СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 17.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жомоктор китеп эң

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сунуш 

Просмотр содержимого документа
«Жомоктор китеп эң»

Бир хан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине: —Мага акмак киши таап бергиле! — деп буйрук кылды. Эки жигит жолго чыгып, акмакты издеп кетишти. 

— Эми кимди алып барабыз? Жөн эле кишини кармап барсак, хан бизди жазага тартат,— деди биринчиси. Экинчиси айтты: — Сен кандай макоосуң? Кимди деген да сөз болобу?.. Жолуккан эле кишинин эркине койбой жетелеп барабыз. Хан чакырып жатат десек, барбаска айласы канча! Экөө ушинтип келе жатып, карагай сүйрөткөн бир кишиге жолукту. — Карагайыңды таштагын, азыр ханга жүргүн, сени чакырып жатат,— дешти жигиттер. — Токтогула, карагайды үйгө жеткирип коёюн да, анан барайын. Эмне үчүн чакырды? Жигиттердин бири: — «Эмне үчүн чакырды» дейт тура. Аны эмне кыласың? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү! Хан акмакты таап кел деген, жүргүн! — деп шаштырды. — Жок, жигиттер, карагайды атайы тоодон мээнет менен алып келе жатьш, орто жолго таштай албайм,— деп бастырып кетип калды ал.Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон катынга жолугушту. — Жеңе, сени хан чакырып жатат, тезинен жүргүн,— дешти. — Ботом, катынды хан эмне үчүн чакырат? — деди аял. — Катынды кепке-сезгө чакырмак беле, акмак адамды таап кел деген. Эркектер менен айтышпай, жүр тезирээк. — О, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн кишиден бөлөк акмак табылбас... Өз оокатым үчүн керек ишими бүтүрүп алайын деп, мен мында жанталашып жатам. Акмакты тапчу жериңерден издегиле! Мен барбайм! — деп катын катуу айтты. Эки жигит дагы жөнөп: — «Эгер сырыбызды ачык айтсак болбойт экен. Ап-дан көре кезиккен эле кишини зордоп алып кетели» — деген акылга келишти. Алар жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп: — Ой, дыйкан, жүргүн ханга! — дешти. — Эмгек кайнап турган убакта, эмне үчүн барам?— деди дыйкан. — Көп сүйлөбөй, жүргүн дегенде жүргүн! Хан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң!.. Жигиттерге дыйкандын абдан ачуусу келди: — Силер үчүн акмакты даярдаган киши жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула! — Эмесе акмакты таап бер,— деп эки жигит дыйканды бекем кармап туруп алышты. — Мени коё бергиле күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын,— деди дыйкаы. — Жок, же өзүң ханга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтып бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиз дейсиңер, кимиңер акмак экениңерди таптакыр билбей койдук. — Макул эмесе, акмакты айтып берейин, бирок мени коё бергиле,— деп дыйкан айтканда, жигиттер аны шаштырып турушту. Дыйкан ойлоно калыш — «Акмакты таап кел» деген хандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындаң артык акмакты дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп таппайсыңар, — деди. Жигиттер ачууланып: — Сен ханга тил тийгиздиң, барып айтабыз! — дешти. — Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну хандын кулагына куюп айтсаңар экен! — деди дыйкан. Эки жигит ханга келип айтышты. Ошол дыйкандын колу-бутун байлап алып келгиле! — деп хан буйрук кылды. Дыйкан хандын астына келип олтурду. Хан дыйканды кекетип: — Сен мени акмак депсиң, эгер акылдын баары сенде болсо, менин мына бул тулпарымды колуңа алгын. Үч күндүн ичинде муну жакшылап таптагын. Таптай албасаң — башынды кесем! — деди. Дыйкан тулпарды колуна алып, ага жем-чөптү маалы менен берип, суутуп, сууну да убагы менен ичирип, төртүнчү күнү хандын алдына келип минтип айтты: — Таксыр ханым, сенин тулпарьщ анык күлүк экени чын экен, бирок мунун канында уй менен эшектин жалгашкан жери бар экен. Муну укканда хандын ачуусу келип, дыйканды даргага астырмак болду. Ошондо ортого хандын картаң энеси түше калып, минтип айтты: — Балам, сен жөнү жок жерден ачуулана бербе. Биздйн жылкы жайлоо нуу карай кетип баратканда, бир эшек жылкыны аралап кирип кетип, дал ушул сенин тулпарыңдын энесин карап коюптур. Кулунду туугандан кийин, ал бээ өлүп калды. Анан мен бул кулунду саан уйдун эмчегин эмизип бактырдым. — Мунун ушул эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экенин сен кантип билдиң? — деп сурады хан дый-канга карап. — Үч күн бою мен бул тулпардын жанынан карыш жылган жокмун,— деди дыйкан. — Сууну көчип чыкканда, арткы бутун силкип-силкип алат, бул уйдун кылыгы. Түн ичинде мен буга чөп салсам, .эшекче бакырат. Мына ошондуктан сенин тулпарыңда кандайдыр эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экен ден ойлодум. Дыйкандын бул сөзү ханга аябай жагып, аны жакшылап конок кылып, хандын зайыбы дыйканга бир алтын акча берди. — Арадан бир топ күн өткөндөн кийин, хан баягы дыйканды өз алдына чакырды. — Эгер сен чындап эле билгич болсоң, муну тапчы, экөөбүздүн кимибиз анык хандын тукумубуз — менби же менин зайыбымбы? — дөп сурады хан. — Сенин зайыбың нагыз хандын тукуму, ал эми өзүң болсо наабайчынын баласысың,— деп дыйкан жооп кайтарды. Хандын каары чындап козголуп, дыйканды ошол замат даргага астырып жибермек болду. Бирок мунун алдында өзүнүн картаң энесин чакыртып алып: — Апаке, сен чыныңды айт, мен кимдин баласымын? — деп сурады. Апасы минтип айтты: — Уулум, мен жаш кезегимде улам эле кыз төрөй бердим, атан, буга ар дайым нааразы болуп жүрдү. Биз-де нан бышыра турган наабайчы бар болчу. Ал экөө-бүздүн боюбузга бир маалда бүттү, экөөбүз бир күндө терей турган болдук. Эгер сен эркек бала төрөсөң аныңды мага бер, мен дагы эле мурдагыдай кыз төрөсөм, кызымды сага берейин деп наабайчынын зайыбы менен убада кылдым. Ырас эле наабайчынын аялы эркек бала төрөдү, мен кыз төрөдүм, экөөбүз жаңы төрөлгөн балдарды эч кимге билдирбестен алмаштыра салдык. Мен эркбк төрөдүм деп, хандан сүйүнчү сураттым, Мына ошентип, сен хандын уулу болуп калдыд. Кызымдан ажырабас үчүн, мен аны сага колукту кылып алып бердим. Ошол себептүү, балам, мына бул за-йыбың менден төрөлгөн кыз. Муну укканда хан ого бетер аң-таң болуп: — Ушуну сен кантип билдиң? — деп сурады. — Опоңой эле билдим. Сен мени конок кылганда, алдыма токочту үйө бердиң, ал зми аялың болсо, менин астыма алтын акчаны койду. Ошондуктан мен сени наа-байчынын баласы экен, зайыбың нагыз хандын тукуму экен деп ойлодум,— деди дыйкан. Муну укканда хан дыйкандын акылы ырас эле чоң экенине көзү жетип, мына эми эң акыркы жолу сынамакчы болуп: — Эгер сен өтө эле билгич болсоң, кудай кайда? — деп сурады. — Ханым, ушу кебетем менен кудайдын кайсы жерде турганын айтсам мени кусур урбайбы. Ошондуктан, сен менин киймимди кийин, менден кечирим сурагандай болуп, алдымда баш ийип тургун. Мен сенин кийиминди кийип, алтын тагыңа олтурайын. Анан мен кудайдын кай жерде экенин айтып берем, антпесем, бул кейпим менен кудай .жөнүндө сөз кылышым ылайык болбойт,— деди дыйкан. Хан макул болуп, үстүндөгү кийимин бүт чечип бе-рип, дыйканды алтын тагына олтургузду; өзү дыйкандын кийимин кийип, анын алдында баш ийип турду. Хан боло калган дыйкан жигиттерин чакыртып алып: — Ушул убакка чейин акмакты бекер таппай жүрүпсүңөр. Мындан артык акмак барбы?.. Сыртка сүйрөп чыгып, дал ушул акмактын башын кескиле! — деди. Көпкөн жигиттер бөлөк сөздү уксунбу: ханды желкелеп барып, башын кесип, денесин тарткылап, кумардан чыгышты. Дыйкан такка отуруп, элге кайрымдуу жана адилет хан болуп калган экен. 



Карачач 

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:
-Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,-деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:
-Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?-деп элге суроо берет.
Ошондо бир балыкчы чал:
-Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?-дейт. 
Андан Каракан:
-Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,-дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.
Кыз:
- Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,-деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,-дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.
- Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.
Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.
Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.
Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:
-Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,-дейт. 
Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды. 
Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:
-Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,-дейт. 
Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:
-Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,-дейт. 
Анда чал:
-Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,-дейт. 
Бул сөзгө кандын ачуусу келип:
- Чалды дарга тарткыла,-деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:
- Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,-дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.
Кыз атасына:
-Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла де”,-деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң-таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:
-Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,-дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:
- Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,-дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:
- Жырткыч айбандардын сага жана ата-энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата-энеңе берсең, жеп-ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.
-Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа-кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,-деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,-деп кыз айткан экен.
Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:
-Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,-деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.




Абылай жетим

Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен:
- Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт.
-О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.
Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетти.
- Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле?
- Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу.
- Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем.
- Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып сүйүнүп келди.
- Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси.
- Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле?
-Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды..
Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга ойной баштады.
-Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир.
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга:
-Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет,-дейт. 
Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти.
-Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди. 
Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди. Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтты.
Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу ыраахаттануучу болду.
Күндөрдүн биринде вазир канга кедди:
-Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет. Анда кан:
- Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди.
Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды.
Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берди.
- Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң.
Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн кайым болду.
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү. Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты.
Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду.
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты.
- Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат. Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып, Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди.
- Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,-дейт энеси.
Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө:
-Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди. 
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:
-Бул эмне тамак?- деди Абылай:
-Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Дөө муну укканда айран калды.
-Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду.
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту. Саламдашкандан кийин:
- Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты.
Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү, күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады.
-Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди. 
Чал катуу чочуду.
- Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?
- О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди.
Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп, канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген жок.
- Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин.
Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөздү.
-Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет,-деп кайталады падыша.
Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл:
-Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди. 
Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга салынды.
-Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди. 
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү. Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди. Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын калганына кан чатак кылды. Анда бала:
-Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем,-деди. 
Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан:
-Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың, -деди.
Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди.
-Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң.
Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр.
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.





Жез кемпир

Илгери- илгери бир эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп: 
- Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,-дейт. 
- Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,-дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата берет. Аял болсо, күнү-түнү менен жаны тынбай оокат кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
- Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп келинди токойго алып келет. Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят. Отту чоң кылып жагып, баягы келинди шишкебек кылып жеп коёт. Көрсө, ал кемпир киши жегич экен.
Кемпир алачыкка кирер замат кыздар:
- Апабыз кайда?-деп сурашат. Анда кемпир:
- Камырабай эле койгула, силердин энеңер өтүгүңөрдүн таманына салгандай чөп жулуп жүрөт, жакында келер,-деп коёт.
Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Кыздар ары оодарылышып, бери оодарылышып уйкулары келбей жатышат. Күтүп отурушуп, күтүп отурушуп, бир маалда кыздардын улуусу:
-Эмне энем кечикти,-деп тынчсызданып, токойду көздөй жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп токойго барса, бир жаңы эле өчкөн оттун ичинде адамдын сөөктөрү жатат. Ошол жерден энеси байланып жүргөн бүлөөнү, оттукту жана энесинин тарагын табат. Кыздар өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап, энесинин бүлөөсүн, оттугун жана тарагын алып кайра алачыкка келет. Жолдо келатып эки чымчык кармай келет. Кыздар чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп, тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт.
Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. “Кыздар ордунда экен”-деп кемпир кайрадан уйкуга кирет. Кемпир жети күн, жети түн уктайт. Бир маалда курсагы ачканынан ойгонот. “Эми кыздарды жейин”-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Ошол жерден кемпирдин ачуусу аябай келип, баягы кыздардын аркасынан кууп жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп кууп жетип кармай турган болгондо улуу кыз:
-Эне, энекебай бизге жардам бер!-деп бүлөөнү ийнинен алыс таштап жиберет.
Бүлөө түшкөн жерге чоң дарыя болот. Кыздар бир өйүзүндө, кемпир экинчи өйүзүндө калат. Кемпир сууга киргенден коркуп, өкүрүп, ачууланган бойдон кала берет. Кыздар артын карабай алдыга кетишет. Дарыя жети күн агат да, андан кийин кургап, ал эми бүлөө болсо, улуу кызга кайра барып калат.
Кемпир кайра кыздардын артынан түшөт. Анын жакын калганын укканда улуу кыз:
-Эне, энекебай, бизге жардам бер!-дейт да, оттукту ийнинен алыс ыргытып жиберет. Бир паста түптүз талаада бийик зоо пайда болот, тоо жети күн турат. Ошентип кемпир жете албай кала берет. Эже-синди артын карабай жүрүп олтурушат.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы эки кыз бир аралга туш келет. Аралдын наркы өйүзүндөгү алачыкта жашаган бир кара кемпирди көрүп, эки кыз:
-Эне, бизге жардам берип коюңуз,-деп чакырышат. Анда баягы кемпир:
- Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен?-дейт. Кыздар:
- Биз көптөн бери адам көрө элекпиз, бизге өңүңүз күндөн да жарык, колуңуз биздин энебиздин колундай жумшак көрүнөт,- дешет.
Ошентип кемпир кыздарды суудан көтөрүп чыгат. Кыздарды кемпир өз кыздарындай багып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
-Менин эки балам бар, алар мергенчилеп кеткенине бир нече жыл болду, ошол экөөнү таап келгиле. Токойго барсаңар бугуга чана сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн көрсөткүлө. Колуңардагы бугунун терисинин өңүн көрөр замат менин балдарым силерди ээрчип жөнөйт,-дейт. 
Ошентип кыздар кемпирдин эки баласын издеп жөнөп, жүрүп олтуруп токойго келишет. Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат. Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, “апам бул кыздарды бизге жиберсе керек” деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет.
Үйлөрүнө келип улуусу улуу кызды, кичүүсү кичүү кызды алып, жыргап жатып калышкан экен.


