Ош технологиялык университети
Академик Б.Мурзубраимоватындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту
Бекитемин
Институттун директору, т.и.к., доцент ___________________ З.Б.Зулпуев
202___-ж. _____________________
202___-ж. «_____» ________________
202___-ж. «_____» ________________
СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДАӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИК КОНКУРСТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
Жобо институттун окуу-усулдук
кеңешинде каралып, кабыл алынган.
202___-ж. «_____» __________ № ____ протокол
Өзгөн ш.
1. Жалпы жоболор
Кесиптик билим берүүнүн негизги милдети эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде квалификациялуу орто звенодогу кадрларды даярдоонун принципиалдуу жаңы сапатына жетишүү болуп саналат.
Кесиптик окутуунун сапатын жогорулатуу, адистиктерди жайылтуу (пропагандалоо), окутуунун формаларын, ыкмаларын жана каражаттарын өркүндөтүү максатында конкреттүү адистик боюнча мыктыларды аныктоо үчүн кесиптик чеберчилик боюнча сынактар өткөрүлөт.
Кесиптик чеберчилик конкурсунун максаттары:
кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
жаш адистерди даярдоо, алардын көндүмдөрүн аныктоо;
тиешелүү ишмердик чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгегинин кадыр-баркын жогорулатуу;
сынактардын жана тарбиялык иш-чаралардын сценарийлеринин банкын түзүү;
окутуу процессине прогрессивдүү технологияларды, рационалдуу жолдорду жана эмгектин иш ыкмаларын киргизүүгө окутуучуларды мотивациялоо.
Кесиптик чеберчилик конкурстарынын милдеттери:
студенттердин кесиптик билимдеринин, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин аныктоо;
тиешелүү ишмердик чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн зарыл болгон жеке сапаттарды аныктоо.
2. Кесиптик чеберчилик конкурсунун катышуучулары
«Адистиги боюнча мыкты» кесиптик чеберчиликтин конкурсу төмөнкү адистиктер боюнча экинчи жана үчүнчү курстардын бардык окуу тайпаларында өткөрүлөт:
050709 Башталгыч класстарда окутуу;
050704 Мектепке чейинки билим берүү;
230109 ПОВТАС;
030503 Укук таануу;
080106 Финансы (тармактар боюнча);
080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча);
140212 Электр мене жабдуу (тармактар боюнча).
Конкурска катышууга бардык предметтерден жетишип окуган, эмгек тартибин бузбаган, окуу жайдын коомдук пайдалуу иштерине жана коомдук турмушуна активдүү катышкан студенттерге уруксат берилет.
Кесиптик чеберчилик конкурстары төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
«Башталгыч класстардын мыкты мугалими»;
«Мектепке чейинки курактагы балдардын мыкты тарбиячысы»;
«Мыкты юрист»
«Мыкты техник-программист»
«Мыкты финансист»
«Мыкты бухгалтер»
«Мыкты техник-электрик»
3. Кесиптик чеберчилик конкурсун уюштуруу жана окуу-өндүрүштүк тапшырмаларын иштеп чыгуу
3.1 Конкурстар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.
3.2 Адистиктер боюнча конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү максатында профессордук-окутуучулар жамаатынын, администрациянын, ишканалар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн жумушчу топтор түзүлөт.
Жумушчу топтор:
конкурстун максаттары боюнча студенттерге жана профессордук-окутуучулук жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт;
конкурсту өткөрүүнүн шарттарын иштеп чыгышат;
калыстар тобунун курамын түзүшөт;
окуу-программалык документтердин мазмунуна ылайык конкурсанттарды катышууга даярдоо боюнча тапшырмалардын максаттарынын так формулировкасын аныктайт;
конкурсанттар аткарууга тийиш болгон окуу өндүрүштүк иштеринин мазмунун жана санын так аныктоо;
тапшырмаларды аткарууда технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүн эске алуу, алардын техникалык талаптарын жана эмгекти коргоо чараларын сактоо;
тапшырмаларды аткаруу үчүн убакыт ченемдерин белгилейт;
жумуш орундарын керектүү жабдуулар, материалдар, аспаптар жана окуу-техникалык документтер менен камсыздайт;
баллдык системаны жана аткарылган иштердин сапатын баалоонун критерийлерин колдонуу менен сынактын жеңүүчүлөрү аныкталуучу көрсөткүчтөрдү жана тапшырмаларды бекитет;
конкурсту өткөрүүнүн сценарийлерин бекитет;
сыйлыктарды (приздерди) сатып алууга, дипломдорду, сертификаттарды ж.б. даярдоого көмөк көрсөтөт;
конкурсанттарга карата талаптарды аныктайт;
Жеңүүчүлөр конкурстун калыстар тобу тарабынан аныкталат. Методикалык кызмат зарыл учурларда конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө практикалык жардам көрсөтүшү керек.
