Сабактын темасы: Кызыктуу математика.
Сабактын максаты:
1. Буруш бөлчөк, дурус бөлчөк жана аралаш бөлчөк боюнча алган билимдерин жалпылашат жана ага карата көнүгүүлөрдү иштешет.
2. Ар кандай денгээлдеги мисалдарды чыгаруу менен алган билимдерин өнүктүрүшөт. Турмушта пайдаланууга көнүгүшөт.
3. Бөлчөктөр турмуштук маселелерди чыгарууда керек экендигине ынанышат. Бири-бирин сыйлоого, өз алдынча иштөөгө, ынтымакка жана математикалык терминдерди туура жана так айтууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: бышыктоо сабагы
Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, сүрөттөр,интерактивдүү доска, компьютер.
Алтын эреже:
Үй тапшырмасын текшерүү:
Өтүлгөн темаларды кайталоо: “Жөнөкөй бөлчөктөр” темасына карата суроолор берилет.
Класс 2 топко бөлүнгөн: буруш жана дурус бөлчөк командасы.
Саламатсыӊарбы окуучулар?
Эсептин жарышын баштайын
Таймашка келген команда экоо экен
Аталышын айтайын.
Бул команда «Буруш бөлчөк»
Айткым келет силерге
Берилуучу тапшырма
Кыйын эмес аларга.
Жарышканы келишкен
Билимдери жетишкен
Экинчи турган команда
Аталат экен «Дурус бөлчөк».
Тапшырмалар:
1.Логикалык суроолор
2.Ким көп сөз табат? Анаграмма.
3.«Ар бир колдун өз иши» тыныгуу убакыты
4.Блиц-турнир суроо (спиннер виил)
Биринчи тапшырманы баштайын
Баарына оомат каалаймын
Оозеки эсептеп чыгарып корчу оюнда
Жакшы ойлонуп санагын
Калбагын арткы орунда.
1-суроо:
Москвага чыкты сапарга бир киши. Ага каршы
чыккан экен уч киши, ойлоп туруп айткылачы. Москвага барат экен канча
киши? (1 киши)
2-суроо:
3-суроо:
Өлчөнөт , бирок калыңдыгы, узундугу жана туурасы жок. Ал эмне? (температура)
4-суроо:
24 сааттын
бөлүгү? (24:6*5=20)
5-суроо:
Жер шаарын биринчи спутник 1саат 40минутада айланып өткөн.Ал эми экинчи спутник 100 минутада айланган. Кайсы биринин ылдамдыгы тез? (Экөө теӊ)
6-суроо:
Айбек тамда чычкандарды жок кылып жүрдү. Ал 5чычканды өлтүрүп, андан
3эсе көп чычканды жарадар кылды. Жарадарларынан үчөө өлдү,ал эми калгандары
сакайышты. Бирок,алар Айбекке таарынып, кошуна үйгө көчүп кетишти.Канча чычкан кошунанын үйүнө кетти? (12 чычкан)
7-суроо:
Короз бир буттап турган учурунда салмагы 5кг болот,эки буттап турган учурда салмагы канчага өзгөрөт? (5кг)
8-суроо:
Бир үй-бүлөдө үч бир туугандын бирден карындашы бар болчу.Үй-бүлөдө канча бир тууган болгон? (4 бир тууган)
Эс алуу убакыты:
Биз балдар баарыбыз чарчадык, көп ойлоп, эсептеп,
ошондуктан эсеп ишин коелу, математикалык оюндардан ойнойлу.
«Ар бир колдун өз иши» оюну
(Шарты эки кол бир убакта айлана да, уч бурчтук да чийуу керек).
Ким көп сөз табат?
(Анаграмма)
Интерактивдүү доскага слайд чыгат.
АНАГРАММА
Сөздөрдү курагыла:
ҢЕМТЕДЕ АТРНУАДЛКЫ ЛӨЧӨБК РУБУШ УРДУС
ШУКУОЧУЛУ САМЕЕЛ РАШАЛА РКАВДТА
ДРЗРЯА ЛЫМАЫ ЕТРМ
КИДЕСНИ ИРЦАФ ҮӨЛБМҮ
РИПЕТРЕМ ОЛШОА
“Спинер” интерактивдүү ыкмасы.
1. Бөлчөктөр канчага бөлүнөт?
2. Буруш бөлчөк деген эмне? Мисал келтир.
3.
бөлчөгүн аралаш бөлчөккө айландыр.
4. Алымы бөлүмүнөн кичине болгон бөлчөк?
5. Эн чоӊ 3 орундуу натуралдык сан?
6. Сандар канча цифранын жардамында жазылат.?
7. Натуралдык сан деген эмне?
8. х+509=700 тендемесин чыгаргыла
9.
10. 120 литрдин
1. Дурус бөлчөк деген эмне? Мисал келтир.
2. Аралаш бөлчөк эмнеси менен айырмаланат?
3. Эӊ чоӊ эки орундуу натуралдык сан?
4. Бөлчөктүн эӊ негизги касиети?
5. 300 метрдин
6.
7. Бөлүмү 10 болгон 5 буруш бөлчөк жазгыла.
8.
9.
10. 40 санынын
Сүрөт менен иштешет.
Баалоо: ар бир топ смайликтер менен жана активдүү катышкан окуучулар да бааланат.
Жыйынтыктоо:
Математика акылдын кенчи,
Ойду өстүрүп, акыл-эс берчү,
Окуйлу сүйүп, эске бек түйүп,
Алалы дайым "4" менен "5" ти.
Мелдештик бүгүн акыл сынашып,
Билими күчтүү алдыга озду.
Арнашып каалоо, куттукташалы,
Окуйлу талбай математиканы!
Сабак жактыбы балдар?