Ак ийилет, бирок сынбайт.









Байдын эрке баласы

Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акыддуу болот.
Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу:
-Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө.
Анда күйөөсү:
-Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт. 
Анда келинчеги:
-Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса, анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним, -дейт.
Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты -Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты – Жалын экен. Ошентип бала оокат кылып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде Адыл:
-Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең – деп баладан сурайт.
Анда бала:
- Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы,-деп сырын айтат.
- Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт.
Анда бала:
-Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт. 
Ошондо Адыл: “А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын”,-деп ойлонуп калат.
Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе, баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат. Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:
- Коноктун атын жайла,-дейт. 
- Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:
- Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт. 
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен.
Андан кийин келин балага:
-Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. “Куш коңгуроо чалбасын муну байка”, дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен.
Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда келин тура калып конокко карап:
- Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
- Бу да сиздин насибиңиз, – деп эки сындырым нанды конокко таштайт.
Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат. Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен.
Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур алакан үйгө келет.
-Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн көрсөтөйүнбү? -дейт аялы.
- Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, – дейт. Анда келин:
- Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат.
Ошондо баягылар:
-Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин:
- Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар:
- Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала баканда илинип турат.
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: “Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели”, – деп түнү менен качып кетишет.
Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап калган экен.

Үч кыз

Илгери- илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот.
Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат.
Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:
- Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен,-дейт. Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: “Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат”,-деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. “Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт”,-деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет.
Кыздардын кичүүсүнө: “Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын”,-деп айтат.
Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.
Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат.
Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп:
“Сени далай карадым,
Бир керекке жарагын”,-деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат. Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт.
Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт. Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз:
“Тарагым, тарагым,
Бир керекке жарагын”,-деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат. Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.
Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү:
“Ийнем-ийнем, ийип кет,
Жер түбүнө кирип кет”-деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот.
Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.



Наабат

Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир нече жыл жашаптыр. Бирок, оп тартканда үйдөй таштарды жутуп алуучу ажыдаар сууну бөгөп жатып алат. Ал эми ажыдаардын өзүнүн шарты боюнча күнүгө бир кыз бербесе суу берүүчү эмес экен.
Күндөрдүн биринде кезек Азил кандын улуу кызына келет. Кан элин чогултуп:
- Калайык-калк, ушул ажыдаардан куткаруучу күч элдин арасынан чыкпайт бекен? Эгерде кимде ким ажыдаардан өз элин куткарып алса каалаганын орундатам. Мейли кандыгымды алсын же үч кызымдын жактырганын алсын, мен сөзсүз убадамды орундатам. Кана, ким барып берет, элимдин керегине-дейт. 
- Мен!-деп кылычын көтөрүп Наабат деген жигит кандын астына келет.
Наабатка көпчүлүк эл батасын берип, ажыдаарга жиберишет. Наабат үйүнө келип энесинен кыздын кийимин таптырып, кызча кийинип ажыдаарга барат. Ажыдаар оп тартканда Наабат кылычын көкүрөгүнө такап кармай салып, ажыдаарды экиге бөлүп салат. Жалаң ажыдаардын каны суу менен эки күн, эки түн агып, араң дегенде суу тазаланат.
Наабат канга келип, таазим кылат.
Ошондо кан:
- Кана уулум, эмнени каалайсың?
- Таксыр каным, сиздин үч кызыңыз бар экен. Биз үч бир тууганбыз. Айып этпесеңиз үч кызыңызды бизге бериңиз.
- Болуптур, уулум, жакшы болот.
Ошентип кандын ордосунда кырк күнү-түнү менен той болуп, кыздары турмушка чыгат.
Бул жыргалдуу турмуш, көпкө узабайт. Анткени Ак дөө, Кара дөө деген чыгып, элдин байлыгын, мал-салын талап ала баштайт.
Кан элге дагы кайрылат:
-Буга менин кичүү күйөөм жана ага кошулуп эки күйөө балам барып дөөлөрдү өлтүрүп мал-салды кайрып келишсин,-деп кан буйрук кылат.
Ошентип үч бир тууган сапарга аттанат. Эки улуусу кетет. Ал эми Наабат эки күндөн кийин барса, эки агасы жолдук азыгы түгөнүп, малдын кыгын талашып жатышкан экен. Наабат өзүнүн тамагынан берип, эки агасын калтырып, өзү жалгыз жортуулга жөнөйт.
-Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп тогуз канат өргөгө келет. Ага кирип барса, бир кемпир отурган экен. Ал:
-Кел балам, жол болсун! Бизге адам эмес, чымын учуп келчү эмес эле, өлгөнү келген турбайсыңбы. Азыр менин уулум келип сенин сазайыңды берет,-дейт. 
Көрсө, бул баягы Ак дөөнүн энеси экен. Наабат:
- Балаң кайда жүрөт?-деп сураса, кемпир:
- Айтпаймын эле, айтпаймын,-деп Наабатты жулмалап баштайт. Наабат кемпирди чачынан кармап туруп чапканда бакырып ыйлап:
– Өлтүрбө эле, өлтүрбө, жанымды кой,-деп жалынат. Ошондо Наабат:
- Андай болсо Ак дөөнүн кайда экенин айтып бер,-дейт.
- Ал ууга кетти эле, келээр маалы болуп калды. Жолу болсо тайгандары кубалашып келет, жолу болбой калса, тайгандары бөлөк-бөлөк келишет,-дейт кемпир.
Аңгыча болбой тайгандар желип-жортуп өз-өзүнчө келишет. Дөөнүн келерин билип, Наабат жолунан тосуп чыгат.
- Кана дөөм, биздин элдин мал-салын алган сенсиңби?
- Ооба.
- Андай болсо мен сени менен кармашканы келдим.
- Кармашса кармашалы. Ошентип Наабат менен дөө үч күн, үч түн кармашат. Дөө Наабатты көтөрүп урганда, кызыл ашыгына чейин жерге кирип кетет. Наабат кайра оңдонуп дагы үч күн, үч түн кармашып, дөөнү мүдүрүлтүп жерге жыгып, кылыч менен жарып салат.
Андан ары жүрүп отуруп, жүрүп отуруп дагы бир тогуз канат ак өргөөгө кез болот. Ага кирип барса, бир сулуу келин ыйлап олтурат. Келиндин жөн-жайын сураса, ал:
- Кара дөө мени туткундаганына бир нече жыл болду. Элиме жете албай зарлап жүрөм. Кара дөө эртең менен кетип, кечинде келет. Ал келгенче мен тамагын жасап, оокатын кылып отурам. Бул жерге келген адам кайра айланып элине жетпейт. Кара дөө нечен, нечен мыкты жигиттерди өлтүрүп, сөөгүн сөпөт, устаканын упат кылды. Кайдан келе жатасың? Кокуй, Кара дөө келээр маалы болуп калды, бул жерден батыраак кет, сени өлтүрүп койбосун,-дейт. 
Наабат:
- Коркпо, мен азыр эле Ак дөөнү жайлап келдим, мунун дагы айласын табам,-деп Кара дөөнүн келер жолун тосуп жашынып жатат.
Бир убакта Кара дөө күшүлдөп-бышылдап келет. Наабат муну да чекеге атып өлтүрүп, талап алган малын, баягы келинди, эки агасын ээрчитип элине келет. Ошентип кайрадан эл жыргалдуу турмушта жашап калган экен.


Ак ийилет, бирок сынбайт.

Аккөңүл менен Каракөңүл 
Илгери бир Аккөңүл деген менен Каракөңүл экөө дос болуп, алыс сапарга чыгышат. Экөө тең эки атка сылай азык-түлүк жүктөп, эчен күнгө жетерлик күлазык камдап, кулак угуп көз көрбөгөн алыс жерге жүрүп кетишет. Арадан айлар өтөт, жеп-ичкендери бир гана Аккөңүлдөн болуп, Каракөңүл эч нерсесин коротпой келе беришет.

- Качан сенин азык-оокаттарың түгөнгөндө меникине кол салабыз. Антип үнөм кылбасак болбойт! – деп убада кылат Каракөңүл. Ага ишенген Аккөңүл болгон оокатын досунан аябай бейкам кете берет.

Бир күнү Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Эми азык менен багуу кезеги Каракөңүлгө келди. Бирок Каракөңүл азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болуп алы кетип: "Баатыр, убадабыз ушундай беле? Меникин түгөткөндө сенин азыгыңды жемек эмес белек?" – деди Аккөңүл.

- Жок, Аккөңүл, сенин азыгың такыр түгөнө элек. Эми жетелеп келаткан атыңды сой. Аттын эти түгөнгөн соң менин азыгымды жейбиз. Менин убадам ушундай болчу, - деп дагы жооп тапты Каракөңүл.

Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти деле көп өтпөй түгөндү. Бир күнү акыркы этти жеп бүткөндө:

- Кана, баатыр, жол азыгыңды алып кел, жейли, - деди Аккөңүл.

- Жок, сенин азыгың бар. Бир көзүңдү оюп берсең, мен токоч берем. Коркпой эле кой, бир башка бир эле көз жетет, - деди Каракөңүл.

Ошентип Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Бирок, бир токоч эмне болот, ал да бир-эки күндөн кийин ачка болуп, алдан тайыды.

- Эй, баатыр, азыгыңдан бериш. Бир кезде меникин чогуу эле жеп жатпадык беле? Курсагым ачты, алдан тайыдым, - деди Аккөңүл.

- Жок, Аккөңүл, сенин азыгың али бар. Эми жалгыз көзүдү чукуп берсең, мен бир токоч берем. Адам көзү жок деле жашаса болот, - деди Каракөңүл.

Айласы кеткен Аккөңүл жалгыз көзүн оюп берди. Ошентип тамак үчүн көздөн айрылып, темселеп калды. Ал эми Каракөңүл беркини шылдыңдуу карап туруп: "Кош, Аккөңүл, эми өзүңдү карга-кузгун жесин", - деп атын шарт камчыланып жүрүп кетти. Аккөңүл арманын айтып зар какшап ээн талаада жалгыз калды.

темселеп жүрүп отуруп, шылдырап аккан суунун боюна келип, бир аз суу ичип чарчаган неме жата кетти. Бою талыкшып бат эле уйкуга кирди. Уктап жатып түш көрөт. Түшүндө туулган жеринде, туулган элинде жүрүптүр. Алты саны аман экен. Эки көзү мурдагыдан да жакшы көрөт. Айланасына суктана карап жаткан кезде кимдир бирөө "тур" деп калды.

Аккөңүл ордунан шак тура калса эч нерсе билинбейт. Эки көзү мурдагыдай эле ордунда экен. Жүрөгү алып учуп, көңүлү көтөрүңкү, курсагы да ток. Азыр эле түшүндө көргөн керемет алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат берип салыптыр. Ошентип Аккөңүл күндөп-түндөп жол жүрүп отуруп, ээн талаа, эрме чөлгө кез келди. Мына ошол ээн талаада беш күчүк тууган канчыкты көрөт. Канчыктын күчүктөрүн багарга азыгы жок экен. Аккөңүл баштыгын аңтарып жатып кичине нан таап, аны канчыктын алдына таштады да:

- Сен да мендей карып экенсиң, берейин десем азык жок. Эл кыдырып, жер кезип, мен да сендей байкушмун! – деп канчыктын башынан сылады. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчип кетейин десе, күчүктөрүн таштай албай кала берди.

Аккөңүл андан ары жолго түштү. Дагы көп күн, көп түн жол жүрдү. Бир күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго туш келди. "Бул тегеректе адам жашайт экен. Эмне болсо ушул коргондордун арасына түнөйүн, эртең менен эки жактан карап көрөм" деген ой менен төбөсү түшкөн коргондун ичине кирип жатты. Эмнегедир уйкусу келбеди. Түн ортосу ооп калган кезде кайдандыр дабыш угулуп, алар жакындаган сайын аттын дүбүртү чыгып, бир топ атчандар коргонду аралай келишип, аттарын кошоктоштуруп коюп, өздөрү алоолонтуп от жагышты. Аккөңүл дымын чыгарбай тыңшап жатты. Арасынан бирөө бакылдап сөзгө кирди.

- Достор, тогузубуздун тең катын-балабыз жок. Үй-жай деген да жок. Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби? – деп калды.

- Аның ырас, бирок оокат кылыштын айласын мен таптым. Менин акылымды угасыңарбы? – деди экинчиси. Башкалары макул болуп тигинин акылын укмак болушту.

- Ушул коргондун арасында бир далай мал бар. Ал эми тетиги коргондун артында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар. Ал чычкан күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин сергитет. Аңдып туруп алтынды алсак, ал мал эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар. Ошол калаанын чыгышындагы көчөдө Кунакун деген сарттын ат башындай жамбысы бар. Короомду сатам деп жүрчү эле, короосун сатып алсак, ал оокат эмеспи. Короонун чок ортосунда жамбы жатат. Ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын: "Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңин кызмат акысына берип, теңин өзүм алам" деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып, алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, оокат эмеспи. Ушуларды аткарсак, биз да байып үй-жай күтөбүз, - дейт.

Калгандары бул акылды макул көрүштү. Аккөңүл бул сөздөрдүн баарын тыңшап жатып аныгын билди да, кантип иштешти түшүндү. Таң атып күн чыккандан кийин Аккөңүл баягы кишилерди байкап караса, эч дайындары билинбейт. Алар отурган жерге барса, адамдын изи тургай, жаккан оттун калдыгы да жок. Аккөңүл бул керемет экенин билди. Мага аян берген экен, эми түндөгү айткандарын жасайын деп коргондун артына чыкса бир чычкан дилде ташып жатыптыр. Аккөңүл аңдып отуруп анын тогуз дилдесин алып жолго түштү.

