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына жалпы билим берүү уюму тарабынан белгиленген үлгүдɵгү маалымкат берилет.

Маалымкатта окуучунун жылдык баалары жана ЖМАдан (НМС) алган баалары, анын ичинде белгиленген окуу планындагы IX жана (же) XI класстарда окутулган бардык окуу сабактары боюнча алган «канааттандырарлык эмес» баалары да кɵрсɵтүлɵт.

Маалымкат алган окуучулар ЖМАны (НМС) бир жылдан кийин тапшыруу укугуна ээ болот.

113. ЖМАны (НМС) тапшыруудан ушул Жобонун 71-пунктуна ылайык бошотулган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына билими тууралуу документ жылдык бааларынын негизинде берилет.

114. Негизги жалпы билими тууралуу күбɵлүккɵ белгиленген окуу планындагы билим берүүнүн II баскычында окутулган бардык окуу сабактары боюнча алган жылдык жана (же) жыйынтык баалары жана ЖМАдан (НМС) алган баалары коюлат.

Жалпы орто билими тууралуу аттестатка белгиленген окуу планындагы IX жана (же) XI класстарда окутулган бардык окуу сабактары боюнча алган жылдык жана (же) жыйынтык баалары жана ЖМАдан (НМС) алган баалары коюлат.

115. Билими тууралуу документте ар бир сабак боюнча баалар сан түрүндɵ коюлат жана кашаа ичинде сɵз менен жазылат: «5» (эң жакшы), «4» (жакшы), «3» (канааттандырарлык).

«Канааттандырарлык эмес» баалары же «окуду» жазуусу болгон окуучуларга билими тууралуу документ берилбейт.

116. Аттестацияланбаган, ден соолугуна байланыштуу дене тарбия жана эмгекке үйрɵтүү сабактарынан бошотулган IX класстын окуучуларына билими тууралуу документте «бошотулду» деген жазма жазылат.

117. Билими тууралуу документте жалпы билим берүү уюмунун юридикалык аталышына, анын герби түшүрүлгɵн мɵɵрүнɵ, номерине жана жайгашкан жерине дал келүүчү аталышы кɵрсɵтүлɵт.

Билими тууралуу документ эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде жол-жоболоштурулат.

Билими тууралуу документ кара түстɵгү сыя же арип терүүчү түзүлүштɵрдүн жардамы менен толтурулат, директор, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класс жетекчиси жана бүтүрүүчү класстардын мугалимдери (5 тен кем эмес мугалим) кол тамгасын коюшат.

Билими тууралуу документ жалпы билим берүү уюмунун герби түшүрүлгɵн мɵɵрү менен күбɵлɵндүрүлɵт. Мɵɵрдүн тамгалары так, даана, жеңил окулгандай болушу керек. Билими тууралуу документте ɵчүрүүгɵ, оңдоого, сɵздɵрдү кошумча жазууга, чийүүгɵ жана тилкелерди толтурбай коюуга жол берилбейт.

Бүтүрүүчүнүн аты-жɵнү, атасынын аты, туулган жылы, айы жана күнү толук түрдɵ жана паспортундагы жазмалар менен так шайкештикте жазылат, ал эми паспорту жок бүтүрүүчү болсо, туулгандыгы тууралуу күбɵлүктɵгү жазмалардын негизинде толтурулат.

118. Жалпы билим берүү уюмунда жаштар жана чоң кишилер үчүн уюштурулган класстардын (тайпалардын) окуучуларынын билими тууралуу документтеринде жалпы билим берүү уюмунун аталышынан кийин «Күндүзгү-сырттан (кечки) окуу түрүндɵгү класс (тайпа)» жазмасы жазылат.

Экстернат таризинде билим алган бүтүрүүчүлɵргɵ билими тууралуу документтин оң тарабындагы жогорку бурчунда «Экстернат» жазуусу жазылат.

119. Жалпы орто билими тууралуу аттестатка берилген тиркеме (Жыйынтык баалардын табели) номерсиз жана сериясыз чыгарылат. Жетишүүнүн жыйынтык бааларынын табелин толтурууда «Жыйынтык баалардын табели» сɵздɵрүнɵн кийин жалпы орто билими тууралуу аттестаттын номерин жана сериясын жазып коюу керек.

120. ЖМАны (НМС) тапшыруудан бошотулган бүтүрүүчүлɵрдүн аттестатынын тиркемесинде жылдык баалары коюлат. Аттестатка тиркемеде «окуучу сынак тапшырган сабактардын аталышы» тилкесинде тиешелүү жазма, мисалы: «ден соолугуна байланыштуу сынактарды тапшыруудан бошотулду» же «(сабактын аталышы) боюнча эл аралык олимпиаданын катышуучусу (республикалык командага талапкер) катары сынактарды тапшыруудан бошотулду» деп жазылат.

121. Жалпы билим берүү уюмунда окуган убакытта окуучу мектеп окуучуларынын Республикалык (эл аралык) олимпиадасында катышпаса, аттестатка тиркеменин тиешелүү тилкесинде «катышкан эмес» жазмасы жазылат.

122. Ден соолугуна байланыштуу дене тарбия жана эмгекке үйрѳтүү сабактары боюнча ЖМАдан (НМС) бошотулган IX класстын окуучусуна ушул Жобонун 22-пунктуна ылайык билими тууралуу артыкчылык документи берилет. Ден соолугунун абалы боюнча атайын топко киргизилген жана дене тарбия сабагы боюнча жылдык «чегерим» баасына ээ болгон IX класстын окуучусуна ушул Жобонун 22-пунктуна ылайык билими тууралуу артыкчылык документи берилет.

123. Белгиленген окуу планынын окуу сабактарын толугу менен ѳздѳштүрбѳгѳн жана ушул Жобонун белгиленген талаптарына ылайык ЖМАны (НМС) тапшырбаган IX жана (же) XI класстардын окуучуларына билими тууралуу документ берилбейт.



10. Артыкчылык кɵргɵзгɵн бүтүрүүчүлɵрдү сыйлоо


124. Бир же бир нече сабактарды ɵздɵштүрүүдɵ ɵзгɵчɵ жетишкендиктерге жетишкен IX жана (же) XI класстардын окуучулары башка окуу сабактары боюнча жакшы бааларга ээ болгон учурда «Айрым сабактарды ɵздɵштүрүүдɵгү ɵзгɵчɵ жетишкендиктери үчүн» Мактоо барагы менен сыйланат.

125. Бүтүрүүчүлɵрдү «Айрым сабактарды ɵздɵштүрүүдɵгү ɵзгɵчɵ жетишкендиктери үчүн» Мактоо барагы менен сыйлоо чечими педагогикалык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

126. Билими тууралуу документи жана «Айрым сабактарды ɵздɵштүрүүдɵгү ɵзгɵчɵ жетишкендиктери үчүн» Мактоо барагы бүтүрүүчүлɵргɵ ЖМА (НМС) аяктагандан кийин салтанаттуу жыйында тапшырылат.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!