СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо журуу эрежелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жолдо журуудогу эрежелер боюнча тарбиялык саат.

Просмотр содержимого документа
«Жолдо журуу эрежелери»

Сабактын темасы: «Коопсуздук, жолдо жүрүү эрежелери менен тааныштыруу»

Мөөнөтү:

Класс:

Сабактын максаты:

Сабактын жабдылшы: Светофор, жол белгилери салынган сүрөттөр, интерактивдүү доска, жол эрежесине арналган китептер.

Сабактын жүрүшү:
I. Уюштуруу учуру:
Киришме: «Жолдо жүрүү эрежелери» аттуу тарбия сабагын баштаганы олтурабыз. Теманы ачып алсак, бул деген «Жол травматизминин алдын алуу»,
жол эрежесин туура сактап, абайлап жүрүүнү талап кылат. Жол тартибин бузба, ал кооптуулукту жаратат. Жол кырсыктарынын болушу көбүнчө балдардын жол боюнда кандай болсо, ошондой жүрүп, топ кубалап, чана тебип, жүрүп бара жаткан машинага жабышкандары, жолго чуркап чыгып кеткен учурларынан бузулат.
Жол тартибин бузгандыктан кээ бирөөлөр машина дөңгөлөгүнө илинип каза табып, кээ бирөөлөрү жаракат алат. Ал эми кээ бирөөлөрү өмүр бою майып болуп калат. Ошондуктан ар бир окучу мектепте өтүлө турган «Жолдо жүрүү эрежеси» тарбиялык сабагын кунт коюп угуп, ага маани берип, ар сабактан тыянак чыгара билүүгө милдеттүү. Үлгүлүү, тартиптүү окуучу көчөдө жолдо жүрүү эрежесин бузбайт.

Анда эмесе, кандай бала жол эрежесин бузбайт?
Балдар: - Үлгүлүү, тартиптүү бала.
Мугалим: - Анда эмесе «Көз ирмем токто – өмүрүңдү сакта» аттуу тарбиялык сабагыбызды ачык деп жарыялаймын.


ІІ. Негизги бөлүк:
Светофор-өмүрүбүздү кырсыктан сактандырган көмөкчүбүз. Анын сырын билип, тилин алуу баарыбызга керек.

Эң алгачкы көчөдөгү светофор 1868 жылы Лондондо пайда болгон. Аны ойлоп тапкан америкалык инженер Найт болгон. Алгачкы светофордун эки гана семафордук канаты болгон. Тигинен орнотулган канат "токто" дегенди билдирсе, 45 градустук бурчка эңкейтилген белги - "абайлап өтүңүз" дегенди билдирет. 1918 жылдан баштап үч түс колдонула башталды. Алгачкы электр светофорун ойлоп тапкан адамдын аты Лестер Вайр.


Мугалим: Балдар, көчөдө жүрүү эрежесин билүү бизге эмне үчүн керек?
Окуучу: Ар бир окуучу көчөдө жүрүү тартибин өтө жакшы билүү керек. Көчөдө жүрө билүү машинанын алдына калып калуудан, кырсыктан сактайт.
Окуучу: Көчөдө жүрүү тартибин сактабоо унаанын жүрүп-турушуна тоскоолдук кылат.

Мисалы: Жолоочулар жумушка, сабакка, дарыгерге барууга, фабрика, заводдорго, дүкөнгө, жүк мезгилинде жеткирилбеши, вокзалдарга башка шаарларга өз убагында жете албашыбыз мүмкүн.

Мугалим: Жөө адам кайсы жер менен жүрүүгө болбойт?
Окуучу: Унаа жүрүүчү көчөнүн ортосу менен жүрүүгө уруксат берилбейт. Мугалим: Көчөдө жүрүү тартибин ким башкарат?






Мугалим: Жээк жолдо кандай жүрүү керек?
Окуучу: Жээк жолдун оң жагы менен жүрүү керек, сол жагы менен жүрүүгө болбойт.
Мугалим: Анда дагы кандай жүрүүгө уруксат берилбейт?
Окуучу: Төрт-беш адам катар жүрүүгө болбойт.
Мугалим: Аялдамада турган унааны б.а. машина, автобусту кандай айналып өтүү керек?
Окуучу: Аялдамада турган автомобиль, автобус же троллейбусту сырт жагынан айналып өтүү гана керек.Ошондо биз анын артында келе жаткан машинаны алдын ала көрөбүз.
Мугалим: Жарайт, окуучулар силер көптөгөн көчө кесилишинде кездешкен қооптуу жагдайлардан аман-эсен қутулуп чыгат деген ишенимдемин.
Мугалим: Балдар, биз ар бир белгинин эмне максатта колдонулушун билдик.

Билимдерибизди тереңдетүү үчүн викториналык сурактарга жооп берели.

Викториналык сурактар: Блиц – турнир
1. Жолоочулар дегенибиз кимдер?
Кез - келген унаа түрүн пайдаланган адамдар.
2. Светофор дегенибиз эмне?
Светофор автоматташтырылган үч көздүү аспап. Жол кыймылын иреттейт.
3. Велосипед менен канча жаштан баштап жол менен жүрүүгө болот?
Жол боюна 14 жаска толгон балдарга гана уруксат.
4. Көчөдө светофор болбосо кантип өтүү керек?
Өз көзүнө ишенүү керек, жол ортосуна жеткенче сол жакка кара, ортосунан ашкандан кийин оң жакка мойнуңду бур.
5. Кандай унаа түрлөрүнө светофордун кызыл жарыгына жүрүүгө уруксат берилет?
Тез жардам, полиция, өрт өчүргүч машинасына.
6. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук унааларды кайсы жерден күтөбүз?
Аялдамада
7. Жакындап калган унаанын алдынан жүгүрүп өтүү эмне себептен кооптуу?
Айдоочу унаасын токтото албай, адам өмүрүнө залал келет.
8. Полиция, тез жардам, өрт өчүргүч машиналары өтүп кеткенче күтүп туруу милдеттүүбү?
Ооба, милдеттүү

9.
10. МАИ деген сөздү талдап бер.
Мемлекеттик авто инспекция

11.Үйдүн төбөсүндө өмүр сүргөн Карлсон өзүнүн маторун эмне менен майлады?(варенье)
12.Эртөштуктун жанындай жакшы көргон унаасы? (Чалкуйрук)
13.Жезкемпирдин унаасы? (шыпыргы)

14.Почточу Печкинге дядя Федянын ата-энеси эмне сыйлык берди? (велосипед)
15.Эртоштукту жер асты хандыгынан жер бетине чыгарган эмне? (Каракуш)
16.Мышык Леопольддун сүйүктүү унаасы? (велосипед)





















Авария болуунун себептери




Жол белгилери













Велосипедде жүрүү эрежелери



















Транспортто жүрүү эрежеси































Жыйынтыктоо:
Мугалим: Балдар, бүгүнкү сабакты жыйынтыктап жатып , «Жол апаты айтып келбейт», «Жол эрежесин эсиңде сакта!», «Жол тартибин билели, эсен-аман жүрөлү» деп айтмакмын. Денибиз соо, элибиз тынч, жол тартибин сактап, аман – эсен жүрөлү.

Үйгө тапшырма: Жол эрежесинин 10 белгисин таап сүрөтүн тартып келгилүү