4. Кесиптик чеберчилик конкурстарын өткөрүүнүн тартиби
4.1 Конкурстар датасы, убактысы жана өткөрүлүүчү орду аныкталган графикке ылайык жыл сайын өткөрүлөт. Профессордук-окутуучулук жамааттын ичинен жооптуу адамдар аныкталат.
4.2 Кесиптик чеберчилик боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү уюштуруу комитети тарабынан ишке ашырылат, анын курамына директор, окутуучулар, базалык ишканалардын өкүлдөрү кирет.
4.3 Бардык кесиптер боюнча кесиптик чеберчилик боюнча конкурс теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыйт.
Теориялык бөлүктө тиешелүү адистик боюнча Орто кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык кесиптик блоктун предметтери боюнча тест суроолору камтылат. Теориялык бөлүктүн тапшырмаларын аткаруу убактысы 30 мүнөт.
Практикалык этап окуу лабораторияларынын шарттарында тиешелүү квалификацияларга ылайык адистик боюнча практикалык тапшырмаларды аткарууну камтыйт. Контролдоо убактысы адистиги боюнча өзүнчө 2-4 саат. Практикалык тапшырмалардын мазмуну жана татаалдыгы тиешелүү адистик боюнча квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн талаптарына ылайык келет. Практикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн конкурстун бардык катышуучулары бирдей шарттагы жумуш орундары менен камсыздалат.
4.4 Практикалык тапшырмаларды жалпы баалоо аны түзүүчү элементтерин баалоодон турат:
- эмгекти коргоо эрежелерин сактоо;
- жумуш ордун уюштуруунун рационалдуулугу;
- ишти аткаруунун рационалдуу ыкмаларын колдонуу;
- технологиялык талаптарды сактоо жана тапшырмаларды аткаруунун сапаты;
- белгиленген убакыт ченемдерине жооп берүү.
4.5 Сынактын катышуучуларынын коопсуз эмгек шарттарын сактоосун көзөмөлдөө ар бир конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрүнө жүктөлөт.
5. Кесиптик чеберчилик конкурстарынын жеңүүчүлөрүн аныктоо жана сыйлоо
5.1 Студенттердин аткарган практикалык иштерин жана алардын теориялык даярдыгынын деңгээлин конкурстун тапшырмаларында белгиленген чектерде баалоо конкурстун калыстар тобуна жүктөлөт.
5.2 Калыстар тобунун мүчөлөрү иштөө ыкмаларынын тууралыгына, иштин технологиялык жактан сабаттуулугуна, тапшырманы аткаруу убактысына, эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт.
5.3 Конкурстун жеңүүчүлөрү конкурстук тапшырмаларды аткаруудагы эң мыкты көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат. Эгерде бул конкурс боюнча белгиленген көрсөткүчтөр эки катышуучунун ортосунда бирдей болуп калса, анда өндүрүштүк жана теориялык окутуулар боюнча мыкты жетишүүгө ээ болгон атаандашына артыкчылык берилет.
5.4 Байгелүү орундарды ээлеген сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат жана аларга «Адистиги боюнча мыкты» наамы ыйгарылат.
5.5 Конкурстун жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңүүчүнү кесиптик чеберчилик конкурсунунун облустук этабына катышууга сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
5.6 Кесиптик чеберчилик боюнча конкурстарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкан профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнө сыйлыктар белгиленет.
5.7 Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттердин кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын иш-чараларды белгилөө маселелери Окумуштуулар кеңешинде каралат.