СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо жүрсөң абайла - деген темада класстан тышкаркы иш чаранын планы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жолдо жүрсөң абайла - аттуу класстан тышкаркы иш чара өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүк берилди.

Просмотр содержимого документа
«Жолдо жүрсөң абайла - деген темада класстан тышкаркы иш чаранын планы»

Сабактын темасы: Жолдо жүрсөң абайла.

2-класс

Сабактын максаты:

а ) Окуучулар жолдо, көчөдө, транспортто жүрүү эрежелерин билишет.

б ) Окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин билүү менен ой- жүгүртүүсү өнүгүп өсөт.

в ) Окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин сактоону үйрөнүү менен коомдук жайда, көчөдө тартиптүү жүрүүгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын формасы: Сабак-сахна

Сабактын жабдылышы : Жолдо жүрүү эрежелери боюнча сүрөттөр. Светофор макети.Жол белгилеринин сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү : Уюштуруу.

Ар бир адам күндө жолдо жүрөт.Биз мектепке, конокко же дүкөнгө барганда жолдон өтөбүз.Жолдо жүргөндө ар дайым этият болуу керек.Жол эрежелерин сактоо – өзүбүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн абдан маанилүү.Жолдон өтөөрдө ар дайым жарык күйгөн жерден, өтмөктөн өтүшүбүз керек.Алгач сол жакты, анан оң жакты карап, машиналар келбей жатса гана өтүү зарыл.Эгерде жолдо машина келе жатса, аны өткөрүп жиберип анан өтүш керек.Мектепке баратканда да, кайтып келе жатканда да жол эрежелерин унутпашыбыз керек.Эч качан жолдон чуркап өтүүгө болбойт.Жөө адамдар үчүн жол белгилери бар.Ошол белгилерди карап, так ошол жерден өтүү коопсуз болот.Ошондуктан ар дайым жол эрежесин сактайлы.

Аруузат:

Кана балдар айткыла!

Эрежени билбесек.

Эркин ойноп көп жүрсөк,

Эки жакты карабай.

Чуркап өтүп жолдордон,

Эрежени бузсак биз,

Эмне болот айткыла?

Алинур:

Кырсык болот.

Болбос үчүн кырсыктар,

Айталы жол эреже,

Эсиңерге туткула!

Билбегендер билишсин,

Кызыл, сары, жашыл да,

Так көргөзгөн жолу бар.

Зейнеп:

Светофордун макетин көрсөтөт.

Жол үстүндө үч кабат,

Илинген нурду карагын .

Светофор деп коет,

Эсиңе ал, өчүп жанарын .

Элдос:

Көңүлүңө илгиниң,

Көчө шартын дилгирим!

Шашкандардын шаарында ,

Не болорун билгиниң.

Жанаша турат көзү бар,

Жакшылап айткан сөзү бар.

Кызыл,сары, жашыл да,

Так жандоочтун өзү бар.

Амина:

Светофордун кызыл жарыгын көтөр

Көрдүңбү ,жанды кызылы,

Көбүнө арбын кызыгы.

Кишилер өтпөй турсун деп.

Чийилген жолго сызыгы.

Умар:

Светофордун сары жарыгын көтөрөт.

Кызылы өчпөй баспагын ,

Шааниси башка тактагын .

Сарысы күйүп турганда.

Саныңды чаап шашпагын.

Албан:

Светофордун жашыл жарыгын көтөрөт.

Жашылы күйүп калганда,

Жарашпайт карап калганга.

Жорголой тартып өтүп кет,

Жол берип жатат басканга.

Рамазан:

Жолдо иштеген бульдозерлер,

Кран, асфальт, төшөгүчтөр.

Сары түскө сырдалган,

Машинасын жай айдашып,

Шашпай өтөт этияттап,

Аны көргөн айдоочулар.

Акбата:

Кызыл түстүү өрт өчүргүч машина,

Ага жолду бошотобуз көргөндө.

Бул өң бизге коркунучту эскертет,

Кызыл жарык белгисиндей билгенге.

Назбийке:

Эрежени бузбайбыз,

Жолдо жүрүү өзүнчө,

Кызык экен окусаң.

Эрежени үйрөнсөң,

Эркин басып жүрөсүң.

Эмир:

Эрежени сакташат,

МАИ деген ар дайым.

Эрежени үйрөнүп,

Эрежени сактайбыз.

Аделина:

Жол эрежеси ушундай,

Айткандарды уккула.

Жол эрежесин так окуп,

Жол кырсыкка кабылба.

Бекхан:

Жол эрежени так билсек,

Кырсык болбойт эч качан.

Өмүрүңө коркунуч,

Алып келбейт эч качан.

