«Бекитем»
Директор, доцент
Акматалиев А.Т.
____________________
202__-ж _____________
Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордун түрлөрү
3. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар
4. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №470 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү” жобонун негизинде даярдалды.
2. КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо кесиптик билим берүү программасы боюнча билим алууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
3. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо мамлекеттик аккредитациядан өткөн кесиптик билим берүү окуу жайларында жүргүзүлөт жана аларга билим деңгээли, квалификациясы тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ берүү менен аяктайт.
4. Мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн окуу жайларынан билим алгандардын укугу жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтүү жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуусу аккредитацияланган окуу жайлар аркылуу камсыздалат.
5. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы ар бир негизги кесиптик билим берүүчүлүк программасы боюнча ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү институтунда (мындан ары институт) уюштурулуучу мамлекеттик аттестациялык комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз ишмердиктеринде ушул Жобону, кесиптик билим берүүчү окуу жайы тарабынан тиешелүү билим берүү программасы боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыккан окуу-усулдук документтерди жетекчиликке алат.
2. Жыйынтыктоочу мамлекеттик сыноолордун түрлөрү
7. Жыйынтыктоочу мамлекеттик сыноолор төмөнкүдөй түрлөрдөн турат:
-
жеке бир дисциплинадан жыйынтыктоочу сынак;
-
адистик боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу сынак;
-
бүтүрүүчү квалификациялык ишти коргоо.
8. Жеке бир дисциплинадан жыйынтыктоочу сынак студенттин окуу программасында каралган материалды, мамлекеттик билим берүү стандартында коюлган тиешелүү дисциплинанын минималдык мазмунун өздөштүрүүсүнүн деңгээлин аныктоосу керек.
9. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер тиешелүү адистик боюнча берилген маселелерди чечүүгө, билимдерин системалаштырууга, бышыктоого жана студенттин өз алдынча иштөө деңгээлин аныктоого багытталган. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер дипломдук иш же дипломдук проект формасында аткарылат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасы институт тарабынан аныкталат. Студентке сунушталган темалардан тандоо же өзү тема сунуштоо укугу берилет. Өзү тема тандаган учурда анын иштеп чыгуусунун максатка ылайыктуулугун негиздеши керек. Бүтүрүүчү квалификациялык ишке даярдык көрүүдө ар бир студентке жетекчи жана кеңеш берүүчүлөр дайындалат.
10. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын курамына кирген аттестациялык сыноолордун түрлөрү жана убакыттын көлөмү кесиптик билим берүү программасынын мамлекеттик билим берүү стандарты аркылуу коюлат. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялардын курамына кирген аттестациялык сыноолор семестрлердеги же жыл жыйынтыгындагы аттестациялык баалар менен алмаштырылуусуна жол берилбейт.
11. Билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик сынактардын программалары, бүтүрүүчү квалификациялык иштерге коюлуучу талаптар жана аттестациялык сыноолордогу билимдерди баалоо критерийлери окуу жайдын окуу-усулдук жана педагогикалык кеңештеринин отурумдарында талкуулангандан кийин директор тарабынан бекитилет.
3. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар
12. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мыйзамдарды, ушул жобону, тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартын, институт тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук документтерди жана окуу-усулдук кеңештин сунуштарын жетекчиликке алат.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын негизги функциялары:
-
бүтүрүүчүнүн даярдыгынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына туура келүүсүн аныктоо;
-
жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүгө квалификация ыйгаруу жана кесиптик билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ берүү чечимин кабыл алуу;
-
мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин жыйынтыктарынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.
13. Ар бир билим берүү программасы боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасынын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Мамлекеттик аттестациялык комиссиялар өз иш аракетин бир календарлык жылда жүргүзөт.
14. Төрага МАКтын ишин жетектейт жана комиссиянын ишмердигин көзөмөлдөйт, бүтүрүүчүлөргө коюлуучу бирдиктүү талапты камсыз кылат.
15. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамы институттун окутуучуларынан жана сырттан чакырылган ишканалардын (мекемелердин): башка билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун профилиндеги окутуучуларынан жана ишканалардын (мекемелердин), уюмдардын кесипкөй адистеринен түзүлөт. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы директор тарабынан бекитилет.
4. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүүнүн тартиби
16. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына кирген аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн шарттары институт тарабынан аныкталат жана маалымат бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу аттестация башталардан алты айдан кем эмес убакыт мурда жеткирилет. Студенттер аттестациялык сынактардын программалары менен камсыздалат, аларга даярдык көрүүгө шарттар түзүлөт жана кеңеш берүүлөр уюштурулат.