Бир күн жол басып бир шаарга келди. Ал жерден баягы Кунакундун короосун таап, аны тогуз дилдеге сатып алды. Ал ар күнү короонун ортосун казып жамбыны тапмак болду. Бир күнү кетмендин изи чак этип бир нерсеге тийди. Ал жерден чын эле ат башындай алтын чыкты. Аккөңүл эми кадимкидей байып калды. Бир күнү шаардын каны: "кимде ким казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем!" деп жар салып калды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан жер алдында экен. Аккөңүл мен алып чыгам деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белине алтын жүз саржан аркан улаштырып байлап, алтын казынасына салды. Аккөңүл алтын казынага жеткенде алтынды койнуна да, кончуна да салды. Аркан менен аны кайра тартып алышты. Кан убадасына туруп, алтындын теңин берди. Ошол күндөн баштап, кан Аккөңүлдү чакырып, алтын казынасынан алтын-күмүш алдыра турган болду. Аккөңүлдүн баркы менен кадыры аша баштады кандыкынан да. Акыры ал ошол шаардын чоң байы болуп, үй-жайлуу, катын-балалуу болду.

Эми Аккөңүл ушу мураты менен тура турсун. Аны менен сапарга бир чыгып, Аккөңүлдүн көзүн оюп алып кеткен Каракөңүлдүн аңгемесин уланталы. Каракөңүл жүрүп отуруп жайылып жаткан көп малга туш болот. "Бул кимдин малы?" – деп сурайт. "Бул Аккөңүл дегендин малы", - деп жооп берет малчылар. Андан ары жүрүп отуруп: "Тиги алтын чатыр кимдики?" – деп сурайт. "Ал да Аккөңүл байдыкы" – деп жооп беришет кызматчылары. Бул ким болду экен деп жайын сурайт. Малчы Аккөңүлдүн кандай азап-тозок тартканын, азыркы көргөн жыргалын айтып берет.

Ошондо Каракөңүл уялганына чыдабай Аккөңүлдүн алдына келип:

- Ассалоом алейкум, Аккөңүл бай,
Бал шимип, казы кертип жегениң май.
Мал күтүп төрт түлүктүү, доорон сүрүп,
Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай.
Ичкениң кант сапырган кыпкызыл чай,
Билбеймин, элебеймин акмак болуп,
Кечиргин бир күнөөмдү, теңирим ай!
Качсам да узабаймын мен кутулуп,
Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө.
Мен келдим алдыңызга кол куушуруп.
Башында бирге чыгып сапар тартып,
Аягы мен жаңылдым иттик кылып.
Канчалык ит болсом сизге кулдук,
Алик ал, саламымды жарык кылып, -
деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл тигини карап туруп: "Битке теңелип көйнөгүңдү отко салба" деген макалды эстеп, саламына алиик алды. Каракөңүлдү жакшылап мейман калды. Көргөн-билгенинин баарын, баягы коргондо жатып уккан сөздөрү менен байыганын айтып берди. Жаман оюнда Каракөңүл да баягы коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп отуруп баягы коргондорго келди. Аккөңүл айткан төбөсү жок коргондун ичине кирип жатты. Чын эле түн ортосу ооп калганда дабыш чыгып тогуз адам келди. Каракөңүл өзүнүн бар экендигин билдирбей тымтырс жата берди. Тиги кишилер мурункудай эле сүйлөшө башташты. Баягы бакылдап сүйлөгөн адам дагы эле:
- Достор, тогузубуз тең ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? – деди.
- Качан болсо кайгыланып жүрүп бизди түгөтө турган болдуң. Бул коргондун артындагы чычканда тогуз дилде бар эле, андан да айырдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айырдың. Былтыр келгенде тиги төбөсү түшкөн коргондо бирөө тыңшап жаткан болуу керек. Биздин түбүбүзгө ошол жетмек болду! – деп калды экинчиси.
- Чын эле ошондой болуп жүрбөсүн, - деди үчүнчүсү.
- Тегеректи карагылачы? – деп буюрду баягы биринчи киши.
Тогузу тогуз жакка жабыла чуркап, Каракөңүлдү төбөсү түшкөн коргондун ичинен сүйрөп чыгышты да, өлтүрүп туруп өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишти.
Ошондон улам эл арасында: "Бирөөгө көр казсаң кененирээк каз, балким өзүң түшүп каларсың" деген макал айтылып калса керек.

(Кыргыз эл жомогу) 

Илгери бир абышка 
Бара жатып алыска 
Кулак туруп калыптыр
Ынаалаган дабышка
Ошол жакка барыптыр
Коргондо тан калыптыр
Арча бешик ичинен
Бала таап алыптыр
Жалгыз койун союптур
Атын "Асан" коюптур
Ал баласы бой жетип
Айга барып конуптур
Жылдыздарды териптир
Жерге ташып келиптир
Сурагандын баарына
Бирден жылдыз бериптир


Ошол жылдыз мынакей
куйуп турган электир.
Айдай кызым ай кызым.
Кундой уулум кун уулум.
Кана эмесе биринчи 
уктап калат ким мурун........... Жомоктун аягын толуктап койдум.Апам дайым ушул жомокту айтып берчууда биз кичинебизде. ....... 



Сергей Анатольевич ГРАЧЕВ
Үч мышык тууралуу жомок
Белгилүү орус жазуучусунун балдарга арналган жомокторунун кыргызча котормосу. 

Грачев С.А. Сказки про трех котов. – М.: 2009 китебинен алынды

Которгон – Т.Закирова 

Редактору – Р. Каримов

Сүрөтчүсү – Е.Ю.Иванова 





САРЫ МЫШЫКТЫН ОЙЛОНУШУ

Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир мамлекетте Ак, Кара, Сары мышыктар кайгы-капа билбей, жыргап-куунап жашап турушуптур. 

Ак мышык кең пейил, үйдөн көп чыкпай, тамакты таттуу жасаганды жакшы билчү. Кара мышык балыкчы эле, мүнөзү катаал жана токтоо болчу. Сары мышык болсо андай да, мындай да эмес, деңиздин жээгинде сейилдеп жүрүп ыр жазганды жактырчуу.

— Томояк,- дечү аны Кара мышык, — үйдү сырдап, кышка жылуулагандын ордуна, таңдын атканына, күндүн батканына суктанып эле жүрөт.

— Кампага балык алып келбейт,- деп үшкүрүндү Ак мышык, — антсе да, балык көп эле, баарыбызга жетет.

— Эгер жетпей калсачы?- сүйлөндү Кара мышык, — Кыш ызгаар, узун. Балык түгөнүп калса кантебиз, эмне жейбиз?

— Мени эч ким жактырбайт, аябайт,- деп кайгырчу Сары мышык, — баары мени "колун-колуна тийгизип койбогон жалкоо" дешет. Мен кантип эле ошондой болоюн? Мен ыр чыгарам.

Сары мышык ырын мырылдап ырдайт:

Үймөк балык аз эмес,
Биздин эски кайыкта.
Мяу-мяу, камбала
Өтө ширин селедка.


— Ошо балыктарды ким кармап жатат?- деп Кара мышык жинденет. 

— Айтчы, ошол балыктарды үймөк кылып ким кармады?

— Сен кармадың.

— Туп-туура, мен. А ким кургатып, буулайт-дымдайт, бышырат, кампага сактайт?

— Мен,- дейт Ак мышык кубанычтуу жылмайып.

— А Сары мышык эмне кылып жатат? Эч нер-р-се! Ыр менен курсагың тойбойт. Биздин Сары мышык томояк, эч нерсе колунан келбеген мышыкча. Кел, аны кууп жиберели. Үчтогузунчу падышачылыкка барсын, акыл-эс үйрөнүп келер. Деңиздин ары жагынан кышка азык жыйнап келбесе, үйгө кирбей эле койсун.

— Үчтогузунчу падышачылык өтө алыс,- деп Ак мышык тынчсызданды. – Сары мышык азып-тозуп калат.

— Анткен менен кандайдыр бир таттуу, жаңы тамактарды алып келсе, сен аны андан да таттуу кылып бышырсаң, мурутубузга чейин жаланып жейбиз да.

Ошентип чечишти.

Азга жүрдүбү же көпкө жүрдүбү, Сары мышык жүрүп отуруп күндөрдүн биринде Кайгылуу Токойго жетти. Бул Кайгылуу Токойдо куштар сайрабай, булактар шылдырап акпай тынч турат экен. Сары мышык жашыл жайыктагы кичине бир үйдү көрдү. Ал жөнөкөй эмес, тооктунбутунда турган үйдү көрдү. Үй – коңгуроо. Үй сыяктанат, жакшылап карасаң коңгуроо, өтө чоң коңгуроо. Бул үй темирден курулган, таптакыр эскиси жеткен, бүт баарын толугу менен дат басып калган, эч ким карабаган, тазаланбаган, көргөн кишинин боору ооруйт, аяп кетесиң. Кайыңдардын да, арчалардын да маанайы чөгүңкү, капалуу турушат. Кичинекей коңгуроо, үйдүн кичинекей терезелери бар экен. Алар коңгуроонун капалуу көздөрүндөй туюлду Сары мышыкка. Ошол терезелерден бул кичинекей үй-коңгуроо жаныбардай сезилди. Ал кичинекей үйдүн эшиги жок эле.

— Бом-м,– деди көрүнбөгөн бирөө бул кичинекей үйдөн акырын гана.

— Сен кимсиң?- деп сурады Сары мышык.

— Мен токой шыңгырагымын, - деди, кичинекей үйдөн көрүнбөгөн нерсе.

— А мен болсо Сарымын,- деди мышык, анан кайра сурады, — Эмне үчүн бул токой көңүлсүз? Куштар да, булактар да жок.

— Себеби мени тазалап караган, сылап-сыйпаган эч ким жок,- деп жооп берди кичинекей үй. — Ошондуктан менин үнүм да пас чыгып калды. Мен – Токойдун күүсүмүн, кышында бешик ырын ырдап, алдей айтам, бактарга илинген муздарды шыңгыратып турам. Жазында дарактарда ширеси болуп шуудураймын, булактарда шыңгырап агамын. Жайында аарылар менен зыңылдаймын. Күзүндө сары жалбырактар менен шуудураймын. Мына, мени көптөн бери эч ким карабай, тазалабай ушундай эскирип кеттим, дат басты, кайгы-капалуу болуп турам.

— Ошол да кеппи? Ошол да кайгыбы? Бул кайгыра турган жамандыктын бир гана үзүмү, бир гана чети. Муну ордуна келтирсе болот,- деди Сары мышык.

Колуна өзүнүн барпайган сапсары, сопсонун куйругун кармап туруп кичинекей коңгуроо-үйдү сүргүлөп, тазалай баштады. Кичинекей коңгуроо-үйдү тазалап жатып бийик үн менен өзүнүн ырын токойду жаңырта көңүлдүү ырдап коёт:

Үймөк балык аз эмес,
Биздин эски кайыкта.
Мяу-мяу, камбала
Өтө ширин селедка!
 

— Бом-м!- дейт Токой Шыңгыры, өзүнүн көптөн күткөн тилеги аткарылып жатканына ишене албай,— Бул кандай өзгөчө ыр, мен укпаган?

— Бул сыйкырдуу ыр,- дейт ага Сары мышык.

Ошентип кичинекей коңгуроо-үйдү өзүнүн барпайган сапсары куйругу менен тазалай берди. Акыры Токойдун Шыңгырагы жашаган кичинекей коңгуроо-үй таптаза болду. Капталдарына күндүн нуру чагылышып, токойдо күндүн нуру бийлеп калды.

— Бим-бом-м! - кичинекей үй токойду жаңырта шыңгырап ырдады, дарактар дароо бутак-шактарын сыймыктуу көтөрүп турушту, куштар сайрап, аарылар ызылдап: "Жашасын Сары мышык!" дешти.

А Сары мышык андан ары жолун улады. Минтип куйругу гана барпайбай ичке, кир болуп, сапсары барпайган куйруктан белги да калбады.

— Чирик-чик-чирик! - деп таранчылар аны кууп жетишти, колуна карагат салынган себетти карматышты: 

— Чирик-чик-чик, бул Сарыга варенье үчүн,- дешти.

Сары мышык карагат салынган себетти ийинге көтөрүп андан ары жолун улады.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, жомок тез айтыла берет, а иштер тез бүтө бербейт да. Ал жүрүп отуруп Ачуу Тоого келип жетти. Тоо дамы ачуу болгону үчүн эмес, анын түпкүрүнөн ачуу онтоо угулуп турганы үчүн Ачуу Тоо деп аталган.

Сары мышык, тоонун түпкүрүнө кирчү ийинди көпкө издеди, себеби ачуу онтогон үндүн ээси ким? Ал эмнеге онтоп жатканын көрүү үчүн тоонун бүт тарабын айланып чыкты, эч жылчык таба албады.

Эч жеринде же эшиги, же бир жылчыгы жок экен.

Башка мышык болсо кетип калмак. А Сары мышык андай эмес эле. Бирөөнү азапта калтырып, аны ошол жамандыктан куткарбай жөн эле кете албады. Биздин мышык колдорун бириктирип таштын түбүн каза баштады, бүт тырмактары сынды, акыры бир таштын түбүнөн ийин тапты. Ошол ийинден Ачуу Тоонун түпкүрүнө кирди, караса, тоонун түбүндөгү көлдүн жээгинде туш-тарабы айнек сындуу көрүнгөн эбегейсиз чоң семиз адам отуруп алып, эки ууртуна аба толтуруп, кайра күчүнүн барынча үйлөйт, андан бурганактуу шамал көтөрүлөт. Ушунчалык катуу шамалдан Сары мышык көлдүн үстүнө учуп кете жаздады.

— Мен Эркин Шамалмын,- деп онтоду айнектей туш-тарабы көрүнгөн эбегейсиз чоң Адам.– Бир жолу тоого учуп келип, көл үстүнө кагаз кемелерди коюп ойноп жатып, оюнга өтө кызыгып кетип катуу үйлөгөнүмдөн тоо титиреди, таштар кулады, чыгуучу жолдор тосулуп, мен бул жерде камоодо калып кеттим. Мына азап!

— Ээ, бул эч нерсе эмес, бул жарты азап, мен сага чыгуучу жолуңду ачып койдум,- дейт, Сары мышык.— Каалаган жайыңа барып ойной бер. Биздин деңизге да учуп барып кагаз кемелериңди коё бер. Шамал тоо-таштын түбүндө отурса болбойт.

Сары мышык ачкан жол менен Эркин Шамал жарыкка учуп чыкты. Каткыра күлүп, туш тарабын үйлөдү эле тоонун үстүнө жалбырактар айланып учушту.