Нурмира:

Жол боюнда кадалган,

Белгилердин түрү бар.

Булар абдан пайдалуу,

Баарын жаттап билип ал.

Арлен:

Жолдо жүрүү тартибин,

Эсте, бекем сактагын.

Жолду кесип өтөөрдө,

Эки жакты байкагын.

Дияна:

Кесилишкен жолдордо,

Жарык күйөт үч бөлөк.

Жол кыймылын иреттеп,

Кезек менен өткөрөт.

Акбата:

Сары жарык күйгөндө,

Токто, күткүн абайла.

Жолдон дайым өтүп жүр,

Жашыл жарык жанганда.

Зуура:

Кызыл жарык күйгөндө,

Токто деген белги бул.

Жашыл жарык күйгөнчө.

Жолдон өтпөй, токтоп тур.

Рамазан:

Жашыл жарык жанганда,

Жол ачыгын билдирет.

Жолдо жүргөн адамдар,

Баары жатка билишет.

Батма:

Асфальт жолдун бетинде,

Ак сызыктар чийилген.

Жөө адамдар өтсүн деп,

Ушул белги илинген.

Алихан:

Баратканда көчөдө,

Тентектенбе, шоктонбо.

Жолтоо болуп бирөөгө,

Жолго жакын жолобо.

Мадина:

Автобустан түшкөндө,

Чуркап чыкпа алдынан.

Катарында көрүнбөй,

Келатпасын машина.

Данил:

Кыштын күнү муз тоңуп,

Жолдор абдан тайгалак.

Машинадан сактанып,

Жүргүн дайым абайлап.

Айжан:

Транспорт ичине,

Түшсө ата-энелер.

Тура калып ордуңдан,

Улууларга орун бер.

Айтмырза:

Турса эгер ичке жолдо машина,

Карап өткүн, барба жакын жанына.

Айдоочу коюп дагы кетпесин,

Эч ким жок деп карабастан айдаса.

Бегимай:

Курулуш жүрүп жатканда,

Жанында ойноп баспагын.

Алыстан байкап карачы,

Крандын иштеп жатканын .

Дияна

Жашыл түс-бул бейкапардык

Чөптүн ,жалбырактын түстөрү.

Ошондуктан күтөбүз биз

Жолду кесип өтөөр кезде,

Светофордун жашыл көзү күйгөнүн .

Жумамедин:

Турса эгер ичке жолдо машина ,

Карап өткүн,барба жакын жанына .

Айдоочу коюп дагы кетпесин,

Эч ким жок деп карабастан айдаса.

Эмир:

Жолдон өтсөң сол жагыңды карагын,

Шаша, көрбө бачым өтүп кеткенге.

Анан кийин оң жагыңа карагын,

Ортодогу ак сызыкка жеткенде.

Машиналар алыс жакта болгон соң

Өтө бергин коркунуч жок шектенбе.

Хор : Жол жүрүүнүн эрежесин сактагын.

Жол эрежени сактайлы,

Ден соолукту барктайлы.

Эрежени бузбастан,

Эстүү балдар болобуз.

Сарысы күйсө камданып,

Кызылы жанса токтойбуз.

Туура эмес өтүп көчөдөн,

Машина жолун тоспойбуз.

Ошондуктан окуйлу,

Жол белгини жакшылап,

Жолдо болбойт кырсыктар,

Эрежени так билсек.



Көрүнүш:Жолдо жүрүү эрежесин сактагын.

Аруузат: Ышкырат

Элдос: Бул эмне?

Элдос: (күлүп) Кандайсың, Аруузат?

Аруузат: Мен Аруузат эмесмин.Мен деген милиционермин.Документтериңизди көрсөтүңүз.

Элдос:Документтерим жок, мен кичинекеймин азыр.

Аруузат: Баары бир да сиз эрежени буздуңуз.

Элдос: Менби? Кайсы эрежени?

Аруузат:Жол жүрүүнүн эрежесин, жолдон өткөндү билбейт экенсиз.

Элдос:Эми эмне кылам?Балдар а силер жолдон өткөндү билесиңерби? Жолдон кантип өтүш керек?Айтып койгулачы мага.

Зейнеп:

Жолдон ала темгил сызык чийилген жерден өтүш керек.

Эмир:Солго карайбыз, оңго карайбыз машина жок болсо өтөбүз.

Жумамедин:Жолдон светофордун жашыл жарыгы күйгөндө өтөбүз.

Элдос: Рахмат, балдар.Мен эми жолдон өткөндү билем, жолдош милиционер Аруузат.

Аруузат:Азыр текшеребиз өтүңүз.

Элдос:Жолдон ала темгил сызык чийилген жерден өтүш керек, эми машина барбы, жокпу караш керек, солго карайбыз машина жок экен, эми оңго карайбыз машина жок экен эми өтөбүз.