17. Тиешелүү билим берүү программасынын толук курсун окуган, окуу планында каралган бардык аттестациялык сыноолордон ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө билим берүү программасы (адистик) боюнча дисциплиналар аралык сынакка жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди коргоого уруксат берилет. Жеке дисциплина боюнча жыйынтыктоочу сынак кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун толук курсу бүткөнгө чейин да өткөрүлүшү мүмкүн.
18. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарды тапшыруу жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди коргоо аттестациялык комиссиянын курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышкан аттестациялык комиссиянын ачык отурумунда жүргүзүлөт. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына кирген аттестациялык сыноолордун жыйынтыгы “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык”, “канааттандырарлык эмес” деген баалар менен аныкталат жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын отурумунун белгиленген тартиптеги протоколу түзүлгөндөн кийин ошол эле күнү баалары жарыяланат.
19. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечимдери жабык отурумда, комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурларда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
20. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга кирген бардык аттестациялык сыноолордон ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө тийиштүү квалификация ыйгарылат жана кесиптик билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ берүү ишке ашырылат. Окуу планындагы бардык дисциплиналардын 75%инен кем эмесинен “эң жакшы”, калган дисциплиналардан “жакшы” баасы бар жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан “эң жакшы” гана бааларды алган студенттерге артыкчылыгы менен диплом берилет. Окутуунун белгиленген мөөнөтү ичинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамындагы аттестациялык сыноолордон өтпөгөндөр институттагы студенттердин катарынан четтетилет жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген үлгүдөгү академиялык справка алат. Аттестациялык сыноолордон өтпөй калгандарга жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон кайрадан өтүүгө бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин уруксат берилет.
21. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин жылдык отчету окуу жайдын окумуштуу кеңешинде талкууланат жана жыйынтыктоочу аттестация бүткөндөн кийинки эки ай ичинде Билим берүү жана илим министрлигине көрсөтүлөт (берилет).
Аттестациялык сыноолордо бүтүрүүчүлөрдүн билимдерин баалоонун критерийлери
ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү коллежинде бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялык сыноолору тест-суроолорун камтыган компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт. Бүтүрүүчүлөргө сунушталуучу тест суроолору тиешелүү Окуу-усулдук бирикмелердин (кафедралардын) мүчөлөрү (окутуучулар) тарабынан даярдалат жана суроолордун мазмунуна өндүрүштө иштеген кесипкөй адистерден пикирлер алынат. Тест-суроолор усулдук бирикменин кеңешмесинде талкууланып, жактырылган варианты коллеждин Окуу-усулдук кеңешинин отурумунда каралып, бекитилет жана AVN маалымат системасындагы тийиштүү программанын тутумуна кийирилип, ишке ащырылууга даяр болот. Маалымат системасынын тутумундагы программа адамдын кийлигишүүсүз ар биринде 30дан суроо камтылган 18-20 варианттагы тапшырмаларды даярдайт.
Аттестациялык сыноодон өтүүчүлөргө AVN маалымат системасынын администратору тарабынан тиешелүү аты (логин) жана сыр сөз (пароль) берилгенден кийин алардын ар бирине 30 суроодон турган белгилүү варианттагы тест материалдары монитордун экранына чыгарылат. Ар бир суроонун 4-5 тен жообу бар. Студент тестирлөөдөн өткөн мезгил МАК мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнөт. Комиссия мүчөлөрү тестирлөөдөн өтүп жаткандардын түшүнүксүз суроолоруна (мисалы, суроолорду орус же кыргыз тилдерине которуу ж.б.) жооп бере алышат. Ар бир вариант боюнча берилген туура жооптордун санына ылайык маалымат системасына баалоо шкаласы төмөнкү түрдө кийирилет:
“эң жакшы” 30 суроонун 24үнө туура жооп берилсе;
“жакшы” 30 суроонун 19 туура жооп берилсе;
“канааттандырарлык” 30 суроонун 15ине туура жооп берилсе;
“канааттандырарлык эмес” 14 жана андан аз туура жооп берилген учурда.
Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү AVN маалымат системасында даяр болгон сыноо ведомостуна кол тамгаларын коюшат. Сынак протоколуна пикирлерин жана сунуштарын жазып, жыйынтык бааларын бүтүрүүчүлөргө ошол замат угузат.