Уюштуруу Жагымдуу маанай 3 мин | Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай? Баарыбыз столдун үстүндөгү ар кандай формадагы фигураларды тандайбыз. Жылдызча формасындагы фигураларды алган окуучулар колуңарды көтөргүлө, силер 1 столго отургула, эми үч бурчтук формасын алгандар колуңарды көтөргүлө силер 2 столго отургула. Ал эми төрт бурчтук формасын алган окуучулар 3 столго отургула Эми балдар баарыбыз столдун үстүндөгү ак баракка “Мен сулуумун” деп жазгыла, эми баарыбыз ордубуздан туралы да, баракты төшүбүзгө коюуп, өйдө жакты карап өзүбүздү элестетип тартабыз. Анда эмесе тартып баштадык.(Балдар сүрөттөрүн тартышат). Кана балдар өзүбүздүн кандай сулуу экенибизди байкап көрөлүү. Балдар өздөрүнүн тарткан сүрөттөрүн көрүшүп күлүшөт. Мына эми ушундай маанайңар менен сабактын аягына чейин жылмайу менен өтөлүү. Эми жана алган фигуралардын арткы бетин карасаңар? Эмнени көрүп турасыңар? (быйтыкчаны). Ооба балдар бул быйтыкчалар силерге жылмайуларын арнап жатат. Эми балдар “Алтын эрежени” түзөлү. Кана эми Биз сабакта кандай болушубуз керек?( Активдүү болуу, Бири-бирибизге жардам берүү, колду көтөрүп жооп берүү, тынч отуруу, сабакка көңүл буруушубуз керек). Азаматсыңар балдар, эми ушул алтын эрежени сактап, андан ары сабагыбызды уланталы. Анда мен силерди үч топко бөлүп алайын: 1-топ: Аралаш сан, 2-топ: Буруш бөлчөк, 3-топ: Дурус бөлчөк. | Жагымдуу маанай. Балдар сүрөттөрүн тартышат. тарткан сүрөттөрүн көрүшүп күлүшөт, андан кийин баары мугалимге жылмайышат Топторго бөлүнүшөт. |
Практикалык билгичтик, көнүмдөрдү өнүктүрүү жана калыптанды- рууга багытталган түрдүү көнүгүүлөрдү атккаруу 25 мин Оюн сабак | Балдар биз силер менен Жөнөкөй бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлүү деген теманы өткөн сабакта өткөбүз, бүгүн биз бул теманы бышыктоо иретинде кайталап, көнүгүү иштейбиз, сабак оюн түрүндө болот. Анда оюн талаасына чыгалы. Оюн талаасы Бабалардан калган сөз | Алтын кумура | Математикалык телефон | Ким ылдам | Сыр сандык | Тапкырлык | Бабалардан калган сөз “Билимдүү болсоң озосуң” деген сөздүн ачкычын табуу. 3,4 | 2,1 | 2,3 | 2,1 | 2,4 | 1,5 | 3,5 | 3,5 | 3,4 | 1,2 | 2,3 | 3,2 | 1,2 | 1,3 | | 1,2 | 2,7 | 1,2 | 3,2 | 2,8 | 1,3 | 1 | А | О | ң | Е | Д | | 2 | И | К | Л | М | П | Р | З | У | 3 | Т | С | Ы | Б | ү | | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 3,4-Б 2,1-И 2,3-Л 2,1-И 2,4-М 1,5-Д 3,5- ү 3,5- ү 3,4-Б 1,2-О 2,3-Л 3,2-С 1,2-О 1,3-ң 1,2-О 2,7-З 1,2-О 3,2-С 2,8-У 1,3-ң 2.Алтын кумура Илгери бир заманда бир хан болгон экен. Хан бекитилген алтыны бар кумураны таппай калып. Жар саламын улуу кичүү баарыңа Бир заманда мен жоготкон кумура Ал кумура алтын болчу тапкыла Табылбаса өлүм турат баарыңа деп жар салат. Баласы: Хандын каары катуу экен атаке Уруксат бер мен жарайын кереке. Атасы: Андай болсо баргын уулум калбагын Өз элиңе кызмат кылып талбагын Баласы: Акыл менен кумураны таап келип Эл ичине алып келем береке. Атасы: Оомийин теңир жалгап, өркүнүң өссүн. Тапшырма: Карточкалар: 1) Дурус бөлчөктөрдү жазып чыккыла 2) Аралаш бөлчөктөрдү жазып чыккыла 3) Буруш бөлчөктөрдү жазып чыккыла Информатикалык телефон Төмөнкү мисалдарды аткаргыла Аралаш сан тобуна: Буруш бөлчөк тобуна : Дурус бөлчөк тобуна: 4) Ким ылдам Кодго айландыруу таблицасы менен Математика сабагы деген сөздү шифирлегиле. | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 0 | А | Б | В | Г | Д | Е | Ё | Ж | З | 1 | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | 2 | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Щ | Ъ | 3 | Ы | Ь | Э | Ю | Я | - | . | , | ? | 4 | : | ; | - | ! | “ | | | | | 5) Сыр сандык Тапкыч болсоң таап ал Менин атым сыр сандык Таба албасаң өзүң бил Анда болом чыр сандык А) Жертөөлөгө кирген мышык кантип бир башы менен кирет да, эки башы менен чыгат? (Чычкан менен чыгат) Б) Эмне дайым өсөт жана кемибейт (адамдын жашы) 6) Тапкырлык 1) Кыргызстандын Баткен областында өсүүчү, сейрек кездешүүчү гүлдүн аты? (Айгүл гүлү) 2) Дүйнөдөгү эң чоң эпос? (Манас) Кана эмесе денелерибизди жибитип физминутка жасайлы. Физминутка: Ар бир суроого окуучулар хор менен “Мына мындай!” деп айтып жана жест менен тиешелуу аракеттерди корсотот. - Кандай жашайсың? - Кантин басасың? - Кантип чуркайсың? - Кантип уктайсың? - Кантип аласың? - Кантип ырдайсың? - Кайтип бейбаштык кыласың? - Кантип коркутасың? | Сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларды талкуулашат жана оюн талаасы таблицасынан каалаган оюндарды тандашат суроолорго жооп беришет берилген тапшырмаларды аткарышат. |