Аруузат:Жакшы, сиз жолдон туура өттүңүз дайыма ушинтип эрежени сактаңыз, жолуңуз шыдыр болсун.

Элдос: Рахмат.

Көрүнүш.Машина жолдо ойнобо.

Айтмырза:Апа, мен ойноп келем.

Апасы: Этияттан, жолдо машиналар бар балам.

Айтмырза: Макул, макул.

Айтмырза:Кандайсыңар, достор?

Эмир: Кандайсың, Айтмырза:

Мадина: Биз топ ойноп атабыз.

Айтмырза: Омий-ай, мен да ойноюнчу?

Мадина:Тут, Айтмырза

Айтмырза:Ой, азыр алып келем.

Эмир:Айтмырза токтой тур

Мадина:Энекем ай, эмне болот эми?

Эмир:Токто дейм Айтмырза.

Айтмырза: Ай

Мугалим:

Камырабай Укпасбек,

Топ ойноп жаткан жол жээгинде,

Ай ,ай,эмне болот эми

Чоң жолго топ ыргытып кетти. Машина келе жатат тигинде.

Укпасбек топтун артынан жүгүрөт.Машина коюп кетет.Ал кыйкырып жиберет.

Ай-ай, ой, ой бутум ай, бутум.

Айдоочу :

Ай,чунак бала,

Эмне болду сага?

Чоң жолдо коркпой ,

Ойногонун кара.

Тирүүсүңбү ,айланайын ай,а?(Карбаластап тургузат)

Укпасбек : Ой-ой.буту-ум!

Айдоочу (кармалап көрөт).

Бутуң сынып калган туура,

Тез жеткирейин ооруканага .(ооруканага алып кетет).

Аделина:

Чоң жолго жакын ойнобоо керек .

Көрдүңөрбү,кырсыкка өзү болду себеп.

Жумамедин:

Жол белгисин билбесек,

Жаман жорук башталат.

Шашпай жүргүн көчөдө ,

Кокустук деги балакет.

Нурхан:

Топ ойнобо чоң жолдо,

Машиналар көп өтпөс деп.

Шашпай жүргүн көчөдө,

Кокустук деген балакет.

Укпасбекти көрдүңөр,

Эмне болгонун өзүңөр.

Жол жээгине ойнобо,

Кырсык болот ушундай.

Мына менин колумдагы,

Ала-була таягым да,

Жол кыймылын башкарат,

Сыйкырдуудай карачы.

Көрүнүш.Жолдо жүрсөң абайла.

А тигил кыздар ,

Келе жатат мектептен ,

Жолдун таптак ортосунда.

Милиционер карап турат.

Ала- була таякчан.

Балдар бузуп эрежени ,

Өтмөк болду карасаң.(милиционер сөзгө алаксып келе жаткан

окуучулардын жолун тосот,ышкырат!)

Окуучулар.( туруп калышат)Кечириңиз!

Зейнеп: (окуучулар өз ара сүйлөшүшөт)

Милиционердин колундагы

Ала- була таякчасы

Жол кыймылын башкарат.

Сыйкырдуу карачы.

Мугалим:

Так көчөнүн ортосунда,

Турса эгер милиционер .

Жүргүнчүлөрдү жөнгө салат,

Тил алышат бардык эл.

Ышкырып ал бат токтотот,

Эрежени аткарбасаң сен эгер.

Бийкелди: Милиционер :(окуучуларга карап,кыймылы менен көрсөтөт

Эгерде мен далым салып,

Же турганда бетме –бет,

Анда ойлонбостон ,

Светофордун кызыл көзүн элестет.

Колум сунуп турсам тосуп,

Анда дагы күтө тур.

Ала –була таягымды

Тик жогору көтөргөндө,

Анда дагы күтө тур

Таякчам менен белгилеп.

Анда ,досум,өтө бергин

Жашыл жарык күйдү деп.(балдарга жол көрсөтөт).

Жолдон ары өтөрүңдө,

Алаксыбай жүргүлө.

Жөө жүрүүнүн эрежесин

Беш колуңдай билгиле.

Амина:

Окуучулар :Ооба ,бизди кечириниз,

Сактыкка кордук жок(окуучулар кетишет).

Жыйынтыктоо : Мына балдар жол эрежелери ,жол чырагы анын жардамы тууралуу бүгүн көп нерселерди үйрөндүңөр.Ушул үйрөнгөндөрдү турмушта колдонгула,жол эрежесин ар дайым так сактагыла.

Азизова Айтурган

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Кош-Терек айылы.Нурмолдо атындагы №28 жалпы негизги билим берүүчү мектеби