— Сары мышык бул кантип колуңдан келди? Сырыңды айтчы.

— А мен сыйкырдуу ырды билем. Мына, уккун:

Үймөк балык аз эмес,
Биздин эски кайыкта.
Мяу-мяу, камбала
Өтө ширин селедка!
 

Андан бетер каткырып күлдү Эркин Шамал. Анан Сары мышыктын сынган тырмактарын байкап калды. Жоошуй түшүп анан айтты:

— Рахмат сага, досум. Рахмат жардамыңа, өтө чоң рахмат сенин мага адамгерчиликти үйрөткөнүңө. Мага кылган жакшылыгың үчүн мен сага токойдогу көлдү көргөзөм, ал жерде укмуштай таттуу карас балыктары бар, сен өмүрү андай таттуу балык жеген эмессиң.

Сары мышык токойдогу карас балыктарын кармап баштыгына салып андан ары жөнөдү.

Азга жүрдүбү, көпкө жүрдүбү, жомок тез айтыла берет, а жумуш андай тез бүтпөйт да. Араңдан зорго Бозоргон Токойго жетип келди.

Куштар да сайрап, аарылар да ызылдашат бул токойдо. Гүлдөр гана бир түстүү экен. Кайыңдар, арчалар да бозоргон түстө, жагымсыз эле. Бозоргон чоң соснанын түбүндө Сүрөтчү ыйлап отурат.

— Эмне үчүн ыйлап жатасың, Сүрөтчү?- деп сурады Сары мышык.

— Кантип ыйлабайын? Менин тыйын чычкандын куйругу, нан жасалган кистилерим боло турган. Асан-Үсөндүн нурунан политрам боёкторум бар эле. Ар бир таңда бүт токойду түркүн түскө боёчумун. Күндөрдүн биринде тыйын чычкандарды боёгонду унутуп калыптырмын, алар таарынып калышты. Ошондон кийин алар куйругунун жүнүнөн бербей коюшту. Мен ага аябай ачуум келип, боёкторду ушул соснанын учуна ыргытып жибердим. Мына азап.

— Ал азап эмес, азаптын жарымы эле. Сенде кайчы барбы?- деп сурады андан Сары мышык.

— Бар,- деп жооп берди Сүрөтчү.

— Анда менин жүнүмдү кыркып ал,- деди Сары мышык – Менин жүнүм сары болгон менен тыйын чычкандардын жүнүнөн айырмасы жок. Кийин мен боёкторуңа чыгып келейин.

— Сүрөтчү Сары мышыктын жүнүн кыркып алды, жүнү кыркылган мышык соснага чыга баштады. Соснага чыгыш ага оңой болбоду. Аябай оор болду. Себеби анын тырмактары Ачуу Тоодо Эркин Шамалды куткарганда бүт баары сынып бүткөн эле. Антсе да чыга берди, эптеп чыга берди. Соснадан учуп түшпөс үчүн, коркконунан Сары мышык өзүнүн камбала жана селедка тууралуу сүйүктүү ырын ырдай берди.

Токойдогу эң бийик соснага аябай көптө, аябай кыйынчылык менен араң дегенде туу чокусуна чыкты. Эптеп чокуга жеткенде бутактардын арасынан Сүрөтчүнүн Асан-Үсөндөн алган, ар түрдүү түстө кубулуп турган политра боёкторду тапты. Боёкторду төмөн карай ыргытты. Сары мышык өзү төмөнгө түшө албайт эле. Мышыктар дарактан төмөнгө артка карай түшө алышпайт, антип үйрөнүшпөгөн. Аларды дарактан адамдар түшүрүп алышат. Ал жөнүндө билсе дагы Сары мышык соснага чыга бербедиби Сүрөтчүгө жардам берүү үчүн. Эми эмне кылуу керек биле албай турат.

Ушул кезде Эркин Шамал учуп келип калды. Сары мышыкты алган бойдон дарактардын астына алып түшүп учуп жүрөт, Сүрөтчү болсо гүлдүн балын салган идишти көтөрүп алып жерде жүгүрүп жүрөт. Эркин Шамал гүл балын идиши менен алды да Сары мышыкты деңиздин жээгиндеги үйүнө карай алып учуп жөнөдү. Үйдө болсо сапар кеткен Сары мышыкты чыдамсыздык менен Ак мышык, Кара мышык күтүп отурган. Күтүп зарыгышты, өтө сагынышты эле. Үчтогузунчу падышачылыкка Сарыны жөнөткөндөрүнө да нааразы эле. Сары мышыксыз аларга да кыйын болду. Бүт иштери жакшы жүрбөй, балыкты да жакшы кармай албай, айтор, баары эле ойдогудай эмес.

Эркин шамал Сары мышыкты алып келди да, так эшиктин түбүнө кондуруп койду. Ак мышык менен Кара мышык сыртка чыгышып Сарыны таанышпайт турушат. Куйругу ичке, кир болгон, жүнү жок кыркылган, тырмактары сынып бүткөн.

— Үйгө киргизбейбиз сени,- дешет – Сары мышыкка окшобойсуң сен.

— Бул эми жарым азап эмес жана азаптын бир чети да эмес, эң чоң азап!- деп жооп берет алардын таарынткан сөзүнө Сары мышык. Аларга карагатты, карас балыгын, гүлдүн балын көрсөтөт,— оңой эмес экен оокат табууга барган жана акыл-эс үйрөнгөн. Ох, оңой эмес экен. Эгер ырым болбогондо. 

— Ал кандай ыр?- сурашты мышыктар.

— Ал мындай ыр.

Сары мышык өзүнүн сүйүктүү ырын ырдап берди. Ак мышык менен Кара мышык ошол ырдан соң дароо аны таанышты. Аябагандай кубанышты.

Кийин узун кыштын ызгаар суугунда жылуу жерде отуруп Сары мышык өзү туш болгон окуялары тууралуу айтып берип жүрдү. Карагат орогон токоч-пирогун же токой көлүнөн кармалган кургатылган карас балыгын жегенде, гүлдүн балы менен чай ичишкенде муруттарын кошо жалап- жуктачу болушту.

Сарынын жүнү мурункудан да жакшы коюу болуп өсүп чыкты. Куйругу мурункудан да барпайып сапсары, кооз, тырмактары бекем жана курч болуп өстү.

Эркин Шамал болсо аларды унутпай тез-тез келет. Кээде Сүрөтчүдөн кат-кабар, Үчтогузунчу падышачылыктан Токой Шыңгырагынын ырын жеткирип турду. Ал ырларда улам-улам мышыктарга тааныш сөздөр угулуп турчу:

Үймөк балык аз эмес,
Биздин эски кайыкта.
Мяу-мяу, камбала
Өтө ширин селедка!
 



КАРА МЫШЫК ЖАНА ДЕҢИЗ АЖЫДААРЫ

Сары, Ак, Кара үч мышык көк деңиздин жээгинде жыргап-куунап кайгы-капа билбей жашап турушту. Кара мышык балык кармады, Ак мышык ар түрдүү таттуу тамак даярдады, ал эми Сары мышык болсо ырларды чыгарды.

Күндөрдүн биринде таң азандан Кара мышык кайыгына отуруп деңизге чыкты, балык кармоочу торлорун сууга ыргытты. Бир да балык кармай албады. Ансыз да өтө сүрдүү жүргөн мышык ансайын кара булуттай түнөрүп калды. Балык кармоочу торун деңиздин ортосуна карай алыс ыргытты.

Сары мышык болсо жээкти бойлоп басканча өзүнүн ырын ырдап жүрөт:

Жылмайбастан кармайт
Чебер балыкчы.
Үч мышыкка арнайт,
Үч кичине балыкты!
 

— Кармалбай жатат,- деп мырылдады жээкке келгенде Кара мышык жактырбай, — кичинеси да, чоңу да жок.

— Балким, сенин торуң жакшы эместир?..– сурады Сары мышык – өтө эскирип кеткендир? 

— Эски болгон менен өтө бышык. Деңиздин Ажыдаары да тыта албайт аны. Торума түшүп көрсүнчү көрөйүн.

Муну угуп калган Деңиздин Ажыдаарынын өтө ачуусу келди. Деңиздин тереңинен үстүнө чыгып, мышыктын балык кармоочу торун деңиздин эң түбүнө тартып кетти. Аны алпарып деңиздин түбүндөгү үңкүргө, кызыл шуру тагынган бадалдын түбүнө катып койду. Картайган Таш бакага үңкүрдүн оозун кайтаргын деп тапшырды.

Бир маалда Кара мышык тордун жоголгонун билип калды. Безилдеп түйүлдү мышык. Башына азап түшкөнүн билди. Кара мышык – эски балыкчы, деңиз тузунан анын жүнү да жалтырап турар эле. Ал деңизди укканды жакшы билчү.

Жээкке отуруп алып акырын деңизди угууну баштады. Эмне деп айтар экен деңиз? Башында ал эч нерсе уга албай, жалаң гана Сары мышыктын ырдаган ырын угуп жатты. Сары мышыкты жээктен алыс кууп жибергиси да келди, бирок кайра ойлонуп аны жайына койду. Деңиздин Ажыдаарын таарынтып койдум, ал торумду тартып кетти, эгер акынды таарынтып койсом, таптакыр жаман болот. Ырсыз жашай албайбыз да, кантип жашайбыз?  

Ошондуктан Кара мышык деңиздин жээгинде олтуруп алып, толкундарга чыдамдуулук менен карап отуруп деңиздин шарпылдаганын тыңшай берди. Анан акырын шыбыраган үндү укту. Булар деңиздин жылдыздары бири-бирине деңиздеги болгон жаңылыктарды айтып жатышкан эле.

— Таш бака азапка калды,- дешти алар. Таш бака тордун эмне экенин билейин деп, өзүнүн тумшугун салып көргөндө торго чалынып калды. Эми ал кызыл шуру бадалдын түбүндө ыйлап отурат.

Кара мышык көпкө ойлонуп турбай деңизге чумкуп түбүнө түшүп кетти. Кызыл шуру бадалдын түбүнөн үңкүрдү тапты, үңкүрдүн ичинен торго тумшугунан чалынып отурган Картайган Таш баканы тапты. Таш баканы бошотуп жиберди, бирок кайда жүрөйүн десе эле Деңиздин Ажыдаары жолун тосот.

— Аа, колго түштүңбү! Ажыдаарды тор менен кармайм деген сенсиңби?

— Мени жөн коё берчи,- деп суранды Кара мышык,- менсиз Ак жана Сары мышыкка ким балык кармап берет?

— Мейли, коё берейин, бирок бир шартым бар,- дейт Деңиз Ажыдаары Сары мышык мен жөнүндө ыр чыгарып ырдасын.

Картайган Таш баканы Сары мышыкка кабар айтканы жээкке жөнөттү. Сары мышык Деңиз Ажыдаарынын койгон шартын укканда аябай толкунданды. Ырдайын деп аракеттенет, кайра эле эски ыры ырдалат:

Жылмайбастан кармайт
Чебер балыкчы.
Үч мышыкка арнайт,
Үч кичине балыкты!
 

— Деңиз Ажыдаарын даңктап ырдоо керек!- деп күркүрөдү каардуу Ажыдаар, деңизден башын чыгарып туруп.

Сары мышык өзүнүн досу Кара мышык үчүн өтө тынчсыздангандыктан, бир да дурусураак ыр чыгара албай кыйналды.

Кокусунан эле укмуш даамдуу тамактын сонун жыты жыттанганын билип калышты. Деңиздин түбүндө турган Кара мышык да жаланып жиберди. Деңиз жылдыздары да шилекейлери чууруп жаланып калышты.

— Бул эмне деген деңиздин ары жагындагы тамак?- деп таңданды Деңиз Ажыдаары.

— Бул менин Ак мышык досум кечки тамакты даярдап жатат,- деди Кара мышык.

Деңиз Ажыдаары ашпозчу мышыкка Картайган Таш баканы жиберди, кечки тамакка келерин айттырып.

Муну уккан Ак мышык тезинен дасторконун жайнатып, жыты буркураган таттуу деңиз капустасынан шекереп жасап, окунь балыгынын ышталганынан, даамдуу кызыл карагат салынган токочторду жайнатты. Бул сый тамактарды ооз тийген Деңиз Ажыдаары "күн сайын мага да ушундай таттуу тамак жасап жөнөтүп тур!" деп талап кылды.

— Эгер антчү болсом эч кандай тамак-аш түтпөйт буга,- деп ойлонду үнөмчүл Ак мышык.

— Мейли анда, жумасына бир жолу,- деп соодалаша баштады Ажыдаар.

— Айына бир жолу бышырам, бүттү!- деп кескин айтты ашпозчу мышык.

Ажыдаар кайрадан каарданайын деди да токтонуп калды. Этиет бол, кокусунан Ак мышык сараңдыгы кармап жылына бир гана жолу тамак бышырып жөнөтсөчү.

— Макул бол,- шыбырады Картаң Таш бака Ажыдаардын кулагына.

— Мен эки жүз жыл жашап билем го, мындай мыкты ашпозчуну деңиздин түбүнөн күндүзү чырак менен да издеп таба албайсың. Торун кайтарып бер булардын. Мен анын кандай экенин жакшы билип калдым.

Ажыдаар Таш бакага карап туруп, үнүнүн барынча каткырып күлдү эле деңиз толкуп-толкуп кетти. Ал Кара мышыкты коё берди, балык кармачу торун да кайтарды. Деңиздин түбүнөн Кара мышык чыкканда, Сары мышык кубанганынан тамагы айрылганча болгон мышык үнү менен ырдап жиберди.

Жылмайбастан кармайт
Чебер балыкчы.
Үч мышыкка арнайт,
Үч кичине балыкты!
 

— Эмне үчүн Ажыдаар тууралуу ыр чыгарган жоксуң?- деп сурады Кара мышык андан.

— Ыр чыгарам,- деп ишендирди Сары мышык жана үшкүрүнүп койду.

А Кара мышык болсо деңиз тузунан жалтыраган, барпайган мурутунан митайым жылмайып тим болду.

Ошентип үч мышык жыргап-куунап, ойноп-күлүп жаашоосун уланта беришти. Башка эч ким алардын торуна тийген да жок.

