КР ББИМ ББСБМТУБ
1. Жалпы маалымат
Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору сиздердин мектеп тандоого киргендигин жана мониторингге катышуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уруксат берилгендигин маалымдайт. Мониторинг санарип форматында 7-8-класстын окуучулары үчүн өткөрүлөт.
Баалоо эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Баалоо үчүн төмөнкү предметтер аныкталган: математика, окуу жана түшүнүү, табигый илимдер. Мониторингдин куралдары 7-8-класстын окуучулары үчүн тесттер.
Окуучуларды репрезентативдик тандоонун негизинде жүргүзүлгөн бул мониторинг окуучулардын билүү жана жасай ала турган көндүмдөрү тууралуу объективдүү обьективдүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган билим берүүнүн абалы жөнүндөгү так маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигине, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, мектептерге жана башка кызыктар тараптарга берүү үчүн жана PISA 2025ке даярдануу үчүн негизделген иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мүмкүндүк берет.
Тандалган ар бир мектепте изилдөөнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн мектеп тарабынан администратор (тестти башкаруу) жана информатика мугалими (компьютердик классты даярдоо) дайындалат.
2. Тестирлөөнүн мөөнөттөрүн аныктоо
Кыргызстанда окуучуларды тестирлөө 2024-жылдын 4-мартынан 7-мартына чейин өткөрүлөт.
Тестирлөө 2 саат 20 мүнөткө созулат.
Убакыт төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- нускама-20 мүнөт;
- текст менен иштөө болжол менен 2 саатка созулат;
Тестирлөөнүн узактыгын эске алганда, күндүн башында, мисалы, эртең мененки саат 9да пландаштыруу жакшы.
3. Тестти даярдоо жана тестирлөө мөөнөтүн ырастоо
Тестке бир күн калганда, сизден талап кылынат:
-тандоого кирген окуучуларга тестирлөө өткөрүү убактысы тууралуу маалымат берүү;
- окуучулардын катышуусун камсыз кылуу;
- окуучулардын тестирлөө күнү калем алып келүүсүн сурануу;
- математика жана табыгый илим багыттары боюнча долбоорлорду даярдоо;
- * бардык уюштуруу аспектилерин талдоо жана тестирлөө (жогорку ылдамдыктагы интернет менен компьютердик класс, күнү, сааты) үчүн бардыгы даяр экендигин текшерүү.
Тестирлөө эки саатка жакын убакытты талап кылгандыктан, иш-чараны эртең мененки саат 8ден 9га чейин баштоо жакшы. Мугалимдерден тестирлөө күнү компьютердик классты пландаштырбоону сураныңыз.
Тестти башкарган мугалим (тест администратор) ошол класстын класс жетекчиси боло алат.
4. Коопсуздукту камсыз кылуу
Бардык материалдарды сактоодо купуялуулук чаралары сакталышы маанилүү. Эч кандай шартта тесттерди экрандан сүрөткө тартууга, өткөрүп берүүгө, өзүңүздө калтырууга уруксат берилбейт.
5. Тестирлөө күнү тест-администратордун (класс жетекчинин) милдеттери
Тестирлөө күнү сиздин милдеттериңизге төмөнкүлөр кирет:
тестке катышкан ар бир окуучунун калеминин алдын ала болушун камсыз кылуу;
зарыл болсо, калькулятор менен камсыз кылыңыз (юлдук телефон эмес);
белгиленген убакытта тестирлөөнү баштоого окуучулардын толук даярдыгын камсыз кылуу. Бардык тандоого кирген окуучулардын тестирлөөгө келиши абдан маанилүү;
окуучулардын уюлдук телефондорунун, окуу китептеринин жана башка көмөкчү материалдардын жоктугун көзөмөлдөө;
окуучулардын тесттен ийгиликтүү өтүүсүнө түрткү берүү.
6. Техникалык адистин (информатика мугалими) тестирлөө өткөрүлгөнгө чейин жана тест өткөрүлө турган күндөгү милдеттери:
мектептин техникалык адиси (информатика мугалими) тестирлөө өткөрүлгөн күнү жогорку ылдамдыктагы интернети бар компьютердик классты даярдашы керек;
Chrome версиясынын акыркы нускасын орнотуу, эгер ал браузер орнотулган болсо, анда акыркы нускасына жогорулатуу;
тесттен бир күн мурун Интернетке кирүү үчүн 10 компьютерде / ноутбукта (зымдуу жана зымсыз туташуу) онлайн тесттен өтүү үчүн шилтемени ачуу жана программаны текшерүү:
https://assessment.eklavvya.com/Student/login?IID=94564
Сыр сөз (Пароль): 12345
Окутуу тилине ылайык, ылайыктуу окутуу тилин тандаңыз колдонуучу атын жана паролду киргизиңиз
тест күнү программага кирүү үчүн шилтемени ачып, тизмеге ылайык борбор берген окуучулардын логиндерин жана паролдорун киргизиңиз.
Ар бир мектептеги информатика мугалими үчүн ар дайым окуу бөлмөсүндө болуу маанилүү, ал жерде программа иштебей калса же интернет өчүп калса оңдоо, түзөтүү иштерин жүргүзүү керек.
Изилдөөнү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн сиздин жардамыңыз абдан маанилүү.
ББИМ ББСБМТУБ жардамыңызды жогору баалап, ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирет.
3