Деңиз Ажыдаарына кээде таттуу тамактарынан бышырып жөнөтүп коноктоп турушту. Ажыдаар болсо таттуу тамактан соң мээримдүүрөөк болуп, анча күркүрөп эч кимди коркутпай калды. Жашарып да кетти.

Картайган Таш бакага да бакчадагы жашыл даамдуу чөптөр берилип, ал кубанганынан көңүлдүү жашай баштады.



АК МЫШЫК ЖАНА КЕЖИР АЮУ

Деңиз— океанда, Буян аралчасында мышыктар шоктонушуп, тополоң салышты. Балыктарды армашты, ичишти-жешти, деңизден ары жагындагыларча сүйлөштү.

Аларды: Сары мышык – алтын курсак, Кара мышык, мурдуңду кашы, Ак мышык – каймак куйрук,- деп аташчу. Мен да ал жерде жүрүп бал – пиво ичкенмин. Аз жерден тилимди унутуп кала жаздаганмын. Өз убагында билип калбадымбы. 

Бул жомок алдынан жомок. Ал эми жомок мынакей.

Сары, Кара, Ак үч мышык кайгы-капа билбей жыргап-куунап деңиздин жээгинде жашаптыр. Кара мышык балык уулайт, Сары мышык ыр чыгарат, Ак мышык тамак даярдайт экен.

Өтө ынтымакта, кайгы-капа билбей тынч жашашчу. Күндөрдүн биринде Ак мышык өзүнүн туулган күнүн белгилемек болду. Камырды жууруп алып карагаттан таттуу кыпкызыл токоч кылмакчы эле. Караса эле карагат түк калбаптыр. Колуна себетин көтөрүп токойго жөнөдү. Карагат тергени. Көпкө чейин токойду аралады. Эч жерде таттуу карагат жок.

Кокусунан Аюу чээнинен чыгып келатат.

— Сен, мышык эмне үчүн менин токоюма келдиң? Сени ким чакырды?- деп сурады.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Карагат таппай жүрөм,- дейт.

Аны уккан Аюу, мышыкка мындай деди:

— Карагаттарды мен өзүмө жыйнап алдым. Кышка камдап койдум. Сага берип койбом, бирок алмашышым мүмкүн. Карагаттын ордуна гүлдүн балынан алып келсең маакулмун.

Ак мышык кантмек эле, бал аарылардын гүл жыйнаган жайына барды. Балчы аарылар аны дароо байкап калышты.

— Сен, мышык бал жыйнаган жайга эмнеге келдиң? Сени ким чакырды?- деп, сурашты.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Карагат таппай жүрөм. Карагат үчүн Аюу болсо гүлдүн балын сурап жатат,- дейт.

Балчы –аарылар мышыкты угушуп, ага мындай дешти:

— Биздин жайыкта уйлар оттоп жүрүшөт, гүлдөрдү жеп коюшту. Жегенин жеп, жебегенин тебелеп салышты. Кай жерде гүл болсо, ал жерде бал болот. Уйдун бадасын айдап жиберсең, биз сага бал беребиз.

Ак мышык кантмек эле, уйлардын бадасын жайыктан айдай баштады. Алар же уга коюшпайт, гүлдөрдүн жегенин жеп, жебегенин тебелеп жүрүшөт.

Ак мышык жардамга Сары мышыкты чакырды. Уйларды көргөн Сары мышык күчүнүн барынча коркунучтуу ырды ырдап кыйкырды дейсиң:

Муруттуу бул үч мышык карап турат жайыкты,
Алар менен алаксып ойнобогун жашынмак.
Тойлогону олтурса бирден уйду жеп коёт,
Мяу-мяу,
Артыңарга карабай гүл жайыктан качкын бат.

Корккон уйлар жайыктан кетишти. Балчы аарылар мышыктарды гүлдүн балы менен сыйлады. Таттуу балды мышыктар Аюгу алып келишти. Бирок, Аюу өтө кежир эле. Ал кайра:

— Гүлдүн балын каалабаймын, гречканын кызыл балын жактырам! - деди.

Мышыктар кантмек эле, гречка эгилген талаага барышты. Чоң талаа бал жыттанат. Аарылар талааны каптап эсепсиз учуп жүрүшөт.

— Мышыктар, эмнеге бизге келдиңер? Силерди ким чакырды?- деп, сурашты мышыктардан. 

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Бүт карагатты Аюу өзүнө жыйнап алыптыр. Аюу болсо гүлдүн балын сурады эле. Эми гречканын балын беришибиз керек экен,- дейт.

— Канча көтөрө алсаңар ошончо ала бергиле, бизде бал көп,- дешти аарылар көңүлдүү.

Алар ордуна эч нерсе суранышкан да жок. Булар колу ачык, март аарылар эле. Мышыктар кубангандарынан аарылардын уясы менен көтөрүп Аюуга карай жөнөштү. Аюу болсо дагы эле кежирленип олтурат.

— Мен Кызыл гречканын балын жактырбаймын. Липанын аппак балын жактырам! Липанын балы жыттуу, аны менен сазды да кошо жеп койсо болот.

Мышыктар кантмек эле, липа токоюуна кетишти. Ал токойдо түтүндүн айынан караңгы экен. Бирөө жаккан отун өчүргөндү унутуп кетиптир. Чоң липа дарагын табышты, анын көңдөйүндө аарылар толтура. Түтүндөн коркуп токойго учушпай олтурушат.

— Силер, мышыктар эмгеге бизге келип калдыңар? Ким чакырды силерди?- деп сурашты алар.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Бүт карагатты Аюу өзүнө жыйнап алыптыр. Аюу болсо гүлдүн балын сурады эле. Анан гречканын балын. Эми липанын балын бере коюшубуз керек экен!- дейт.

— Э-э, биздин Аюу өтө кежир. Ал эми силерден Орол тоолорундагы таштын балын да сурашы мүмкүн.

— Эми эмне кылабыз – деп, кейишти мышыктар.

— Токойдогу өрттү өчүргүлө,- дешти аарылар — ошондо бал беребиз.

Мышыктар кантмек эле, жаңактын бутактарынан сындырып алып өрттү өчүргөнү барышты. Бутактар менен жалынды чапкылай башташты. Эч эле өчүрө алышпайт. Өрт күчтүү экен. Кыйкырып үчүнчү Кара мышыкты чакырышты.

Кара мышык балыкчы эле, көп акылдуу нерселерди билчүү. Үч темир күрөк апкелип, шериктерине айтты:

— Арык казабыз жолдоштор. Деңизден сууну токойго бурабыз.

Көпкө казыштыбы, же азга казыштыбы ким билсин, жомок тез айтылып, иш акырын бүтөт эмеспи. Ооздорунда бир тамчы суу жок, бир тамчы бал жок бүт күчү менен аянбай эмгектеништи. 

Чарчап, чөпкө жата кетишти. Караса, кежир Аюу чуркап келе жатат, коркконунан жүнү тике болуп, көздөрү алаңдап калган. Колуна бир себет карагатты көтөрүп алыптыр.

— Жардам бергиле, мышык мырзалар! Токойдогу өрттү өчүргүлө,- деп колундагы карагат салынган себетин сунат.

— Карагатты кое туруп, биз менен арык казгын,- деди, ага Ак мышык.

Аюу чоң бармактары менен жерди каза баштады. Иш тездеп жүрдү, арыкты казып бүтүштү. Деңиздин суусун токойго кое беришти. Өрт да өчүрүлдү.

Ак мышык үйгө келип, карагаттар менен кыпкызыл таттуу токочторду бышырды. Анын таттуу жыты айлананы каптап кетти.

Майрам көңүлдүү болду. Жаныбарлардын баары конокко келишти. Түрдүү белектерди алып келишти. Баары бал ичип, татынакай таттуу кызыл токочторду, таттуу нандарды жеп, мышыктарды макташты.

Жалгыз Аюу гана унчуга албай чекеде олтурду. Эмнегедир Аюу уялып калды.

Ал эмнеге уялып калганын өзүң билип ал.



Грачёв С.А., 2009. 
Которгон – Т.Закирова
Редактору – Р. Каримов









АТАНЫН КЕРЭЭЗИ 

Илгери бир замандарда Билегеч аттуу бир адам жашаган. Билегеч ар нерсени кыйын билгендиктен ушул атка конгон. Билегечтин жалгыз уулу болот. Билегеч күндөрдүн биринде өзүнүн өлөрүн билип калат да, уулун чакырып алып:

– Уулум, жакында мен дүйнөдөн кайтам. Сага билген акылымды айтып кетейин, жакшылап ук. Эркектин жан жолдошу – аялы. Биринчиси, ак-караны ичине бекитип, алганынын айыбын ачпайт. Экинчиси, албуут болот. Ачуусу келсе, өзүнүн алганын өлүмгө кыят. – Атасы оор дем алат да, баласына айтып жаткан акылын улантат. – Менин сага айтаар акылым алтоо: биринчиси, эмне болсо да, алган аялыңа сырыңды айтпа. Экинчиси, соодагерден карыз алба. үчүнчүсү, кандын жасоолу менен дос болбо. Төртүнчүсү, туз таткан адамыңа эзели кара санаба. Бешинчиси, ар түрлүүнасипти таштасаң да, эртең мененки насипти эч качан таштаба. Алтынчысы, адам ниетинен табат, – дейт. Уулу кунт коюп угат. Мындан соң атасы дүйнөдөн кайтат. 

Атасы өлгөндөн эки-үч жыл өткөндөн кийин, бала үйлөнөт. Аялы менен жакшы жашап турат. Күндөрдүн биринде жигит олтуруп, атасы айткан акылдарды текшерип көрөйүн деп чечет. Биринчи ирет кандын жасоолу менен достошот. Ал досу өлүмдөн башкадан куткарам, – дейт. Ошентип, жасоол менен кол алышып, андан ары кетет. Жүрүп отуруп соодагерге кезигип, андан беш жүз сом акча карыз алат. Жигит үйүнө келип аялына: 

– Мамырбай байдын баласы мага өч чыкты, мен аны өлтүрөм. Сен тактанын астына тиктиги эки кулач болгон ороо каз, таш жыйна, ороону кайра көмгөнгө – дейт жигит.

– өлүгүңдүкөрөйүндүөлтүрүп кел, көөмп таштайлы, – дейт аялы.

Түн ортосу ченде, кан куюлтуп бир кап көтөрүп келип, ороого салып, таш менен бекитип ташташат. Ал жерден көчүп кетип, башка жерге келгенден кийин, бир шылтоолор менен аялын урат. Аялы канга арызданып келет.

– Каным, мени өлтүрмөк болду. Мен эмес ал канкор Мамырбайдын баласын өлтүрүп ороого көмгөн – дейт.

– Жигитти айдап кел! – деп кан жасоолун чакырып буйрат. 

– Эй, сени кан чакырып жатат! – дейт, оңураңдаган жасоол жигитке келип.

– Экөөбүз дос эмес белек, сен мени өлүмдөн башкадан куткарам дебедиң беле, кана убада, куткар мени ушундан – деп жигит жасоолдон сурайт. 

– Мен сени тааныбайм, бас дегенде бас, же болбосо алмадай башыңды алып таштайм! – деп, жасоол канга айдап келет.

Ал аңгыча баягы соодагер келип, жигитке: 

– Карызыңды төлө! – деп асылат. 

– Берем сенин беш жүз сом карызыңды. 

– Ой, каным, мына бул карөзгөйдүн айтканын уктуңузбу? Беш миң сом карыз алат да, эми беш жүз сом деп турганын. Каным, төлөтүп бериңиз акчамды! – дейт соодагер. 

Ошентип, кан жигитти суракка ала баштайт. Жигит канга атасынын керээзин төкпөй-чачпай айтып берип, текшериш үчүн бардыгын тескерисинче жасаганын, өлтүрүп көмгөнүМамырбай байдын баласы эмес, өзүнүн кара токол эчкиси экенин айтат. Кан Мамырбай байдыкына жигит чаптырып, баласы тирүүэкенин билет. Жигиттин аялын ээрчитип, жанына калыс алып, ороону ачтырат. Ачтырса, чын эле өлгөн токол кара эчки чыгат.

Кан жигитти өзүнө биринчи жигит кылып алат. Арадан бир нече жыл өтөт. Кандын аялы жигитке ашык болуп калат. Күндөрдүн биринде кандын аялы жигитке: 

– Сен канды өлтүрүп, мени ал, кан бол, – дейт.

– Жок, эч качан жаман иш жасабайм, кандын тузун таттым, кара санабайм ага, – дейт жигит.

Ичи күйүп калган кандын аялы, канга келип:

– Сенин биринчи жигитиң сени өлтүрүп, мени алам жана кандыкты ээлейм деп жатат, буга мен макул болбой, каным сага айтып келдим, – дейт.

Кан ойлонуп калат:

– Ниетинен табат дебеди беле, мен ушул бүгүнкүкүндүболжоп, келерки жылы эртең менен биринчи ким келсе, ким экенине карабай өрттөп жибер – деп ашпозчуга буйрук берет. Себеби бир күнүаялы, бир күнүжигити тамак алып келчүэкен. «Ниети кара кабылсын» – деп, кан ойлоп коёт.

Арадан бир жыл өтүп, болжогон күнүжигиттин кезеги тамак алып келүүгө келет. Жигит тамак алууга бара жатса, алдынан карыган кемпир чыгып:

– Уулум, үйгө кирип, даам ооз тийип кет, жалгыз балам бар эле, ошол өлгөнүнө бир жыл болду, ошого арнап дуба оку, – деп суранат. Жигит бир чети кемпирдин көңүлүн кыя албай, экинчиден, атасынын айтканы эсине түшүп, кемпирдин үйүнө кирип, чай ичип отуруп калат. Ушул убакта кандын аялы: «Бул эмне кечикти, мен өзүм алып келе коёюн», – деп ашпозчуга жүгүрүп барат. Кандын буйругун алган ашпозчу кандын аялын отко жагып жиберет. Андан соң жигит келип, тамакты алып кайтып келет.

– Кан айымды чакырайын, тамак ичели, – дейт, жигит эч нерсе оюнда жок.

Анда кан айымдын келгис жакка кеткенин жана болгон окуяны жигитке айтат. Ошондо жигит да болгон чындыкты, кандын аялынын эмне дегендигин, бардыгын айтып берет.

– Ниетинен тапты, иним, – дейт кан ошондо. 

Кан башка аял алат. Жигитти да үйлөнтүп: 

– Атаңдын керээзи абдан туура экен, – дейт.

Кан жигитти өзүнө бир тууган кылып алып, жыргап-куунап жатып калышкан экен.

АЛЫМКУЛ СООДОНБЕК УУЛУ











АПЕНДИ ДӨӨНҮ КАНТИП АЛДАДЫ 

Илгери замандарда Апенди кызыл кулак соодагер менен кошуна туруп калат. Апендинин үйүндө кашык талканы, тиштем наны жок калганда, соодагерден карызга талкан алат. Алган талканы бир табак. Апенди соодагердин карызынан кутулууга талкан издеп, кап көтөрүп талаага чыгат. Жолдо келе жатса алдынан дөө жолугат. Дөө күлө баштайт, а Апенди жерге жатып алып күлөт. Буга дөө таң калып мындай деп сурайт: 

– Эй, акылсыз адам, неге күлүп жатасың? 

– Оңой тамак табылганына, курсагым тоёруна кубанып күлүп жатам. Сени азыр жейм.

– Эй, акылсыз акмак, ким экенимди сурап билип күлсөң боло.

– Мен тигил дүйнөдөгүчоң усталардын биримин. Тозок менен бейиштин ортосуна көпүрө салып жаттым эле, бир устун жетпей калганынан дөө издеп чыксам, сен кезиктиң, көп издебей, бат тапканыма кубандым. Мен азыр жан алгычты чакырып, жаныңды алдырам. өзүңдүмына бу капка салып алып кетем! – дейт.

– Кааласаң бүт дүйнөмдүал, үч жерде алтынымдын кени бар, бала-бакыралуу элем, жанымды калтыр, – деп дөө жалына баштайт. 

– Болуптур дөө, балдарың үчүн жаныңды койдум. Бир жердеги алтынды көргөз, калганын өзүм таап алам, – дейт.

Дөө ээрчитип барып, бир жердеги алтындын кенин көрсөтөт. 

Апенди дөөнүкоё берип, бир каптын теңинен алтын алып, үйүнө барып, бир табак талкан үчүн соодагердин үйүнө бир табак алтын алып барат. Анда соодагердин көзүкызарып: 

– Мен муну албайм, мен өзүм сузуп алышым керек – дейт. Себеби талканды өзүм бергем – деп, соодагер болбой койгондо, Апенди аны ээрчитип жөнөйт. Бирок Апенди жолдон адашып, алтындын кенин таппай, жүрүп олтуруп түтүн чыккан бир чоң теректин түбүнө келсе, таш тулгада бир чоң казан кайнап турат. Аралаштырып караса, сегиз кишинин башы менен эттери кайнап жатат. Эси чыккан Апенди теректин башына чыгып кетет. Соодагер өйдө чыккандан коркуп, теректин жарымына чыгып отурат. 
Ал аңгыча сегиз дөө келет, алардын ичинде бир дөөнүн жалгыз көзүбар. Бул жер Апенди алдаган дөөнүн мекендеген жери экен. Алданган дөө беркилерге кайрылып, болгон окуяны толук айтып берет.
– Эми силер бата бергиле, – дейт.
– Сен акмаксың, мына минтип муштасаң жаны чыкмак – деп, жалгыз көз дөө жинденип, теректи бир муштайт. 
Терек солк дегенде, жаны көзүнө көрүнүп отурган соодагер кулап түшөт.
– Жалгыз көздүбаса кал! – деп, теректин башында отурган Апенди катуу кыйкырат. 
Корккон боюнча сегиз дөө туш-тушка качып жоголот. Түшүп келсе, соодагердин карды жарылып өлүп калган. Иче-кардын алып салып, ордуна алтын салып, кардын кайра тигип, соодегердин аялына көтөрүп барып мындай деди:
– Күйөөңдүн көзүалтынга тойбой, алтындын калганын ичиме салып кетем деп жатып, жарылып өлдү– деп угузат. 
Ошол күндөн ушул күнгө чейин соодагер менен дөөдөн кутулуп, Апенди жыргап жатып калган экен.

АЛЫМКУЛ СООДОНБЕК УУЛУ


Уч ууру.

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчиууру: 
- Мен жанда жок уурумун-дейт. 
Экинчи ууру:
- Мен жанда жок баатырмын-дейт. 
Үчүнчү ууру:
-Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,-дейт. 
Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна: 
-Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,-дейт. 
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:
-Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,-дешет.
Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:
-Жүр, кеттик,-деп атка минип жөнөшөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:
-Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?
-Ата казынасы кыз,-деп жооп беришет.
Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:
- Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!-дейт. 
-Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?-дейт. 
Ченчи:
-Атыңдан түшүп, батыраак кара,-дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.
Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:
– Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,-дейт.
Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
-Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?! -деп жакадан алат.
Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:
-Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,-деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: “Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү”-деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:
-Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,-деп кызды баатырга берет.


Жоомарт 

Илгери, илгери бир кандын үч вазири бар экен. Бир күнү вазирлерин сынамак үчүн кан:
- Вазирлерим, менин силерге бере турган суроом бар, кандай адам жоомарт болот? Малдуу, бай адам жоомарт болобу? Силер мага айтып бергилечи,-деген экен.
- Дүнүйөсү көп болбосо, малы жок болсо, эч кандай адам жоомарт боло албайт. Малдуу жоомарт болот. Колунда жок болсо, кандай мыкты адам болсо дагы, мен жоомарт боломун деп, аракет кылганы менен боло албайт,-дешет. 
Андан көп күндөр өткөндөн кийин кан жаман кийим кийип кайырчы болуп, “вазирлерин сынап көрөйүн деп, бир күнү түндө бир вазиринин үйүнө барат.
Үйүнө кирип барганда эле вазири кабагын бүркөп:
- Эмне кылып жүрөсүң, кет,-деп кыйкырат. Кайырчы болгон кан босогодо ыйлап туруп:
- Тамагым жок, батамды берейин,-дегенде вазири ичкен тамактын калдыгы калган экен ошону берет да:
- Кеткин,-деп жиберет. Андан кан чыккандан кийин, дагы бир вазиринин үйүнө барып, кайырчы болуп тамак сурайт. Ал вазир дагы:
- Кеткин,-деп тилдеп, кургап калган нандын калдыктарын берет.
Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур. 
- Эмне кылып жүргөн кишисиң?-деп сурагаңда, кан айтат:
- Мен кайырчымын, кайыр тилеп жүрөмүн. Силердикине жатайын деп келдим,-дегеңде жигит эшикке жүгүрүп чыгып:
- Кайырчы аке, кетпеңиз, биздин үйгө жатыңыз!-дейт. Анан жигит энесине:
- Бүгүн алып келген койлорубуздун бирөөнү союп, кайырчыны конок кылалы,-дегенде энеси макул болот.
Кайырчыга келип:
- Сизди сыйлап, бир коюбузду союп берели дедик эле, сиз ыраазылыгыңызды бериңиз,-дегеңде кайырчы болгон кан:
- Койду кайдан алдыңар, коюңар көппү?-деп сураганда жигит:
- Мен бир байдын малын багып жүрүп, бир жылдык акым үчүн беш кой аддым эле. Ошол койлорду бүгүн алып келип, койду кызык көрүп жатпай карап олтурдук эле,-дейт.
Анда кайырчы кан:
-Мен койдун жүрөгүн гана жечү элем. Бир кой сойсоң, бир койдун жүрөгүнө мен тойбойм, этин жебейм,-дейт. 
Анда жигит, эшикке жүгүрүп чыгып, энесине:
-Эне, кайырчы жүрөк гана жейм дейт. Бир койдун жүрөгүнө тойбойм дейт. Кайырчыга беш коюбузду тең союп, жүрөгүн берели, кайырчы бечара тойсун, этин өзүбүз жеп, же сатарбыз,- дегенде энеси макул болот.
Жигит беш коюн тең соёт. Беш коюнун беш жүрөгүн салып, кайырчы ыраазы болсун деп бышырып берет. Кайырчы бир гана жүрөгүн жеп:
-Мен өзүм жүрөктү бул жерге олтуруп жалгыз жеп алганым болбойт, балдарым ач, балдарым менен бирге олтуруп жейин,-деп калган төрт жүрөгүн үйүнө алып кетмекчи болот.
Анда жигит:
-Мейлиңиз, ыраазы болсоңуз болду,-дейт. 
Кан түн боюнча башка кишилерге көрүнбөстөн өзүнүн кандык ордосуна барып, жигиттин берген төрт жүрөгүн вазирлердин берген нандын кургаган калдыктарын жана башка артып калган тамактарын алып барып, кан отурган жериндеги сандыгына салып коет.
Бир нече күндөн кийин, кан эки вазирин чакыртып алып, кой союп жүрөгүн берген жигитти да чакыртат.
Кан вазирлерден: 
-Марттык эмнеде, дүнүйөдөбү же адамдын өзүнүн сөөгүндө бүткөн марттык болобу?-деп сураганда вазирлери:
Марттык дүнүйөдө болот. Кимдин дүнүйөсү көп болсо, ошол март болот,-дейт. 
-Силердин дүнүйөңор барбы, же жокпу?-деген кандын суроосуна вазирлери:
-Биздин дүнүйөбүз өзүбүзгө жетиштүү. Дүнүйөбүз арбын,- дейт.
Вазирлерине кан ачуусу келип:
- Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо, тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет белеңер,-деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт.
- Мына март деп, мен үйүнө барганда малай жүрүп, алып келген беш коюн союп, жүрөгүн бышырып берген ЖИГИТТИ айт,- деп кан эки вазирин ордунан түшүрөт:
- Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот!
Ошентип хан малай жүргөн жигитти вазир кылып алат.




Эки улак



Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жан-жагын карап секирет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикен, эч кандай кой-эчки көрүнбөйт. 

- Сен ак улаксың, тил укпаган акмаксың! Мени ары бери сүйрөп жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин,-деп ак улакка кара улак айтат.

Кара улак бир күн мурун туулган. Денеси чымыр, маңдайында жумуру эки мүйүзү бар. Ак улакты боорум экен деп, жан тартчу эмес. Кичине эле кылт этсе: “Ак улаксың, акылы жок акмаксың”,- деп шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү. Кара улак өзү жалакор, ак улак жакын келсе эле: “Мына жердин чөбүн жеп койду, ба-а – ба-а!” деп бакылдачу. Эми адашкандан кийин айласыз “ак улак” деп гана турат. “Ай, ак улак, акмак! Жаның барда түш деймин, бас деймин” деп, кара улак секирди. Ак улак ары ойлонуп, бери ойлонуп, зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:

- Узап кеткен койду кантип табабыз, тоону ашып жайлоого барып калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу эң кыйын болсо да, жол издеп көрөйүн. Сага айтайын дегеним, эчки менен эрегишпегин, менин айтканымды иштегин. Муну орундатпасаң адашып өлөбүз. Ак улактын “өлөбүз” деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.

Кара улак канча тентек болгону менен, ак улактын тилин алууга убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапырып, алдынан аң, таш жолукса секирип өтүп, жүрүп отурат.

Ошентип ак улак, кара улак экөө тоонун этегине келип жетет. Эки жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.

Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.

-Өзүң аппак, сулуу улак экенсиң, агаң дагы келишкен неме тура! Чарчап калган чыгарсыңар, биздин үйгө барып даам татып кеткиле. Менин дагы силердей эки балам бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып эс аларсыңар, -деп, түлкү ичинен “ак улак кичинекей экен, капысынан эбин таап жеп алайын” деп ниети бузулат.

Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак:

- Түкө, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу келет го, кашакеңдин каары катуу эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.

- Анда эмесе жарайт, силер кете бергиле, мен артыңардан барармын,-деп түлкү куулук кылып калып калат.

Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:

- Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен силерди жеймин,-дейт. Анда Ак улак дагы чыңылдайт: 

- Кашаке, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди арыстан күтүүдө. Ал тоодогу жортуп жүргөн кайберендерге, учкан куш, айбанаттарга падыша болуп келүү күнү келиптир. Эртең мененки тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу жейт экен. Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз! Аңгыча болбой:
- Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,-деп кара улак тикчилиндеп бакырып жиберди.
Карышкыр шаштысы кетип:
-Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан – деп качып жөнөйт. Эки улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса, тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында астында аты бар, кашында ити бар койчу келе жатат. Койду көргөндө кубанганынан эки улак “мака-каа” деп маарап кое беришет.
Чолпон ата жол баштап, мурун келген ак улакты жерден көтөрүп ала коет да:
-Мен силерди ой-кыр койбой издеп таба албай койдум эле. Өзүңөрдүн таап келгениңерди карачы, жарайсың, ак улагым, ап-пагым: “Ак улак акмак” деп мазактагандардын өздөрү акмак – деди да ак улакты кучактап бооруна кысты.




Төлгөчү 

Илгери бир кедей болгон экен. Бир күнү аялы:
- Сен эркексиңби, бир жерден ичерге тамак, киерге кийим таап келсең боло. Агартып көйнөк кийбесем, алгылыктуу оокат ичпесем, качанкыга чейин эле эч нерсеге жетинбей, жорудай болуп жүрөмүн,-деп күйөөсүн, жемелейт.
-Мен кайдан оокат таап келейин, бирөөлөр мага оокатын бекер бербесе, эмне кыл дейсиң. Айтчы, кандай кылайын –дейт күйөөсү. Аялы күйөөсүнө бир жоолук менен кырк кумалак берди да, ушуларды алып эки жолдун кошулган бурчуна барып олтургун. Жоолукту алдыңа жайып койгун, кырк бир кумалакты жоолуктун үстүнө чачып таштагын. Ары өткөн, бери өткөн кишилер:
“Ой, бул эмнең, эмңе кылып олтурасың?” деп сурашат. Ошондо сен “ушул кумалак менен элдин жоголгон малын табамын, мына бул чачылып жаткан кырк бир кумалакты “төлгө” дейт”, деп жооп бергин,-деди. 
-Жоголгон малын кантип табамын, эч нерсени билбесем эмнени айтамын,-дейт күйөөсү.
-Бирөө мен кой жоготтум, коюмду таап бергин деп келсе, сен кумалактарды колуна алып туруп жоолукка чачып таштагын да, оозуңа эмне кирсе ошону айта бергин. Ошол айтканың үчүн алар сага акча беришет, ошону менен оокат кылабыз! – Аялы безилдеп шакылыктады. 
Аялынын сөзү менен кедей эки жолдун айрылышына келип, жоолугун жайып коюп, ага кумалактарды чачып салып олтура берди.
Эшегин жоготкон бир киши келди:
- Бул жерде эмне олтурасың?
- Мен төлгөчүмүн, элдин жоготкон малын төлгө салып таап беремин!
- Менин бир эшегим жоголуп кетти эле, ошону таап берчи төлгөңдү тартып,-деп баягы киши төлгөчүгө беш тыйын берет.
Төлгөчү кумалагын жоолуктун бетине чачып ойлонуп олтуруп калат, эмне айтарын билбей, оозуна эч нерсе кирбей, тунжурай түшөт. Төлгөчү илгери ооруп, ага табып санаа берип, айыктырганы кылт эсине түшөт да, эшектин ээсин:
- Сен санаа ичкин,-дейт. 
- Менин жоголгон эшегим табылабы же табылбайбы, ошону ачык айтпайсыңбы? Санаа ичкендей мен кесел белем, эч оорум жок,-дейт баягы киши.
-Көп сүйлөбөй барып менин айтканымды кылгын,-деп төлгөчү аны жөнөтүп жиберет.
Баягы эшегин жоготкон киши үйүнө барып төлгөчүнүн айтканын кылайын деп, санаа ичет. Санаа тигинин ичин ала баштайт, тигил шашылып камыштуу жерге барып олтура калса, аерден шабыр-шубур деген табыш чыгат. Ал: “бул жерде эмне болду экен”-деп карай салса, өзүнүн жоголгон эшеги ошол жерде жүрөт. Ал эшегин таап алып, сүйүнгөндөн кайра төлгөчүгө келип:
-Сен олуя төлгөчү экенсиң, эшегимди таап бербедиңби, -деп сүйүнүп дагы акча берет.
Ошентип кедей төлгөчү аталып кеткен экен.


Кан менен вазир

Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:
- Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,-дейт.
- Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне чаап бара жатасың?-деп сурайт.
Вазир:
-Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара жатамын,-дейт. 
Кандын кызы айтат:
-Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз “Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди.
- Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,-дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле албай:
- Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат. Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы, эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге:
- Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин канга келип:
- Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип, жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет:
- Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып, “келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат.
Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет. Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз “Барсамбы, барбасамбы”- деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи болот.
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат кыл,-деп айтат.
Кыз:
-Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт. 
Кан:
- Макул болот,-дегенде кыз айтат:
- Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиз-деди. 
- Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан.
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
- Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө келет. Кыз:
- Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт.
-Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай жатканын көрүп, кыз барып:
-Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип:
-Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет.
“Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууп- тазалап бага берет.
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп: “Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып:
-Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт. 
Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт.
-Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт.
Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат:
-Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз.
Үчөө кобурашып:
-Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет.
Кыз үчөөнү карап туруп:
-Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат:
-Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,-деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе жатканда үчөө тең кетишет.
Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү жигитке:
-Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул болот.
Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө:
- Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып келгенде кыз күйөөсүнө айтат:
- Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын. Кан:
“Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде, ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде: “Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат” деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин, ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт.
Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп, аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип, колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылат.
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң калып, кээси бата берет.
- Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер таң калып жүрүшөт.
Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат. Кыз бир күнү күйөөсүнө:
- “Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп ойлоп, кан:
- Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат.
- Азыр келет,-деп жигит отура берет.
- Качан келет?-деп улам-улам шаштырат.
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз элине тараган экен.


Асан 

Илгери, илгери бир кандын улуу катынынан эки бала, кичүү катынынан Асан деген баласы болуптур. Бир күнү кан түш көрүп, түшүндө булбулдун сайраган үнүн угуп, ошол булбулга ашык болуп калат. Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Атасы эмнеден ооруп жатканын балдары билишпейт.
Бир күнү кан үч баласын чакыртып:
-Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?-дейт. 
Улуу катындын эки уулу:
- Биз алып келип беребиз,-дешет. Ошол кезде Асан жаш болот.
- Булбулду алып келүү Асандын колунан келет эле, бирок ал “жаштык кылат, силердин колуңардан келбейт”,-дейт кан.
- Бизди Асандан кемсинтет,-деп эки уулу атасына таарынышат. Кан:
- Кой, таарынбагыла, үчөөң тең баргыла,-деп үчөөнү тең жиберет.
Баягы кандын эки уулу Асанды ээрчитип алып, жүрүп олтуруп, бир тактай кудукка барышат. Ал кудуктун жанында эки жол жатат. Бир жолго “барса келет”, бир жолго “барса келбес жол” деп, жазылып коюлган. “Барса келет жолго” эки агасы түшөт, “барса келбес жолго” Асан түшөт. Бул үчөө жолго чыга электен мурун Асан:-үчөөбүз кудуктун тактасын үч аталы, кимибиз келсек, тактадан өзүбүздүн огубузду сууруп алалы, келгенибизди ошондон билели,-дейт. 
Тактаны үчөө үч атат да, жолдоруна түшүп жүрүп кетишет.
Асан жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир күмбөзгө жолугат. Кирип барса түрдүү тамактар бышып турат, эки жагын караса, эч ким жок, курсагы ачкан Асан тамакты иче баштайт. Күмбөздүн төбөсүндө аңдып жаткан мастен кемпир:
-Бейжооп тамакты ичип жаткан ким?-деп кыйкырып түшүп келет да, Асанды кийик кылып коет. Ал кийик мени бирөөлөр атып жеп коёт деп мастен кемпирге жалына берет. Мастен кемпир кийиктен жадап, анын тилин дубалап байлап коет. Кийик мастен кемпирден түңүлүп андан ары кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп дагы бир күмбөзгө жолугат, кирип барса, баягындай түрдүү тамактар бышып турат, бирок Асан коркуп такыр жебейт. Бир маалда күмбөздүн төбөсүнөн бир кыз:
-Бул жерде бейжооп жүргөн ким?-деп түшүп келет. Кийик бүрүшүп, корголоп калат. Кыз кийиктин адамзат экенин билет да, “Мастен кемпир кылгылыкты кылган экен” деп кийикти дубалайт. Кийик адамзат болуп чыга келет. Кыз:
-Сен кайдан жүргөн баласың?-деп сурайт.
Асан тили жок, дудукча колу менен жаңсайт. Кыз “Асандын тилин да байлап койгон экен” деп, тилге келтирет. Асанга тил кирет, ал кызга жол жүрүп баратып мастен кемпирдин үйүнө туш келгенин, ач болгондуктан тамактарын жеп койгонун, мастен кемпир тамагын кызганып, кийик кылганын жана башкаларды айтып түшүндүрөт. Кыз Асандын эрдигине ыраазы болуп, түрдүү-түрдүү тамак-аштарды коюп сыйлайт. Ошентип экөө турмуш куруп, жыргап жатып калышат.
Күндөрдүн биринде Асан:
-Атам кан эле, бир мукам сайраган булбулдун үнүнө ашык болуп калып, ошол булбулду таап келгин деп жиберди эле, мен ошол булбулду издеп жүрөмүн,-деп кызга чын сырын айтат.
Кыз:
-Ал булбул жин перинин падышасынын кызынын колунда турат. Тоонун башында бир кара куш бар, ал жыл сайын тууйт, бирок жыл сайын балдарын ажыдаар жеп коёт, ошонун балдарын ажыдаардан аман куткарсаң, сени булбулга ошол кара куш жеткирет. Анын балапандары темир канат болуп учар убагында уянын түбүнө чуңкур казып, ошол чуңкурда жааңды алып, андып жаткын, ажыдаар келгенде атып өлтүргүн,-дейт. 
Асан тоонун башына барып, баягы келинчеги айткандай жаасын алып, кара куштун балапандары жаткан уяны аңдып жатат.
Бир убакта ажыдаар келип, уяга чыга баштайт, балапандары чырылдап, чыркырашат. Асан ажыдаарды тең бөлө атат. Аңгыча болбой үйдөй ташты үтүрөндөтүп, койдой ташты котураңдатып, бороон-чапкын менен кара куш келет. Келсе, балдары аман-эсен. Сүйүнүчү койнуна батпай, балапандарынан: 
-Ажыдаардан кантип кутулдуңар? -деп сурайт. Балдары:
-Ажыдаар бизди жутам деп уяга чыгып келатканда мына бул киши атып өлтүрдү,-деп жооп беришет.
Ошондо кара куш:
- Сен мага аябай чоң жардам кылган экенсиң. Эми сенин эмне мүдөөң бар?-дейт. Асан:
- Жин перинин падышасынын кызынын колундагы булбулду алып бер,-дейт.
Кара куш булбул кушка кантип баруунун жолун бардык куштардан сурайт. Ошондо жин перинин падышасына үч жыл туткун болгон көөдөнү адам, көчүгү куш киши кара кушка:
-Жин перилер удаасы менен үч күн уктайт, ошол уктап жаткан кезде барсаңар кудайдын жалгаганы, уктабаган убакта барсаңар кудайдын каргаганы,-дейт. 
Кара куш Асанды алып жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп алардын уктаганына бир күн калганда барышат. Ал күнү токойдун ичинде жашынып жатып, эртеси Асан алтын туурда олтурган булбулду алып, келинчегине келип, үчөө жөнөп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы такталуу кудукка келишет. Асан үч окту караса, үчөө тен, тактада кадалган бойдон турат. Асан эки агасынын кетпегенин билет да, келинчеги менен булбулду ошол жерге коюп, өзү эки агасын издеп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир айылга келет. Келсе, бир агасы Чокой деген байга, бир агасы Кепич деген байга малай болуп жүргөн жеринен табат. Асан агаларын алып кетемин десе, байлар:
-Бул экөөнүн ичкен-жегениң төлөмөйүнчө, кое бербейбиз,-деп чатак кылышат.
Асан эки агасынын ичкен-жегенин бүт төлөп, куткарып кудукка барат. Ошол жерден эки агасы Асандын келинчегин, булбулду көрүп көңүлдөрү бузулат. “Уялбай кантип барабыз” деп, Асандын эки көзүн чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет. Булбул Асандын эки көзүн кебезге ороп, эки канатынын алдына катып коёт. Асандын келинчеги карматпай качып кетет.
Баягы Асандын эки агасы:
- Булбулду биз алып келдик,-деп атасына алып барышат. Кан эки уулунан:
- Булбулду кантип таап келдиңер?-дегенде, бирөө:
- Күлүк ат минип караңгыда уурдап келдик,-дейт. Экинчиси:
- Караңгыда жөө эле уурдап келдик,-дейт. Балдарынын сөзүнүн эки ачалык билингенден кийин:
- Сени ким алып келди?-деп булбулдан сурайт. Ошондо булбул:
-Бул экөөнүн иниси Асан деген алып келген, бирок бул экөө намыс кылып, Асандын эки көзүн чукуп, такталуу кудукка салып жиберишти, эки көзү менин эки канатымдын алдында турат, Асан өлгөн жок, тирүү эле кудуктун түбүндө жатат,-дейт. 
Кан кудуктан Асанды алып келдирип, эки көзүн жылуусунда салдырып, мүрөктүн суусун куйдуруп айыктырат. Ал эми берки эки баласын даргага тарттырып өлтүрөт.
Кан каалаган булбулуна жетип, Асан келинчегин алып келип, элине кан болуп, жыргап-куунап жатып калат.



Камыр балбан

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир-чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: “Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы” деп арманын айтып, тышка, чыгат.
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл “жоо келе жатабы” деп качат экен.
Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:
- Эмне өнөрүң бар?-деп сурайт.
- Балбандыгым бар,-деп жооп берет.
- Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу,-деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:
- Эмне өнөрүң бар?-деп сурашат.
- Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, -дейт.
Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:
- Эмне өнөрүң бар?-деп сураса:
- Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт,-дейт. 
Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет.
Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.
Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:
- Эт берчи!-деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:
- Эт жебей, чок же!-дейт.
Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.
Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир-эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.
Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. “Үч кызды үчөөбүзгө бербейт”,-деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.
Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата-энесин багып калыптыр.


Алтын шакек

Илгери, илгери бир чалдын жалгыз баласы бар экен. Бир күнү чал “баламды бир сынайынчы” деп, жыйырма тыйын берип базарга жиберет. Ал барып беш тыйынга күчүк, беш тыйынга мышык, беш тыйынга короз жана беш тыйынга жыландын баласын сатып алып үйүнө келет.
“Балам тыйынын бир оокатка жаратат экен десем, капкайдагы жарабаган нерселерди алыптыр” деп, чал ачуусу келип, үйүнөн кууп жиберет.
Бала корозду, мышыкты, жыланды көтөрүп алып, бет алган жагына кете берет.
Күндөрдүн биринде жыландын баласына тил кирип:
-Досум, мен жыландын падышасынын баласы элем, адамзаттын колуна эмне болуп түшкөнүмдү билбеймин, сен атамды издеп тапсаң бул дүйнөдө эч нерседен кор болбойсуң. Бир чоң кара дөбө бар, аны тапсаң бир кичине жылан чыгат, андан ары жүрүп олтурсаң бир чоң жылан чыгат, аларга менин башымды көрсөтүп койсоң дароо кетет. Ошол жыландын изи менен баса берсең, бир үңкүргө келесиң. Ал үңкүрдө бир чоң чарада алтын бар, ошол алтындын ичинде менин атам жатат. Мени ошол үңкүргө барганда кое бер. Үңкүрдүн ичинде түрдүү тамак-аш бар, өзүң ошол тамак-аштан ичип жата бер,-дейт.
Бала жүрүп отуруп, чоң кара дөбөгө келсе, алдынан бир кичине жылан чыгат, ага койнундагы жыландын башын көрсөтүп коет, кичине жылан коркуп качат. Бала андан ары басат, алдынан дагы бир чоң жылан чыгат, ага да жыландын башын кылтыйтты эле, а да ийнине кире качат. Бала анын изи менен үңкүргө кирет. Анда бир чоң чарада алтын, анын үстүндө чоң жыландын жатканын көрөт. Көтөрүп жүргөң жыланды кое берет да, өзү ар түрдүү тамактардан ичип жатып калат. Бирок көп күн жүргөндүктөн зеригет. Анын зериккенин билип, жыландын баласы:
- Досум, зериктиңби, кетесиңби?-дейт. 
- Уруксат берсең кетем.
- Досум, бул алтындар сага опо болбойт, атамдын тилинин алдында алтын шакек бар, ошол шакекти атамдан сурагын. Шакектин алтымыш эки дубасы бар, ал дубаларды үйрөтүп коёмун, анан кор болбойсуң,-дейт жылан.
- Алтын шакекти өзүң сурап бергин. Жылан атасына келип:
- Ата, сиздин алтын шакегиңизди досум сурап турат, ошол шакегиңизди досума бериңиз,-дейт. 
Атасы ары карап ыйлап, бери карап күлүп, “Эми болбостур” деп, күңгүрөнүп сүйлөнүп туруп “ту-у-у” деп бүркөп жиберет, ошондо алтын шакек оозунан ыргып кетет.
Жылан алтымыш эки дубаны үйрөтөт. Бала шакекти тилинин алдына салып, дубаны үйрөнүп, короз менен мышыгын көтөрүп, күчүгүн ээрчитип жөнөйт.
Жүрүп олтуруп бала бир чал менен кемпирге жолугат. Чал:
- Балам, эмне болуп жүргөн баласың,-дейт. 
- “Баласы жокко бала болоюн, ботосу жокко бото болоюн” деп жүрөм,-дейт бала.
Чал аны бала кылып алат. Ал күндөрдүн биринде “атамдын үстүндө үй, өрүшүндө жылкы, короосунда кой, котологон уй болсун” деп, алтын шакегин жерге бир урат. Баланын айтканы бир заматта даяр болот.
Балага түнкүсүн күнүгө эле чыгыш жактан бир жарык көрүнөт.
- Ата, ата, күнүгө эле түн ичинде чыгыш жактан бир жарык көрүнөт, бул эмне болгон жарык?-деп бала сурайт.
- Балам, ал падышанын кызынын нуру, ал кызына үй салып берген, ошол үйдө багат. Жанагы жарык ошол кыздан чагылышып турат.
- Ата, ошол кыздын атасына жуучу түшүңүз, мен ошол кандын кызын алайын.
- Ал кыздын калыңын кайдан табамын?
- Ата, коркпой эле бара бериңиз, калыңга берүүчү малды мен табамын,-дейт. 
Ошентип чал канга барат да:
-Кан, мен сага жуучуга келдим, кызыңды менин балама бересиңби?-дейт. 
-Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын. Ал сарайлардын ичинде май көл менен сүт көл болсун, ошол көлдөрдө алтын-күмүш чабактар секирип ойноп турсун. Үйүмдүн четине чынар терек менен күмүш терек орнотулсун, ал чынарларда алтын булбул менен күмүш булбулдар сайрап турушсун, кызымдын калыңы ушул, ушул калыңды кырк күндө бүтүрүп, тоюңду берип, келининди ал,-дейт кан.
- Ушунчалык калың салды, “кырк күндө бүтүп, тоюнду берип келиниңди алгын” деди, мен мынча калынды кайдан табам, качан бүтүрөмүн,-деп чал баласына ыйлап келди.
- Эй, ата, ыйлаба, анын баарын мен табамын, эсенчилик болсо келиндүү болосуз,-деп бала бир түнү кандын шаарынын четине барып: “Калың жөнүндө кандын айткандары таң атканча бүт аткарылсын”- деп, алтын шакегин жерге бир урат.
Эртең менен караса, айлана жарк-журк этет, кандын айткандары бүт аткарылып калган.
Кан көрүп, сүйүнүп “чал келинин алсын” деп чалга жигиттерин кабарга жиберет. Чал баласын жана башка кишилерин алып канга келет. Кан той берип кызын берет. Аларга алтын сарай менен күмүш сарайын энчилеп, кыз күйөөсүн киргизип коёт.
Бала мышык менен корозду үйүнө коюп, өзү итин ээрчитип ууга чыгып кетет.
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип:
-Балам, менин багар, көрөрүм жок, сенин кешигиңди ичип оокат кылып жүрөйүн,-деп ыйлап кирет.
-Жүрсөңүз, жүрүңүз,-деп келин кабыл алат. Бир нече күндөн кийин мастен кемпир келинге сөз катат:
-Эркек эле курусун, аялга сырын айтпайт тура. Сенин эриңдин тилинин алдында бир алтын шакеги бар, эриң уудан келгенде тилиңдин алдындагы алтын шакекти көрсөт деп ыйлактагын. Эриң алтын шакекти көрсөтөт. Көрсөткөндөн кийин “алтын шакегиңди мага бергин, мен кээ-кээде көрүп коюп жүрөйүн” дегин, ал берет, алтын шакекти экөөбүз көрүп коюп жүрөлү.
Бала уудан келгенде келинчеги таарыныч кылат:
-Сенин алтын шакегиң бар турбайбы, мага айтпай жүрүпсүң. Ошол шакегиңди мага бер, анда-санда көрүп коюп жүрөйүн.
Бала алтын шакегин келинчегине берет. Келинчеги ал шакекти алып, көрүп коюп жүрөт. Бир күнү мастен кемпир:
-Балам, алтын шакегиңди берчи, мен да көрөйүн,-дейт. Келин алтын шакекти кемпирге берет. Мастен кемпир алтын шакектин алтымыш эки дубасын окуп, “ушул келин менин Кейбат деген балама катын болсун” деп жерге бир урат. Ошону менен мастен кемпир келинди жети суунун ары жагындагы Кейбат деген таз баласына алып берип коёт.
Бал кечинде уудан келсе, үйдө келинчеги жок, мышыгы менен корозу калган, өзү эмне кыларын билбей отуруп калат. Итке, мышыкка тил кирип, балага:
- Капа болбогун, алтын шакекти биз табабыз, – дешип жөнөп кетишет.
Үчөө суудан отүп, мастен кемпирдин үйүнө барышат. Ит итке кошулат, короз корозго кошулат, мышык болсо шып этип үйгө кирип кетет. Короз:
- Мен боз үйдүн жабуусун тартканда, түндүккө чыгып барып кукулуктаймын, мастен кемпир “өлүгүңдү көрөйүн, бул кандай тоок?” деп мени караганда оозуна жаба “шарт” эттиремин. Ал какырынып түкүрүнгөндө оозунан алтын шакек ыргып кетет. Мышык, сен шып дедире илип кач. Ит, сен эшиктин алдында тургун, мышык келип үстүңө жабышсын, мен да учуп түшүп, аркаңа конуп калам. Анан алып качпай жаның жокпу!-дейт да түндүккө конуп кыйкырат.
Мастен кемпир:
- Бул кайдан келген короз?-деп таңыркап оозун ачып карап турганда короз шарт бир коёт. Ал: “өлүгүндү көрөйүн!”- деп түкүрүнгөндө, алтын шакек бок менен бирге ыргып кетет. Мышык шып этип илип качат, ит мышык менен корозду үстүнө кондуруп алып зымырап жөнөйт.
Мастен кемпир кандай ит экенин тааный албай калат. Ит алты суудан өтүп, жетинчи сууга барганда:
- Мен алып барамын,-деп мышыктан талашып шакекти алат. Ал сууну кечип бараткан маалда чарчап акактайт да оозунан шакекти түшүрүп жиберет.
Үчөө суудан өтүшөт, ит балага барып:
- Мен алтын шакекти сууга түшүрүп жибердим, ал шакекти балык жутум алат, балыкты балыкчылар кармайт, мен ошол кармалган балыктарды жыттап, алтын шакекти табамын -дейт.
Ошону менен төртөө сууну бойлоп жөнөшөт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп төрт балыкчыга жолугушат. Кармаган балыктарын караса, бирөө тим эле жылтылдайт. Ит балыктарды жыттагылап, таптым дегендей ишарат берет. Бала:
- Курсагым ачып турат, мага төрт балык сат, кууруп жейин -дейт балыкчыга.
- Сатса сатайын, алыстан келе жаткан жолоочу окшойсуң,-деп балыкчы төрт балыкты сатат.
Бала төрт балыкты сатып алып, баягы жалтылдаган балыктын ичин жарат, ичинен алтын шакек чыгат. Бала алтын шакекти тилинин алдына салып:
- Мастен кемпир жер жүзүнөн жоголсун, келинчегим үйүмдө болсун,-деп алтын шакекти жерге бир урат.
Ошентип бала мастен кемпирди өлтүрөт, келинчегин өзү алат, ата-энесин алдырып, жыргап жатып калат.


Абылай жетим

Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен:
- Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт.
-О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.
Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетти.
- Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле?
- Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу.
- Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем.
- Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып сүйүнүп келди.
- Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси.
- Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле?
-Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды..
Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга ойной баштады.
-Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир.
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга:
-Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет,-дейт. 
Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти.
-Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди. 
Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди. Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтты.
Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу ыраахаттануучу болду.
Күндөрдүн биринде вазир канга кедди:
-Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет. Анда кан:
- Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди.
Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды.
Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берди.
- Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң.
Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн кайым болду.
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү. Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты.
Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду.
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты.
- Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат. Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып, Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди.
- Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,-дейт энеси.
Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө:
-Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди. 
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:
-Бул эмне тамак?- деди Абылай:
-Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Дөө муну укканда айран калды.
-Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду.
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту. Саламдашкандан кийин:
- Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты.
Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү, күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады.
-Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди. 
Чал катуу чочуду.
- Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?
- О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди.
Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп, канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген жок.
- Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин.
Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөздү.
-Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет,-деп кайталады падыша.
Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл:
-Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди. 
Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга салынды.
-Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди. 
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү. Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди. Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын калганына кан чатак кылды. Анда бала:
-Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем,-деди. 
Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан:
-Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың, -деди.
Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди.
-Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң.
Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр.
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр. 





Сулуу келин

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит:
Медийнанын беш бурчун,
Беш айланып кыдырат.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып кыдырат.
Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат.
Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:
-Экөөбүз баш кошсок кандай болот?-ден сулуу келинге кеп салса, ал макул болот.
Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.
Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт.
Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:
-Ай, сенин өңүң эмне саргарат?-дейт. Аңда берки жигит:
- Билбейм!-деп жооп берет. Анда дос житити:
- Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт.
Сулууну алган жигит ишенбейт: “Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын”,-деген ойго келет. Анда берки дос жигити:
- Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз,-дейт. 
- Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба,-дейт. 
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз.
Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:
-Сенин айтканың чын экен,-деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат.
Анда досу:
-Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар.
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.
-Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап!-деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал,-дейт.
Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт.
Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат.
Баланы ороп:
- Эмне кылам,-деп баягы досуна барат. Ошондо досу:
- Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!-деп колуна бир куура кестик берет.
Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт.
Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот.
Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.
-Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай?-деп сурады.
Аңда сулуу аял алган жигит:
-Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет.
Аңда досу айтат:
-Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет,-дейт.
Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. “Темир үйдүн ичин кызын-тазын кооз кынат.
Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат.
Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт.
Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен. 



Жетим бала

Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат.
Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч киши отурат. Бала:
- Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат.
- Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат.
Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы асманды көздөй алып, сызып жөнөйт.
Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт.
Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат.
Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы көрүп:
-Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет. 
Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк төөлүк кылып кулатат да:
-Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер: 
-Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет. Чарчаган бала катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот. Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. “Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн”, – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт.
Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээн-талаа, эрме чөлгө келет. Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт.
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. “Кандай болсо да ушул жерде бир адам бардыр”, – деп бала тамдын түбүнө жатып уктап калат.
Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып байкап:
-Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен.
Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат.
Абышка:
-Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан келдиң?-деп сурайт.
Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет. Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп:
-Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул жерден эми кетишиң кыйын,-дейт. 
Анда бала:
-Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат.
Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет.
Бир күнү бала отуруп: “Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе уурдайын”,- деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда абышка:
– Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала болбойт.
Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, Чатыр-Көл бар экен.
Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине конуп, адамзаттай тил кирет.
Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу:
- Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу көгүчкөн:
- Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү:
- Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын мурунунун жыттуусун! -деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй сулуу кыз болуп калат.
Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет. Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен.
Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да:
-Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң. Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да, мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,-деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин алган чалга барышат.
Ошондо чал балага:
-Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасы-перилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле “адамзат жыттанын калыптырсың”, деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет.
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет.
Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып, караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап салат.
Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып, сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо перилердин падышасы, кыздын атасы:
-Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди.
Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына алып келди.
Ошондо кыздын атасы:
-Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук берди.
Бала:
-Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,-деди.
Анда кайын атасы:
- Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап ак таруу берип:
- Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди.
Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет. Колуктусу:
- Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала:
- Ээ эмнесин билейин, “ак таруу менен кара тарууну экиге бөл”, деп буйрук кылды атаң,-деди.
Анда колуктусу:
-Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди.
Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду.
Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп:
- Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да күчтүү кызмат берди.
- Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп, күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып ойноп турсун,-деди. 
Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып:
- Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда кыз:
- Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп, иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды.
Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип:
-Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,-деди.
Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды. Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңуп, андан да катуу буйрук берди.
“Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал. Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу, кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал”-деди кыздын атасы.
Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да аткарды.
Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип, кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады.
Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты. Ошондо кыздын атасы каарын төгүп кыздын соңунан түштү. Кыз менен жигит атасынын келерин билип, шумкар менен көгүчкөн кебин кийип, зымырап катуу учту. Алпкаракуш менен күркүрөп, аркырап жетээриңде, шумкар менен көгүчкөндү куйругунан сермеп өтөрүндө, шумкар менен көгүчкөн перилердин чегинен чыгып, адам болуп, адамзаттын эл-жерин көрдү. Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: “эл аралап, ал-жайын билип келейин”-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Жигит келсе, кыз катуу жарадар болуп жатат. Өлөрүндө кыз күйөөсүнө:
- Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Мени күн чыкканча кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң,-деп кыз керээз айтты.
- Ошол тилиңди аткарам, таң атканча карап турам. Үстүңө алтын күмбөз курам. Өмүрүм өткөнчө ушул жерде өзүңө кызмат кылам,-деп жигит убадасын берген. Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду. Каардуу кайын ата каарданып колун сунду. Жибек чачтан бармакка ороп, кыз менен жигитти башка урду. Ошону менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп тынды. 










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс